Эртабылды АТТОКУРОВ. Чыныгы адам, чынчыл калемгер
Эртабылды Аттокуров байке ар дайым түз жүргөн, калыстыгынан тайбаган, чындык чыркырап турган жерде чыдап тура албаган, болгонун болгондой айткан, хандан-бектен тартынбаган асыл адам эле.
Бизди журналистика тааныштырды. Мен “Кыргыз Руху” гезитинде иштечүдө макалаларын апкелип жүрдү. Кийин өзү “Форум”, “Фабула” гезиттеринде №1 журналист болуп иштеди. Эртабылды байке бүт өмүрүндө калыс сөзүн сүйлөп, акыйкат, адилеттик үчүн күрөштү. Кайсы бир жерде акыйкаттык болбой, адам тагдыры сынып турса, көрмөксөн болуп, көзүн жууп басып кете алчу эмес. Мамлекетте, коомдо болуп жаткан акыйкатсыздык, мыйзамсыздык тууралуу жазгандары жалаң 10дукка тийчү. Жазганда да олуп-чолуп, үстүртөдөн тил эмизип жазбай, алаканыңа ысык чок карматкандай, мээңе мык менен каккандай, күйүп-бышып жазчу.
Ара-чолодо кезигип калганда, “Эртабылды байке, этиеттесеңиз кантет, өтө эле чучугуна тийгендей, катуу жазып жаткан жоксузбу. Акчалуулар менен колунда бийлиги барларга ишенип болбойт, ар кандай провокацияга барышы мүмкүн” десем, “Эмнесинен коркоюн, акыр башта бир өлүм бар. Чындыкты сен экөөбүз айтпасак, кумга башыбызды тыгып алып жашасак, карапайым элдин үнүн коомчулукка ким жеткирет?” дечү. “Жазарын жазабыз го, андан не ийги? Бизди ошолор угат деп ойлойсузбу. Алар дүлөй жана сокур болуп калганы качан?” – десем, “Бизди укпайт деп унчукпай койгондо болбойт, айта беришибиз керек. Бирөө болбосо бирөө угат. Жок дегенде бир адамга чындык, акыйкаттык тууралуу жеткире алсак, анда эле өмүрүбүздүн текке кетпегени” деп такыр мойночу эмес эле.
Качан да болсо, чындык, акыйкаттык таламын талашчу. “Бүт баарысы кулактарын жапырып алса да, жалаң чындыкты айтып, чындыкты жазыш керек. Башкалар унутса да сен чындыкты унутпай, аны менен жашашың керек” дечү.
Көрсө, Эртабылды байке адам катары гана эмес, акын катары ырларында да ак менен каранын ортосун ажырымдап, калыстык издеп, керең турмуштан чындыктын таламын талашып жашаптыр:
КАЛЫСТЫК ТАЙГАН КЕЗДЕ
Дүйнөнү сел алса да кенебеген,
жамандык кылсаң дагы энебеген,
айлымда жашап келген Рыспайга,
айкөлдүктү бериптир эч ченебеген.
Кой баккан сабаты жок ушул адам,
мээнети ак эмгектен жанбай калган,
жардамчы чабан болуп кой кайтарып,
жай-кышы тыным албай жан сактаган.
Колго алган маянага ыраазы эле,
караан болуп, жардам берер адамы жок,
башкаларга пара берер себеби жок,
баёо сезим, куулук-шумдук мүнөзү жок,
окуган, билим алган бүлөсү жок,
элдин баарын өзүндөй көрөр эле,
башкалар бул мүнөзүн билип алып,
айдаланды чабаны жагалданып,
Рыспай койчусуна малды таштап,
буйрук берген жакага жатып алып.
Чабаны көп сыйлыктын ээси болгон,
көкүрөккө орден менен медаль толгон,
а койчусу Рыспай момун адам,
аты эч жерге аталбай да, угулбай,
белгисиз кала берген ошол бойдон.
Уул-кызына мураска кала турган,
жакага салган эптеп жаман тамы,
жана да жанындагы жаман коргон.
