Сырданам…
Эски, эски посттордон:
(АЙГҮЛ УЗАКОВАГА ЖАНА РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВГО АРНАЛГАН)
Санааркап жүрүп, эркиңден тайган учурда,
Сага бел болбос күттүңбү досту СЫРДАНАМ.
Кыргыз поэзия айдыңында эстен кеткис лирикалык ыр саптары менен эсте каларлык акын эжебиз АЙГҮЛ УЗАКОВА жөнүндө жазылган эскерүүлөрдү (ФБдагы) окуп отуруп, акындын бир кезде Б.Боркеевдин “Рыспай” аттуу романына жазып берген ой толгоолорун эстеп кеттим.
Жашоонун мыйзамы ушул экен, акындын өзү жөнүндө эскермелерди аргасыз окуп отурууга туура келип жатат.
Жакшы адамдар гана жакшынын жакшы жагын көрүп, жакшы сөздөрүн, калыс пикирин, чындыкты айта алышат экен.
Акындын жогоруда аты аталган китепке жазып берген дилкайрыктарынан:
“Коңур күздүн коюу түнүндө ушул китептин кол жазмасын окуп отуруп, элесиңиз көз алдыма кайрадан бир тартылып, не бир мукам ырларыңыз кулагыма кайрадан бир жаңырып, муңайым саптарга кошулуп аргасыз жаш төктүм. Сан жалбырагын менин көз жашыма окшоп саалата төгүп турган күзгү дарак улам шапайып, улам тарбайып бараткан сөлөкөтү менен таңаткыча күйүп турган тереземди шыкаалап тургансыйт.
Анан өмүр жана өлүм жөнүндө ойго чөктүм. Мүнөздөн тагдыр жаралат демекчи, ӨМҮР деген өз колуңда күйгөн шам, албуут шамалдан калкалабасаң өчүп калат, ал эми ӨЛҮМЧҮ, анын да өз аземи бар, чынын айтсам өлгөндөн корком, …
…Көкүрөгүңүздөгү муңдуу көз жашыңыз менен сызылтып аткарган ырларыңызды жылтурак-жултурак кийинип, жымыңдап күлүп аткарган ырчыларды да көрдүм, анда бир аттиң дейм…
Сырыңды чубап, ырыңды туурап булгаган,
Сыртыңдан угуп, ар кандай жандар ылгаган.
Сезимге капыс бериле коем деп жүрүп,
Ичиңден сызып, күйдүңбү далай СЫРДАНАМ.
Жаңылып-жазсаң, жаныңда жүрүп жыргаган,
Жакшыңды айтпай, жаманың гана сындаган.
Санааркап жүрүп, эркиңден тайган учурда,
Сага бел болбос күттүңбү досту СЫРДАНАМ.
Көптөгөн жолдун татаалын сага ыйгарган,
Көлөкө болуп, жалгыздык калбайт бир кадам.
Жөн эмес тагдыр жонуңда турса күч менен,
Жыйналбай койгон не деген жансың СЫРДАНАМ.
Жаштыгың калып, өмүрүң өргө кырдаган,
Өкүнгөн күндү өзүңө сабак кылбаган.
Жем таштап улам, жеңил баа кылган сөздөргө,
Жөн жүрбөй койгон не деген жансың СЫРДАНАМ.
СЫРДАНАМ деген себебим – Сизди ырларыңыз үчүн ар ким өзүнө энчилеп алган дегеним. Көңүл түйшүгүңүздөн сызылып чыккан обондоруңуз ар кимдин жүрөгүндө уялап, муңканган учурда муңун бөлүшүп, кубанган учурда кут кошуп, жандүйнөбүздө жашап жүрбөйбү.
…Неси болсо да алтын баш калды алдагайда. Көзүңүзгө айтылып, көкүрөгүңүздү жылытчу жыргал сөздөр учурунда айтылбай, азыр оңду-солду солбуп турган учуру. Дагы да далай айтылар. Артына из калтырып, кылым карытып жашап калар адамдын тагдыры ушундай болот белем. Сиз менен замандаш болгонума сыймыктанам, СЫРДАНАМ!
Айгүл Узакова,
23-октябрь 2004 – жыл”.
Сейдалы Мырзакматов (фейсбуктагы барагынан алынды)