Кыял Тажиева: “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектакли жөнүндө

 

Бул спектаклдин аталышы эле ар бир адамды биринчи өзү жөнүндө ойлоого чакырат экен. Анан сөзсүз түрдө “Муну сөзсүз түрдө өзүм барып көрбөсөм болбойт” дегидей ар бири.

Баатырбек Шамбетов Чеховдун кыска аңгемелеринен, прозалык чыгармаларынан инсценировкалап, бүгүнкү күндүн тили менен өзгөчө бир бүтүн чыгарма жараткан экен. 2023-жылдын 23-24-25-26-февраль күндөрү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында жаз чакырган өзгөчө бир “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” аттуу спектаклдин премьерасы болду.

Бул спектакль элге эмне берет?

  • Бүгүнкү күндө психологиялык-мотивациялык окуулар көбөйүүдө. Алардын ордун толук ээлей турган театралдык сабак болуп берет.
  • Бул спектаклди орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда, театралдык окуу жайларда “Чеховду окуу” сабактары үчүн комплекстүү жандуү көрсөтүү куралы катары пайдаланууга болот.
  • Комедия жанры жөнүндөгү сабактарга үлгү боло алат.

Режиссердун өзүнүн стили, өзүнүн чечилиштери, интерпретациялары өзгөчө көңүл бурууга, изилдөөгө алууга татыктуу.

Спектаклде проектордун жардамы менен улуу жазуучу Чеховдун доорундагы жашоо эң бир таасирдүү чагылдырылыптыр.

Ошондой эле Чехов десе көз айнегин, көз айнекти көрсө Чехов деп тааныган, автордун өзүнө гана таандык “көз айнегинин” макетинде экрандан элестүү окуялар чагылдырылып турду.
Бул да өзгөчө табылга болду.

Орус элинин улуу жазуучусу, драматург А.П.Чеховго ким арбалбаган да, ким таңгалбаган. Бирок, Чехов аркылуу элди таңгалдыруу көптүн колунан келе бербейт.

Мекенден алыс эмгектенип жүргөн режиссерубуз менен спектакль туурасында төмөндөгүдөй маек курдук.

— Чеховдун чыгармаларынан поппури спектакль болуптур, бул идея качан, кайдан пайда болгон?

— Мен Өнөр колледжинде актер чеберлигинен сабак берген элем. Ошол колледж кабыргасында балдарга кыска ангемерлерден инсценировка жасатып сабак берчүбүз. Идея ошол жерде пайда болгон. 2019-жылы чоң театр сахнасына коюлду.

— Казакстанда бул спектакль коюлганы белгилүү, а кыргыз театрынын актерлору менен иштешүүдө кандай өзгөчөлүктөр байкалды?

— Кыргыз актерлору автордун текстине байланып калбайт экен. Импровизацияга эркин бара берет экен. Бул автор айтар ойдон алыс кетип калат деген сөз эмес. Тескеринче автор айтар оюун ачууга аракет кылышат экен.

— Проектордун жардамы менен коюлган тасма да өтө таасирдүү. Чеховдун көз айнеги сүрөтчүнүн идеясыбы же сиздикиби?

— Чеховтун пенснесинин автору сүрөтчү Садыр Ниязакуновдуку. Чеховтун өзү “майда” адамдарды карап тургандай таасир калтыргыбыз келген.

— Бул спектакль аркылуу кыргыз элиңизге эмне айткыңыз келди?

— Адамдар өз башына тоодон балээ тилеп алат экен. Ал өзүнүн руханий оорусу. Бирөө подхалим, бирөө нафсысын тыя албаган зынаакор, бирөө колунан келбеген иш менен алектенет, бирөө эки жүздүү. Булар адамдын ички руханий оорусу. Чехов ушуну айткысы келди деп түшүнөм.

— Бир эле актер эки-үч каармандын ролун аткарган учурлар болду. Анан дагы карама-каршы мүнөздөгү образдарды аткарышты. Демек, спектаклдин негизги максаты актердун аткаруучулук чеберчилигин ар тараптуу ачып берүү болгонбу?

— Ооба эки- үч ролдон ойношот, бирок ал негизги максат эмес. Негизги максат Чеховтун айтар оюн жеткизүү. Бул актер үчүн кошумча нагрузка. Албетте бул жогорку чеберчиликти талап этет.

— Менимче, Чеховдун спектаклдин аталышында чыгармасы жок. Бул аталышты өзүңүз койдуңузбу? Жаралуу тарыхы кандай болду?

— Темасын мен койгом. Ал Гоголдун “Шинель” чыгармасына берилген баа болчу. Мен аны тема кылып алгам.

— Дагы кыргыз актерлору менен спектакль коем деген чоң ниет тапсаңыз керек? Кандай пландар бар?

— Ооба сунуштар түшүп жатат. Эки театрдын башчылары менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок азырынча качан, кайсы театр, кандай спектакль коем белгисиз.

___

Кыргыз элинин кулуну, Ысык-Көлдө өсүп чоңойгон, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган Баатырбек Шамбетов аттуу талантыбыз боордош казак элинде Костанай облусттук И.Омаров атындагы драма театрында көркөм жетекчи болуп эмгектенип келет.

Ар бир эле талант өз туулган жерине өзүнүн эмгегин арнагысы келет. Ушул сапар Баатырбек Шамбетов жүрөгүн кыйнап келген мекенге деген бир милдетинен кутулган өңдүү.

Кыргыз эли жана кыргыз театрынын сахнасы комедияны өтө сагынып калгандай.

Айтылуу ДЕМтеатры жанга киргендей болуптур. Спектаклдин басымдуу бөлүгүндө биз бала чакта көп тамашасына баткан Камчы Сарыбаев, Жеңиш Кангелдиев, Аскат Сулайманов, Жеңиш Сманов, Нурлан Салидинов, Арнис Кыдырмышов сыяктуу актерлор ойноду. Эми булар баягы эле репертуарында. Турган турпатын көргөндө эле көрүүчүлөр себепсиз күлө берет эмеспи. Мындай таланттар менен режиссер өтө жеңил жана кызыктуу иштесе керек деп тамшандык.

Театрдын актрисалары Г.Көчөрбаева, А.Кыйыкбаева, А.Имашова, Мээрим Касаболотовалардын комедия жанрында ойноо эрудициясы жакшы пайдаланылыптыр.

Театрда жаңы эмгек жолун баштаган Аскар Качкынбаев, Канболот Атакан уүлу, Нускайым Бекмурат кызы, Бактыяр Шаршенбаев, Мырза Жумагазиев, Жанара Борисова, Жыргал Талантбек уулу, Анара Таалайбек кызы, Аман Шеркул уулу ж.б. жаш таланттардын аткаруучулук чеберчилигинин мүмкүнчүлүктөрү толук ачылыптыр.

Кыял Тажиева

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.