Сагын Акматбекова – кыргыз адабиятындагы акын кыздардын күзгүсү

Мындан дээрлик отуз беш жыл башта, өзүм али жаш акын кезде, Сагын Акматбекованын чыгармачылыгы тууралуу макала жазып, “Сагын Акматбекова – кыргыз адабиятындагы акын кыздардын күзгүсү” деп баа берген элем. Азыр ойлосом, ошол кезде бир топ тапан, чыйрак болгон экемин. Менден улуу муундагы Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Сагын Акматбекова, Акбар Рыскуловдордун чыгармачылыгын иликтеп, ырларын “жиликтеп”, агын ак, карасын кара деп, алардын адабияттагы ээлеген орду тууралуу өз пикиримди билдиргемин. Бала акындын тыңдыгын кара. Сагын Акматбекованын чыгармалары тууралуу минтип жазган экемин:

“Сагын Акматбекованын ырларынын бир өзгөчөлүгү – анын музыкалуулугунда деп айтар элем. Турмуштун өзүндөй шайыр, кээде муңайым ыргак түрүлүп келген толкундай болуп ар бир ырдын өзөгүн аралап өтөт. Карасаң уйкаштары деле кыш кынагандай бир кылка эмес, бирок ошол эле учурда анын эч бир кемтиги билинбейт.

Сагын Акматбекова – ойчул, сезимтал акын. Адам турмушун, сүйүүсүн, тагдырын, табияттын шамалын шамалдай, карын кардай, жамгырын жамгырдай жандуу, элестүү сүрөттөп ырдай алат. Акындын чеберчилиги ушунда: бир мезгилди айтып атып эле саптарга өзүнүн жеке дүйнө таанымын, философиясын кыстара кетет”.

Сагын Акматбекова менен 1999-жылы болгон маектен үзүндү келтирейин. Бул маек “Кыргыз руху” газетасына чыккан.

 

Сагын АКМАТБЕКОВА

“Күүгүмдөгү күү” эмне тууралуу дедиңби?

Эмне тууралуу болмок эле. Баягы эле өмүр, өлүм, Турмуш тууралуу. Эзелтеден бери карай эң белгисиз, белгилүү улуу акындар ырдап түгөтө албай келаткан Турмуш тууралуу.

 

* * *

12-13 жаштарымда жаза баштадым. Албетте, алар ыр эмес эле. Ар кайсы дептерде жазылып, ар кайсы жерде айрылып кала берип жок болду.

 

* * *

Ырды көп учурда бутум менен жазам. Булуң-буйтка, ийри-буйру, кууш жана кенен жолдорду аңтара-теңтере басып жүрүп ыр жазып келген учурларым көп. Деги эле жер тандап, атайын камданып отуруп алып жазган кездерим аз. Менин иш кабинетим бул деп үйүмдөгү эч бир бурчту көрсөтө албайм. Ыр келген учурда мени эч нерсе алаксыта албайт. Башка дүйнөгө кирип кетем. Менин иш бөлмөм – туш келген бардык жерлерде.

 

* * *

Бирөөнү көрө албаган, ичи тар, булганыч адамдардан таза, улуу нерсе чыкпайт. Кудай жаратып атканда ар бир пендесине айкөлдүк менен берген кут, ырыс алардын пешенесинен учуп кетет. Анын бир мисалы – Сальери эмеспи. Жараткан теңири акындарды актыктан, аруулуктан ажыратпасын.

 

* * *

Акындык деген өзүнчө бир оору тура. Акындыктын жолу ушундай экен ар дайым өзүңдү өзүң танып, ичи да, сырты да, ою да, обону, күүсү да төп келишкен ырларды жазгың келип, өмүр бою ошого умтулат экенсиң. Фолкнердей татаал жазып, Токтогулдай жөнөкөй ырдагың келет экен.

Бир Вечный, Түбөлүктүү ырды жазгың келет экен. Мисалы, Лермонтовдун “Выхожу один я на дорогу” деген ырындай. Же болбосо биздин Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, терегим, теректеримдей” төрт тарабы төп келишкен ырды.

 

* * *

Менин жолумду жолдоп, менден үйрөнгөндөр, мени пир туткандар аз болгон жок. Бул жагынан ыраазымын. Кеп – ошол кечээ жакшы делген ырлар бүгүн да жакшы делинип, эртең да жакшы делинип, биз өлгөндөн кийин да, жүз жылдарга болбосо да аз жылдарга унутулбай, мурункудай эле жакшы делинип, кийинки окурмандар тарабынан окулуп турганында. Акын үчүн эң жогорку наам, эң жогорку сыйлык ошол.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.