Эстутумs…
Эмил Токталиев жана Саякбай
Бул үйгө келгенде эс алам… Жаным жыргай түшөт. Шаардын ширеңкенин кутусундай болгон үйүнө кирдиң кайра чыкпайсың.. Эшик жабык. Дүйнө караңгы. Баарлашканга киши жок. Биздин куракта чер жазыша сүйлөшкүң келет. Баарынын колу бошобойт. Тытынган эле киши… Баса албай жаткан баладан бери сотке чукушат. Азыркы балдар ыйлабайт, соткени колунан алсаң чырланат.
Бак-дарактар, гүлдөрдүн жыты тим эле аңкыйт. Таза аба. Жакшы эс аласың. Ойгонгондо эле теке маңдайымда Саякбай Каралаев. Карап көпкө жатам. Саякбайды көрбөсөм да көргөндөй болом. Кыргыз элинин сыймыгы болгон манасчыга таазим кылам… Ал мени тиктейбет. Кабактары түйүлгөн. Башында топу. Үстүндө кырмызы кызыл чапан. Манасчы муңканып ыйлап жатат… Сыздап жатат манасчы… Ыйлап жатат манасчы… Алдында башын калканга жөлөгөн Баатыр… Манаспы? Чоролорбу? Билбейбиз? Биз билген бир нерсе баатырды кош колдоп сүйөгөн Саякбай. Саякбай Манасты гана жөлөйт. Артта чеп. Ушундай сюжетти көрүп ойгоном. Уктайм… Кайра ойгоном. Ал мени ээрчип алат. Баатырлар… Чоролор… Чоң казатта кан жуткан Манас Баатырдын элеси көз алдыма тартылат. Манастын элеси. Саякбайдын шоораты. Картина. Эмил Токталиевдин “Саякбай” деген картинасынын көчүрмөсү. Аны бир жолу тарых илиминин доктору, профессор, бир агайдан алгам. Сыр. Сыр сакталсын. Мага ушул Эмилдин көчүрмөсү эле жетет. Картинанын түп нускасы Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сурөт музейинин экспозициясында илинип турат.
Ал аны СССР Сүрөтчүлөр союзунун стипендиаты болуп, Москванын алдындагы чыгармачылык үй “Сенежде” жүргөндө баарыбызды таң калтырган, тамшандырган, өзүнүн эң мыкты делген чыгармасын “Саякбай” картинасын жазган. Биринчи жолу чыгарманы 1988-жылы Борбор Азиянын сүрөтчүлөрүнүн Ташкен шаарындагы көргөзмөсүнө койгон.
Атагы таш жарган алп манасы Саякбай каарманына ыйлап да, ырдап да берип жаткандай. Ачык айтыш керек. Картинанын эч ким билбеген мистикалык таасири бар. Мен буга ишенем. Качан келбейин, канчада келбейин, эс алып жаткандабы же ойгонгондобу Саякбайдын манасы кулагыма жаңырат. Кетпейт. Жаңыра берет. Ойгоносуң. Ойлоносуң. Толгоносуң. Бүгүнкү башы бирикпеген кыргыз элине таң калам. Саякбайга кошулуп онтойсуң. Чоролордон айрылган не деген гана кайгы? Саякбайдын Саякбай экенин билгизет. Аларга кошулуп сен да кайгырасың. Кайың ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап, өпкөбүз өпкөбүзгө батпай солуктап чыгабыз. “Өлбөй кал, Манас! Өлбөй кал! “Жер муштап кайгырабыз. Чоролордон айрылып, жан жоокерлеринен айрылган Манастын абалы кандай эле? Кайгыргандан кан жуткан учур… Сакадай бою сары алтын, сары абышканын башына 500553 сап “Манас” эпосу баткан эмеспи? Саякбай Каралаевди акыркы Могикан дешет го? Талантты таланттуу адамдар гана баалашат эмеспи? Маселен, Чынгыз Айтматов манасчы Саякбай Каралаев менен бир үйдө турушкан деп айтылат. Жазуучу үчүнчү кабатта, Саякбай биринчи кабатта… Манасчыны жандап басканда атактуу жазуучубуз саал бир жагына кыңайып басчу экен… Саякбай менен бойлош болуп кебин уккан го? Муну да имиш кылып айтышат. Көрүп турган балким кишилер болгондур…
* * *
“Манасты” угуп, жан дүйнөсүндө “Манастын” руху ойгонгон “ түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн кайра күчөгөн” кыргыздардын тарых-тагдыры тууралуу бир нече жыл кошуна турушкан эки залкар не деген гана сөздөрдү сүйлөштү экен? Жазып алган адам жок. Аттиң. Билбей калдык. Жазуучу Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгын, айтуучулук чеберчилигин өтө жогору баалаган.
