Элдик сыпаттамалар

Бул сыпаттамалар эл арасында байыртан айтылып келген. Элдик түшүнүктөргө ылайык эркин чечмеленди.

Ортодон төмөн карай

Тынч жан, жаны тынч киши. Умтулбаган, умсунбаган, ток пейил, кой оозунан чөп албаган кудайдын момуну. Жанынын абалы тынчтыкта. Ал тынчтык балким жандык деңгээлде ааламдык акыйкаттан кабары бардыр, ошондуктан көр дүйнөнүн көзү жок жетеленмесине алдырбайт. Же болбосо, жаны акыйкатты аңдап биле элек, ойгоно элек, жанын аңдап биле элек адамдыр.

Жаны бекем, тырышчаак, аракетчил киши. Тирликке тың, оокат-жайлуу, эл арасында кадыресе жашоого дилгир. Жанынын абалы: аң-сезимдик, руханий баалуулуктарга кайдыгер болгондуктан жаны тынчытпайт. Бирок терс иштерди анчейин жасай бербегендиктен азаптанбайт деле. Жаны ара жолдо.

Тынчы жок жан, жаны тынбаган киши. Ойго да түшүп, тоого да урунуп, ар ишке бир чуркап, майнап чыкпаса деле болбогон, болбосту болтурам деген, толбосту толтурам деген киши. Жанынын абалы: жан өзүн тааный элек. Жан ордунда эмес, тактап айтканда, дене менен жан шайкештикте эмес.

Карып жан, байкуш киши. Мажүрөө, алсыз, ызакор, муңдуу, кейикчээл, оорукчал. Жанынын абалы: жандын жашоо оту алсыз, жанга билик болор, карманар эч нерсе жок, өмүр оту өчүп калары да мүмкүн, быкшый-быкшый желаргы жүрсө жанып, жарык болору да ыктымал.

Курган жан, жашоо деми байкалбаган илең-салаң киши. Турмушта артынган жүгү, тарткан түйшүгү өзүнө оордук кылат. Алы аз, сүлдөрү эле калган. Жанынын абалы: жаны денесинен же адашып калган, же таштап кеткен.

Жаны жок, шумпай, куу тумшук, арамза киши. Жеке кызыкчылыгы үчүн ар кандай пастыкка бара берет. Ал үчүн эч ыйыктык жок. Жанынын абалы: жаны карарып кеткен. Кара күчтөргө багынган.

Ортодон жогору карай

Жаны улук, жандык деңгээлде аңдап билүү менен жашаган киши. Сырткы сөөлөтүнө дөөлөтү жарашкан, жүзү жайдары, көздөрү токтоо, ач көздүк жок, кадыр-баркка умтулбаса деле татыктуу. Жанынын абалы: дээрлик арууланган жан.

Асыл жан, жандык деңгээлде сезимтал, билги жан. Киши катары тунган, айланасындагыларды да тынчтандыра алган, айтса сөзү таасирдүү, берсе батасы эмдүү, кеби акыл болот, уккан кулак макул болот, жүрө-жүрө түбөлүк накыл болот.

Жаны ар дайым тунуу абалында. Аруу жан, тазалыгынан киши сүрдөгөн, турган турпаты менен айланасын толкунданткан киши. Жүзү чырайлуу, сөөгү сымбаттуу, сөзү кулакка эм, үнү жылаажын, бою таза, ою таза, күткөн үйү, тутунган буюму таза. Эч нерсени далилдебейт. Аракети менен ашкереленет. Жаны ар дайым балкуу абалында.

Шаакан Токтогул, (фейсбук барагынан алынды)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.