“Күтүү”: адам трагедиясы, күрөш жана протест (же адам эркиндиги тууралуу сөздүн көркөм берилиши)

Филология илимдеринин кандидаты,  адабиятчы, Болот Акматов атындагы адабий сыйлыктын 2023-жылдагы лауреаты Жүрсүн Орозалиеванын Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармасы тууралуу макаласын сунуштайбыз.

______

Жеке адамдын трагедиясы жалпылаштырылуу менен коомго, согушка болгон протест подекст аркылуу чыгарманын идеялык-тематикалык мазмунун баштан-аяк аралап өтүүчү кызыл сызык болуп саналган Т.Шайдуллаеванын “Күтүү” аңгемеси “Жай саратан. Мөлтүр-Булакта өрүк тегиз бышып, шыйпыры жок үйлөрдүн үстү кургатуу үчүн жайылган кызыл бөйрөк сары өрүктөргө тегиз толгон маал”, – деген жараталыш көрүнүшүнүн сүрөтү менен башталат. Бул жыл мезгилин – берекеси мол жай айынын толуп, бышып турган убагын чагылдырган пейзаждык сүрөттөө. Эпитеттик сүрөттөөлөр кураштырылып келип түзүлгөн атама сүйлөмдөрдөгү көз алдыга тартылган элестүү картинада жыл мезгилинин толук сүрөтү чагылдырылып, жай мезгилинин бөтөнчө берекелүү учуру жандуу элестелет. Буга кошумча “шыйпыры жок үйлөр” деген эпитеттик сүрөттөөдө элдин социалдык абалы менен кошо түштүк жергесиндеги жалаӊ өрүк менен жан багып, аны бир жылдык каражат катары колдонгон элеттик элдин жашоо образы берилген. Пейзаждык сүрөттөөдөгү ушундай детализация окурмандарга баяндалып жаткан учур, предмет тууралуу кеӊирирээк түшүнүк берип, картинаны ачык палитрага алып келет. Маселен, “…кургатуу үчүн жайылган кызыл бөйрөк сары өрүктөргө тегиз” толгон маал тууралуу кеп болуп жатканы менен бул сүйлөмдү окуп жаткан адам баласына дароо эле тегиз бышкан, сапсары, бирок түштүктɵгү ысык күн аптабы жалап бир капталдары кызарып кеткен алоо өрүктөрдүн төгүлүп жатканы дароо көз алдыбызга тартылат. Мындан токчулуктун, бейпил жашоонун, берекелүү айыл турмушунун асоссациясын алабыз. Көрдүӊүзбү окурман, сын атоочтордун катары менен колдонулушу аркылуу автор элестүү маанай жарата алган. “Айылдыктар чаң-чуңдан оолак, шамалбакта тезирээк кургайт дешип эзиле бышкан өрүктөрдү эринбей там башына көтөрүп чыгып жайышат. Саарлап айылдын ортоңку көчөлөрүнүн бириндеги там үстүндө кемпир небере кызы экөө жайылган өрүктөрдү бирден кармалап, ичиндеги сөөгүн чыгарып, баргек жасап отурушту.” Аталган сүрөттөөдө жогоруда белгиленгендей, жөн гана пейзаж сүрөттөлбөстөн ал аркылуу элдин социалдык портрети тартылган. Түштүк элинин күнүмдүк жашоо-турмушу, алардын жашоого болгон көз карашы ушул кыска сүрөттөөдө ачык көрүнүп турат. Бүтүндөй бир үй-бүлөнүн кирешеси болгон өрүктү жыйнап кургатып алууга ашыккан чоӊдор менен кошо али кабыргасы ката элек секелек кыз да түйшүктү кошо тартышып, эмгектенип жүрөт. Чыгармада берилгендей “саарлап” кемпирдин “небере кызы экөөнө” түйшүк жүктөлгөн. “…там башында баргек жасоо үчүн жайылган “эттүү” курмайы өрүктөр оголо көп эле.” Бул – бир чети айыл адамдарынын берекелүү жашоосун билдиргени менен кемпирге кошулуп тестиер кыздын жайында жасай турган иши. Мындан бала чагын иш менен (бала кароо, үйдөгү түрдүү жумуштарды кылышуу) өткөргөн кыргыз кыздарынын типтүү образы ушул секелек кыздын образында ачыкка чыгат. Адаттагыдай эле автор бул чакан аӊгемесинде да эмгек процессинин картинасын тартып, жумуш жасап жаткан каарманы менен кошо окурманын да ошол иштин жасалуу ыгы, жолу жана этаптары менен окуучунун өзүнө байкатпай тааныштырып коёт. Мындай сүрөттөөгө көп деле убакыт кетпейт. Болгону кейипкерге портреттик, психологиялык сүрөттөө берип жатканда, же пейзаждык сүрөттөөдө адам эмгегинин майда-чүйдө процесстерине чейин камтып үлгүрөт: “…жайылган өрүктөрдү бирден кармалап, ичиндеги сөөгүн чыгарып, баргек жасап отурушту. Баргектерди узун жайык тактайларга тизишип, кочуштарына толгон данектүү сөөктү болсо улам чоң чакага салып коюшат. Аны да ширесин жууп, өзүнчө кургатышат”, – автордук баяндоодо тээ алыскы айыл жергесиндеги карапайым адамдардын күнүмдүк турмушу жана эмгеги так жана таасын сүрөттөлүп, түштүк элинин өрүк жаюу жумушу көз алдыга тартыла түшөт.

Дегеле чыгарманын башынан аягына чейин пейзаждык сүрөттөөлөр абдан жыш берилген. Ар бир пейзаждык деталь ар башка подтексттик маани берип, улам кийинки пейзажда башка бир маани окурмандын көз алдына тартыла түшөт. Ошондой пейзаждын бири – тыт дарагы. “Ширеси таарга жабыша түшкөн өрүктөрдү ыкчамдык менен чыгарып алып, сөөгүнөн ажыратып аткан кыздын ою эми өздөрүнүн короосундагы жалгыз тытка бурулду. Азыр батыраак барып, инилери тура электе мөлтүрөп бышкандарынын баарын терип жеп алса. Кыз күн сайын ушинтет, андан калганын үйдөгү башкалары жейт. Кайсы шакка чыгып, кайсы бутакка жармашып, тыттын эң бышкандарына жетсе болоорун кыз там башында отуруп жакшылап болжоп карап алат эле.” Сүрөттөөдөн кыздын ийкемдүү, эпчил физиономиясы ого бетер дааналана түштү. Ал “эрте тургандын – бир ырысы артык” деп элдик философияда айтылгандай башкалардан эрте туруп алып, инилери али ойгоно электе тыттын мөлтүрөгөн мөмөсүн тандап жейт. Андан калганын башкалар жейт. Эки сүйлөмдөгү пейзаждык сүрөттөө аркылуу секелек кыздын образын гана дааналантып гана тим койбостон ага тарбиялык маанидеги подтексттик мазмунду камтый алганы жазуучунун чеберчилигин айкындап турат.  Бардарчылыкты, эмгекти ассосиациялап турган “…Бакта төгүлүп аткан алмаларды, өрүктөрдү терип, жыйнагандан тажаган кыздын бул ырды уккан сайын кыжыры келе берет эле” деген сүрɵттɵɵдɵ түштүк жергесинин жаратылышы жɵн салды гана кɵрсɵтүлбɵйт, ал ошол жерде жашаган элдин күнүмдүк жашоо-турмушу, жашоо образын чагылдыруу маанисин камтыган композициянын бир элементи катары кызмат ɵтɵп турат.

Негизинен, Т.Шайдуллаева чыгармаларында кыргыз аялдарынын образдарынын галереясын дамамат тартып келет. Анын аңгемелеринен түрдүү курактагы (секелек кыздардан тартып ɵлүм алдында жаткан карыя кемпирлерге чейин) аялдардын түрдүү эмгеги, түрдүү проблемасы, түркүн жашоо образы, алардын жашоого, бактылуу болууга болгон умтулуулары ачык чагылдырылып турганы анын чыгармачылыгы менен тааныш окурманга белгилүү. Бул жолу да автор ушул чыгармасында үч башка муундун аял ɵкүлдɵрүнүн образын, мүнɵзүн, баалуулуктарын, ички жан дүйнɵлɵрүн ачып берүүгɵ зор аракеттерди жумшаган. Ал аракет майнап берип, үч башка курактагы аялзатынын – Кемпирдин, анын келинин жана небересинин жашоого, дүйнɵгɵ болгон кɵз карашы, мүнɵзү логикалуу сүрɵттɵɵгɵ алынган.

А жалпысынан чыгармада баш-аягы болуп 5-6 гана каарманга портреттик сүрөттөө берилген. Ар бир портрет өз алдынча кайталангыс жана ар бири терең мазмун камтып, өзүнчө идеялык-тематикалык жүк көтөрүп турат. Өз позициясы бар образ катары баяндоого алынган кыздын, карыган энесинин, өз апасынын, атасынын же кемпирдин уулунун, Мамат аракечтин образдарына портреттик сүртүмдөр тартылган.

