Болотбек Таштаналиев: “Айгүл Узакова”

Кыздар поэзиясына сыр жашырбаган ачыктыкты, кир кол менен кармагыс аруулукту жана көпкөк асмандай тунуктукту, бейкүнөө уяңдыкты, куулугу жок назиктикти акын Айгүл Узакова алып келип, “Айгүл Узакованын мектеби” деген мектепти түзүп кеткени белгилүү. Анын өзү ойдон чыгарылган жасалма нерсе эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш. А.Узакованын сүйүү лирикаларында бышактаган көз жашка, өксүгөн арманга, кейип-кепчиген алсыздыкка караганда, өз сүйүүсү үчүн өрттү кечүүгө даяр сезим эрки, көз ирмемдик болсо да, махабаттын өкүттүү бактысы, ага болгон пенделик каниет көбүрөөк. Ал акын катары турмушка, асыресе махабат темасына келди-кетти эмес, терең, ойлуу мамиле жасаган жана жазган. Анын ырлары мына ошонусу менен окурманды өзүнө тартат, ойго салат, акындын ойлору менен кошо махабат дүйнөсүнө ой чабыттатат, канат байлатат. Жашоого болгон кумарды ого бетер арттыртат.

КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен.

Ал түндө чертер сенин терезеңди,
Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.
Алыстан сапар тарткан каркыралар,
Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.

Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың:

Ал – үмүт бийиктикте жанып турган,
Сагыныч сени көздөй шашып турган.
Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,
Сезимге бир муңайым жашынышкан.

Аны сен изде, ташып кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен,

Чын эле мен түшүңө кирсем экен…

Ушул ырды улам кайталап окуган сайын, аны жанында жүргөн калемдештери, жакындарынан аны бирөө-жарым – “Айгүл Узакованы адам катары, акын катары түшүндү болду бекен?” деген ой кетет. Башкалар кандай кабыл алат, ким билет “КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮНдөй” ыр жазыш үчүн акын өлүп, кайра тирилгендей сезимди баштан кечирбесе, мындай акыл менен эстин, сезим менен туюмдун ортосунан келип чыккан ырды жаратуу кыйын. Мындай ырлар күн сайын эле жарала бербейт. Бул ыр – адамдын, акындын жан дүйнөсүнүн гимни. Аруулуктун гимни. 

Акын Айгүл Узакованын көп ырлары мына ушундай күчтүү дем, ысык илеп менен жазылган. Анын ар бир ырында акындын тагдыры эле эмес, адамдын, махабатка куса болгон, махабатка суусаган, чаңкаган аялзатынын тагдыры жатат. 

Баарыбызга тааныш Рысбай Абдыкадыров обон чыгарган “Сагынган жанмын сага окшоп” деген ырын эле кайра бир окуп көрөлүчү:

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.

Акын бул ырын калеминин учу менен эле жазып койбостон, ал бул ырды “көлдү сагынган” каармандын тагдыры менен жашап жазган. Акын өз ырынын каарманынын тагдырына айланып, каарманынын тагдыры менен жашап жазган. Бул ыр махабат темасында жазылган көп ырлардын бири эмес. Бул ырда арзышкан эки жаштын бири-бирине болгон кусалыгы, махабатка болгон кусалык бар жана ал кусалык сезимдин картинасы эң чебер сүрөттөлгөн. Мындай бир турмуштук картинаны элестетиңизчи: тоолор, тоолордон бериде айыл жатат, айылдын четинде жайдак талаа, андан бериде көпкөк асмандай чалкайып көл, күн кыярып батып баратат, жээкте ырдын каарманы көлдү тиктеп, арзышкан адамын, анын ысык кучагын, аны сыга кучактап жыттаган сайын, анын кулак түбүнө дем алган ысык илебин эстеп, кусалуу турат. Ырдын каарманынын кулагынын түбүнө урунган ошол ысык илеп өз кезегинде ырды окуган окурманга да кадимкидей сезилип, адамды толкундатат ыраспы. 

Жаңылбасам, акын Айгүл Узакова тун жыйнагы чыккандан кийин бекен, же андан бир топ кийинирээкпи, көп жылдар адабий чөйрөдөн алыстап кеткендей болду. Алыстап дегеним, ырлары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланбай, китеби чыкпай калды. Анын өзү адабий чөйрөдө ар кандай талкуу жаратып, Айгүл Узакованын акындык калемин сыйлаган калемдештерин тынчсыздандырганы эсимде. Анын акындык тагдырына болгон тынчсызданууну – А.Узаковага болгон адабий чөйрөдөгү урмат-сый жана акын катары адабиятта ээлеген татыктуу орду менен түшүндүрсөк болот. 

