САЯКБАЙ (Гений жөнүндө баллада)

Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Бул жашоомдо жаным бирге жан дүйнөмдө өзгөчө орун ээлеген адам мен үчүн менин таятам Карыбек болду. 20 жыл мурун бул дүйнөдөн көзү өтүп кетсе да, атам Карыбекке болгон сагынычым али тарай элек. Ал адамдын арбагын күндө көрөм. Көзүнөн төгүлгөн мээрими жүрөгүмдү жылытып турат. Мен үчүн эң кымбат адамдын жыты дале мурдумда. Чоң ата, таята мурунку аксакалдардын колунда өскөн неберелер мени түшүнөт. Карыя менен неберенин сүйүүсү өзгөчө бир ажайып көрүнүш. Мурунку муундун аксакалдары касиеттүү адамдар тура. Сөз башында таятам Карыбек жөнүндө сөз кылганымдын себеби, ал адамдын өң-турпаты, көзү, муруту, баардык жагы кудум Саякбайдын өзү эле. Таятам Карыбекке болгон тунук наристелик сүйүүм ошол кезде эле Сакеме да өзүнөн-өзү эле өтүп кеткендей… Таятам Карыбек ыймандуу, сыпаа, момунураак адам эле. Өмүрүндө оозунан жаман сөз чыкпаптыр. А Сакем болсо, чалкыган океан, энергиясы ашып-ташыган Манас дүйнөсүн тандап алган ички дүйнөсү таза, өзгөчө инсан экени баарыбызга маалым. Сакемдин манасчылык касиетинен сырткары, биз кийинки муундар Сакемден өз аталарыбызды көрүп жаткан сыяктуубуз. Сакем баарыбыздын атабыз! Сакем Манас урпактары үчүн эмгеги чексиз, биз ага өмүр бою карызбыз!

Бирок, Каныбек Иманалиевдин “Саякбай” деген китеби-биздин муундун Сакемдин астындагы карызды, жүктү аз да болсо моюнубуздан алып салгандай эле болду. Каныбек бул китепти Сакемдин жанында жүргөндөй, аны менен кошо басып, кошо тургандай, сырдаш болгондой, ошол эле учурда манасчынын касиети аркылуу Манас дүйнөсүнүн чексиз күчүн кыргыз элинин асыл пейилин сүрөттөгөндөй болуптур. Бул эмгеги үчүн Каныбекке чоң рахмат. Сакемдин арбагы ыраазы болсун, баарыбызды Манас атанын арбагы колдосун!