“Башынан бутунун учуна дейре суу болуп, дүңгүрөп түшкөн чагылганды, шатыратып жааган жамгырды таназар албай ааламдын асмандан түшкөн жомокчусундай Манастын сөзүн, болгон тарыхты, кайгы менен азапты атырылтып баяндап жаткан” манасчыдан көзүн албай, суу болгондугуна кайыл болуп, кайран энең Каныкейдин кайгысын кошо тартып, кыргыздын келечеги үчүн төлгө кылып чабылган Тайторуну чогуу “сүрөөнгө алып”, бир жүрөктөн сүйүнүп отурган элди, ушундай көрүнүштү эмне деп атоого болот?! “Асман жана сөз” аттуу макаласынын соңунда Ч.Айтматов табышмактуу көп маанилүүлүк менен: “Акырында айтаарым, жамгыр алдында аттын чылбырын Манас рухунун байрагын кармагандай кармап турдум. Мен кармаган тизгин эпостун ички деми жана түбөлүктүүлүгүнөн кабар берген белги болгонуна тагдырыма миң мертебе ыраазымын…”. Жазуучунун ыраазычылыгы эл алдында жаанга карабай, ат үстүндө нөшөрлөгөн жамгырлуу күн менен жарыша манасчынын үнү жаңырган учурга багытталган эле. Аны ыраазычылыгы Саякбайга берилген айкын баа эмеспи?! Атактуу адабият сынчысы Кеңешбек Асаналиев айткандай “Байыркы сөз мүлкүн сактоочу Саякбай Каралаев менен жаңыча сөз жаратуучу Чыңгыз Айтматовдун көзмө-көз кездешүүсү көркөм өнүгүштүн дүйнөлүк тажрыйбасында сейрек гана эмес, балким бир гана жолу кездешүүчү факт, окуя болушу мүмкүн”.
Жазуучубуз манасчыны өмүр бою сыйлаган. “Саякбай Каралаев улуттук маанидеги сүрөткер!” “Эгер менден өз элиңдин кандай улуу адамдарын билесиң деп сурашса, арийне алды менен озунуп ушу Саякбай Каралаевди айтат элем!”. “Бүт өмүрүн “Манас” айтуу өнөрүнө багыттаган Саякбай Каралаев урумдан ашка санжырачылардын биздин күндөрдөгү уркунан эле. Кайран киши көк теңирде жаркырап, балбылдап күйүп туруп, кулап учкан жылдыздай ааламдан кайып кетти…”
* * *
Казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов Саякбайдын аткаруусунда Каныкейдин Манасты жоктогон кошогун угуп отуруп кадимкидей эчкирип ыйлап, минткен экен: “Эгер сен жок болуп калсаң, Саякбай, адамзаат өтө баалуу өзүнүн реликвиясынан айрылат!”. Кийинчерээк казак адабиятынын алпы М. Ауэзов манасчы Саякбай Каралаевди Алма-Ата калаасына чакырып, элдик чыгармачылыктын оозеки кереметин казак студенттери угушуна шарт түзгөн. М.Ауэзов Саякбайды “легендарлуу эпик”, “азыркынын Гомери”, “ХХ кылымдын рапсоду” деп атаган.
Кыргыз элинин музыкасын изилдеген оруссиянын музыка таануучусу В.Виноградов С.Каралаевдин “Манас” эпосун аткарганын көрүп таң калган: “Ал башкача манасчы, күчтүү, өтө таланттуу жана ийине жеткирип аткарат. Айтып жаткандагы анын отурушу, кебете-келбети ар дайым кыймылда, ыкчам кыймылдайт. Кээде жайлап калат. Айтып жатканда өзүнчөлүккө жана өз алдынча образга ээ”.