Кыз – эмгек менен өсүп келе жаткан, карапайым кыргыз үй-бүлөсүнүн өспүрүм кызынын типтүү образы. Өзү теӊдүүлөр сыяктуу эле анын да көчөдө болуп жаткандын баарын иш арасында электен өткөрүп анализдей бермей адаты бар. Ошонусу менен ал – дүйнөнү, айлана чөйрөнү таанып, турмуш, салт адам мүмкүнчүлүгү тууралуу ойлорун калыптандырып жаткан жаш муундун өкүлү. “Кыз өрүктү кармалап атканы менен көчө-көйдөгү кыбыр эткендин баарын өйдөдөн алмак-салмак тиктеп отурганына маашыр” . Кыялкеч кыз өз кыялында эӊсеген тилегин ишке ашырууну да ушул өрүктөргө байланыштырат. “Тигине, курбусу уюн бадага айдап баратат, карасаң, атлес көйнөгүн кийип алыптыр, бүгүн бир жакка жөнөгөн го, же жөн эле мактанганыбы, ушунуку өттү, карап тур, мынабу өрүктөр сатылса атасы буга андан сонунун сатып берет. Курбусун узата тиктеген кыз муңая түштү”. Ушул эпизоддо кыздын дүйнө таанымы менен кошо анын секелек кыздарга таандык жалпы мүнөздүк типтүү сапаты ачыла түшөт. Адатта тестиер кыздардын бирин-бири карап, атаандашып, ыгы келсе мактана калуу сыяктуу курактык мүнөз касиети бар эмеспи. Курбу кызынын атлес көйнөгү кыздын көзүн кызытканы менен, көпчүлүгү кемпирдин тарбиясын алып чоӊоюп келе жаткан кызда сабырдуулук бар. Ал ушул кургатып жаткан өрүктөр базарга түшүп, кардарларын тапканда гана өзүнүн кыялындагы жакшы нерселер ишке ашаарын, андыктан, ал ата-энесин азыр кыйнап, атлес көйнөк алдырта албасын да билет. Ошентип кыздын бир эле учурдагы карама-каршылыктуу абалы ачыкка чыгат. Ошол эле учурда кыз айланасында болуп жаткан ар бир кыймылга баа берип да үлгүрөт. “Аңгыча өздөрүнүн дарбазасы “шарак” ачылып, апасы чыкты. Адатынча шашып алган, сайга сууга баратат, мүрүсүндөгү баканга илинген чакалары ары-бери кыймылдап, түшүп калчудай…, апасы кичине акырыныраак басса болот эле” . Апасынын шашып жүргөн адатын кыз ичинен сынга алып, ага акырыныраак басса болот эле” деген сынчыл баасын берет. Демек, кыз жакындары жана курчап турган айлананы баамдап, аларды байкоого алып, андагы жакшы-жаманды ылгап, ошого карата өзүн түздөп өсүп келе жаткан, өз дүйнөсүн куруп алган – өспүрүм. Автор ɵспүрүм кыздын ой жүгүртүүсү аркылуу кыздын өз апасына кыска портреттик сүрɵттɵɵ берип ɵтɵт. Ушул бир эле сүртүм портретте кыздын баамчылдыгы менен апасынын дамамат шашып жүрɵ турган адаты кɵз алдыга тартыла түшɵт. Автор ушинтип каармандардын бирин экинчиси ача турган ыкманы тандап алат. Бул ыкмада бир эле учурда эки каарман (кыз жана анын апасы) туурасында окурманга маалымат берилип портреттин түз да, кыйыр да ачылышына өбөлгө түзүлдү. Мындай кош функциянын аткарылышы чебер сүрөткердин гана калеминен жаралышы мүмкүн. Буга удаалаш кыздын зулумдук, турмуштагы трагедия тууралуу али түшүнүгү боло элек дагы бир сапаты ачылат. Ал – ашкан боорукер. Балалык баёо түшүнүгүндө бирөөнү ыза кылуу менен таптакыр келише албайт. “Кыз өрүктөргө эңкейди. Катуу аңгырап жиберген эшек анын башын кайра көтөрттү. Кошуна авасы дарбаза сыртында байлануу турган эшегин таягы менен сабап кирди, сөгүп да атат, ачууланып алыптыр. Байлануу эшек казыгын тегеренип качып, баари бир коргоно албады. Авасы аны башынан калпагы түшүп калганча сабады. Кызык, эми ал азынап кыйкырган эшегин казыктан бошотту да минип алып бир жакка жөнөп кетти. Минип баратып да эшегинин башы-көзүнө койгулап атат” . Ушул картина кыздын жан дүйнөсүн жанчып өттү. Чоӊдордун мындай зулумдугуна ал дилинде протест жасап, “эмнеге” деген суроосуна жооп таппаган бойдон калат. Чоӊ адамдардын өз кайгысын башкалардан чыгарган психологиялык абалы секелек кызга али түшүнүксүз эле. Ошон үчүн ал эшегин сабаган кошуна авасын кой деп койбогондугу үчүн чоң энесин жаман көзү менен карап алат. Ушул жерде кыздын образы кыз өзү инилери тура электе терип жечү тыттын “мөлтүрөп бышкан” мөмөлөрүнө жана тыт дарагынын жемиштүү шактарына катар там башынын бийиктигине параллель коюлуп чагылдырылат. Кыздын боорукер, баёо жан дүйнөсү ошол паралеллдерде ого бетер дааналаштырылат.: “Азыр батыраак барып, инилери тура электе мөлтүрөп бышкандарынын баарын терип жеп алса. Кыз күн сайын ушинтет, андан калганын үйдөгү башкалары жейт. Кайсы шакка чыгып, кайсы бутакка жармашып, тыттын эң бышкандарына жетсе болоорун кыз там башында отуруп жакшылап болжоп карап алат эле.” Ушундан улам автор атайын басым койбосо дагы секелек кыздын баамчылдыгы менен эпчилдиги тууралуу кɵмүскɵ тартылган портет ачыкка чыга түшɵт.

Бул үйдөгү эӊ кары адам – кемпир. Ал – буга чейинки мезгилдин оор жүгүн ушул заманда да көтөрүп жүргөн адам. Согуштун залы ага ушул күндө да залакасын тийгизип келет. Улуу уулунун согуштан кайтпай калганына макул болбой, андан күдөрү үзүлбөй күтүп бул үйдө бир гана ушул кемпир жашап келет. Ал – согуш мезгили менен бүгүнкү күндү байланыштырып турган транзиттин функциясын аткарып турган каарман. Уулунан күдөр үзбөй, жада калса жакшы кабар сүйүнчүлөгөн кишиге бере коем деп пенсиясынан ооштуруп акча катып жүргɵнүндɵ эле анын баласына болгон зор сүйүүсү жатат. Минтип өмүр бою эне гана күтө алат! Кыз чыгарманын сюжеттик экспозициясы менен окуянын чечилишинде борбордук фигурант катары берилсе, ал эми Кемпир сюжеттик линииянын башынан аягына чейин кеӊири сүрөттөлүп, анын жеке кайгысы типтүү кырдаалда типтүү образ катары ачылып берилет. Ички психологиялык абалы анын эртедир-кечтир кылган кыймыл-аракетинде ачыкка чыгып, ал согушту башынан өткөрүп бирок бир нече жылдан кийин анын болгонун унута баштаган коомго, кичүү уулуна, келинине, Мамат аракечке каршылыгын билдирип, уулун күткөн позициясынан тайбайт, ошентип күрөшөт. Бийиктикти сүйгөн небересиндей эле “кемпир да тамдын башын жакшы көрөт”. Анткени, там башы – кемпирдин уулун же ал тууралуу кабарды алып келе турган жолдун учу көрүнүүчү бийиктик эле. Ал эми жол учу – анын болгон үмүтү! Жолду автор жакшы кабардын символу катары бергендей эле там башын да жакшылыктын белгиси, жакшы кабар билинүүчү символдук белги семиотикасындагы көркөм шарттуулук негизинде туюндура алган. Ошентип, там башы – кемпир үчүн көптөн бери тилеген тилеги ишке аша турган, жакшы кабарды тезирээк биле, көрө турган жай. Там башын жакшы көргөн эки каармандын бири – небереси, экинчиси – чоӊ энеси, экөөнүн теӊ жан дүйнөсү ушул бийиктиктен каралгандай даана, так деталдаштырылган. Там башы чыгармада окуянын экспозициясы менен өнүгүшү ишке аша турган жайдын гана милдетин аткарбастан, ал сюжеттеги окуялардын бир этаптан экинчисине же окуянын башталышынан окуянын өнүгүшүнө өтө турган мотивдерди байланыштырып туруучу логикалык жиптин да функциясын аркалап турат. Окуянын чечилиши да там башында өтүп, чыгарманын бүткүл структурасынан сарыгып келип топтоштурулган бүтүм да ошол жерде чыгарылат. Демек, там башы – адамдарды бийиктен карап ылгай турган катарсис дагы экен го. Муну менен жазуучу бүгүнкү адамдарды бийиктен карап баалаганга чакырык таштап жаткан жокпу? Окуянын финалында берилгендей адамды көзү өткөндөн кийин баалап, умсунуп-таппай калбайбызбы? Бул ой бүгүнкү адамдарга сабак болушу керек го.