Мелис Карыбеков Асан теги

Манасчы ким?
1. Күргүштөтө Манас айтканда жүз миң кол аскер келаткандай сүр көрсөткөн – кеменгер, темирди үзүп чыккан Теңир Алптай сезилген, сакадай боюна сан миллион дастан сабын батырган Саякбай Каралаевдин “Манасын” укканда деги бир башка дүйнөгө арбалып, өзүңдүн бу дүйнөдө бир кичинекей көрпенде экениңди сезесиң… Манас, Манас дейбиз. Саякбай миңин билсе, биз ал билгендин миңден бирин билээрбиз.
…Деги Сакең ким? Болгону манасчы элеби? Же андан да улуу күчпү? Жөн эле өнөр адамыбы? Же башка бир касиет даарыган өзгөчө жанбы?
Деги манасчы ким?
Манасчы -өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачыбы?
Манасчы ким?
Байыркыдан берки эле баянын, айкөл баатыр эрдигин саймедиреген жомокчубу?
Ал өткөн доор, замандар менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көпүрөбү?! Ошону үчүн манасчы бизди оңой эле миң жыл артка алпарып, ал мезгилге аралаштырып жатпайбы!
Манасчы – жан-дүйнөңдү козгоп, көңүл эргитип айгай салган төкмө!
Ойду нускалап айткан чечен.
Ырчы гана эмей, айтчу кебин уйкаштыкта сабалата төккөн акын. Бир эле мезгилде жанга жагымдуу аваздык көркөмдүктөгү обондорду чыгарган обончу.
Эр жүрөктүүлүктү даңаза кылган улуу чакырык.
Сөздү алтын, күмүш, бермет, жакут менен шөкөттөгөн зергер.
Баян баамын сөз менен кооздоп, сөз менен элес тарткан сүрөткер.
Манасчы – акылман. Ал Манас айтат, акыл айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт.
Манасчы жөн гана сөз эккен өнөр ээси эмес. Ал өнөр-билим себелеген билги. Сөз менен сыркоону сакайткан эмчи. Сөз менен дартты сабап айыктырган домчу. Дартка даба дарыгер.
Манас айтып жаан чакырган жайчы.
Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым.
Манасчы – Манас аркылуу эртеңкини көрө билген олуя. Өткөндү даңктай да, баалай билген кеменгер.
Манасчы – сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган алмаз кылыч, жоо курал.
Манас айтканда өзүнчө бир улуу илеп уруп турган – энергия. Күч-кубат.
Манасчы – эр Манастын кишиси. Анын жердеги өкүлү. Адамзат, айрыкча Кыргыз Рухун көкөлөткөн кудурет, күч.
Чыныгы турмуш менен кыял жашоонун ортосун ажайып адемилеген керемет.
Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн дастан бийиктигине арнайт. Алар үчүн жашоо – тиреги Манас. Алар өмүрдөн өтсө да, өнөрү улана берет.
Манасты окуп, билим өстүрүп, илимий даражага ээ болсо болот. Бирок Манасты окуп манасчы болуу мүмкүн эмес. Аны Манас даарыйт. Арбак даарыйт. Көкө теңир даарыйт. Аны жакшысы да угат, жаманы да угат. Аны – манасчыны Манас тандайт.
Манасчы – ичи тарлыктан, ушак сөздөн, көр турмуш көйгөйүнөн сырт жашаган руху бийик инсан. Ал периште сындуу. Анын көңүлүн калтырганга болбойт.
Манасчы ким? Байыркыдан Жайсаң Үмөт уулу менен Ырамандын ырчы уулу. Токтогул ырчы. Келдибек менен Балыкооз. Музооке менен Чонду. Акылбек менен Тыныбек Жапый уулу. Назар Болот уулу менен Дайырбек. Жеңижок менен Назар. Найманбай менен Кенжекара. Дыйканбай менен Багыш Сазан уулу. Чоюке менен Тоголок Молдо. Кайдуу Сопу уулу менен Алмабек Тойчубек уулу. Шапак менен Куйручук. Сагымбай менен Саякбай. Жаңыбай менен Жакшылык. Молдобасан Мусулманкул уулу менен Мамбет Чокмор уулу. Дуңкана Кочуке уулу менен Ыбырайым Абдырахман уулу. Акмат Рысменде уулу менен Жусуп Мамай. Манасчы Сейде Дейди кызы менен семетейчи Сейдана эне. Шаабай Азизов менен Кааба Атабеков. Азыркылардан: Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев, Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдиракманов, Кубанычбек Алмабеков. Аялзаададан айрыкча чыккан аялуу эжебиз Бүбүмариям. Бу улуу көчтү улап келаткандар: Талантаалы Бакчиев, Улан Исмаилов, Рысбай Исаков, Тилек Асанов, Дөөлөт Сыдыков, Замир Баялиев жана дагы башкалар.
Баарыбыздын жүрөгүбүздө Манас бар.
Манастын жүрөгүндө ким бар болду экен?
Манасчы буркан-шаркан түшүп айтып кирсе жазгы кирген дайрага окшош…
Дымып калса түбү терең көл шекилдүү…
Ойлоно кетсе опол-тоо сымал…
Үч күн, үч түн айтса түгөнбөгөн көөнөрбөс. Түбөлүгү кебелбес. Кылымдар чети оюлбас, кыйыры кемибес уйкудагы ак кар, көк муз ордологон Улуу Мөңгү таризде…
Саймедиреп айтып баштаса улуу тоо коюнунан оргуштай көз жарып чыккан тунук булактай аруу.
Манас – күч. Калканыч, чеп, ыйыктык. Өзүңдү өзүң таануу. Манасты угуу – бийиктикке чыгуу, аруулануу. Өтүп кеткен ата-бабалар менен кездешүү.
Төр булагы сымал улам бир манасчы чыгып улуу сапар уланып турат.
Кыязы, Манасты толук айтып бүткөнгө бир адамдын өмүрү жетпейт, бүтүндөй бир улуттун өмүрү керек болоор…
Манасты жүрөктүү адам гана айта алат.
Болбосо, бу сүрдүү жана сыйкырдуу дүйнөгө даап баш багуу өтө опурталдуу иш эмеспи. Манасчыны укканда өзүң да ошо доордун азабын көргөндөй болуп кетесиң.
Жүрөгү кыргыз болсо Манасты дүлөй да угат, азиз да көрөт. Жүрөгү менен туят. Манас касиети мына ушундай эмеспи.
Биз болсо кыргыздар, Манас даарыган элбиз.