Доордун улуу жазуучусу Ч. Айтматов: “Каралаев “Манас” айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр ташындай чанда бир кезиге турган шыбагасы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп отуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн буткөнбү деп ойлоп кетесиң. Бул манасчынын тулку-боюнан, бешене-бейнесинен сезилип, эбаккы өткөн доорлордун карааны жылып келип, калдайып алдыңа тура калгансып кетет. Ошондогу ойрондуу окуялар, ошондогу кайгы-муң, ошондогу айкөл акыл, ошондогу сарсанаа, жамандык менен жакшылык баары чогулуп, ушу кишиге уютулуп калгансыйт. Каралаевдин аткаруучулук усулу уккан адамдын жан дүйнөсүнө алай-дүлөй түшүргөн ушундай керемет күчкө ээ”. Мына, бири музыкант, бири жазуучунун Манасчыга берген баасы…
* * *
Атактуу режиссерубуз Болот Шамшиев Саякбай Каралаевге арналган “Манасчы” деген документалдуу фильм тарткан. Фильм ийгиликтүү тартылып, дүйнөнүн 80 мамлекети катышкан Оберхаузендеги (Германия) документалдүү кинолордун Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалында баш байге – Алтын медаль алууга арзыган.
Белгилүү скульптор, эл сүрөтчү Тургунбай Садыков өнөрканасына “чүкөдөй сары абышканыны” отуругузуп алып Саякбайдын образын жараткан. Образ оңунан чыкпай айласы түгөнгөн скульптор акыры манасчыны “Манас” эпосун айттырып каалган тилегине жеткен экен…
Өх, чарчап калдым! Бирок Саякбай бизди чарчатпайт. Ал айткан “Манас” эпосу башым жерге тийгенче мени коштоп жүрөт. Ар бир кыргызда манас духу уюп жатат.
* * *
Кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, кино менен живописти бирдей алып жүргөн, киноактерубуз Сүймөнкул Чокморов байкебиз Саякбай Каралаев менен өтө жакын мамиледе болгон. Биз билгенден ал манасчыны үч жолу тартты. Үчөө үч башка. Колунан келишинче, живописттик талантынын дареметине жараша Саякбайдын образын ачып бере алды. Биринде жалаң гана көк, көгүлжүм түстөрдүн фонунда улуу манасчынын борбойгон жүзүн, сербейген мурутун, барбайынкы колдорун көрүп, башындагы топусу саал артка жылып Саякбайдын сүрдүү жүзү көз алдыбызга тартылат. Ырас, кыл калем чебери манасчынын оң колу таянган жерди кыргыз элинин оймо-чийме прикладдык искусствосунун үлгүсүндөгү фонунда берген. Экинчи сүрөт тон жамынган Саякбай. Жашыл кителчен, кара саксак күрпө ичик жамынып, ак муруттары калдайган Саякбай. Мында манасчы ойлуу. Негедир бир нерсеге кыжаалат…
Үчүнчүсү манасчынын манас айтып жаткан учуру… Мандаш токунуп отурган турпаты эле манасчынын канчалык деңгээлде манас айтып жатканын кабарлайт. Айлана-тегеректин баары эпостогу каармандарга толгон. Картина жазылышы жагынан өтө кызыктуу. Саякбай Каралаевдин ким экендигин толук ачып берет?..
* * *
Дагы бир картина. Сүйүтбек Төрөбековдун “Саякбай Каралаев Улуу манасчы” эмгеги. Мында баары реалдуу аспекте. Манасчынын өңү. Асманда обологон алп кара куш. Жер дүңгүрөткөн баатырлардын аттарынын таскагы… Баатырлар. Кызыл кыргын, сары сүргүн… Кан жыттанган талаа…
Мандаш токунган манасчы… Саякбайдын кийген кийими да сыйдана… Арстандын башы салынган кемер кур… Манасчынын арбайган колдору менен бүркөлгөн кабагы бири-бирине дал келет. Сүйүтбектин живописчилик чеберчилиги манас айткан манасчынын ритмикасы менен эпостогу окуяларды бир бүтүн гармонияда бере билгендигинде… Картинаны карап отуруп эпоско кантип сүңгүп кирип кеткенинди сезбей каласын?!
