Рюноскэ АКУТАГАВА: “Бисэй ишенгендей”
(аңгеме)
Бисэй аны көпүрө астында күтүп жатты.
Анын так төбөсүндө жарымына дейре чырмоок гүлү оролуп өскөн көпүрөнүн бийик таш тосмосу артынан ары-бери өткөндөрдүн аппак узун көйнөгү батып бараткан күнгө жаркырап, этеги сыдырым желге желбиреп илең-салаң көрүнө калып жатты… Анын баратканы көрүнбөйт.
Бир аз чыдамы тая түшкөн Бисэй кайыктар бир ордунда чайпалып турган мемиреген дарыя боюна басып келип, суу бетин мелтиреп тиктеп калды.
Дарыя жээктеп жыш өскөн камыш арасынан калың топтошуп өскөн чырпыктуу талдын бутактары ар кайсы жерден көрүнө калат. Кенен дарыя эки тарабын жээктеп жыш өскөн камышка кысылып калгандай көзгө ичкерип көрүнөт. Бетинен асмандагы үзүктөй булут чагылып турган таптаза суу камыш аралап жай акканы байкалат… Анын баратканы көрүнбөйт.
Бисэй суу бетинен ары көздөй кетти да, узатасынан кеткен кумдуу кууш жээкте күүгүмгө улам сүңгүп бараткан мемиреген тынчтыкты тыңшап ары-бери басып жүрдү.
Көпүрөдөн өтүп бараткан бир жан жок. Жанатан бери угулуп жаткан адамдын баскан үнү, туяктын дүбүрттү, арабанын калдыраганы кан буугандай тып басылды. Эми бир гана сыдырым желдин үнү, камыштын шамалга шуудураганы, суунун жай шарпылдаган шоокуму угулуп, кайдандыр бир жерден көк кытандын чыйылдап ачуу сайраганы анда-санда угула калып жатты. Бисэй тык токтоду: чополуу кум жээгине акырындан илгери жылып кечкисин дайра кирип баштагандай… Анын баратканы көрүнбөйт.
Ачуудан кабагы түнөрүп үтүрөйгөн Бисэй көпүрө астындагы күңүрт жээкте тез-тезден баса баштады. Ал убакта кирген суу жээкти улам акырындан өз кучагына алып, жээкти көздөй дайра ташкындап баштаган. Анын таманы таза суу астында калган муздак баткакка малынды. Ал өйдөнү тиктеди. Асманда батып кеткен күндүн ыраңы эбак өчүп, бозоргон асман фонунда көпүрөнүн таш тосмосу карарып көзгө даана урунат… Анын баратканы көрүнбөйт.
Бир маалда Бисэй тык токтоду.
Анын бутуна оролгон суу эриген коргошундан бетер муздак жылтылдап, көпүрө астында улам күчтөнүп акырындан кире баштады.
Жаалданып кирген суу чай кайнам убакытка жетпей анын тизесине, андан соң курсагына, кийин көкүрөгүнө дейре омуроолоп кириши талашсыз. Жок, кирген суунун деңгээли эми эле тизеге чейин көтөрүлө түштү, дайра бетиндеги толкундар анын тизесин кучагына алды… Анын баратканы көрүнбөйт.
Бисэй өчүп бараткан үмүттүн акыркы учкундарына жетеленип төбөдө турган көпүрө тарапты тиктеди.
Анын көкүрөгүнө дейре кирген суу бетине кечки иңир эбак уюлгуп, закым сыяктуу туман арасынан талдын бутактары жана жыш өскөн камыштын кайгылуу шуулдап жатканы угулат. Бир маалда Бисэйдин мурдуна бир тийип, аппак курсагын чандайтып суу үстүнө секирген балык анын төбөсүнөн бир көрүнүп жок болду. Көктөн бирин-серин жылдыз бүлбүл жанып, жака белине чырмоок гүлү оролуп өскөн көпүрө тосмонун карааны да караңгыга суюлуп жоголуп баратты… Анын баратканы көрүнбөйт.
Түн ортосу дайра жээктеп өскөн камыш менен тал ай нуруна жарып турган маалда сыдырым жел жана дайра агымы акырын шыбырап Бисэйдин денесин деңизге аярлап алып жөнөшкөндө, ашыктык азабын тарткан Бисэйдин жаны көккө көтөрүлүп, асмандын так жүрөк толтосунда суйкайган Айды көздөй сызып баратты. Денеден байкатпай суурулуп чыккан жаны дарыя жээгиндеги баткактын, таза суунун жыты абага кандай жай көтөрүлсө, дал ошондой үн-сөзү жок мемиреп бозоргон асманды көздөй жылып баратты…
Ошол адам жаны бир нече миңдеген жылдар бою чексиз сандагы түрдүү жандыктардын жанына айланып олтуруп, маңдайына кайрадан адам жанына айланышы буюрган экен. Азыркы менин денем дал ошол жанды өзүнө батырып жүрү. Андан бери канча мезгил алмашса да, ага окшоп менин да эчтекеге шыгым жок: күнү деле, түнү деле кыялымда эңсегенимден күдөр үзбөй жашап келем. Кеч күүгүмдө көпүрө астында эч качан келбеген ашыгын күтүп жүрүп өлүп кеткен Бисэйчесинен кыялымда жашаганды күтүп, үмүт менен жол карап өттү күндөр.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ
Сүрөт “Кандинский” ЖИ жардамы менен жаратылды