Үчилтик касиети
2. Саякбай атанын башка манасчылардан айырмаланып, ар бир кыргызды, кыргыз тургай аны бир уккан угарманды улутуна карабай өзүнө тарта билген касиети болгон. Анын сыры эмнеде?
Кудум куйма чулу алтындан жасап койгон сыяктуу сакадай бою сары алтын келбетиндеби? Же бүт он сегиз миң ааламга угуза айтып жаткан шекилдүү айгайлаган үнүндөбү? А балким, дастан айтып жатканда тээ байыркы кылымдардын оюгуна кирип кетип, өң-келбети жүз кылым карыткан кейиптенип кеткен өзгөчө өңүндөбү?
Саякбай манасчыны көргөн сайын көзүң тойбойт. Уккан сайын кулагың тойбойт. Көксөгөн сайын көкүрөгүң тойбойт.
Анын касиет даарыган инсан экени шексиз. Кандай касиет? Манасчынын мындай сыйкыр талантынын сыры эмнеде экенин билүү максатында белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты Исаева Жанаргүл Дүйшекеевна менен маектешип жатып, ошол соболдорго жооп тапкандай болдум.
…Ар манасчы өз-өзүнчө талант. Бир окшоштугу алардын баары тегин жан эмес. Экинчи окшоштугу баарына тең Манас түш аркылуу аян болуп киргени. Үчүнчүсү – бирине Манас кулагына угулат, бирине көзүнө көрүнөт, а кай бири көкүрөгү менен туюп айтат. Маселен, залкар манасчы Сагымбай Орозбаков “Манас” айтканда кулагына угулуп, ал аны элге баяндап берип турган. Калыгул олуя да оң жагын бир каранып, сол жагын бир каранып, периштелери менен кеңешип анан кеменгерлик өнөрүн узанган.
Келдибек манасчы болсо көзүнө ошол окуя кудум кинотасмадан өтүп жаткандай көрүнүп, ошол көргөн-билгенин айтып берип отурган.
Кытайлык Жусуп Мамай атабыз болсо көкүрөгү менен туюп билип, баяндап жазат.
Ал эми Саякбайга болсо, жараткан берешендик менен ошол үч касиетти тең ыроологон экен! Дегеним, Сакең Манас айтып жатканда бир эле учурда улуу жомок кулагына угулуп, көзүнө даана окуялар көрүнүп, анан анын баарын көкүрөгү менен туюп айткан. Ойлогон ою сыртынан төгүлүп турган… шондуктан.
Ошол врач, психолог Исаева Жанаргүл эженин илимий негиздеп айткан далилине таянсак, бир эле учурда Манасты угуп, Манасты көрүп, Манасты туюп айткан адам өзүнүн ички акыл-сезими, аң-туюму менен ошол Манастагы орошон окуяларга катышкан адамдардан кем эмес таасирленет. Ошолорчо кейийт. Ошолорчо сүйүнөт. Жыргайт. Кабатырланат. Кейүүчү жерде кошо кейип, ыйлачу жерде кошо ыйлайт. А тургай, окуяда айтылып жаткан Баатыр бир жеринен жаракат алса манасчынын дал ошол мүчөсү ооруксунат.
Мына ошон үчүн Саякбайдын Манас айтканы азыркы 100 миллион доллар кетирип (мисалы Тимур Бекмамбетовдун “Особо опасен” деген фильми) компьютерлик жасалгоолор менен чыккан фильмдерден да таасирдүү болуп атпайбы.
Сакең жалгыз өзү режиссер. Өзү жалгыз үн режиссеру. Өзү сценарист, өзү баш каарман болуп атпайбы.
Кайран Сакең, Айкөл Манас атанын калкагар караанын гана көрбөстөн, анын айбаттуу үнүн угуп, баатырды өзүнүн баатыр жүрөгү менен туюп, ошонун баарын чулу денесине батыра бербей энергиясы сыртка ашып-ташып, өзү толкуп, ошол эле учурда тулку бою, колу, буту, башы, бүт денеси кыймылдап, айтып берип атпайбы.
Бу не деген энергия! Спортто эң алыска деген олимпиадалык марафондо күлүктөр 2 саат 42 мүнөт чуркап, маарага көл-шал болуп тердеп араң жетип, эстери ооп жыгылышат.
Саякбай Каралаев болсо үч күн, үч түн бою бир тынбай, демек 72 саат Манас айтып, 72 саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап атпайбы. Бул жараткандан жалганган талант, тиги Көкө Теңир Көктөн жиберилген бир башка көөнө касиет го!
Дүйнөлүк эң мыкты деген дөө-шаалар, маселен, Паворотти, же азыркы У.Хьюстон ашып кетсе 6-8 саат тынбай үн созо алышат экен.

«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “САЯКБАЙ (Гений жөнүндө баллада)

  • 15.06.2014 at 16:56
    Permalink

    Мен бул китепти окуп жатам. Абдан кызыктуу китеп. Бир окусаң, андан ары улагың келип, Керемет дүйнөдөн чыга албай каласың. Чынында ойлоп көрсөм Саякбай атабыз тууралуу дээрлик эч нерсе билбейт экенмин. Анын кылык-жоруктары, меймандостугу, “Манасы” менен дүйнө багынтканы мага өтө кызык болду. Сыймыктанып да, таң калып да турдум. Китеп эң сонун деңгелде жасалган. Сырткы дизайны да мыкты. Өзүнө тартып турат. Бул китепти жараткан Каныбек Иманалиев мырзага рахмат.
    Баарыбызды, жалпы кыргыз элин “Кулаалы таптап куш кылган, Курама жыйып журт кылган” МАНАС атабыздын арбагы, “Манасчылардын Манасы”, “ХХ-кылымдын гомери” САЯКБАЙ атабыздын арбагы колдосун!!! Урматым менен Нурболот…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.