Саякбайдын ар бир кыймылы кыл калем чебери С.Төрөбековдун көз жаздымында калган эмес. Манасчы бирде өкүнүп, бирде ачууланып-каарданып, бирде өлүп, бирде төрөлөт. Эпостогу окуяларга орун берүүдө манасчы темпин өзгөртөт, сөздөрү ачык-айкын, кээде үзүл-кезил, кээде сезимдерди козгоп, кээде жанга баткан чындыктар чыркырап төгүлөт…
Анын үнү-элдин добушу, анын ыйы – энелердин кошогу… Баатыр душмандарын женсе баары шанданат, аны менен кошо кубанат. Баатырдын башын кайгы чулгаса-көз жаш төгүлөт, ага кошулуп уккан жандын баары ыйлайт… Манасчынын артынан баарыбыз ээрчип кетебиз? Мына, кептин күчү! Сөз касиети! Саякбай Саякбай болгону эпостогу ар бир сөздү керек болсо ар башкача сүйлөткөн адам болгон. Ал көбүнчө кыргыз элинин обондору менен күүлөрүн бир бүтүн кылып өрүп таштаган… Ал өрүм эпос добушу эле… Ал өрүм Сиз менен Биздин каныбызда агып турат… Ал өрүм Саякбайдын кайталангыс эс тутумунда… Ошондуктан ал “Манас” эпосунун 500553 сабын эс тутумуна сактаган… Эпостогу бардык салгылашууларды жатка айтуу менен угуп отургандарды “оп, бали-и” деп сандарын мыкчытып, ойбойлотуп жер муштаткан… Манасчыбыз майданда “КЫРГЫЗ!” деп ураан чакырып алдыга карай умтулганда, же каргып чыкканда, күңүрттөнгөн сүр менен кардыккан үн менен колдорун ары-бери сермей баштаганда, угуп жаткандар манасчынын кыймыл-аракетине саамга байланып калышкан… Аткаруу чеберчилигине тан беришкен. Акыркы могикан ушундай болгон. Эскерген адам көп, эстеген киши аз.
* * *
Бир кезде элдин баарын тизе бүктүргөн (“Кызыл Кыргызстан” гезити, 30.09.1945-ж.) Иосиф Сталин Москвадагы кыргыз элининин декадасында Саякбайдын манасчылыгына тан берип, тура калып кол чапкан экен… Тура калып… Стакем! Бүк түшкөн эл… Туруп турган Сталин!.. Саякбай! Саякбай! Саякбай! Биз Сизге ыраазыбыз!..
* * *
Эми Эмилдин чыгармачылыгына экскурс жасайлы.
Сүрөт музейинин бейкуттукка бөлөнгөн кенен залында бутунун учу менен баскан көрүүчү бул чыгарманы дароо байкайт. Жымжырттык. Бейкуттук… Эч ким сага тоскоол болбойт… Картинаны карап отуруп аны жаратуучунун дүйнөсүнө сүңгүйсүң… Баарлашасын… Атын чыгаргысы келбеген автордун жупунулугуна тан бересиң..
Кээ бир көрүүчүлөр анын ишин фотореализмби деп келишет. Бир тараптан бул иштин жогорку техникада аткарылгандыгы жана автордун сабырдуулугуна болгон суктануу; ал эми, экинчи тараптан, кыл калем чеберинин ролун баалабагандык жана аны көргөн нерсесин кайталап тартып койгон адамга салыштыруу. Картинанын наркы натурализмде эмес, кыял-ой чабыттын раелдуулугунда, көрө билүүнүн кенендигинде жана аларда живопистин реалдуу мектебинин бардык каражаттарын пайдалануу билүүсүндө камтылган эмеспи. Автордун чеберчилиги менен майда-чүйдөнү байкаган тыкандыгы эмес, анын бийик идеяларды кармай билиши, жумушта көп күн бою дилгирленип иштеген чыдамкайлуулугун сактап калуусу бизди таң калдырат. Иш ишенимдүү жазылган. Кээ бир жерлерине тактык киргизсе болот. Бирок бул автордун чечмелеши. Бул эң сонун академиялык живопись. Көптөр мындай ишти жактырышат. Анткени ал САЯКБАЙ! Сиз менен Биз Сыйлаган САЯКБАЙ!!!
