Мелис Эшимканов: “Эй, үка, мен өлбөйм”

Мелис Эшимканов: “Эй,үка,мен өлбөйм”

Эрнис Эшимканов: “9- декабрь. Эми СМС жазайын…”

Данияр ИСАНОВ: “Улуу талаш. Улуу жүрүш… Улуу жалгыздык… Уңгу издейм деп – Улуу тоого сапар улоо… Алайдан тапкан акылман… Бардыгы… Айтор, көп нерсени эстеп бирде көңүлү эргисе, көп нерсени эстеп көңүлү сыздады…”

* * *

Мелис:

Журналисттер дээринде чатак, эрке, ойт берме калк келет. Ошон үчүн аларга аяр, кек сактабаган, ички дүйнөсүн түшүнгөн мамиле керек. Бүгүлөбү, түйүлөбү, бүгүн кетип эртең келеби, мен анын талантына гана карайм. Жеке мамилем кызыктырбайт.

* * *

Эрнис:

9-декабрь

Жыл сайын бул күн СМС жөнөтүү менен башталар эле. Анткени, 9-декабрь – ага ордуна ага, ата ордуна ата, дос ордуна дос болгон жалгыз адамым – Мелис Эшимкановдун туулган күнү.  Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам…эч калыпка түшалбай койдум. «Агаң жөнүндө сен айтпаганда, ким айтат?» дешет. Мен жылуу-жумшак баш тартам. Агам үчүн жасай турган эмгек алдыда…

* * *

Мелис:

Сүйлөсөк тилден чаң чыгат. Байыркы гректердин «познай себя» дегенин оозанып, ыйык китептердеги «самоограничение» дегенине тиш сындырып балакетин алабызбы. Кооздук үчүн, тыңсыныш үчүн айтып бузулуптурбуз. Сөз менен иштин ажырымы – бүт дүйнөнүн ажырымы – бүт дүйнөнүн трагедиясы ушундабы деп калдым. Адамдарды кара, саясий кыймылдарды, өкмөттү, парламентти кара, аксаганы эле ушул. Сүйлөгөнү бул, жасаганы тигил. Кыязы, шляпанын астындагы быкшыган баштын ичиндеги ыкшыган мээге революция жасабасак оңолбойт көрүнөбүз.

* * *

Эрнис:

Мени өзгөчө жакшы көрчү. «Карачечекей иним» деп эч нерсе да аячу эмес эле. Азыр эч нерсе жазалбай турам. Калыпка түшалбай койдум …

Студент кезинде жазган новеллаларын таап алдым. Жыргап окудум, куунап окудум. Саясат менен чарпылбаса, гениалдуу жазуучу болмок экен. Болбой калды…

9-декабрь. Эми СМС жазайын…

* * *

Мелис:

Мен «безнадёжный» ара төрөлүп, эки ай бою сүт эмгендин ордуна глюкоза менен эптеп кармалып, акыры айлалары кеткенде тоодон түшпөгөн чабан агасына берип, Гүкү деген кылымда бир жаралган энем сарымай, саамал, чөп, айран менен тирилтип, жети жашыма дейре машине, телевизор, велосипед дегенди билбей-көрбөй, кой, уй, жылкы, эшектер дүйнөсүндө чоңоюптурмун.

* * *

Эрнис:

Мелис Эшимканов… Аскадай зор кишим кулады. Болгон жүрөгүң менен сүйгөн адамың жөнүндө жазыш өтө эле кыйын экен. Бир жыл бою ушул баш сөздү жазалбай кыйналдым. Күндө кечкисин компьютердин маңдайында олтурам, кагаз менен тиктешем, көздөн чолок жаш чыгат да турат. Байкем бир жаралган, эч кайталангыс киши болуптур.

Жүрөгү тоодой эле, сөзү көңдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле. Элден башкача жашады, мейли саясатта болобу, мейли карапайым калктын арасында жүрөбү, мейли журналистикадан изденеби, Шукшин айтмакчы, жүрөгү жашоого эт болуп өсүп алды. Өмүрдү ушунчалык сүйдү, өлүмдү жек көрчү, « Эй, үка, мен өлбөйм» деп калчу. Жашоону чексиз сүйгөн киши гана ушинтип айталат.

“Мелис менен Эрнис” жыйнагынан алынды.

Китептин автору, жыйнактын түзүүчүсү Данияр ИСАНОВ

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.