Каныбек Иманалиев: Манастын доору келатат
Саясатта да, чыгармачылыкта да жигердүү дем менен иштеп жаткан Каныбек Иманалиев депутат катары кыска убакыт ичинде маанилүү маселелерди камтыган үч үлкөн мыйзам долбоорун иштеп чыкты, улуттук адабияттын казынасын байыткан «Саякбай», «Тагай бий», «Каганат» аттуу китептерин элге тартуулады. Табийгатты бир карасаң бири-бирине төп келе бербегендей сезилген «муздак сезим» саясат менен «ысык жүрөк» чыгармачылыкты чогуу ала жүргөн Каныбек мырзаны кепке тартып, маек курдук.
— Каныбек Капашович, өткөн жумада өрүкзарлуу Баткен жергесине барган экенсиз. Ал жактагы элди аралап жүрүп көңүл кубанарлык эмнелерди көрө алдыңыз, эмне көйгөйлөрдү чечип кайттыңыз?
— Баткенде өрүк тегиз гүлдөп ажайып турган кез экен. Көрсө, маркум акын агабыз Курбаналы Сабыров өз жеринин так ушул маалын абдан күтүп, сүйүп, анан таасирленип өрүкзар туурасында мыкты ырларды жараткан турбайбы…
Баткенде кошуналаш тажик туугандар менен чек араларды тактоого байланышкан чиеленишкен маселелерге чекит коюлбай келатат. Мына ошол маселелер менен жеринде таанышып, аларды чечүүнү тездетүү үчүн Жогорку Кеңештен жети депутат барганбыз. Карапайым эл, коомчулук менен кезигип, көп нерселер туурасында кенен пикир алыштык. Менин байкаганым баткендиктерде патриоттук дух, маанай бийик экен, ошого абдан ыраазы болдум. Карапайым калк койгон бардык маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып, сөзсүз чечип берүүгө аракет кылабыз. Баткендин көйгөйлөрүн мыкты билген лейлектик депутат, коллегам Жусубали Исаев менен бирдикте «Чек арага жакын жайгашкан калктуу пункттарды колдоо» тууралуу мыйзам жазган элек. Ошол туурасында кенен айтып бердик, эң негизиси Баткен облусунун эли аны колдоого алып жатышат. Бизге бул абдан маанилүү.
— Парламентке үч мыйзам долбоорун сунуштап жатасыз. Ал мыйзамдар эмне туурасында?..
— Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 2700 мыйзам жазылыптыр, бирок, арасында «Манас» эпосу жөнүндө бир да мыйзам жок. Биз бул мүчүлүштүктү четтели дедик. Дүйнө элдеринин оозеки поэтикалык мурасынын шедеври деп таанылган «Манас» эпосу коргоого, жайылтылууга муктаж. Билесиң да, илгери не бир ааламат кыйын кезеңдер ныгыра басып келгенде ата-бабаларбыз дайыма «Манаска» кайрылган, андан тирөө, күч-кубат издеген. Улуу эпостун касиети мына ушунда. Кыргызстан бүгүн да өз жолун табалбай, кыйын-кысталыш учурга тушугуп турат, демек, Манас бизге бүгүн да керек болуп турат. Манастын доору келатат. «Манас» элибиздин духун көтөрүп, ынтымакка бириктире турган, ар бир кыргыздын жүрөгүндө патриоттуулукту ойгото турган улуу касиет, улуу күч. Мен парламентке сунуштаган үч долбоордун бири ушул – руханий мурасыбыз – «Манас» («Манас», «Семетей», «Сейтек») эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору. Жети беренеден турат. Эң башкысы – ар бир кыргызстандык жаран аталган эпосторго сый-урмат менен мамиле кылууга тийиш. Долбоордун идеологиялык өзөгү ушунда. Андан тышкары, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, фирмалар жана башка өзүлөрү чыгарган продукциялардын аталыштарында «Манас» делген ыйык сөздү колдонууга Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте уруксат берилери жазылды. Жөнөкөй тил менен айтканда, «Манас» деген аталышты алгандардын бардыгын мамлекет көзөмөлгө алат. Ыйык ысымды ыйык туталы. «Манас» деген аталышка жамынып алып карасанатай иштерге барып жаткан шылуундарды угуп жүрөбүз. Муну токтотуш керек! Мындан тышкары, үчилтик боюнча