* * *
Турмушуң сырга терең, өзү керең,
бирөөлөр баар табышат
башкалардын эмгегинен.
Калыстык тайган жерде
жеме угат ак иштеп мээнеттенген…
Ушул ырды окубатып Эртабылды байкенин журналист катары жалаң адилеттүүлүктү издеп жазганы көз алдыма тартылды. Минтип акын катары да акыйкаттыкты издегени, адамдык өмүрү да, акындык өмүрү да күрөш менен өткөнү жүрөгүмдү жылытты.
Адатта, биз көп учурда бийлик менен карапайым элдин ортосундагы теңсиздикти сөз кылабыз да, карапайым адамдар ортосундагы алдуулар алсыздардын, куу, митайымдар энөөлөрдүн эсебинен жашаган адилетсиздик айтылбай калат. Эртабылды байке элетте, карапайым эл арасында жашаган жылдарда мына ушул калыссыздыкты байкап, кейип, ошол кейигени ыр болуп төгүлүп түшкөн экен.
Албетте, бул ыр көркөмдүк жагынан бир аксап тургандыр, бирок андагы турмуш чындыгы ырдын кемчиликтерин унуткартып коет. Баёо мүнөз, куулук-шумдугу жок, кийимдери жыртык жардамчы чабандын чыла кечип, курсагы жарым ачка, кой артында өткөн өмүрү, ал эми чабандын төшү орден-медалга толуп, бактысы ташып, курсагы көйнөгүнө батпай чатырайып турганы көз алдыңан чубуруп өтөт.
Бу турмуш куду Жунгли токоюна окшош. Жунглиде алдуулар алсызын ач тырмактары менен мыкчый кармап, эки чайнап бир жутуп, курсагын сылап кете берет. Турмушта деле ошонун сыңары, бирөөлөр башка бирөөнүн эсебинен жашайт. Макул болобузбу же жокпу, турмуш чындыгы, жашоонун мыйзамченемдүүлүгүнүн өзү ушундай.
Эртабылды байкенин турмуштун ачуу-таттуусу, күңгөй-тескейи тууралуу ой толгогон философиялык мааниси терең ырлары гана эмес, адамдын маанайын чагылдырган көөнөргүс лирикалары да окурмандарды да кайдыгер калтырбастыгында шек жок:
КҮЗГҮ КАЙРЫКТАР
Аңыздар куусаң тартып саргайыңкы,
Менин да эч нерсеге көңүлүм жок.
Мезгилдин чыгарганы катаал өкүм,
Качанкы өтүп кеткен муңду козгойт.
Түнөргөн теребел да сумсайыңкы,
Бүгүн да күн бүркөлүп, шамал боздоп.
Куса толгон көөдөндүн жаңырыгын,
Дарактын шуудурагы турат коштоп.
Жаайт жамгыр сезимди аруулаган,
Тунук тамчы “мөлт” эткен көз жашка окшойт.
Бул маанай ыры эмеспи, ыраспы. Кээде саргайыңкы тартып бараткан аңыздарга карап, адамдын да маанайы чөгөт, мезгилдин катаалдыгын: теребел бир сумсайып, күн бүркөлүп, шамал боздоп, өмүр өтө берерин, убакытты токтотуп калууга эч мүмкүн эместигин эстеп, өзүңдүн алсыз экениңди ойлогондо, көөдөндө кусалык жаралат, жан дүйнөдө боштук пайда болот. Акын агабыз адамдын жан дүйнөсүндөгү ушул абалды солк эттирбей кармап, өтө эле катуу боек сүртпөй, кемитип да ийбей, жүрөккө жете тургандай берген. Сөздүн кудурет күчүн, өзүнүн чебер акын экенин көрсөтө алган. Мындай адам маанайын чагылдырган ырларды жазуу, ошол учурдагы психологиялык абалды билдирген сезимдерди кагазга түшүрүү жеңил эмес. Ал бир топ чеберчиликти талап кылат. Эми ырдын уйкаштыктарына бир баам салып көрөлү. Бир караганда, мизилдеген уйкаштык деле жоктой, бирок “саргайыңкы” менен “сумсайыңкы”, “Көңүлүм жок” менен “шамал боздоп”, “турат коштоп”, “муңду козгойт” менен “көз жашка окшойт” логикалык бир бүтүндүктү жаратып турганы дароо көзгө урунат. Бу да болсо, Эртабылды байкенин табышкерлиги жана акындык чеберчилиги.
