Сапалкан Арипов: “Кызыл там”
(Эчки-Башы эсслеринен)
Интернетке кирип ар кандай жаңылыктарды карап калам. Кээде живопись жөнүндө. Кээде улуу ойчулдардын турмушу. Кай бирде замандаштардын жазгандарына көз жүгүртөсүң. Ар кимиси ар кандай. Албетте, ар ким өз деңгээлине жараша. Маалымат көп, жаңылык аз. Маданият ордунда, маданияттуулар көрүнбөйт. Тарых. Тил. Турмуш. Тың чыкмалардын тынч алдырбаган кептери. Деги кызык, бу дүйнө? Бирине-бири кырдуусунган, бирине-бири акыл айткан эле киши. Аягы жок. Акындар көп. Жазуучу-акындар алты жүздөн ашат. Сөз атасын таанышпайт? Кептин касиети качып калган. Баары эле жазмакер болуп кетишкенби? Ойлонбойбуз. Дале ыкшоолуктун кемесинде сүзүп жүрөбүз. Менин айтайын дегеним башка. “Эчки-Башы айылы тайпасы” деген сайт ачып коюшкан айылдаштар. Айыл жөнүндө кыбыр эткен кабар болсо ошол жерден окуйсуң. Чыбык минип, чигит чаап ойногон жайлоолорду ошол сайттан көрөсүң. Элим дегенде эшикке чыгып элге салам берип, ичкен ашын жерге коё койгон жердештер четтен чыгат. Таазим кылам. Ини-карындаштарга. Сыймыктанам айылдын атын чыгарган улуу-кичүү туугандарга.
Деги биздин суу тескери агат. Баары айтышат. Чакан айыл, чакан эл. Ар бирин ит-мышыгынан бери билишет. Эчки-Башы ээн көчө. Туура көчө. Чоң көчө. Узун көчө. Чолок көчө. Көчөбүз аз. Элибиз саналуу. Инилердин тарткан фото сүрөттөрүнө ыраазы болосуң. Айылды панорамалуу кылып тарткан фото сүрөттү кайра-кайра карай берем. Көзүмдү албайм негедир? Ал жерден мага кандайдыр бир жылуулук келгенсийт. Кусалыктын шамалы бет аймалайт. Айыл алаканга салгандай көрүнөт. Көчөлөрү… Мектеп… Эстелик… Маданият Үйү… Бала бакча… Катарлаш… Футбол талаасы… Биринчи мугалимим, мен өмүр бою сыйлаар адамым Акунов Мукаш агайдын үйү… Сырдыбай аксакал, Совет байкелердин тамдары… Мукан байкеники… Ысабектики… Эгемберди аксакал… Сагындык байке… Агарган ак там… Чогулдур акенин журту… Жаныкенин конушу… Ага катарлаш ак там. Алардын катарында бир кезде кызыл там болоор эле. Кызыл там менин тагдырым. Кызыл там менин бакытым. Кызыл там менин балалыгым болучу. Өткөндө, таппай калдым тамымды. Урандылар. Урандылар түбүнө анын жеткенби? Урандылар дөңсө болуп кеткенби? Айлана-тегерек бүт уранды. Тукум курут болуп калдыкбы? Ата Журтуңда түтүн булаткан адам болсо? Кызыл там мени менен тагдырлаш. Чогуу өстүк. Эрезеге жеттик. Айылдан кеттик алыстап. Шааниси бар алыс жак.
Кызыл там. Жыгылып кетпесин деп Элчибай байке жактагы дубалын жөлөп да коюшкан. Жыгылбайт болчу, жер титиреп кетпесе? Дубалдары, тактайлары. Шыбынын устундары көргөндүн көзүн талытчу. Бул тамга Эсенгелди акенин колу тийген, Султангазы ава менен Киреше атабыздын эмгеги кеткен. Рысаалы чоң атам не кылганын билбейм акыл-кеңеш айткандыр. Жунусаалы менен Касымаалы чоң аталар карап турушмак беле, колдон келген жардамын беришти да? Тамдын турушуна кимдин гана колу тийген жок. Баары айтышат. Биз салганбыз. Биз салганбыз. Бала болуп эс тартканы, ошол жерде жашадым. Раматылык атам Рысаалы, апам Балапандын мээриминде чоңойдум. Төрт бөлмө. Эки жакка кирип кетебиз. Кире берген верандасын чоң атам өз колу менен салган. Бир жагына жантык. Жарыктык киши! Суу каптаса агып кетет деп! Азыр алардын бири жок. Кайран кишилер? Кызыл тамдан онду бүттүм. Кызыл тамда үйлөнүү үлпөтү болду. Кызыл тамда куда тостук. Кыз узаттык. Той болду. Кызыл тамда болгон жамандык менен жакшылыктын чеги жок. Кызыл там турду айтаар кеби жок. Коштошконмун бир кезде кызыл тамдан балалыкты. Жоготкомун ата мээримин кызыл тамдан. Кош айтышкам балалык кез, баё курактан. Ал мага ыйык сезилчү.