илимий-теориялык изилдөөлөрдү тереңдетүү, «Манас» эпосун басып чыгаруу, которуу, үчилтик жана анын башка бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды өлкө ичине жана сыртка жайылтуу боюнча Өкмөтүбүз атайын программа иштеп чыгышы керектиги көрсөтүлдү. Ал программада кандай маселелер камтылышы керектиги кенен чечмеленди. Манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу зарылдыгы келип жетти. Көзү өтүп кеткен улуу манасчыларыбыздын унутта калганы канча?! Мисалы, Тыныбек, Чоюке, Балыкооз, Болот Назар уулу, Дыйканбек, Акылбек, Найманбай, Кенжекара, Жаңыбай, Жакшылык, Мамбет Чокморов деген залкар манасчылар болгон. Алардын ысымдары мектептерге, көчөлөргө коюлса жаманбы? «Манас» эпосу жөнүндө жогорку окуу жайлар жана мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу жана окуп үйрөтүү, тарыхый-маданий мурастуулугун, тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жана кайра жаратуу бүгүнкүнүн актуалдуу маселелери. Мыйзамдардын көтөргөн жүгү айрымдардга бир кыйла эле оор сезилиши ыктымал. Бирок жеткиликтүү иш кылууга убакыт келди деп ойлойм. Улуу Манаска Манастай мамиле кылуу парзыбыз. Манасчылар долбоорду окуп, колдоп беришти, эми коомчулуктун талкуусуна коюлат. Жогорку Кеңеште да колдоо табат деген ишеничтемин.
Экинчи мыйзам долборунда «Киностан-кинематография» эркин — маданият, экономикалык зонасын түзүү маселесин көтөрдүм.
Искусство түрлөрүнөн элге бат алынчу жанр – бул кино. Бир учурда «Кыргыз кино кереметин» жараткан не деген залкарлар болду эле.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жана башка сценарийлердин негизинде мыкты, шедевр кино тасмалар тартылып, актер, актрисаларыбыздын аткаруучулук чеберчилиги дүйнөнү таңгалдырган. Муну айтып жатканым, бизде уютку бар. Соңку мезгилде кинорежиссерлорго, киноактерлорго шарт түзүлбөй, каражат бөлүнбөй, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калгандыктан татыктуу деңгээлине көтөрүлө албай жатат. Каражат жагынан каржылабасак да, жок дегенде шарт түзүп берели. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна эркин экономикалык зона түзөлү деп жатканымдын башкы себеби да ушул. Кинематографияга сырттан инвестиция жана технологияларды алып келгенге шарт түзүп берсек, акыбети кайтарына мен терең ишенем.
— Эркин экономикалык зонаны Тоң районунда ачуунун себеби эмнеде?
— Улуттук кинонун залкар чебери Төлөмүш Океев Тоңдун кулуну эмеспи. Биз азыр сөз кылып жаткан долбоор да ошо кишинин кыялы болгон экен. СССРдин эл депутат кезинде, Голливудга барып келгенден кийин көл жээгине кино аянтчасын түзсөкпү деп максат кылган экен, бирок, тилекке каршы, ишке ашырганча көзү өтүп кетти. Ошондуктан биз муну улуу чебердик керээзи катары ишке ашырууну милдетибиз деп эсептейм. Бул биринчиден. Экинчиден, аталган аймак мыкты кинолорду жаратууга бардык жагынан төп келген жер. Зарыл табигый шарттардын баары бар: көл, чөл, тоо, зоо, токой, мөңгү, атүгүл такыр жерлер. Боз үйдү жасоо, саймачылык, мүнүшкөрлүк, ат таптоо, тайганчылык сыяктуу нукура элдик өнөрлөр өзгөчө өнүккөн район. Биздикилер болобу, же алыскы-жакынкы мамлекеттердин келгендерби, көлгө эс алганы келип, ага катар кино тартуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болот. Үчүнчүдөн, буга дейре эле көпчүлүк кинолор ушул аймакта тартылып келген. Бул долбоорду Кудай буйруп ишке ашырсак, «Киностан» өлкөбүзгө инвестиция да, туристтерди да алып келе турган, негизгиси элибизге рухий кайра жаралуу ыроолоп, өнүгүү алып келе турган жерге айланат.
