Акын кыздардын поэтикалык кечелери өтөт

Кыргызстанда эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучу айымдардын поэтикалык кечелери уюштурула баштады. Алгачкы кече бүгүн Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, акын Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгына арналып Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Поэтикалык кечелер циклин быйылкы “Тарых жана маданият жылына” арнап «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан Жазуучулар союзу жана Улуттук филармония менен биргеликте уюштурууда.

Поэзия майданында аялзатынын жүзүн алгачкылардан болуп татыктуу көрсөтө алуу менен Майрамкан Абылкасымова кыргыз жазма адабиятында аялдар поэзиясын түптөөгө эбегейсиз чоң салым кошкон. Акындын ырлары орус, украин, казак, англис, француз, монгол жана болгар тилдерине которулган.

“Азаттык”, 04.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.