* * *
“Мен көпкө бул полотнону карап чыктым. Анын терең маанисин түшүнүүгө аракет кылдым. Мени эмне кызыктырса ошону тартканга умтулам. Кыргыздардын башкалар түшүнө бербеген, ачып бере албаган атам замандан берки келаткан көп нерселери бар. Аларды мен жаңыча түшүнүүгө аракеттенем. Көп сүрөтчүлөр Манастын образын түзүшкөн, эпосту жасалгалашкан, бирок сезип туюу аркылуу гана…
Мен сокур сезим менен Саякбайдын колунда таянып турган жарадар Манасты тарттым… Улуу манасчы кеткенден кийин азыркы манасчылардын анын катарында койсоң алар мага бирөөнү туурап жаткандай…
… Биз баарыбыз тең Каралев кантип өзү айткан каармандары менен жашаганын жана кантип чогуу өлгөнүн, ыйлаганын, айтып жатып тамагы бүтүп калганына чейин билебиз… Эпостун бир эле сабы анын аткаруусунда не деген гана маанини туюнтпады?” Живописчин ЭМИЛДИН жан сырын уктук… Картинаны бекер тартбаптыр?
* * *
Эмил Токталиевден башка Сүймөнкүл Чокморов, Сүйүтбек Төрөбеков жана бир топтор Улуу манасчынын образын өз полотнолорунда чагылдырып келишкен. Албетте, ар кимиси өз дараметине жараша. Эң негизи алар Саякбай Каралаев аркылуу “Манас” эпосунун тереңдигине жана касиеттүүлүгүнө жетишүүгө аракеттенишкен. “Манас” эпосунун маанисин, баатыр бабабыздын образын Т.Т.Герцен, А.М.Торопов, Т.Курманов, Ж.Кадралиевдердин ар кими ача алышкан. Ким кандай ачты, ал көрөрмандардын иши го?…
Эмил Токталиев эл элегинде…
Эмил Токталиевдин чыгармачылыгы – бул кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн өзүнчө бир кайталангыс катмары. Мактаганым жок. Бул чындык. Эмил эч нерсе жазбай эле койсун. Бирок анын картиналары бүтүндөй бир доорду чагылдырган улут энчисине айланганын кантип танабыз? Таныш кыйын го?.. Бир кезде кыргыздар сыйынган Ак Үйдүн залында илинип турган анын иштерин кайда катабыз? 2005-жылкы сарай төңкөрүшүндө анын бир калбай жок болду… Иштин маңызы көбүбүздүн эсибизде калбадыбы.?
Көгүлтүр асман фонунда жин ургансып, үркүп жөнөгөн жылкылардын үйүрү. Үрккөн жылкылар кандай болот? Башка бир жерде айдын жарыгында агарган кыргыздын боз үйлөрү. Кудай жалгап… ал иштер автордук көчүрмөлөр эле. Теңир колдоп. Айтып отурса азыркыларга мунун баары жомок сыяктанат… А бирок алар мурунку бийликтин энчиси катары жоготулган… Чындык ачуу болот? Живописчинин маңдай тердеткен чыгармачылыгын каякка катабыз? Андыктан көп иштерди билебиз… Кашайып анын авторун билбейбиз? Ошо көмүскөдө калган авторлорубуздун бири Эмил Токталиев.