— Үчүнчү долбооруңуз тууралу да атай кетсеңиз…
— Ал мыйзам долбоору Коомдук телевидениени өнүктүрүү туурасында. Бул долбоордун тагдыры бир топ оор болду. 2006-жылы ноябрь митингде Курманбек Бакиевге үч талап менен чыкпадык беле? Биринчиси – Конституцияны өзгөртүү; экинчиси — үй-бүлөлүк кландан бошонуу; үчүнчүсү — биз сөз кылып жаткан долбоордун өзөгүн түзгөн маселе. Ошондо бир топ тажрыйбалуу, дасыккан депутаттар чогулуп, мыйзам иштеп чыкканбыз. Ал парламентке сунушталып, талаш-тартыш менен араң кабыл алынган. Бирок ага Бакиев жарым жыл кол койбой жүрүп, 2007-жылы апрель митингинде бул маселе кайра козголгондо, кол коюуга аргасыз болду. Байкоочу кеңеш түзүлүп, эми иштеп баштаганда, Бакиев ноябрда парламентти таркатып жиберди. Бул мыйзам долбоорунун багы былтыр гана ачылып, Декрет менен бекитилди. Эми мыйзамдык негизде кабыл алуубуз парз. Коомдук десе эле, бирөөнүн менчигине өтүп кетет экен деп ойлобош керек. Мамлекеттин менчигинде кала берет, болгону башкаруу гана коомдук болот. Жеке студияларга да орун берилет. Алар конкурстун негизинде кабыл алынып, убакыт бөлүп алып иштесе болот. Демек, коом өз өкүлдөрү аркылуу сапаттуу телевидение талап кылууга укуктуу.
— Депутаттык иштер менен алектенип гана калбастан бир нече китептердиңиз да жарык көрдү. Саякбай манасчы, Тагай бий сыяктуу улуу тарыхый инсандарды жаздыңыз. Тарыхый китеп жазган адамдын көп убактысы материал топтоого кетет эмеспи. Сурайын дегеним, буга кантип жетиштиңиз?
— Мелис Убукеевдин Саякбай Каралаевдин «Манас» айтканын түшүргөн 14 саттык видеотасмасын «Алтын фонддон» барып көргөм. 1991-жылды суроо-жоопту өзүм даярдап, Жеңижок, Баласагын, Саякбай аталарыбыз менен маектешкендей формада макала-эссе жазып көрдүм. 5-6 жылдан кийин көз чаптырып көрсөм, эмнегедир Саякбай манасчынын жооптору жакшы чыккандай туюлду. Акыры ал сезим китеп жазууга түрткү болду. Саякбай – мен үчүн Сократ, Лев Толстой, Конфуций сыяктуу эле гений. Болгону генийди гений катары көрсөтө албай келдик. Орус тилдүүлөргө таанытуу максатында котороюн деп жатам. Анан Москвадан чыгарайын деген ой бар.
Саякбай Каралаев боюнча материалды 12 жыл топтодум. Тагай бий тууралуу санжыраларда айтылгандарды, башка тарыхый материалды чогултуп жүргөм. Арслан Койчуев, Өскөн Осмонов, Сабыр Аттокуровдун илимий иштерин да колдондум. «Тагай бий» китебим чыгып кеткенден кийин Казакстанда, Кытайда да бий тууралуу китеп чыкты деп уктум. «Каганат» китеби болсо 2008-жылы Москвадагы китеп көргөзмөсүнө катышып, КМШ мамлекеттиринин ичинен биринчи сыйлыкка татыды. Аталган китепте кыргыздын көөнө сөздөрүн киргизгенге аракет кылдым. Тилибизге сиңип кеткен араб, фарс сөздөрүн аз колдондум. Мисалы, «дос» фарс тилинен кирген, кыргызча «эш» деген сөз. «Гүл» араб сөзү, бизде «чечек» деп айтылган. Кичинекей кезибизде апаларыбыз «ой, чечек» деп урушчу эмес беле. Көрсө, даанышман кыргыз жадагалса баласын урушканда да аруу сөздөрдү колдонгон. Аябай ачуусу келген учурда ата, чоң аталарыбыз: «О, жолуң болгур», «О, тукумуң өскүр» деп тилдешчү эмес беле? Мына, тарбия башаты кайда жатат.