Эртабылды байке канчалык бекем, өжөр, көк болгону менен, өзү да көңүлү жумшак, маанайдын адамы эле. Ырларынан да анын өзүндөгү маанай, жан дүйнөнүн абалы сезилип турат.
ЫЙЛАГЫМ КЕЛИП ТУРАТ
Ыйлагым келип турат өксүп-өксүп,
көңүлүм муңга толуп,көздө жаш жок.
Жакшы үмүттүн жалыны барат өчүп,
канаты сынган кушка турам окшоп.
Ыйлагым келип турат боздоп-боздоп,
ооруткан илдетим жок турам онтоп.
Жыйналган ыза, кордук, ачуу каар
ээрчиген көлөкөдөй жүрөт коштоп.
Ыйлагым келип турат жашым төгүп,
апта бою токтотпой нөшөрлөтүп.
Арууласам адамдардын жан дүйнөсүн,
адилдиктин үрөнү турмак өнүп.
Ыйлагым келип турат, какшап-какшап,
канча мезгил болбос иштен жүрөм аксап.
Өзүмдөн пас адамдар өктөм сүйлөп,
таманына койгусу келет таптап.
Ыйлагым келип турат, амал таппайм,
таймашта чаалыксам да намыс сактайм.
Алсырап алдан тайып турсам дагы,
тынч албай түйшүк толгон күрөш баштайм.
Бейкапар тынч турмушка өткүм келет,
жагынып башкалардай “өскүм” келет.
“Өзүңдү колго ал”, – дейт сырдуу бир күч,
чыйралтып зор кармашка демөөр берет.
Бул жан дүйнөсү бошоң, жашыкчыл адамдын ыры эмес, бул – Асан Кайгы адамдын ыры.
Айтылуу Асан Кайгы жөн эле болор-болбоско кайгыра берген эмес. Кайгыра турганга кайгырган. Элдин муңун муңдап, зарын зардаш ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Эртабылды байке “Ыйлагым келип туратта” эмнеге ыйлагысы келет?!! Адилдиктин үрөнү өнүп турсун үчүн адамдардын жан дүйнөсүн аруулагысы келет. Өзүңөн пас адамдар өктөм сүйлөп, таманынын астына басып таптагысы келсе, ыйлагың келеби, же жокпу?!! Намыс үчүн ыйлаган аздык кылат, намыс үчүн башыңды саясың. Бүт өмүр күрөш менен жашайсың. Бул анын акындык кредосу.
Эртабылды байке жан дүйнөсүндө кылдай да кири жок, пакиза адам эле. Канчалык күрөшчүл, беттегенин бербеген адам болбосун, жибектей созулган, ак көңүл, жумшак адам эле. Анын кыз ала качуу темасына арналган ырынан ошол жумшак, тартынчаак мүнөзүн көргөндөй болдум:
КЕЛБЕЙ АНДАН АЖЫРАГЫМ
Отурам ойго батып, үйдө жалгыз,
Оопасыз жаралганбы ушул турмуш.
Ооматым жүрбөйт неге махабаттан,
Оо, тагдыр, мени сүйбөйт мен сүйгөн кыз.
Билгизбей башкалар да жайып торун,
Башталып эрегишкен чырдуу оюн.
Кайтарып бир канча күн жүргөн кезде
Бузулду капысынан ичтеги оюм.
Алар да эрте-кечпи жолун тапмак,
Эбин таап бизден мурда ала качмак.
Менин да келбей кыздан ажырагым,
Милдетти бөлүштүрүп чыктык тактап.