* * *
Мынча болду Э.Токталиевдин чыгармачылыгына бир аз кайрылалы. Ал бир кезде көрүүчүлөрдү өзүнүн “Кызыл командирлер” картинасы менен таң калтырган. “Кызыл командирлер” деги кимдер? Сталиндик доордун документи катары төрт командир аскер кийимчен, тери погондуу. Буттарын кайчылаштырып отургандары да башкача. Баары бирдей бойлуу. Хром өтүктөр жылтырайт. Адам жүзү жылтырайт. Караганга даай албасың? Бир караган кишиге түшүнүктүү сезилгени менен бул тарыхый инсандардын артында тарыхый чындыктар көмүлүп жаткан сыяктуу. Канча чындык өткөн доор менен кетти экен… Кандай айткан күндө да чыгарма монументалдуу жана декоративдүүлүгү менен айырмаланат…
* * *
Э.Токталиев чыныгы чебер катары өз картиналарынын жаратуу идеясын көпкө багып жүрөт. Материал топтойт. Кошумча каражаттарды издейт. Күн түнгө тенелет. Бирин-бири кууп күндөр өтөт кербен карткан кемедей… Жыл алмашат. Мезгил оошот. Жылдар өтүшү мүмкүн. Картина дагы быша элек? Бышты… Идеяны ишке ашырса болот. Ошондо гана иш баштайт. Идея таар бетине түшүш үчүн көп жылдар талап кылынат. Бул чыныгы Эмилдин чыгармачылык жүзү.
Маселен, ал биз билишибизче “Жылкычынын портретин” бир нече жыл жазган. Анда ал бизден алыстап, закым болуп кетип бараткан чыныгы көчмөндүн кебете-кешпирин берүүгө умтулган. Көчмөндүн… Көчмөн руху кайда жоголду? Бийик тоону куйкалап тийген күн нуруна күйүп кеткен, ээрге бекем отурган эр-азаматтын каардуу көз карашы…
“Бул кыргыздардын чогултулган образы, кайраттуулуктун акырындап кайтып баратышынын бир тиби… Цивилизация бизди каптагандан баштап адамдардын турмушу татаалдашып алардын кебете-кешпирлери өзгөрө баштады…”.
Токталиевдин айтканында калет жок. Бул чындык… Күнүмдүк жашоону улантыш үчүн кыл калем чебери коммерциялык иштер менен да алектенди. Бирок бул анын жан дүйнөсүнө каршы келет. Чебердин айтымында Кыргызстандын байлары искусство чыгармаларынан ачык, мааниси начар, декоративдик иштерди чогултканды жакшы көрүшөт. Бирок алардын иштери эч качан музейлик деңгээлге жооп бербейт. Искусстводогу эн башкы нерсе – сүрөтчүнүн өзүнүн күчтүү көркөмдүк кыялы. Кеп эмес бекен?
* * *
Ырас, кыл калем чебери Эмил искусстводогу кандайдыр бир өзгөчө багыттын жолун жолдобойт, модага берилип же жаңы бир агымдардын таасиринде калбоого аракеттенет. Анын бир билгени академиялык живопистин канондору менен иштөө гана… Сүрөтчү менен баарлашканда анын дүйнөлүк маданият боюнча энциклопедиялык таанып-билүүсү бар экенине ишенесиң. Чыныгы чеберлердин кимиси качан, кантип, кандайча чыгармаларды жаратканын жатка билет. Зерикпейсиң. Уга бересиң.
“Бардык классикалык искусство библиялык образдардын негизинде курулган. Батыштын адабияты идеяны Евангелиядан алган. Мен да каймана түрдө Христостун образына кайрылууну чечтим…”
Эмил бизге христиандардын символикалары сыпатталган иштелип бүтпөгөн эмгегин көрсөттү…
* * *
Э.Токталиевге таандык ыкмада жазылган “Толгон ай” картинасы. Боз үйдүн босогосунда түндүктүн тешиктеринен түшүп керегелерде чагылышкан айдын жарыгына тан кала караган малчынын баласы. Бизди таң калтырган нерсе кыл калем чеберинин жазуу техникасы.
Сүрөтчү эски, кейпи кетип жыртылган кийиздин фактурасын ийине чейин иштеген. Бере алган. Бул иш учурунда Маданият министрлиги тарабынан Третьяков галереясына берилип кеткен.