Кемпир “…өрүк жайылбаган учурда да саар-кеч бир чыгып, түшөт. Чыгат да тээ алыстагы чоң жолдон айылга бурулган жерди тиктеп отура берет. Көшөрө жол караган көзү талып кеткенде, көтөрө чыккан ийигин ийире баштайт. Анда деле көзүн жолдон албай утуру бир карап алат. Кокус жат машине айыл жакка бурулуп калса жүрөгү дүкүлдөп, уулу азыр ошол машинеде кирип келчүдөй шатыдан шашып түшүп, жоолугун оңдоп, ай-буйга келбей, айылдын идарасына жол тосуп жөнөйт”. Кемпир үчүн бул тажабай аткара турган күнүмдүк турмушу эле. Анын жашоосунун маӊызы ушинтип уулун күтүү болгонуна көп болгон. ЭНЕнин улуулугу ушунда да! Тилекке каршы, карачечекей уулун жоготуп алган эненин абалы баары үчүн эле түшүнүктүү эмес эле. Башкалар кайдыгер мамиле кылгандыгы да ушундан. Бу жарыкчылыкта кандай жакын адамыӊ болбосун баары бир ал эне сыяктуу сенин ысыгыӊа күйүп, суугуӊа тоӊбойт тура. Эненин ички психологиялык абалдарын чагылдыруу үчүн автор психологиялык сүрөттөөнүн атама, кыйыр жана түз сүрөттөөлөрүнүн баардыгын колдонгон. Жан дүйнөсүндө ал баласын эч жамандыкка кыйбайт: “Согушка кетип, өлүү-тирүүсүнүн дайыны билинбеген уулу энесин далай жылдар ушинтип көз каратты. Эсинде, согуштагы уулу акыркы катында танка айдаймын деп жазган эле. Ошо, болду, болбоду уулу танкасын айдап келатсачы…

– Танка, танка келатат! – Алдынан чыккан ким болсо колун чоң жолду көздөй сермеп, ушул сөзүн айта берди.

– Азыр эле келаткан, көргөм…- Колун пешенесине алып бет алдын телмирген эне ындыны өчө жол четине отура калды. Кемпир көп отурду, турайын десе буттары ооруп, денеси таштай оор”. Психологиялык аффект, стресс абалындагы эне уулу тууралуу ишеними бул жолу да алдаганын көтөрө албай майыша түштү. Анын үстүнө улгайган сайын уулун жоготконун мойнуна алуу – ага чындап оор болуп бара жаткан эле. Ындыны өчкөн, акыркы үмүтү таш капкан адамдын абалын автор кемпирдин “буттары ооруп, денеси таштай оор” деген сүрөттөөдө таамай берген. Кемпирдин уулу үчүн колунан келгени – уулун жадабай күтүү. Ошону ал өмүр бою аткарып келди. Ар уулунун келе жатканына ишеним артып жол тоскон сайын кемпир ушундай стресс алат. Бул башта айтылгандай согуш бүткөнүнө бир канча жыл өтсө дагы дале болсо анын кесепети адамдарды тынч койбой, эски жараат айыкпай келе жатканын автор ушул каарманынын типтүү образында жалпылаштырат. Чынында согуш жеӊиш менен аяктады. Бирок бул жеӊиш ким үчүн эле? Баарынан кымбат адамын эне өмүр бою күткөн боюнча, күдөр үзбөгөн боюнча кала берди. Миллиондогон дайынсыз жоокерлердин энелери дал ушул каарман сымал акыркы дем алуусуна чейин уулун, жакынын күтүп зарыгып жашап өткөнүн баарыбыз билебиз. Согуштун, жеӊиштин артындагы мындай абал жазуучунун калеминен реалдуу маанайда чагылдырылып, коом бүгүн анча этибар албаган маселени көтөрүп чыгып жатат. Согуш баарынан мурун энелердин жоготуусу экен да. Демек, учурда согушта баласын жоготкон эне көйгөйүн ойлонушубуз керек экен. Алардын арманы менен трагедиясы адамзат тарыхындагы эч нерсе менен ченей алгыс трагедия экенин туюндурган автор бул каармандын психологиялык абалын чагылдыруу аркылуу коомчулуктун көӊүлүн буруп, ушул маселеде астейдил болууга чакырык таштайт. Чыгармадагы конфликттер ушул кɵйгɵйдүн тегерегинде ɵсүп жетилет. Башкаларды кой, кемпирдин өзүнүн кичүү уулу да аны тиешелүү деӊгээлде түшүнө албайт же түшүнгүсү келбейт: “Аны күн батаарда үйгө алып келишти. Энесинин акыбалын көрүп, мектепте иштеген кичүү уулу ага катуу эскертти:

– Апа, көрүнгөн машинеге чуркаганды токтотуңуз эми, картайдыңыз. Авамдын кабары чыкса өзүм айтып келем сизге!

Ушинткен баласы энеси чыгып, түшүп жүргөн тамдын бооруна тирелген шатыны да алып салды, жыгылып кетпесин дедиби, же аялынын сөзүн колдоп, апам жол караганын токтотсун дедиби, ким билет”. Ушундан кийин кемпир уулун карап күтө турган ыӊгайлуу жерге да чыга албай калды. Эненин мүмкүнчүлүгүн дагы чектешти. Уулун согушка алып кетээрде дагы анын пикирин эч ким сураган эмес. Көрсө эне басымдуу учурда өз каалаганын кыла албаган абалда жашап келиптир да. Бул жолу да ага уулун жөн гана күтүүгө, тагыраак айтканда, адам эркине тыюу салынып олтурат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир коом менен эсептешүүгө туура келет экен. А коом дегениӊ жеке адам менен, адамдын ички жан дүйнөсү менен, адамдын тилеги, каалоосу менен эсептешпейт тура. Өз кара чечекей уулу да анын тун уулунун жолун кароосуна каршы чыгып олтурбайбы. Автордун айтайын деген көйгөйү ушунда. Эчкинин жашындай ɵмүрү калган кемпирге каалап, көксөп келгенин жасоого, жок жегенде жоготкон уулун күткөнгө мүмкүндүк беришкенде балким ал коомго нааразычылыгы болбой көз жумат беле. Ооба, кичүү баласыныкы деле туурадыр, согуштан кайтпай калган агасынын сɵɵгү Европанын кайсыдыр бир жеринде эчак өлүп жатканын боолголоп билип жататтыр. Бирок, кеп бул жерде ириде – эненин, адамдын дилиндегисин жасоосуна тыюу салынып жатканында, адам өз баласынын тирүү экенине ишенип жашашына тыюу салынгандыгында, натыйжада адам эркиндигине тушамыш салынгандыгында! Асыресе, биздин каарманыбыздын мисалында өзүнүн бар тапканы-уулун күтүп, анын бул дүйнөдө бар экенине ишенип, бир күнү келип калат деген ишеним менен жашоосуна бөгөт коюлуп олтурат. Адам эркине чек коюу – азыр да кыргыз коомунун негизги көйгөйү. Муну кайсыдыр бир деӊгээлде психологиялык садизм деп да атоого болот. Адам коом талап кылгандай гана жашоосу керек, анын жеке баалуулугу башкалар үчүн бир тыйын. Муну убагында англис романисти В.Вулф адамдын жеке бөлмөсү – жеке эркиндиги тууралуу аӊгемесинде айтып кеткен. Жада калса анын жашы улгайып калгандыгы да анын өзү каалаганын жасоосуна тоскоол боло турган аргумент катары көрүнөт: “Апа, көрүнгөн машинеге чуркаганды токтотуңуз эми, картайдыңыз” деген кичүү уулунун сөзүндө адам картайганда эркинен ажырайт, жаш курак өткөндө чектөөгө болот деген жыйынтыкка келип такалып жаткандайбыз.