Бир тобу атаандаштар жолун тосмок,
Калганы “чоң жортуулду” турмак коштоп.
“Чак түштө кызды алып кетебиз”, – деп,
Кеңешип бир чечимге келдик токтоп.
“Жүк тартчу машинадан шектенбейт”, – деп,
Мырзабек – өзү шофер, кеңеш берет.
Аттандык каракчыдай даярданып,
Сапарда өзүбүзгө ак жол тилеп.
Жеңеси алып чыгып чарбагына.
Баёо кыз арбоо сөзгө алданды да,
Шек бербей жашырынып күтүп жаттык,
Кырда өскөн калың арпа арасында.
Жумагүл алаксытып баштап кепти,
Кыргызбек учкан куштай кызга жетти.
Зоотбек, Солтобектер күчкө салып,
Көтөргөн бойдон кызды алып кетти.
Көтөрүп өтүп барат баткак, суудан,
Адам жок артыбыздан бизди кууган.
Чак түштө ойлонгон иш аткарылып,
Жеткирдик автоунаага кырда турган.
Жарыша кош машина кетти жүрүп,
Жүрөгүм элеп-желеп ысып-күйүп.
үйлөндүм кыз сезимин оюма албай,
Шылтоо бул – ушул кызды калгам сүйүп.
Жаш кезден сырын катпай, ачык айтып,
Жамандык, жакшылыгым тең тартышып.
Куулугу, шумдугу жок келин болуп,
Мына азыр очор-бачар, бакыт таптык.
Турмуштан алынган бир окуя менен кыз ала качуу боюнча кызык ой айткан. Адатта, азыр баарыбыз эле ала качууга сын көз менен кодулап карап калбадыкпы. Кыздын эркине койбой, мал уурдагансып, уурдай качуу албетте туура эмес. Мыйзам да ала качууга каршы. Арийне, Эртабылды байкенин ак көңүл жүрөгү аны менен макул эмес. Ал өзүнүн каарманы аркылуу кызды ала качтырат. Каарман “Мен сүйгөн кыз мени сүйбөйт” деп мойнуна алмакчы, кыз сүйбөсө башка кандай арга-амал кылат. Лирикалык каарманга кыздын жүрөгүн багындырганга убакыт жок, эгер ал бүгүн кызды алып кетпесе, кызга көзүн салып, торун жайып жүргөн башка бирөөлөр алып кетиши ыктымал. Ошондуктан, ал кызды сүйүп калганын шылтоолоп, досторун ээрчитип, эч нерседен бейкапар үлбүрөк жанды ала качышат. Кеп, ала качканда эмес, кийинки турмушу кандай болгонунда эмеспи. Ырда каарман “жамандык-жакшылыгым тең тартышкан куулук-шумдугу жок аял болду, азыр очор-бачарбыз” деп ыр жыйынтыкталат. Демек, ала качуу деле биз бүгүн бокочо көргөндөй жаман нерсе эмес тура, эң башкысы эки жаш бактылуу жашап кетишинде турбайбы деген ойго келесиң. Себеби, бу турмушта 10 жылдап сүйүшүп-күйүшүп жүрүп, 10 күн жашабай ажырашып кеткендер четтен табылат. Автор ал тууралуу айтпаса да, ырдын подтекстинде ал ой жашырынып турат.
Арзуу ырларын ким гана жазган эмес. Эртабылды байкеде арзуу ырлары да кыйла. Ал бул ырларды өзгөчө агылып-төгүлүп жазган.
ӨЗҮҢДҮ ЭСТЕП…
Өткөндү эңсейм жерибей,
Кыялым сенден бөлүнбөй.
Элесиң тартат мунарык,
Көрүнүп барып, көрүнбөй.
Бек эле эрким темирдей,
Жүрөктө музум ээрибей.
Карекке толгон көз жашым,
Төгүлүп барып, төгүлбөй.
Ак кирди чачка билинбей,
Артыңдан калгам жүгүрбөй.
Күтөмүн дале жолуңдан,
Түңүлүп барып, түңүлбөй.