— Кезинде президент Аскар Акаев менен иштештиңиз. Туңгуч президент туурасында китеп жаратуу оюңузда жокпу?
— Саясый мемуар туурасында айтып жаткан болсоң, муну саясаттан кетип жаткандар жазат. Мен үчүн эртелик кылат го дейм. Инсан ким болбосун, бийликке кантип келгени менен эмес, кандай иштегени менен бааланат, сыналат. Жапон калкында «Самурайдын кантип өлгөнүн айтпа, кантип жашаганын айт» деген шумдук маанилүү макал бар эмеспи. Аскар Акаевичтин биринчи президетибиз болгонун эч ким тана албайт. Алгачкы кадамдар; биринчи реформалар; мамлекеттик ведомстволорду кабыл алуу; улуттук валютаны киргизүү; өлкөнү эл аралык деңгээлге чыгаруу жана таанытуу сыяктуу мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү жана башка ири иштер ал кишинин ысмы менен тыгыз байланышкан. «Эстен кеткис он жыл», «Манас» эпосу жана мамлекеттүүлүк» жана башка жакшы китептерди жазды. Россиянын интеллектуалдарынын катарына былтыр экономикалык илимий иштери үчүн Леонтьев алтын мадалы менен сыйланды. Мамлекет башынан кеткенден кийинки иштери жөнүндө, балким, өзү жазат болуш керек.
— А киши менен азыр да байланышы бар деп угабыз…
— Өтө тыгыз байланышта болбосом да, Москвага барып калганымда ал-ахыбалын сурап, учурашканы кире кетем. Акыркы жолу 2009-жылы көрүшкөнбүз, андан бери да мына эки жылдан ашып кетти окшойт.
— Аскар Акаев туурасында сиздин жеке оюңузду билүү кызык. Анын кетирген каталары айтылып, айыпталууда… А сизчи, айыптай аласызбы?
— Кызматтан кеткен соң каталыктарын чукуп отуруу менин ыймансабыма туура келбейт. Ырас, чогуу иштедик. Балким, кээ бир мүчүлүштүктөрүнө мен да жооптуумун. Мындан мен качпайм. Бирок анын жасаган кызматын белгилей кетүүгө акылуумун деп ойлойм. Аскар Акаев өлкөгө эбегейсиз эркиндик келген доорго туш келди. Мамлекетти түптөөдөгү өтө жоопту да, опурталдуу да учурларды башынан өткөрдү. 1994-95-жылы эл 8 айдай айлык ала албай, тамак-аш талон менен берилип… ага карабастан, кыргыз элинин башын бириктирип, аларга эрк, дух берди. 1999-жылга чейин чогуу иштештик. Башында тегерегине билимдүү, таза жаштарды чогулткан. Алсак. Төлөбек Өмүралиев, Садирдин Жээнбеков, Таалай Койчуманов, Баатыр Давлесов, Данияр Нарымбаев, Бакыт Абдрисаев, Уркалый Исаев, Гүлмира Маматкеримова, Гүлмира Сыдыкова, Айдар Абдышев, Эмирлан Төрөмырзаев, Камиль Баялинов, Медет Садыркулов, Неля Бейшеналиев жана башкалар. Булардын ичинен татыктуусун ири мамлекеттик кызматтарга көтөрдү. Азыр мисалы, У.Исаев. С.Жээнбеков, А.Абдышев, Э.Төрөмырзаев эл аралык абройлуу финансы уюмдарында иштеп жатышат. Андагы команда мамлекет үчүн, идея үчүн жан үрөп иштечүбүз. Ишемби күнү толук иштеп, жекшемби күнү да көбүнчө иш үстүндө болоор элек. Эртең мененки саат 9дан кечки саат 11ге чейин иштеп, радиодон түнкү кабарды угуп, телевизордогу акыркы кабарды да иштен көрүп, анан үйгө кайтчубуз. Айлык кечиккенде ашканага карызга жаздырып тамактанган учурлар далай эле болгон. Бирок мен ал күндөрдү сыймыктануу менен эстейм. Себеби, алдыга жылууга стимул бар болчу. Жеке мага бул жылдар чоң мектеп болду. Тажрыйба топтодум. Андан кийин Өкмөткө да, президенттик администрацияга да андай команда келген жок. Аскар Акаевич ошондогу таза адамдар менен Кыргызстанды көтөрүп кеткенге мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ушунчалык мыкты система 2000-жылга чейин иштеди. Грузия, Украинанын үй-бүлөлүк таасири тийдиби, билбейм, стагнация адегенде президенттик аппаратта, анан Өкмөттө башталды. Көңүлгө карап, жанына коррупцияга аралашкан адамдар топтолуп алды. Ага чейин Кыргызстан таза өлкө болчу. Тазалыгын сактап калсак болмок, бирок…
— Азыркы бийликти кандайча мүнөздөөр элеңиз?