Жакындарынын, айлана-чөйрөнүн мындай кайдыгерлиги келининин кайын энесине жасаган мамилесинен да ачыкка чыгат. “Кемпирдин келини кайын энесинин жол карап, жөн эле убактысын коротконун жактырбайт, андан көрө ийигин көбүрөөк ийирбейби, чеберлерге гилемби, таарбы токуттуруп алат эле элге окшоп. Эбак жок болгон адамды жөн эле күтө бергенден эмне пайда, колунда турган уулун ойлобойбу…” деген автордук баяндоодогу келиндин кайын энесинин дилиндегисине караганда кɵр оокаттын бүтүшүн артык кɵрүп жатышы ошол кайдыгерликтин башаты болуп саналат. Келини эне катары, эӊ жакын адамынын кабарын билбеген адам катары кайын энесинин абалын түшүнгөн жок. Албетте, адамдын башына келбегенден кийин баарын түшүнө билүү кыйын го. Бирок, башкысы ал аял катары кемпирдин өмүрүндөгү кымбат адамын жоктоп келе жатканына дилинде мүмкүнчүлүк бергиси келбейт. Ал дагы кемпирдин ичиндеги кайгысын эч түшүнгүсү келбейт. Булар эле эмес, бүтүндөй коом дагы эненин жеке кайгысына кайдыгер. Ал кайгы жеке деле кайгы эмес. Бул – бүтүндөй өлкөдө башы эсен, боору бүтүн киши жок болгон согуш маалынын типтүү кайгысы. Анткени менен жашоонун карама-каршылыгы же диалектикасы ушунда, турмушта ак менен кара эриш-аркак жүрөт эмеспи. Түбөлүктүү эч нерсе жок. Бүгүнкү баалуулук же көйгөй эртеӊ актуалдууулугун жоготуусу мүмкүн экен. Бул – жаратылыш мыйзамы. “Бүгүн бар да, эртеӊ жок, ушундай экен дүйнө бок” деп бекеринен айтышпагандыр да. Бир канча жыл илгерирээк болгон согуш тагы айыга баштаган, эл мурункудай мүӊкүрөбөй калган мезгилде да кемпир күнү бүгүнкүдөй батышка кеткен жоокер уулун зарыга күтүп жүргɵнүн башкалардын түшүнүү менен кабыл албагандыгынын өзөгү да ушундандыр. Бул кемпир менен коомдун, айлана-чөйрөнүн, жакындарынын ортосундагы көмүскө конфликтке алып келет. Башкалар үчүн кунсуз нерсе катары бааланбай, эсинен чыгарылып бара жаткан кɵрүнүшкɵ бир гана кемпирдин-эненин жүрөгү макул эмес.

Кичүү уулу, келини, кошуналары, өзү алака түзгөн бүтүндөй айыл эли тегерегинде болгону менен бул жагдайда баары бир ал жалгыз. Өз көйгөйү менен жападан-жалгыз калган. Анын уулун эч ким кошулуп күтпөйт. Башкаларга баары бир. Кемпирдин образ катары таргедиясы ушунда. Анын көӊүл түпкүрүнө эч ким баш багып, көйгөйлүү абалына аздек менен астейдил мамиле кылбай калышкан. Натыйжада жеке трагедиясы менен кемпир бул коомдо жападан жалгыз калды. Тегерегинде адам толо болгону менен аны түшүнгөн бир адамдын жоктугу – кыргыздын “атадан алтоо болсоӊ да, ар жалгыздык башта бар” дегени элибиздин адам психологиясын тереӊден өздөштүргөн уӊгулуу сөзү экен го. Демек, адамдыктагы эӊ эле баалуулук – адамдын жан дүйнөсү менен эсептешүү экен да. Балким ушул көйгөй учурдагы адамдардын бири-биринен обочолонгон абалынын өзөгүдүр. Мүмкүн, бүгүнкү адамдар, бирибиздин жан дүйнөбүзгө баш бага албай жаткандырбыз. Мына – автордун айтайын деген өзөк идеясы. Ошон үчүн кемпирдин образы – трагедиялык образ. Ал көксөгөнү аткарылбай турган образ. А анын өмүр бою көксөп күткөнү – уулун аман-эсен көрүү эле. Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Жоломанга салынган тери шири адамдык парасатка курчоо салып, эркиндигин чектеп турган сымал коомдун – уулунун, келинин тыюулары ошол шири сымал кемпирдин бар мүмкүндүгүн чектеп жаткандай. Демек, адамдар башкалардын жүрɵгү менен жасап жаткан ишин чектɵɵ менен ошол маңкуртизмди аздап болсо да жандандырып жаткан жокпузбу деген суроо туулбай койбойт.

Кемпирдин кичүү уулу агасына аш берип тынгысы келгени менен бир гана энесинен коркуп кыжаалат болот. Согуш бүтүп, тирүү калгандар эчак кайтып келген учурда ал – эки арада калган каарман. Бир жагынан куран багыштап, аш ɵткɵрүп, бир туугандык парздан кутулгусу келет, ал эми экинчи жагынан энесинин баласынан күдɵр үзбɵгɵнү аны кыйла жылдан бери токтотуп келет. Кемпирден айырмаланып ал коомго түздɵнүп, алар менен эсептешип жашаган каарман. Ошон үчүн энесинин там башына чыгуусуна, колхоздун идарасына баруусуна тыюу салып жатат. Балким, энесинин жан дүйнɵсүнɵ баш бакканда эненин жүрɵгүнүн каалоосун кɵрмɵк беле, эл эмне десе десин, бул иш энемдин жалгыз каалоосу деп энесинин кылыктарына кɵрмɵксɵн болуп коёт беле…

Бул кайдыгерликтин айынан эркине тыюу салынган “Кемпир эми ийигин көбүрөөк ийирип, коргондон чыкпай отуруп… … кийин тɵшɵк тартып жатып калды…”. Кɵрдүңүзбү, коомдон, жакындарынан моралдык колдоо таба албаган адамдын жалгыздыгын!.. Ушул жалгыздык акыры ɵз мүдɵɵсүнɵ жеткирбей туруп бир адамды алып тынды. Согуштун карапайым жаран үчүн алып келген запкысынан  тышкары адамдын ɵз кɵйгɵйү, трагедиясы менен жалгыз экендиги – чындап эле канчалаган кылымдан берки кɵйгɵй экени ырас. Мунун аркасында биздин (сиз экөөбүздүн) да жакындарыбыздын кайдыгерлиги жашынып жатат деп жыйынтык чыгарууга болот!

Аңгемеде баардык баалуулуктарды кайдыгерлик басып тургандай элес калат. Кемпирдин ички жан дүйнɵсү – адам жан дүйнɵсү, болгондо да эне жан дүйнɵсү катары бийик бааланышы керек эле. Тескерисинче, анын жан дүйнɵсүн уулу да, келини да баалай алган жок. Ошол эле учурда согуштан кайтпай калган агасы бул үйдɵ орду деле жоктой. Анын жоктугуна баары кɵнүп калышкан. Анын орду кемпир үчүн гана баалуу. “…баласы энеси чыгып, түшүп жүргөн тамдын бооруна тирелген шатыны да алып салды, жыгылып кетпесин дедиби, же аялынын сөзүн колдоп, апам жол караганын токтотсун дедиби, ким билет. Кемпирдин келини кайын энесинин жол карап, жөн эле убактысын коротконун жактырбайт, андан көрө ийигин көбүрөөк ийирбейби, чеберлерге гилемби, таарбы токуттуруп алат эле элге окшоп. Эбак жок болгон адамды жөн эле күтө бергенден эмне пайда, колунда турган уулун ойлобойбу”. Ар ким кɵр турмуштун арабасын тартып бара жатып адамдык парасат, мамиле туугандык милдет тууралуу унутуп калгандай. “…Аны ойлободу дейсиңби? Мойнумдагы жүктөн мен да эртерээк кутулсам болот эле» деп кичүү уулу агасынын ашын берип эртерээк берип кутулууга шашат. Аны кармап турган бир гана нерсе бар, ал – энесинин күдɵрү. Ал –үзүлбɵгɵн күдɵр. Ушул күдɵр аркасында бул үйдүн улуу баласынын элеси жашап келе жатат. Энеси болбосо аны эчак эле унутуп деле коюшмак беле.

Кемпир там башына чыга албай калганда да, ɵз позициясынан тайган жок, башкалар эчак күдɵрүн үзүп койгон уулун ал дагы эле эч кимге айтпай күтɵ берди. Бул калыпка салынып калган коомдук пикир менен тымызын күрɵшүүнүн, ага макул болбоонун дагы бир жолу эле. Эми ал уулун күтүүнүн дагы бир ыңгайлуу жолу катары почтага келүүнү адат кылып алды. “Ошол күнү, октябрь майрамынын алдында, почтого кат-кабар көп келип, кирген-чыккандар да көп эле. Кемпирдин жүрөгү туйлап отурду, ошончо каттын бири уулунуку болуп, почточу азыр “сүйүнчү!” деп чыга калса кана… Кемпир чөнтөгүнө колун салып, акча түйүлгөн бет аарчысын кармап койду. Так ушул маалда Мамат араккеч почтонун ичинен аңтаңдап жүгүрүп чыкты.

– Аяш эне, сүйүнчү! Авамдан кат келиптир!

– Эмне дейт!? – Кемпир ордунан олдоксон тура калып, колунан таягы ыргыды, буттары шилтенбей, почтонун эшигине жетпей жыгылып кетти. Жыгылган тейде чөнтөгүн сыймалап, бет аарчыга түйүлгөн пулун калтыраган колдору менен Мамат араккечке сунду.

– Ме, айланайын…

Эртеден бери арак эңсеп, жаны карайган Мамат аракеч акчаны алаары менен почтодон анча алыс эмес турган дүкөн тарапка чуркады. Кемпирдин жүрөгү “шуу” деп алды. Калп айткан жокпу, куурагыр, бу Мамат, ал мени алдады окшойт… Бу араккечтин уятсыз, калпычы экенин эми эстеди. Ичи өрттөнүп кетти.

– Жоробайым, алдыңа кетейиним! – Кемпир жер тытып, озондоп ыйлап жиберди. Кеңседен чуркап чыккандар, көчө-көйдөгүлөр топтолуп, бири аны айтып, бири муну айтып, кемпирди эптеп сооротуп үйүнө апкелишти».