Калемгер Кален Сыдыкова А.Узакова тууралуу: “Жүрөктү уялаган турмуштук сыр төгүү, түпкүлүгү чынчыл жана назик поэзия, мен кастарлаган, урматтап сүйгөн С. Акматбекова, Ш. Келдибекова, Р. Карагулова, Y. Маматова, А. Узакова, К. Сариева, Г. Шакирова, Ф. Абдалова, А. Темировалардын ж. б. ырларында уюп жатат. «Ыйманы тазага ырыс жугат» демекчи, алар ыйманына камчы чаппай, чынчылдыгы менен таасирдүү, баалуу, барктуу. «Сөзүңдү айт укканга, жан дилинен жукканга» дейт эл. Аларды окуган сайын моокумуң кана ойго термелесиң, көшүлөсүң, кээде үшкүрөсүң. Мындай тамшандырган касиет орус поээиясында Анна Ахматова менен Сергей Есенинде бар.

Айгул Узакованын лирикалык каарманы чеккен азаптарын муңайым ыргак менен кынаптап берет. Салыштыруулары жашоонун өзүндөй миң катмарлуу жана өтө жөнөкөй. Сезим кытыгылаган, ич дүйнөңдү бүлүнтүп, санаага чөктүргөн, ойго марыткан, муңканган ырлар анын негизги өзгөчөлүгү сыяктанат. Кандайдыр өткөн өмүргө өкүнүп, өзүн жубатуу эңсөө саптардан сызылып чыгып, жүрөккө агылып киргенсийт. Анын арзуу, ашыглык лирикасын окуганыңда жашоосу жалаң махабаттан тургансыйт. Адамдагы аруу сезимди жан дүйнөсүнөн кылдат өткөрүп, өзүнүн тагдырындай күйүп-жанып акындык табият менен нукура чагылдырат. Ар бир сабында замандаштарынын ишенчээк ички дүйнөсү, оош-кыйыш, оомалуу төкмөлүү тагдыры сырлуу турмуш көрөңгөлөрү катылып жаткансыйт” – деп сыр төгүп жазган экен.

Таланттуу обончу жана адабиятчы Түмөнбай Колдошов: “Айгул Узакованын ырларынан назиктикти, пакизалыкты, сүйүүгө болгон ыйык мамилени, боёолукту көрөбүз. Ырларга баштан аяк көз жүгүрткөн окурман сүйүүгө кабылган адамдын тагдырын, анын сезиминдеги толгонууларына ортоктош болот. Акындын ырларында өпкө-жүрөгүн чапкан оолуккан сезимдер жокко эсе, бой салып, акыл токтоткон токтоолук бар. Сезимге бийлетип, бейжай кыйкырып, обу-жок чалчаңдоонун ордуна турмушту олуттуу карап, ак-карасын калчап жазган. Бир көрүп сүйүп калган, келди-кетти сезимдерге азгырылбай, өз тагдырына кирип, жашоосунун маңызына айланган адамына арналган арзуу ырын ырдайт. Жетпей калган сүйүү ушундай элегияларды жазууга себеп болуп, унутууга таптакыр мүмкүн эмес экенин ырастап отурат. Сүйүү лаззатын татып көрбөгөн адам махабатты түшүнбөйт, ал жөн эле көңүл сыртындагы сезим деп кабылдашы мүмкүн, а чынында сүйүү деген түбөлүк таркабас сагынычка ороп, идеалдуу сүйүү султанына айландыруусу мүмкүн.

Акындын “Жылдыздуу күз” аттуу ырлар жыйнагындагы “Эңсөө”, “Сен жана жаз”, “Сиз жана күз” деген циклдарындагы элегиялар баш-аяктуу бир бүтүн чыгарма экени көрүнүп турат. Ошондуктан биз чакан китептеги ырларга жалпы обзор жасабай, конкреттүү эки ыры жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк. Ушул сөз болгон эки ыр менен Айгүл Узакованын акындык дараметин, талантынын күчүн көрүүгө аракеттендик. В.Белинский “Поэзияны түшүндүрүүгө болбос, аны окуп гана ырахаттануу керек!” деген, аның сыңары, акындын сүйүү ырлары окурмандарына ырахат тартуулап, өз тагдырына эгедер болуп, жашай берет” – деп жазгандай, акын Айгүл Узакованын ырларынын тагдыры – бул акындын артында калган тагдыры, акындын экинчи өмүрү.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.