— Биздин кендирибизди кескен, кол-буттан тушаган коррупция деген балекет жоюлду деп айтуудан алысмын. Эми мисалы, Бакиев жок, бирок, коррупция бар. Коррупция аны менен кеткен жок, айрыкча, энергетика системасында… Бул Өкмөткө эң негизгиси, менимче, реформаторлук дух жок деп айтпасак да, ал жетишпейт. Эл болсо чыдап күтүп эле келатат… Экинчи революциядан кийин бийлик, Өкмөт тыянак чыгарып, иштеши керек деп ойлойм.
— Бийлик кандай катачылыктарды кетирүүдө? Маселен кадр саясаты сизди канааттандырабы?
— Бир команда, бир коалициялык программа, бир идея жана чечкиндүү саясий эрк жетпей жатат. Азыркы Өкмөткө караганда, техникалык Өкмөттө профессионалдар көбүрөөк эле. Эч реформалар жүргөн жок, 2005-жылдан бери стагнациядабыз. Убакыт өтө кыска. Жоопкерчилик опол-тоодой. Эң негизгиси – Конституция өзгөргөн менен бийликтин ыйманы өзгөргөн жок. Кетирген каталарын мен айтпаган күндө деле элге оркоюп көрүнүп турат. Иван Крыловдун айтылуу тамсили «Лебедь, щука и рак» эске көп келчү болду. Эмне кылабыз, даанышман кыргыз «көч жүрө-жүрө түзөлөөр» деген, ошого үмүт арта туралы.
— Жаңы келген президенттен көптү үмүт кылабыз, анан эле үтүмүтүбздү таш каап отуруп калабыз. «Элине жараша беги» дегенге ынанып кетесиң, анткеним эл жаманбы же бийлик адамдарыбы?
— Кыргызстандын тарыхында эң күчтүү бийлик командасы 1936-37-жылы өлкө башында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Мурат Салихов, Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу чыгаан инсандардын убагында болгон. Алар 3-4 жылдык билими менен эле эл башкарган. Сталиндик режимге карабай, Кара кыргыз автономиялык облусун түзгөнгө, улуттук идеологияны көтөрүп чыгууга аракет кылышкан. Алар эл-жерге күйгөн таза адамдар эле.
Азыр болсо канчалык жолду басканыбызга, тажрыйба топтогонубузга карабай дагы эле мамлекеттик иштерибиз, анын өзөгү — кадр саясаты дагы эле башаламан. Бийлик башындагылар эркиндиктин наркын, баркын билиши керек эле. Туура, коом өзү өзгөрмөйүн, өкмөт, бийлик дегеле өзгөрбөйт. Коом өзгөрүшү үчүн саясаттагы нарк, дөөлөттөр башка болгону ийги. Саясаттагы муун алмашып, арууланып, таза, жаңы күчтөр келе турган кез келди. Жалаң байлык үчүн бийликке келгенден арылмайынча оңоло албайбыз.
— Бийлик маселен, сиз үчүн эмне? «Сен начар иштеп жатасың, депутаттык кызматыңды өткөрүп бер!» деп эл талап кылса, мисалы сиз, ага даярсызбы?
— Бийлик атадан калган так, кызмат муундан калган мурас эмес. Бийлик – болгону опол-тоодой жоопкерчилик. Андыктан бардык нерсеге баарыбыз даяр турушубуз керек. Анын ичинде мен да ошого даярмын.