Башта сөз болгон кайдыгерлик эми ачыктан ачык эле шылдыӊга өсүп жетти. Коомдун дагы бир мүчөсү кемпирдин аялуу дүйнөсүн уятсыздык менен пайдаланып, тебелеп-тепсеп кетти. Алдоо жана карасанатайлык кемпирдин жеке кайгысына ого бетер май сепкендей болду. Конфликт окуянын кульминациясындагы эӊ жогорку чекке өсүп жетти. Эми кичүү уулу ага коргондон чыгууга тыюу салды. Мындан соӊ кемпир тɵшɵккɵ жатып калды, бирок кульминациялык конфликттеги позициясынан тайбады. Ага энелик жүрөгү мүмкүндүк бербейт дагы болчу. Дагы деле да уулун күткɵндɵн жадабады. Уулунун бул дүйнɵдɵ бар экенине, бир күнү кат келерине, же ɵзү кирип келерине ишенип жатып жан берди.

Сюжеттик өзөктө Т.Шайдуллаеванын жеке стилдик портрет тартуу чеберчилигине ылайык каармандар карама-каршылыктуу ойду билдирген учурлар аз эмес. Ошонун бири – ушул Мамат аракечтин образы. Аны автор уятсыз, калпычы катары кɵрсɵткɵнү менен ал чыгарманын борбордук каарманы болгон эненин жан дүйнɵсүнɵ азга болсо да кубаныч тартуулаган, эң башкасы баласынын тирүүлүгүнɵ ишеним арттырган мотив катары да пайдаланылган: “Өлөөр-өлгөнчө Мамат аракечтин почтодон чуркап чыкканы, сүйүнчүлөгөнү көз алдынан кетпеди” деп кемпир ошол уулу тууралуу жалган болсо да сүйүнүчтүү кабар укканына өзүн бактылуу сезген абалы жазуучу тарабынан чыгармадагы сюжеттик окуянын чечилишинде атайы белгиленет.

Эне – бул дүйнөгө күтүү үчүн гана жаралгандай, согуш азабына, коомго, согушка болгон протест анын трагедиясынан улам ачылып берилип, ал чыгарманын текстинен подтекст аркылуу дааналаштырылган. “…Бу аракечтин уятсыз, калпычы экенин эми эстеди” дейт баяндоочу кемпирдин Мамат аракечке алданган эпизодунда. Ал тогуз ай кɵтɵрүп омурткасы сыздап, алдейлеп багып ɵстүргɵн уулун кайдагы бир согушка жɵнɵтүп, анысы кайтпай калганы аз келгенсип, эми ошол баласы ушулардын жыргал жашоосу үчүн курман болгон мобу Мамат аракечке алданганы аны бир топ майыштырып кетти. Согушта ɵлгɵн жоокердин энеси деп деле аны эч ким барктаган жери жок го.  Бирок кемпир жашоосундагы бир жеңиш ушунда болду. Керек болсо Мамат аракечтин бир сɵзү кемпирдин кийинки жашоосуна дем берди. Анткени, ал сɵз ɵзү каалап, күтүп жүргɵн, угууга зар болуп жүргɵн, жакындары да ал сɵздү айтуудан качкан ак жолтой сɵз эле да. Бул окуядан кийин төшөккө жатып калган кемпирди ушул сөз алаксытты, ишенгиси келди, калп болсо да жакшы кабарды бир ирет угуп, көз ирмемге болсо да сүйүнүчтүн даамын татканына каниет кылды. Өлөөр-өлгөнчө Мамат аракечтин почтодон чуркап чыкканы, сүйүнчүлөгөнү көз алдынан кетпеди. Кыял алдамчы болсо да жагымдуу болорун автор тымызын ушул эпизод аркылуу аста билдирет. Анткени жакындары – келини, уулу кемпирге ошол аракеччелик да башка бир жагымдуу маанай тартуулай албай коюшпадыбы… Энесинин кɵңүлү ток узашы үчүн балким алдамчылык деле керек беле деген ойго жетеленесиң…

Буга чейин согушка кетип мерт болгон уулуна байланышкан максат-тилектеринин баарынан күдөр үзбөй күтүп келген кемпир өзү менен кошо ошол бир муундун трагедиясын кошо ала кетти. Согуштан мерт болгон жакынын күткөн дагы бир адам анын дайынын билбей туруп көз жумду.

Т.Шайдуллаеванын сүрɵткер катары чеберчилигин айгинелеген дагы бир ɵзгɵчɵлүк – анын чыгармаларында символикалуулукту дамаамат колдоно билгендиги. “Күтүү” аңгемесинде да символикалуулук анын башка чыгармаларындагыдай эле образды ачып берүүчү, кошумча мотив милдетин аткаруучу, подтексттик ой камтуучу функциясында кɵрүнɵт:

Там башы – кыз дагы, кемпир дагы жакшы көргөн жай. “Тамдын үстү кыз үчүн кызык эле. Кыз өрүктү кармалап атканы менен көчө-көйдөгү кыбыр эткендин баарын өйдөдөн алмак-салмак тиктеп отурганына маашыр.” …  “Кайсы шакка чыгып, кайсы бутаккка жармашып, тыттын эң бышкандарына жетсе болорун кыз там башында отуруп жакшылап болжоп карап алат эле” . Демек бул жай – кыз үчүн бийикке умтулуунун белгиси, анткени, ал баарын ушул бийиктен карап, баа берет да. Кылар кызматы бийикте болгону үчүн да жасап жаткан иши кыз үчүн кызык. Балким автор айткандай “баш-аягы жок шул иши ылдый жерде болгондо тестиер кыз балким чоң энеси айтмакчы “күн кызыгыча” чыдап отура алмак эмес”.

  • А кемпир үчүн болсо, бул жер – согушка кетип кайтпай каалган уулунун караанын издеп чоң жолду зарыга карап күтө турган бийик жай. “Кемпир да тамдын башын жакшы көрөт. Өрүк жайылбаган учурда да саар-кеч бир чыгып, түшөт. Чыгат да тээ алыстагы чоң жолдон айылга бурулган жерди тиктеп отура берет. Көшөрө жол караган көзү талып кеткенде, көтөрө чыккан ийигин ийире баштайт. Анда деле көзүн жолдон албай утуру бир карап алат. Кокус жат машине айыл жакка бурулуп калса жүрөгү дүкүлдөп, уулу азыр ошол машинеде кирип келчүдөй шатыдан шашып түшүп, жоолугун оңдоп, ай-буйга келбей, айылдын идарасына жол тосуп жөнөйт. Согушка кетип, өлүү-тирүүсүнүн дайыны билинбеген уулу энесин далай жылдар ушинтип көз каратты.”
  • Танк – кемпир үчүн согушка кеткен уулунун тирүү элеси. Танк тууралуу уулу бир гана катында эскергени менен ал кемпирдин эсинде түбɵлүк калган элес. Ал уулун дагы эле ошол бойдон танк айдап жүргɵн согуш каарманындай сезет: «…эсинде, согуштагы уулу акыркы катында танка айдаймын деп жазган эле. Ошо, болду болбоду уулу танкасын айдап келатсачы… -Танка, танка келатат! – Алдынан чыккан ким болсо колун чоң жолду көздөй сермеп, ушул сөзүн айта берди».
  • Почто ташыган машина да кемпир үчүн жакшы кабардын жышааны болсо, акча түйүлгөн бет аарчысы – сүйүнүчтүн белгисиндей аны улам жан чɵнтɵгүнɵ колун салып сыйпалап, ичинде аяр нерсеси катылгандай алып жүрɵр эле.
  • Эненин эркелеткен ыры – бул түштүктүн бай табияты, аны менен бирге социалдык абалы кошо чагылдырылып, небересинин келечегине болгон ак тилек камтылган ыр:

Кызымды алмалары топулдап
Түшкөн жерге беребиз
Өрүктөрү ийилип
Бышкан жерге беребиз…” деген аңгеменин финалындагы ырда эненин небересинин келечеги кең болуп, жетиштүү жерге турмушка чыгуу менен, бардар жерде кыйналбай жашаса экен деген аруу тилеги камтылган. Ал эми ушул эле маселеге небере кызы таптакыр башка ɵңүттɵн карайт. «Бакта төгүлүп аткан алмаларды, өрүктөрдү терип, жыйнагандан тажаган кыздын бул ырды уккан сайын кыжыры келе берет эле». Демек, жаштайынан кара жумуш менен ɵсүп келе жаткан секелек кыздын ички абалында үй-бүлɵнүн социалдык абалы кɵз алдыга тартылат. Окурманды ушинтип алма-ɵрүк терүү менен балалыгы ɵтүп бара жаткан муундун кɵйгɵйү дагы бир жолу ойлонтпой койбойт: «– Эне, ырдабачы бул ырды, жаман ыр экен!» деген фразада ɵспүрүмдүн дүйнɵгɵ болгон кɵз карашы – чыгарманын бүтүндɵй лейтмотиви келип чыгат. Ойносо оюнга тойбой турган балалыктын жай мезгили жалаң эмгек, ата-энесине жардам берүү менен ɵтүп жатканы – албетте коомдогу социалдык, курактык психологиялык кɵйгɵй экени белгилүү деңизчи, бирок ошол кɵйгɵйдү автор бул гана аңгемесинде эмес, чыгармачылыгынын басымдуу учурунда айтып, кɵйгɵйдү кɵтɵрүп чыгып, коомчулукка мындай проблема бар экендигин шарданалап, керек болсо чечүүнү талап кылып келгени бар. Ар тараптан чың коомду куруш үчүн ири алды балдарга баардык жагынан кам кɵрүү милдетин моюндашыбыз керек. Бул – азыркы коомдогу ар бир ата-эненин, коомдун, мамлекеттин алдындагы милдет. Себеби, ошол балдар барып келечекти, келечектеги коомду түзɵт эмеспи.