Жалындуу жаштык өткөнүн,
Билсем да үмүт үзбөдүм.
Ашыктык өчпөс өрт экен,
Күтпөйм деп кайра, күтөмүн.
Кайрылбас ошол күндөрүм,
Жалындап, кайра түтөймүн.
Бул ырда өзү жазгандай, түңүлүп-түңүлбөө да, жалындап барып, кайра түтөө, төгүлүп, төгүлбөө бар. Жөнөкөй эле сөздөрдөн арзуунун ажайып ак сарайын куруп салган. Куду ээр уста көз жоосун алган ээр чапкандай, ал да ойлорду шөкөттөп, бири-бирине кынап отурган.
Эртабылды байкенин чыгармачылыгында арзуу ырлары менен атуулдук ырлары басымдуулук кылат. Ал карапайым адамдардын турмушуна, жөнөкөй кишилердин тагдырына кайрылып, алардын оор турмушун жүрөгүнөн өткөрүп, акыл-эсинин элегине салып, алар менен кошо кайгырып, адам өмүрүн коштоп жүрүп отурган арманды ырга салганы акындык чыгармачылыгын өзөгүн түзөт.
КӨЗҮ АЧЫЛБАЙ ӨТКӨНДӨР
Эски үйлөр, көк жыттанган, полу да жок,
Айнектин сыныгынан шамал ойнойт.
Калчылдайт эти качкан алсыз колдор,
От жакса бөлмө ичинде түтүн толот.
Таламын талашарга адамы жок,
Жашоодо көзү ачылбай, ичинде чок.
Зууракан, Татый, Майрам, Сакиралар.
“Жарк” эткен бир жакшылык көргөнү жок.
Кайтпаган алган жары кан майдандан,
Ажырап балдарынан жалгыз калган.
Түйшүккө башын малып жаш кезинен,
Канетсин, карыганда алдан тайган.
Сексенге жашы таяп калса дагы,
Мектепте пол жуушчу, арга барбы?
Стажы толбогон деп шылтоо кылып,
Аларга пенсия да каралбады.
Малынып башы шорго, жашайт зарлап,
Эмгеги текке кетип, мээнет жанбайт.
Эх, чиркин, дуулайт бирөө, ыйлайт бирөө,
Тагдырын адам өзү жасап албайт…
Кайдыгер мамилени нечен көрүп,
Адамдар арамдыкка жедеп көндүк.
Амалсыз моюн сунуп мөгдүрөйбүз,
Чындыкты жалганчылык турса жээрип…
Биз дайыма “Эч ким эч нерсе унутулбайт” деп бакылдап келгенбиз. Көрсө, баары унутулат экен. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш унутулгандай, ошол Улуу Жеңишти бизге тартуулаган баатырлардын жубайлары: Зууракан, Татый, Майрам, Сакиралар да унутта калган тура. А минтип унутулуп калышкан Зууракан, Татый, Майрам, Сакира апалар ар бир айылда жок экени жалганбы? Албетте, кездешет. Арийне, кимибиз алардын тагдырына боор ачып карадык, ким билсин. А Эртабылды байке баатырлардын жубайларынын – энелердин тагдырына кайдыгер караган эмес. Бул ыр ошол унутулган энелерге коюлган эстелик болуп калган.
Эртабылды байке бүгүн арабызда жок. Бирок ал айтып кеткен сөздөр, ал жазып кеткен ырлар арабызда жашап жатат. Анын өмүрү бизди чындыкка кайдыгер карабоого чакырат. Анын ырлары бизге жарыгын чачып, өчүп бараткан үмүттү жандырып күрөшкө чакырып турат.
Мен бир ырымда “Акындардын тагдырында карапайым адамдардын тагдыры бар” деп жазганым бар. Эртабылды байке да бүт өмүрүндө карапайым адамдардын тагдыры менен жашады. Өзү да карапайым жашады, ушунчалык ак көңүл, жөнөкөй адам эле. Анын жөнөкөйлүгүндө улуулук бар эле. Ал улуу адам эле.
Болотбек Таштаналиев