— 20 жыл бою ырдап келаткан ГИМНдин сөзүн, көтөрүп келаткан ЖЕЛЕГИбиздин түсүн өзгөртүү туурасында маселе көтөрүлүп жатат, мунун канчалык кажети бар? Ал иштерге канча каражат сарпталат? Азыр мындан башка маанилүү көйгөйлөр бизде жокпу?
— Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Иликтеп, коомчулук менен кеңешип, анан парламентке сунуш кылабыз. Маселе тегин жерден козголгон эмес деп ойлойм.
— Сиздердин фракция парламент алдына маселени кандайча алып чыгат?
— Бөлөк партияда кандай экенин билбейм, бизде кандайдыр олуттуу бир маселе парламентке алынып чыкканга чейин алдын ала талкууланат. Көпчүлүк добуш менен кабылданса, анда парламентте ошол өңүттө добуш беребиз. Бул эң демократиялык позиция деп ойлойм.
— Саясатчылардын бир партиядан экинчи партияга «секирип» жүрүшү эл арасында өйдө-ылдый кеп жаратып, муну саясатчылардын ар-намысы жоктугу, жеке кызыкчылык үчүн жасаган иши деп бааланат эмеспи. Мисалы сиз деле «Туран» партиясынан «Ар-намыс» партиясына өтүп кеттиңиз…
— Шайлоого жакын калганда «Туран» партиясындагы бирин-экилер кагаз жүзүндө «фиктивный» съезд өткөзүп партияны кайра каттоодон өткөрүшүптүр. Демек, шайлоого катышууга уктук негизи жок болуп калды, өз каалоом менен партиядан чыгып кеттим. Негизи шайлоого барбай эле коеюн деп ойлогом. Эки күндөн кийин «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловго жолугуп, сүйлөшүп калдым. Ага чейин Акылбек Жапаров да чакырган эле.
— Кулов менен мурда мамилеңиз бар беле?
— Феликс Шаршенбаевич премьер-министр болуп турганда, мен депутат элем. Кийин Апрель митингде чогуу жүрдүк. Ошол мамиле анын партиясына кошулууга түрткү болду.
— «Партиянын алдыңкы тизмесине жылыш үчүн укмуш акчаларды беришти» деген сөздөр кеткен убагында. Сыр болбосо, сиз депутат болуу үчүн канча төлөдүңүз?
— Кудай алдында да, эл алдын да айтаарым, бир тыйын акча бергеним жок.
— Бир кезде залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин тургузуу биздин парз деген маек курдук эле. Ал парз качан аткарылат? Агасы Чокморов Намырбек аксакал кайрылбаган жери калбай, сыздап жүрүп, бул жашоодон өтүп кетти…
— Туура, Намырбек аксакал бул маселени айтпаган жери калбай, ыйлап жүрүп өттү. 5 миң сомдук банкнотко иниси Сүймөнкулдун сүрөтү чагылдырылганына кубанганы эсте. Көзү өтөөр алдында аксакал менен жолугуп баарлашканбыз. 2005-жылы мен депутат, Султан Раев маданият министри болуп турганда бул маселени көтөргөнбүз. Айкелдин жасалышына 2008-жылдын эсебинен 5 млн.сом кийиргенбиз. Андан тышкары марафон өтүп, акча чогулган. Менин эсебимде бөлүнгөн акчага, ошо убакта эстелик туруп калмак. Жасалып бүтүп деле калган эле… Чыңгыз Айтматовдун эстелиги турбагандыгы намысыбызга тийет. Эки залкардын эстелигин тургузуу парзыбыз, буйруса, сөзсүз экөөнө тең турат.
— «Кыргыз улутчул болушу керек» дегенге кандай карайсыз?
— Кыргыздын таянганы – тарыхы, каада-салты, руху, тили, дили. Кыска айтканда, руханий маселеде ар бир кыргыз улутчул, манасчыл болуш керек. Экономикалык саясатта болсо мен либерализмдин жактоочусумун.
— «7-апрель окуясына кылган мамилени Ош окуясына да кылгыла!» деген талап менен Ак үйдүн алдына айрым адамдар келип кетишти. Буга эмне дейсиз?