Ошону менен эле бирге жашоонун агымын, анын токтобостугу, жашоонун өтө бере тургандыгы тууралуу ой да берилип, “Бирок бу “жаман” ырды ырдаган чоң энесин кыз өтө жакшы көрөт эле” деген этиштин өткөн чагы менен автор кечеги чоң эненин бүгүн жок экендигин айтып, жашоонун түбөлүктүү эместигин, адам өмүрүнүн бүгүн бар да, эртең жок экендигин белгилей кеткен.

Аңгемеде психологизм ɵтɵ жыш колдонулган. Адатта сүрɵткерлер чыгармасында дамамат колдонуп жүргɵн психологиялык кырдаалды, шартты, мүнɵздү жана абалды берүүнүн үч (түз, кыйыр, атама) жолу бар эмеспи. Т.Шайдуллаева чыгармачылыгында психологизмди кандай жол менен бербесин, чебер художник катары каарманынын ички психологиялык абалын даана, так, элестүү жана ишенимдүү чагылдыра алгандыгы менен калемдештеринен айырмаланып турат. Ушунусу менен ал 90-2000-жылдардын прозасындагы аңгеме жанрында типтүү кырдаалдарда типтүү кейипкерлердин бизге тааныш эле кɵндүм образын жаратып, бирок анын ички жан дүйнɵсүнүн болуп кɵрбɵгɵндɵй ар тараптан ачылышын кɵрсɵтүп берүүгө жетише алды. Каармандын психологиясынын масштабдуу ачылышы биз байкагандай келишпестиктерден, конфликттерден, кырдаалдардан жана позициялардан улам ачыкка чыгат. Негизинен, түз психологизмде адам жан дүйнɵсүнүн ички абалдары, ой жүгүртүүлɵр, толгонуулар, кыялдануулар кеңири сүрɵттɵɵгɵ алынса, кыйыр психологиялык сүрɵттɵɵдɵ адамдын ички сезимдери кошумча кыймыл-аракет, интерьердик, пейзаждык сүрɵттɵɵ ж.б. менен паралелль берилип, кейипкерге кошумча деталдар жалгаштырылат. Ал эми атама психологиялык сүрɵттɵɵдɵ адамдын психологиялык сезимдери аталып эле кетиши да мүмкүн. Тɵмɵндɵ келтирилген чыгармадан алынган үзүндүлɵрдɵ ошол каармандардын психологиялык абалдарын даана тартууга кызмат кылган фразалар берилип, ал аркылуу автордун портрет тартуудагы психологиялык абалдарды элестүү чагылдыра алган чеберчилигин байкайбыз: “Курбусун узата тиктеген кыз муңая түштү. Байлануу эшек казыгын тегеренип качып, баари бир коргоно албады. Авасы аны башынан калпагы түшүп калганча сабады. …Кемпир өрүктөн башын көтөрбөй туруп кызына наалыды: Өрүктөргө жаңы гана колун тийгизген кыз эми эшекке боору оорубаган чоң энесин жаман көзү менен карады:

“Урба!” деп урушуп койбойбу… . …Оов, Жоробайым, алдыңа кетейиним!

Эненин жүрөгү бир оодарылып алды. Кемпир шатыдан ылдам түшүп, көчөгө чыкты. Адатынча идарага жөнөдү. -Танка, танка келатат! – Алдынан чыккан ким болсо колун чоң жолду көздөй сермеп, ушул сөзүн айта берди.

– Азыр эле келаткан, көргөм…- Колун пешенесине алып бет алдын телмирген эне ындыны өчө жол четине отура калды. Кемпир көп отурду, турайын десе буттары ооруп, денеси таштай оор. Аны күн батаарда үйгө алып келишти. Кемпирдин келини кайын энесинин жол карап, жөн эле убактысын коротконун жактырбайт, андан көрө ийигин көбүрөөк ийирбейби, чеберлерге гилемби, таарбы токуттуруп алат эле элге окшоп. Эбак жок болгон адамды жөн эле күтө бергенден эмне пайда, колунда турган уулун ойлобойбу. …-Эмне дейт!? – Кемпир ордунан олдоксон тура калып, колунан таягы ыргыды, буттары шилтенбей, почтонун эшигине жетпей жыгылып кетти. Жыгылган тейде чөнтөгүн сыйпалап, бет аарчыга түйүлгөн пулун калтыраган колдору менен Мамат аракечке сунду.

– Ме, айланайын…Жоробайым, алдыңа кетейиним! – Кемпир жер тытып, озондоп ыйлап жиберди. Кеңседен чуркап чыккандар, көчө-көйдөгүлөр топтолуп, бири аны айтып, бири муну айтып, кемпирди эптеп сооротуп үйүнө апкелишти. …Өлөөр-өлгөнчө Мамат аракечтин почтодон чуркап чыкканы, сүйүнчүлөгөнү көз алдынан кетпеди.

Бирок бу “жаман” ырды ырдаган чоң энесин кыз өтө жакшы көрөт эле. Көзүнө жаш тегеренди”. Асты сызылган мисалдар жазуучунун психологиялык абалдарды ачуунун чебери экенине күбө өтөт. Адамдын ички сезимдери бул сөздөрдө, сөз айкаштарында элестүү берилип, каармандын толгонуулары, сүйүнүчү, кайгысы даана тартылган ачык түстөгү полотно көз алдыга келе түшөт. Натыйжада, чыгарманын көркөмдүгү дагы бир эсеге артыла түшөт.

Чыгарманын сюжеттик ɵзɵгүндɵ бир эле жыл мезгили эки ирет кайталанып сүрɵттɵлɵт. Биринде кемпир менен небере кызынын жашоого болгон кɵз карашы мотивировкаланса, экинчисинде небере кыздын там башында жалгыз калгандыгы. Бири – окуянын башталышы, кийинкиси – окуянын чечилиши. Кемпирдин көзү өткөн менен проблема чечилген жок. Баягы жалгыздык темасы эми ушул секелек кыз аркылуу андан ары уланат. Анткени, ал эми ɵрүктɵрдү жалгыз жайып жүрɵт. Мурун бул экɵɵнүн ортосунда диалог болуп ал аркылуу чыгарманын сюжети кийинки этапка ɵтүүчү. Бул жолу ал – жалгыз. Ал тургай автор секелек кызга пикир алышуу, ал аркылуу дүйнɵнү аңдоо мүмкүнчүлүгү жок калганын туюндуруп жатат: «Чоңойо түшкөн небере кызы өзү жалгыз өрүктөрдү бирден кармап, ичинен данегин сыгып алып, күн кызыгыча шашып, баш көтөрбөй иштеп атат. Анын мурдагыдай эки жакты элеңдеп, эркелеп карап, маашырланган кейпи жок. Жанында өрүк тырмалап отурчу чоң энесинин ордун кээде адашып бир нерсе айткысы келип карап алып, таппай умсунат».

Ал эми анын жоктугу аркылуу ошол согуш каарын жон териси менен сезген муундун кетиши, алардын кайгысынын улам мезгил өткөн сайын эскирип бараткандыгын туюндурат автор. Бирок көйгөй чечилген жок, чечилбеген боюнча жок болду, бирок кемпирдин жалгыздык трагедиясы дагы деле бар. Ал эми анын уулу менен келинине анын жан дүйнөсү эмес, ал кыла турган оокат алдыңкы планда керек экендиги ырас. Небереси үчүн гана кемпирдин жоктугу бир топ оор кырдаалды жараткандай: “…чоң энесинин ордун кээде адашып бир нерсе айткысы келип карап алып, таппай умсунат. Эркелете ырдаган ырын эстейт, каргылданган доошун сагынат”. … “Көзүнө жаш тегеренди.” Бул кемпирдин ɵзү унутулбайт, ал ушул небересинин жүрɵгүндɵ жашай берет, муундар байланышы үзүлбɵйт деген идеяны берет.