“Сүрөтчү дайыма окуп үйрөнөт. Жетилүүнүн чеги жок. Мезгилге жараша тартылган полотнону кантип кайра жазсам деп ойлоносуң? Окутуучулар улуу сүрөтчүлөр эле болуп саналбайт. Адабияттан, ыйык жазуулардан, ата-эне, достор жана кастар менен баарлашуудан көп нерсени аласың. Өзүн сыйлаган живописчи интеллектуал болушу керек. Классикалык искусство менен музыканы, дүйнөлүк адабият менен кинону билбей туруп эч нерсе жарата албайсын…
Билим менен түшүнүүчүлүктүн синтезинен кайталангыс чыгармачылык жаралат.
Маселен, эгер мен белгилүү кинорежиссер Бергмандын жаратылышты сезе билүүсүн билбесем, “Толгон ай” өңдүү картина жаралбай калмактыр… Бирок дүйнөдө беш гана пайыз элдер искусство чыгармаларын жаратуунун үстүндө алектенишет. Калган беш пайызы аларга кызыккандар… Чыныгы искусство эч качан массалык болуп кетпейт.
Анык шедевр – намаз сыяктуу… Ал жөнүндө көп кеп кылуунун кереги жок… Аны менен жекеме-жеке, жапжалгыз жымжыртыкта… Адамдын жан дүйнөсү суусап турганда жолугуп кал…”
Эмилдин айткандары кимди да болсо түйшөлтпөйт. Толгонтот. Ойлонтот. Башка дүйнөгө жетелейт. Эмил? Эмне айтаарыңды билбейсиң?
* * *
Биз байкаган нерсе Эмил Токталиев акыркы жылдары биз билгенден жамааттык же атайын бир топтук көргөзмөлөргө катышпайт. Искусствонун заманбап түрлөрү тармагында иштерин эксперимент да жасабайт…
“Мен бул инсталляциялар менен хеппенингдерди кабыл албайм. Батышта булар жүз жыл мурун пайда болгон. Бирок демилгечилер өздөрү өзүн өзү таанытуунун мындай ыкмасына олуттуу мамиле кылышкан эмес… Алар үчүн бул жөн гана оюн болгон… Азыр болсо мындай тажрыйба жасоонун жаңычылыгы өзүн жоготуп койду…”
Эмилдин пикирине сүрөтчүлөрдүн баары эле кошула бербейт болуш керек. Бирок анын бүдүрү бар. Турмуш өзү далилдеп жатат.
* * *
Эмилдин чыгармачылыгын мен инсандык сапаттары менен чогуу түшүнөм. Ал дайыма изденүүнүн үстүндө. Токталиев дагы Жоомарт Кадралиев байке сыяктуу бир нерсенин башатын издегенди жакшы көрөт… Кыргыз элинин байыркы эпикалык маданияты менен бүгүнкү учурду өз ара катыштырып турган, биз көрбөгөн, биз туйбаган, бирине- бири чырмалышкен, өтө терең карым-катнашты издеп, кармап калууга аракеттенет. Мактоого татырлык касиет.
Көп жылдар бою элден обочолонуп жашаган кыл калем чеберинин иштери таптакыр башка адамдар тарабынан жаны маданият объектилерин жасалгалоо иштерине колдонулуп жатышы Э.Токталиевдин жанын кашайтат. Медалдын эки тарабы бар дегендей, а балким бул живописчинин чеберчилиги менен талантынын башкалар тарабынан бааланышыдыр? Анткени алар кыл калем чебери жазганды кайталап туурап жатышпайбы.
* * *
Бир кездеги биздин жаш сүрөтчүлөр (азыр алар орто муун) Ж.Жакыпов, Т.Огобаев, Ю.Шыгаев, Э.Токталиев, Э.Салиевдер бир жагынан бир кездеги кыргыз коомуна социалдык-тарыхий жана маданий өзгөртүү киргизген, экинчи жактан, бүт дүйнөгө тараган постмодернизм агымынын идеасынын кыргыз кыртышына жатышы алардын чыгармачылыгындагы жаңычылдык менен аныкталган эле.
Тактап айтканда жаштардын “Жаңы толкуну” кыргыз живописинин маданиятындагы жаңы көрүнүш болучу. Э.Токталиевдин чыгармачылыгына монументалдуулук, декоративдүүлүк (“Кызыл командирлер”, “Толгон ай”, “Саякбай”) мүнөздүү экенин көптөр баса белгилешкен.