— Ош окуясындагы көпчүлүк балдардын сөөгү табылбай калды. Энеге баласын жоготкондон өткөн трагедия жок. Мен алардын абалын да, койгон талабын да туура түшүнөм, негиздүү деп ойлойм. Түштүктө төгүлгөн балдардын каны сепаратистер менен болгон кармашта эл үчүн төгүлдү. Ошондуктан бул маселеге эч кандай саясаты жок адамгерчиликтин алкагынан мамиле кылам. Баарына тен карап, моралдык, социалдык колдоо көрсөтүшүбүз абзел. Бул кайгылуу окуя боюнча парламентик комиссия өз жыйынтыгын чыгарат, калыс баасын берет деп ойлойм.
— «7-Апрель» аттуу китепти чыгаруу сиздин идея болсо керек эле. Каза болгондордун балдарын жерге берүү жөрөлгөсүнө даярдык көрүүнүн башында турдуңуз. Сурайын дегеним, 87 баланын бири тирүү болуп чыкканы айтылууда. Муну коомчулукка кандай түшүндүрөөр элеңиз?
— Кандай болгон күндө да 7-апрелдеги окуя – тарыхый окуя. Тарыхтын көз ирмемин убагында кармап калыш керек. Ошондуктан ал китеп балдардын кыркына чейин даярдалып, ата-энелерине берилди. Албетте, кыска убакыт ичинде материал чогултуш кыйын. Китептин автору Айгүл Бакеева тажрыйбалуу, дасыккан журналист болгондуктан жазууга жетишти. Андан тышкары, Назира Аалы кызы «Баатырлар баяны» деп КТРде эскерүү материалдарын жакшы чагылдырды. Ушул кыздарыбызга ыраазыбыз.
Ар кандай сөз, иш-аракет туурасында айтсак, «Аянтка мародерлор, арак ичкендер чогулду. Акча таратылды» деген сыяктуу жагымсыз сөздөр айтылды, бул туура эмес. Эч кандай акча таратылган эмес. Ал эми талап-тоноочулук кечки сегиз-тогузда башталды. Ага чейин канча балабыз атылып кетти… Бакиев режимине каршы чыккан жигиттер Ак үйдүн алдына чак түштө келип, түнкү 12ге чейин ачка жүрүштү. Мен аны өз көзүм менен көрдүм.
Ал эми «тирүү экен» деп айтылган Маралбек Максымбеков боюнча, атайын укук коргоо органдары иш жүргүзөөрү күтүлүүдө.
— Каныбек мырза, коомдук пикир жарата турган биздин кыргыз тилдүү гезиттердин учурдагы деңгээли сизди канааттандырабы? Биз кезде сиз деле айтылуу «Асаба» гезитинде журналист болуп иштегенсиз…
— Бир учурда катуу чыккан «Асаба» улутчул, идеячыл гезит болчу. Ойлончудай кылып ойноп жазчу. Кийинки журналисттер ал гезиттин стилине салганга аракет кылгандай көрүнөт, бирок, көбү туурап атып өз жүздөрүн жоготуп коюшту. Азыр ошол бир «Асаба» жүздөгөн гезитке майдаланып чыгып жаткандай. Ушак-айың, бейчеки сөздөр арбын колдонууда. Эми грамматикалык, стилистикалык каталарды айтпай эле коелу. Аналитика, экономика темасы деген жокко эсе. Олуттуу маалымат, дегеле окурман азыр көбүрөөк орус тилдүү басылмаларга ыктап калды. Акыркы эки тема боюнча мен да көбүнчө орус тилдүү гезиттерди окуйм.
— Ошо сиздер окуган орус тилдүү гезиттер кыргыздарды шылдыңдап жазып жатышпайбы. «Кыргызстан – Мыркстан» дегенге чейин жазышты. Жакында эле бир интернет-порталга кайсы бир орус жазмакер биз сыймыктанып келаткан тарыхый инсаныбыз Исхак Раззаков туурасында «Столицу хотят назвать в честь афериста» деп жазып чыкты. Буга эмнеге унчукпайсыздар? Мисалы, сиз муну кандай кабыл алдыңыз?
— Былтыр 1916-жылы боюнча да кыргыздарды шылдыңдап макала жазышкан. Биз өзүбүз аларга татыктуу жооп бере албай жатпайбызбы. Исхак Раззаковдун ким экенин билбеген адамга түшүндүрүп, убакыт коротуунун да кереги жок. Чыгаан инсан Исхак Раззаков ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Негизи тарыхый инсандарыбыздын ысмын Бишкекке эмес, Бишкектин бир районуна – Биринчи Май районуна берели деп А.Маматалиев деген депутат экөөбүз сунуш кылганбыз.