Анткен менен ички жан дүйнɵсүндɵ жалгыз калган кемпир бүтүндɵй ааламды алып кеткендей болду. Аны менен кошо согуштун тагы, согуштан кийинки бир доордун кɵйгɵйү бүт кеткендей болду. Эми ал уулун күтүп там башына шаты менен чыгып чоң жолдун бурулушун карабайт, айылдын идарасына уулун тосуп чуркабайт, почтанын ирегесинде отуруп уулунан кат күтпɵйт. Демек, бүтүндɵй муун алмашты. Ал гана турсун ɵрүк жайып олтуруп, эрмек кылып небере кызын эркелете ырдабайт дагы… Кошуна абасы эшегин сабап жатканда чоң энеси кызга чоң таяныч катары сезиле турган, ошон үчүн анын кой деп койбогонуна нааразы болсо, эркелетип ырдап берген учурда балалыктын таттуу даамын татаар эле. Эми кыз үчүн чоң энесинин ɵлүмү менен таянычы урап, балалыгына доо кеткендей болду. Ошон үчүн автор чыгармада кызды былтыркыга караганда бир топ эсейе түшкɵн деп сүрɵттɵп жатат. Образдар символикалык негизде ачылышы менен автор ар бир кейипкерге кеңири маани камтыган. Тестиер кыз – окуянын башында эрке, аягында чоңое түшкөн небере келечектин символу. Чыгарманын башында иш арасында “…эки жакка элеңдей берген…”, баары кызык кɵрүнгɵн секелек бир жыл аралыгында кадимкидей тотуга түшкɵнүн байкайбыз. “Чоңойо түшкөн небере кызы өзү жалгыз өрүктөрдү бирден кармап, ичинен данегин сыгып алып, күн кызыгыча шашып, баш көтөрбөй иштеп атат. Анын мурдагыдай эки жакты элеңдеп, эркелеп карап, маашырланган кейпи жок. Чоң энеси барында эркелеп турган кыз эми жалгыз түйшүк тартууга ɵттү.

Ошентип, чыгармада окуя сүрɵттɵɵгɵ алынган учур мезгилдик жактан экиге бөлүнөт: Кемпирдин тирүү учуру жана кемпир жок кез. Кемпир барында кɵптɵр аны этибар деле алышпайт. Ал эми небереси анын ордун ал жок болгондо гана билип олтурат. Кемпирди кыз гана жоктоп, “умсуна калып” жатканы менен жогоруда кеп болгондой, муундар ортосундагы байланыш эч качан үзүлбɵсүн билдирген оптимисттик идея жатат.

Ошентип, бул чакан аңгемеде жалпылап айтканда, элетте жашаган элдин жашоо-турмушу, дүйнөгө болгон көз карашы, эмгекчилдиги аркылуу адам жан дүйнөсү мыкты ачылган. Өзгөчө баланын жан дүйнөсү тереӊден чагылдырылып, анын эмгеги туурасындагы көйгөйдүн жүзү ачыла түшөт. Айыл турмушунда балакатка жете элек балдарды жумушка салуу – демейде кɵнүмүш эле адат. Баардык эле балдар иштеп, ата-энесине жардам берип эле чоңоёт эмеспи. Бирок ошол иштин аркасында жаш секелек кыздын жан дүйнɵсүнүн тереңден ачылып берилиши – бул автордун табылгасы. Биз билген, бизге тааныш эле кɵрүнүш болгону менен анда жаш адамдын укугу, оюнга болгон ынтызарлыгы, балалык баёо дүйнɵ таанымы жатат. Оюнга тойбой чоңдор менен катарлаш иштеп чоңоюп жаткан балдардын ички жалгыздыгына коомчулуктун, чоӊдордун көӊүл буруусуна чакырык таштайт.

Жогоруда белгилүү болгондой, муундар ортосундагы байланыш карапайым кыргыз үй-бүлɵсүндɵгү үч муундун жашоого, согушка туугандык мамилеге карата болгон мамилеси аркылуу ачылып берилген. Чоң эненин, анын уулунун жана небересинин образдарында алардын жашоодогу баалуулуктарга болгон түрдүү кɵз караштары ачыкка чыккан. Автор ошол кɵз караштардын дал келбестигинен улам чыгарманын сюжетиндеги конфликттерди иштеп чыккан. Ал карама-каршылыктар же кɵз караштык дал келбестиктер кейипкерлердин ээлеген позицияларынан, каарман менен коомдун жана жакындарынын ортосунда келип чыгап, ал сюжеттик ɵзɵктɵ чечмеленген. Натыйжада:

  • Каармандардын ички карама-каршылыктуу образын сүрөттөө аркылуу психологизм ачылып берилген;
  • Автор адамдардын ортосундагы мамиледеги карама-каршылыкты ачыкка чыгарып, окурман алдына коёт. Мисалы, эмгекке болгон кемпир менен секелек кыздын эки башка мамилеси. Бул “– күн кызып кетти, бол, тезирээк эки жакка элеңдей бербей! Шо аваңды көрбөй жүрдүңбү,” – деген диалогдун үзүмүнөн көрүнүп, эки башка муундун өкүлүнүн бир эле нерсеге карата эки башка көз карашына күбө болобуз. Дүйнөнү жаңы таанып келе жаткан, турмуштагы өйдө-ылдый менен, көйгөй менен анча тааныш эмес кыздын жан дүйнөсүндө адамдарды, айлана-чөйрөнү, ааламды, жаратылышты аңдоого болгон аракети көрүнүп турса, ал эми көптү көрүп, өмүрүнүн бир топ мезгилин жашап койгон кемпир үчүн көп нерсе көнүмүш адаттай. Ал – эки жакты караган убактысынын ордуна пайдалуурак иш жасап алгысы келген, турмуш менен алпурушуп көндүм болуп бүткөн, улгайган аял заты. Ал эми дүйнөнү жаңы таанып келе жаткан өспүрүм үчүн мунун баары – көчөнү, бакты, айлананы кароо кызык эле. Ал иштеп кышкыга каражат топтогонго караганда тегеректи карап олтуруп, баарын талдайт, ойлонот, кыялданат. Көрүнүп тургандай, автордун жазуучулук калеминин күчү менен муундар ортосундагы көз караштык карама-каршылык менен алардын жаш курагындагы кызыкчылык тууралуу да кыйыр сөз кылынат. Бул өзгөчө эне менен келининин жана эне менен уулунун ортосундагы карама-каршылыктарда көрүнөт. “Апам буга жол бербейт…” деген уулу агасына аш берүүгө батынбаса, келини кайын энесин үй тиричилигине кол кабыш кылбаганы үчүн айыптайт. Натыйжада, кемпирдин алар менен үнсүз күрөшү жана протести ачыкка чыгат.
  • Адамдын коом менен болгон карама-каршылыгы да эненин жан дүйнөсү башкалар түшүнбөгөн кырдаалдарда ачылгандан тышкары патриархалдык коомдук элементти көрсөтүүдө да белгилүү болот: “–Эне, кошуна авам эшегин эмнеге ура берет? –Анан кимди урсун, аялы өлүп калса, балдары жок болсо” . Билинбегени менен коомдо болуп келген гендердик маселени ушул кыска диалогдун бир сабында абдан билгичтик менен кыстарып кетүү менен автор коомдогу дагы бир кɵйгɵйдү – эркек кишинин үстɵмдүгүн белгилей кетет. Анткени, ушул диалогду окуп жаткан окурман эмне, эркек киши сөзсүз түрдө эле бирөөнү сабап туруусу керекпи деген ойго келет. “Аялы өлүп калса, балдары жок болсо...” деген фразада ал адам аялы же балдары болгондо ошолорду сабамак беле деген ойго да келбей койбойсуң. Экинчи тарабынан ошол адам аялынын өлүмү менен балдарынын жок экендиги тууралуу трагедиясын ушинтип эшектен чыгарып жатканы менен коомдо буга чейин болуп эле келген, бизге тааныш адам жалгыздыгы дагы бир жолу эске түшөт. Адамдык психологияда жалгыздык ушинтип кайсы бир жол менен сыртка чыгып, өзүнүн бар экендигин, ал чоӊ көйгөй экендигин билдирип турат эмеспи. Адам трагедиясы түздөн-түз деталдык жактан тереңдетилип баяндалбаганы менен ошол адам тагдырындагы трагедия кыска диалогдо ийнине жеткириле ачылып берилет да, чыгыш элдерине тиешелүү эркек адамдарынын тенденциялык мүнөзү ачылып берилген. Демек, автор эки каарманынын (кыз менен кемпирдин) көз карашын чагылдыруу аркылуу алардын контрасттык образдарын дааналаштырган. Кемпирдин репликасында кошунасынын кылыгын түшүнүү менен кабыл алган позиция байкалып турса, ал эми кыздын ички жан дүйнөсүн, мүнөзүн чагылдырган автордук баяндоодо: “Өрүктөргө жаңы гана колун тийгизген кыз эми эшекке боору оорубаган чоң энесин жаман көзү менен карады: “Урба!” деп урушуп койбойбу” … Белгилүү болгондой, автор каармандарын атайы кең-кесири сүрɵттɵɵгɵ албайт, персонаждардын диалогу же ой жоруулары алар тууралуу портреттик сүрɵттɵɵнүн деталдык толуктоолору катары функция аткарып, ошол эле учурда үчүнчү кейипкерге карата портреттик сүрөттөөнүн кызматын аркалап турушу дагы бир сүрɵткерлик чеберчилик катары бааланышы керек.

