Ясунари КАВАБАТА: “Таранчы жеңе”
(аңгеме)
Анын жападан жалгыз башы бир маалда бирөөгө өзүңдү садага чапкандын түпкүрүндө көп баалуулуктар жатарын сезди. “Субайлыгым – бул султандыгым” дешкен сыңар, бойдокчулук жалгыз жашоого көнгөнүнө көп болгон. Курмандыктын түбүндө чоң соопчулук жатат деген да ой кетти. Өтмүштөн келечек күнгө тартуу катары берилип, данегинен адам өнүп чыгар дан болорун билгенде жаны кадимкидей эргий түшөт. Адам дегениң деле баалуу минерал менен өсүмдүктөн өзгөчөлүгү жок тура, маңдайына өмүр сүрүү жазылып космос мейкиндигиндеги океанда сүзгөн кемеде бараткан бир тал бутактан айырмасы жок жан экен болгону, жаныбар менен өсүмдүктөн өтө деле өзгөчөлүгү ашып-ташып жаралган деп деле айтканга болбойт.
– Чигиби же пөгүбү? [1]
Анын аталаш эжеси күмүш тыйынды үстөл бетине чимирилте ыргытып, ийиктей чимирилип жаткан тыйынды алаканы менен жаба салып, ушинтип сурады да, анын жүзүнө олуттуу карап туруп калды. Анын жүүнү бош көз карашы аппак алаканга кадалды. Анан кубанычтуу шаңк этти.
– Чик болсун!
– Чик? Алгач чик түшкөнү эмне болорун чечишип алалы. Мисалы, чик түшсө, демек ага үйлөнөсүң. Же тескерисинче баш кошпой каласыңар.
– Албетте үйлөнөм!
– Ай, бешенеси жогум, пөк түшкөнүн карасаң.
– Койчу?
– Койбой эле.
Экөө буга шарактап күлүп калышты. Аталаш эжеси анын сүйлөшкөн кызынын сүрөтүн жерге таштай салып, бөлмөдөн чыгып кетти. Эжеси каткырыгы таш жарган жан. Анын шыңгыр күлкүсү ага көпкө дейре сырттан угулуп турду. Анын коңгуроодой жылаажын күлкүсү уккан эркектин тим эле жүрөк кылын дирилдетип, кызганыч сезимин козгоп жиберет.
Ал жерде жаткан сүрөттү колуна алды. Бири бирин ушунчалык сүйүшөрү анык болгон соң, баш кошуп алышканга не жетсин. Бирок каран калгыр жапондордо кызын кимге беришти кыздын атасы менен бир тууган агалары чечет эмеспи! Кыздын сулуулугунда кеп жок. Кептин баары өзүндө: кебетеси шалпыйып, ал аз келгенсип өзү да ушунчалык жүүнү бош, эркектей болуп шарт-шурт эмес.
“Үйлөнүү деген лоторея ойноду дегендей кеп. Келечек бактыңды тыйын ыргытып төлгө тартып сынап көр”. Эжеси ушинтип айтканда, эмнегедир буга сүйүнүп кеткен: анын аппак алаканы астында жаткан тыйын азыр анын тагдырын чечет. Бирок “ишенген кожом сен болсоң” эжеси анын тегеренген башын минтип кайра андан бетер тегеретип салып, чыгып кетпедиби. Анын назары эшик алдындагы көлмөгө бурулду. Сүйлөшкөн кызына үйлөнүшкө тыйын менен тарткан төлгөсү минтип “пөк” түшүп калган соң, бешенесине жазган башка кыздын жүзүн көргүсү келип муну көлмөдөн сурады. Жападан жалгыз жаны адам мейкиндик менен убакыт сызыгындагы келечегин алдын-ала көрө билсе болот дегенге эми чындап ишенди.
Ал көлмө бетине үңүлүп карады. Келечегин тынч жаткан күзгүдөй көлмө бетинен сурап жатты. Багы жокко дагы жок болуп дал ошол маалда көлмө бетине үстүдөн бирөө чалп эттирип чычып жиберсе болобу. Чочуп кетип үстүнү караса, бири-бирине кыналышкан жуп таранчы [2] бутакта сүйүү отуна магдырап олтурушат. Бир маалда экөө тең каалгый суу бетине учуп түшүшүп, канаттары менен көлмө бетин чарпый салып, учуп кетишти. Ал муну Кудайдын жөнөткөн ишараты деп түшүндү. “Ии, демек ошондой тура”, – деп өзүнчө күбүрөнүп алды.
Жыбыраган көлмө бети тынчый түштү. Ал дагы көлмө бетине үңүлүп караганда, эт жүрөгү күзгүдөй жылма көлмө бетиндей жай ала түшкөнүн сезди. Андан таранчынын элеси көрүндү. Чирк-чирк этип сайрап жатат. Анын сайрап жатканы муну айтып жаткансыйт: “Сен ушунчалык бошошуп калыпсың, курган. Маңдайына жазылган кызды көзүңө такап көрсөткөн күндө деле, буга эч ишенер түрүң жок. Сага туш болор өмүрлүк жарды өзүм көрсөтүп бербесем”.
Ал таранчыга айтты: “Таранчы, сага ыракмат! Эгер мен таранчы болуп төрөлсөм, анда сени гана өмүрлүк жар катары тандамакмын, анда адамдык жашоомдо жүрөгүм эңсегенге үйлөнүшкө неге болбосун. Келечегин көрө билген азыркысынан коркпош керек. Мага кыз таап бергениңе чоң ыракмат, таранчы жеңем”.
Сүрөттөгү кызды тиктегенде жүзүнөн нур тама түшкөн жаны Жараткандын улуулугуна жана берешендигине тан берди.
1926-жыл
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.
[1]. Чик жана пөк – орустардын “орёл и решка” сөзүнө окшоп тыйындын эки тарабын туюнтат. Тыйындын алдыңкы бети “чик”, ал эми арткы бети “пөк” аталат. Түштүк диалекти;
[2]. Жуп таранчы бул аңгемеде автор тарабынан атайын символдук элемент катары киргизилген. Таранчыда өзүнө гана таандык айрым асыл сапаттар бар. Адамдын үй-бүлөлүк жашоосунда никелик келишимдер дайым эле так сактала бербейт. Жубайлар баш кошкон соң, кийин ар кандай себептер менен ажырашып кеткен учурлар болот. Таранчылар да адам сыяктуу жупташып жашашат. Бирок буларда ажырашуу деген эч качан болбойт. Адам жашоосунда жубайлар ала жипти аттап бири-биринин көзүнө чөп салган учурлар катталат. Ал эми таранчы жуптар мындай “итчиликке” такыр барбайт, буларда “ала жипти аттап көзүнө чөп салып, башка менен жүрүп кетүү” деген түшүнүк жок.
Айрым элдерде баш кошкон жаштардын үлпөт тоюнда жуп таранчынын айкелин белекке беришкени ошондон. Бул жубайлык жашооңор түбөлүк жана аруу таза болсун дегенди билдирет.