Алыста калган кызыл там, ордуңду карап жашыгам. Мунарыктайт кызыл там. Муңумду басат кайсы адам? Өскөн жерим кызыл там, баркыңды такыр сезбепмин. Аралыктар алыстап, алтымыш ашып эстеттиң.
Эстейм. Эңсейм. Эстей берем баары бир, жүзүмдү жууган жаштан улам. Түшүмдө көрөм тамымды. Топурагы алтын болуп көрүнгөн. Жакшылык көрсө төрү бир, жамандык келсе көрү бир. Түшүмдө көрөм айылды. Бейиттери уруу-урууга бөлүнгөн. Кеңеши бир, кеби бир, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, изги тилектер менен жашаган үч карыя. Кулагыма угулат Касымаалы, Рысаалы, Жунусаалы чоң аталардын кептери тарам-тарам сөгүлгөн. Элеси жакын келгенсийт Эсенгелди, Султангазы, Киреше атанын. Төлөмүш, Төлөгөн байкелер бери кел деп чакырат. Баралбаймын бош эмесмин. Бут чалынат, дем кыстыгат. Алсызмын… Үмүт энем, Айдай апам, чоң апам нан жабышкан кызартып. Ысык нандын жыты келет буруксуган… Буруксуган… Каңылжаарлар катып калган. Кайдадыр качып барат менин тамым урандылар басып калган…
Атам, Энем, Ата Мекен, Ата Журт- жан адамдын тумары да, турагы. Кайда барба. Кайда жүрбө. Кантип кана жүрбөйлү, бардык жерде башталманын тунук, таза булагы.
Агалар бар айылда, өздөрү бар сезим жок. Туугандар жүрөт айылда турпаты бар, деми жок. Шыпшынышкан жеңелер бар айылда, жети ооз айтаар кеби жок. Дүйнө тарып, уулу муун карууда, бирден тандап, тойбос ажал алууда.
Өз журтум, Эчкибашым өскөн уям. Жердештердин кебин укпай калганыма уялам. Өмүрдүн көбү кетип, азы калган. Сый урматтын бизге делген сазы калган. Баары жалган. Баары жалган. Армансыз жан болбостур бул жалгандан. Оо, Жараткан, эркиңде го бүт аалам! Ал ааламда өмүр сүрөт Эчки-Башым, элеттеги чоң калаам. Өзүң сакта, Өзүң гана колдой көр, өтүнөмүн, мээримиңден өңсүн жан. Элет элим, тирек жерим, жердештерим, көптөр качып, аздар баскан жамандыктан алыс бол. Пейилди оңдо, улуулардан калган мурас жол.
Түшүмө кирет, кызыл тамым ээнсиреп элетте. Түшкө бекер кирбейт Жер- Эне! Ар кимдин тууган жери мисир дешет. Өз айлыма болгон аруу сүйүүлөр, дем чыкканча мени коштоп жүрөт го… Жүрөк токтоп, үзүлгөнчө жүлүнүм, айылым үчүн келет менин жүгүргүм. Ыйыктыгы айылымдын маңдайымда жаркырайт, мен ошол үчүн тирүүмүн. Ата Журтум менин кубатым, бүт денени ойготкон. Өмүр кыска, жан кыска, жал этип күйүп, жалп өчкөн. Айылым жалгыз, мен жалгыз. Бирок айылым түбөлүк. Үмүт менен жүрөлүк.
Түштө көрөм, бу турмушта бара албайм. Бул жашоого кимдер келип, кимдер гана кетпеген. Эптеп-септеп жашай берем дейт эчкибашылык бир пендем. Баргым келет, барып бирок тана албайм. Барса барам, кашаттагы бейиттерге, бата кылып кетким келет. Ал жактагы ага-ини, асыл тууганга. Ал парызты таналбайм.
Токтоп калды, өмүр жолу, бул сапар. Элесимде, эсимде кызыл тамым, кластташтар-курдаштар… Кыялымда жашай берет түбөлүк, эң негизи туура жолдо жүрөлүк. Адам болсоң – аруу, адал бол. Ар дайым адам болуу кандай кыйын! Боло бербей күн сайын эле “тирүү өлүк”! Кимдер жашайт түбөлүк?
Өчөөр өңдүн, өчөр кызылы, кетээр оттун, кетээр ысыгы. Эчкибашым элесимде, эсимде , ансыз мага калбас, калбас жашоо кызыгы!!!