Сɵз болуп жаткан конфликттин баары эне менен согуш карама-каршылыгынан улам келип чыгып олтурат. Бул – кайын эне менене келинин ортосундагы карама-каршылык, бул – уулу менен карган кемпирдин ортосундагы көз караштык карама-каршылык. Мунун баары автордун согуш бүттү дегенде эле бүтүп калган жок, анын залдары дагы да болсо уланууда, согуш адамдардын жан дүйнɵсүн да бүлгүнгɵ учуратты, ал жараткан трагедия бүгүн да адамдар ортосундагы кɵз караштык келишпестикти жаратууда деген тариздеги негизги айтайын деген идеясы барып келип, ар бир коомдун мүчɵсүнɵ – жакыныңа, тууганыңа, дегеле чала таанышыңа деле аяр мамиле кылалы, кɵңүлүн оорутуп албайлы, эски жараатын жаңыртпайлы, колдон келсе ага жардам берип, жан дүйнɵсү каалап турган нерсеге мүмкүнчүлүк берип коюуга эмнеге болбосун деген оюн туюндурат.

Автор чыгармасынын архитектоникасында согуш, эмгек, сүйүү, үй-бүлɵ темасын гана кɵрсɵтүп тим болбостон ушул темалардын алкагында адам турмушунун баардык жагдайларын камтып, ал тарбиялык маани берип турат. Элдик каада боюнча жакшы кабар келгенде берилүүчү сүйүнчү башкы каарман тарабынан атайын аспиеттелип даярдалып, ак жүз аарчыга оролуп катылат. Бул акча күнүмдүк турмушка керек болгон учурда да сыртка чыкчу эмес. Эне аны ар дайым жан чɵнтɵгүнɵ катып алып, сыйпалап жүрɵ турган. Ушул иш-аракеттен эле эненин баласына болгон чексиз сүйүүсү жатканын байкоого болот. Уулунун ɵзүн кɵрбɵсɵ да ал тууралуу эки ооз жакшы кабарга да жанында болгон акчасын кармата берди: “…Жыгылган тейде чөнтөгүн сыйпалап, бет аарчыга түйүлгөн пулун калтыраган колдору менен Мамат араккечке сунду.

– Ме, айланайын…” Ушул эпизод чыгарманын маанилик масштабын андан ары дагы тереңдетип, жогоруда айтылгандай, автор социалдык кɵйгɵйдɵн, адам жан дүйнɵсүнүн трагедиясынан бɵлɵк уулу согушка кетип кайтпай калган эненин же карапайым кыргыз кемпиринин кең пейилин кɵрсɵтүү менен бүтүндɵй кыргыз элинин философиясын, психологиясын да айкын чагылдырып бере алган. Ушул сүйүнчү берген эпизоддо кыргыз элинин жакшы кабар алып келгенди эч качан куру койбогон, колунда бар оокаты менен сыйлаган каадасы кɵрүнɵт.

Чыгарманын тили көркөм, анда эпитет (шыйпыры жок үйлөр үстү, Ширеси таарга жабыша түшкөн өрүктөр, кызыл бөйрөк сары өрүктөр, узун жайык тактайлар, данектүү сөөк, “эттүү” курмайы өрүктөр, атлес көйнөк) диалектизм (шамалбак, көчө-көй, ава, баргек, курмайы, идара, шо, шул, көрбөй жүрдүңбү, саар-кеч, көз каратты), туруктуу сөз айкаштары (“күн кызыгыча”, сары майдай сактап), тууранды сөздөр (дарбаза “шарак” ачылып), табу (“кийинки өрүк бышыгы маалда кемпирди там башынан көрбөй калдык…” “…Чоңойо түшкөн небере кызы өзү жалгыз өрүктөрдү бирден кармап, ичинен данегин сыгып алып, күн кызыгыча шашып, баш көтөрбөй иштеп атат”) деген сыяктуу троптун түрлɵрү, тилдик-стилдик каражаттар чыгармада жыш учурайт. Бул – чыгармада колдонулган көркөм сөз каражаттарынын толук эмес мисалы. Албетте, булар чыгарманын кɵркɵмдүгүн арттырып туруучу негизги элементтер болуу менен автордун окуяны, кейипкерди, кырдаал-шартты элестүү, даана, кɵркɵм берүү мүмкүнчүлүгүнүн жогору экендигинен кабар берет.

Ошондой эле чеберчиликтин бири, сүрɵткердин чыгармасында образды ачууда же ойду берүүдɵгү дагы бир таянуучу каражаты – бул вербалдык эмес каражаттардын ыктуу колдонулушу. Чыгарманын текстинде кездешкен  “жаман көзү менен карады”, “жоолугун оӊдоп, акча түйүлгөн бет аарчысын кармап койду”, “…чыгат да тээ алыстагы чоң жолдон айылга бурулган жерди тиктеп отура берет. Көшөрө жол караган көзү талып кеткенде, көтөрө чыккан ийигин ийире баштайт. Анда деле көзүн жолдон албай утуру бир карап алат. Кокус жат машине айыл жакка бурулуп калса жүрөгү дүкүлдөп, уулу азыр ошол машинеде кирип келчүдөй шатыдан шашып түшүп, жоолугун оңдоп, ай-буйга келбей, айылдын идарасына жол тосуп жөнөйт”, “телмирип отурган”, “ордунан тура албай калды”, “колун пешенесине коюп алып, дагы карады”, “колун чоң жолду көздөй сермеп…”, “…Колун пешенесине алып бет алдын телмирген эне ындыны өчө жол четине отура калды”. “Кемпир эми ийигин көбүрөөк ийирип, коргондон чыкпай отуруп калды”, “Кемпир чөнтөгүнө колун салып, акча түйүлгөн бет аарчысын кармап койду”, “Кемпир ордунан олдоксон тура калып, колунан таягы ыргыды, буттары шилтенбей, почтонун эшигине жетпей жыгылып кетти”, “…Жыгылган тейде чөнтөгүн сыймалап, бет аарчыга түйүлгөн пулун калтыраган колдору менен Мамат араккечке сунду”, “…Кемпир жер тытып, озондоп ыйлап жиберди» деген сɵзү жок жалаң кыймыл-аракет, ишаарат, жест-мимика гана чагылдырылган сүрɵттɵɵлɵргɵ абай салганыбызда кемпирдин үн-сɵзү жок уулун күтүп гана жүргɵн образына туш болобуз. А аныгында деле ошондой. Кемпирдин сɵзүн сюжеттик ɵзɵктү аңтарып жатып деле таппайбыз. Анын ачык диалогго чыкканы болгону небере кызынын кɵчɵгɵ алаксыган кɵңүлүн ишке бурган эпизоддо, уулум танка айдап келе жатат деп чоң жолдун бурулушуна чуркап жɵнɵгɵн эпизоддо, Мамат аракечке “Ме, айланайын…” деп сүйүнчү сунган эпизоддо гана кɵрүнɵт. Алар дагы – кыска, чолок репликалык гана фразалар. Ал эми небереси болсо анын эркелете ырдаган ыры менен эстейт. Калган баардык учурда кемпир унчукпай олтуруп, эч кимге зыянын тийгизбей ɵзү менен ɵзү болгон каарман. Ошого карабай анын ички психологиялык абалы укмуш сонун, даана, ачык боектор аркылуу тартылган. Анын көп сөз сүйлөбөгөн турпатында коом менен, жакындары менен тынымсыз күрөшүп келген, көгөрүп өз позициясынан, жүрөгү каалаганынан тайбай, акыркы демине чейин уулун күткөн алсыз кемпирдин күчтүү образы жатат. Ошол ачык боёктордун функциясын чыгармада дал ушул вербалдык эмес каражаттар аткарып турат. Анын кыймылы, жасаган ишарасы жан дүйнɵсүндɵ болуп жаткаан уйгу-туйгу абалын, уулун зарыгып күткɵнүн, уулу менен жолугуучу күндү ар бир мүнɵт сайын эңсеген толгонууларын ачыкка чыгарып, натыйжада кɵп сɵздү деле талап кылбайт. Мына – жазуучунун сүрɵткерлик, образ жаратуучу дагы бир чеберчилик касиети.

Аракечтик, кайдыгерлик, адамдар ортосундагы мамиле, эмгек (өзгөчө баланын эмгеги) темасынын фонунда жогоруда биз учкай сɵз кылган кɵйгɵйлɵр менен идеялар чебер синтезделип, бир караганда сезилбегени менен чыгарманы абай салып окуган кишиге кат-кат ой камтылганы менен бул Т.Шайдуллаеванын “Күтүү” аңгемеси баштан-аяк турмуштук типтүү кырдаал-шарттардан, логикалуу мотивировкаланган сюжеттик курамдан жана типтүү каармандардан, символикадан турган чакан кɵлɵмгɵ мол мазмун камтыган кɵркɵм чыгарма болуп саналат.

 

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Вулф В. Своя комната – Введение в человеоведение. Проект Ага Хана “Человековедение” – Бишкек, Душанбе, Алматы–2011 – 43-49-беттер
  2. Шайдуллаева Т. Балакана. Аңгемелер. – Б.: “Турар” – – 184 б.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.