Ал эми интернетке чыккан эле нерсени убайым тарта берүү, менимче, туура эмес. Карап көрсөңүз, ал жакта не деген шумдуктар жазылбайт, андыктан анын баарына ишене берүү туура эмес го дейм.
— Акыркы учурда окуп, таасирленген китебиңиз кайсы?
— Бүбүмариям Муса кызынын кагазга түшүргөн «Айкөл Манас» он томдугу. Бул китеп мен үчүн кыргыздын улуттун кураны сыяктуу таасир берди. Окуган сайын тереңдеп, сыры ачыла берет.
— Кичинеңизде ким болом деп кыялданчу элеңиз?
— Мектепте окуп жүргөндө космонавт болом деп алар жөнүндө китеп чогултчумун. Мектепке кире бергенде 18 космонавттын сүрөтү илинип турчу, кимдер экенин жатка билчүмүн. Балалык кыялым аткарылбаса да, кийин Салижан Шариповду узатканы Байконурга чейин барып келдим. Кийин 5-7-класста Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» деген китебин эки жыл бою башыма жаздап окуп, акын болсомбу деп да таасирленип жүрдүм. Адабий чыгармаларды, поэзияны, айрыкча Уитмэн жана армян кызы Нарикацинин ырларын окугандан тажачу эмесмин. Нарикацинин «Песни скорби» деген укмуштуу поэмасын 3 айда которуп, анан аны кайра окуп көрүп, менден мыкты акын чыкпасына көзүм жетип, студент кезимде жазган ырларымдын көбүн өрттөп жибергем.
— Айрым ырларыңызга обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. Обон купулуңузга толдубу?
— Жыйырмага жакын ырга обон чыгарылыптыр. Обонду эмес, ырларымды укканда айрым саптарга ичим чыкпай, «кап, ушул жердин оңдоп койбой» деп өкүнгөн учурларым болду.
— Аалы Токомбаев менен туугандык жайыңыз бар дешет?
— Ооба, тууганбыз. Кадимки Кыдыр атанын мазары ордологон Кайыңды айлынанбыз. Жетинчи атадан кошулабыз. Башкалар кылбаган ишти ал кишинин кызы Тамара Токомбаева жасап, атасына бир сөз сөз тийгизбей өттү. Аалы атабыз атамдын окуп, билим алуусуна учурунда жардам берген. Атам да «Аалыке деп урматтап, пайгамбардай көрчү.
Менин атам Чоң-Кемин эли кадырлаган инсан эле. Кесиби мугалим, бирок, билими академиктердин кем эмес эле. Премьер-министр А.Дүйшеев, академиктер К.Сулайманкулов, С.Данияров, Кыргыз эле акыны Жалил Садыков болуп баары бир класста Кичи-Кеминдин «кызыл мектебинде» окушкан. «Капке» деп атамды өтө сыйлашчу.
— Атаңызга теңсизби, же кемсизби, же артыксызбы?
— Мен атам билгенден ашып кетсе жарымын билем.
— Канча бир туугансыз?
— Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн.
— Мансаптуу кишилер конокко барганды өмүрү аягына чейин отурушпайт. Сиз да ошондойсузбу?
— Той болуп эле турсун дечи, бирок кыргыздын тоюнун маани-маңызын өзгөртүш керектир. Шатыра-шатман сөз, конверт, ыр, дүйүм тамактан башка да жаштарга тарбия-таалим берүүчү жагдайы да болгону туура го. Анын үстүнө кайталанма. Андай жерде 5-6 саат бою узакка чыдап отуруш кыйын. Мен муну конок күткөн адамдарды теңсинбегендик деп айтпайм, бирок, убакыт маселе деген бар, иш болсо көп. Кайран Салижан Жигитов акенин да: «Той-ашка барбаганымда көбүрөөк иш бүтүрмөк экенмин» деген сөзү бар эмеспи. Ошондуктан биз да конок күтүүдөн башка анын рационалдуу жактарын да үйрөнө жүрсөк дегеним.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Жаңы Кыргызстан Маданияты» (2011-жыл, апрель)