“Эгер тема мени кызыктырбаса, анда көркөм сүрөт каражаттары иштин жүрүшүндө сокур сезим менен жаралат”, – дейт Эмил Токталиев. Анын чыгармалары, дегеле “Жаңы толкундун” өкүлдөрүнүн чыгармалары 80-жылдардын орто ченинде советтик реализмди бузуп жырып кеткен. Негизи постмодернизм бул маданий, социалдык жана философиялык көрүнүш. Маданият таануучу А.Тойнби 1940-жылы эле европа маданиятында Жаңы мезгил доорунда маданияттын өнүгүшүнүн жаңы этабы башталды деген жери бар. “Постмодернизм” терминин жайылышына Ж.Ф Лиотардын “Постмодернисткая ситуация” деген китеби түрткү болгон. Постмодернизм – ХХ-ХХI кылымдарда модернизмден кийин пайда болгон агым жана маданият менен коомдук турмушта окшош түзүмдүк көрүнүштөр бар.
“Жаңы толкундун” өкүлдөрүнүн картиналары көрүүчүлөрдү авторлордун көркөм каражаттарды бөтөнчө пайдалана билүүсү жана чыгарманын оргиналдуулугу менен өзүнө тарткан эле. Аларда кыргыз улутунун жашоо турмушунун учурдагы күүсү чертилген. Улуттун улут экенин далилдеген дем кулакка жаңырган. Маселен, Ж.Жакыповдун “Курман айт. Курмандык кылуу”, Э.Токталиев “Саякбай”, Э.Салиев “Кызгалдак өскөн жайык”, “Кары мүнүшкөр” жана башкалар бүга күбө. Он сегиз кыл калем чебери Ж.Жакыпов, Т.Өгөбаев, Ю.Шыгаев, Э Токталиевдер баш болгон топ биздин ата-бабалардын көчмөн жашоо-турмушун, алардын көчмөн маданиятын, көчмөн рухун постмодернизмдин эстетикасында сыпаттоого ыкташкан. Ошентип өлкөдө тыюу салынган картиналар Кыргызстанда биринчи жолу көрүүчүлөрдүн назарына коюлган эле.
* * *
Эмил Токталиевдин “Пейзаж” (1979), “Мүнүшкөр бүркүтү менен” (1979), “Ини” (1980), “Күз” (1981), “Июнь” (1983), “Жылкычы” (1983), “Сүрөтчү Эркин Өмүрбаевдин портрети” (1984), “Белгисиз” (1985), “Күн тутулганда” (1985), “Бешик ыры” (1987), “Закым” (1987), “Саякбай” (1987), “Кулап бараткан Фаэтон” (1987) жана башка чыгармалары эмоционалдуу, ачык-айкын жана жигердүү кабыл алууну талап кылат.
Тема тандап алуу да чектелбейт. Эскерүүлөр. Замандаштардын портреттери. Пейзаждар. Өткөн тарых. Замандаштардын көйгөлөрү. Мунун баары Эмилдин чыгармачылыгында камтылган. Эмилдин “Эгер тема мени кызыктырбаса, анда көркөм сүрөт каражаттары иштин жүрүшүндө сокур сезим менен жаралат” – деп айтканын ал иш жүзүндө далилдеп койду. Буга анын жараткан чыгармалары күбө. Биз Токталиевдин токтоп калбай иштей беришине тилектешбиз! Акырында не дейбиз? Биз аны мунуну айтканыбыз менен кыл калем чебери өз билгенин тартат. Ал Эмилдин эрки. Немец элинин акыны, романист, философ, драматург, окумуштуу-энциклопедист, мамлекеттик ишмер, театралдык режиссёр жана сынчы Иоганн Вольфганг фон Гёте: “Боёктор – булар таасирлер жана Жарыктын куса болуусу”, – деп айтканы бар. Бул сөз толугу менен Эмил Токталиевдин чыгармачылыгынын өзөгүн аныктайт. Эмилдин кусалыгын ким басат? Ал элине кызмат кылуу.
Сапалкан АРИПОВ