“Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!”
(“Августтун сегизинде” деген аңгемени окугандан кийинки ойлор)
Аңгеме чакан болгону менен аябагандай түйшүктүү жанр. Көлөмү кичине же чоңдугуна карабайт, ички пайдубалындагы топурак, кум, таш, цемент ж.б. курулуш материалдары сыяктуу жана кандай устанын колунан чыкканы баалангандай, аңгеменин композициясына, тилине, баяндоо манерасына эң башкысы жазуучунун жеке стилине байланышат. Анын сюжетинен, композициялык түзүлүшүнөн алынган маани-маңыз жана идеясын ар бир окурман өзүнчө кабылдайт, өз алдынча чечмелейт.
Жазуучу жана журналист Алимжан Алибековдун калеминен чыккан кызыктуу аңгемелерин социалдык тармактан окуп жүрөбүз. Айрыкча анын “Августтун сегизинде” аттуу аңгемеси окурманды эрксизден өзүнө тартып турат. Жалаң диалогдон туруп, аттары аталбаган, бейтааныш адамдардын маегинен куралган аңгемедеги артыкчылыктар кайсылар деп ойлоорсуз. Диалогдор тамаша, шакаба, мыскылга жуурулуштурулганы менен (баткендик аялдын кебинен улам) “бекерчиликтеги бекер кептегидей” кабылдоого таптакыр мүмкүн эмес.
Чыгарма борборго жол тарткан жолоочулардын таксиге отурган жеринен башталат. Бир аял таксиге отурары менен узатып келген кызы терезеден баш багып:
— Гамшиңдап ар баалани айтпай жөн кеттиң! – дегени бир мандемден кабар берет.
Айдоочу Баткенге жаңы кызматка дайындалган таластык жигит. Баратып, жок дегенде жол акысы “бензиниме чыгып калса” деген үмүттө туш келген жолоочуларды унаасына отургузат. Алдыдагы орундукта жашыраак келин, артында керкидандык жигит, баткендик аял жана дагы бири аңгеменин автору – жазуучу.
Белгисиз аял ачык-айрым, сыр жашырбас, сүйлөбөсө тура албаган неме экенин баамдаса болот. Каарманын автор минтип сүрөттөйт: “Кетирекей мурдуна чоң көз айнекти кондуруп, кызыл гүлдүү көйнөгүнүн жакасын төөнөгүч менен бекем төөнөп койгон, чарчы бойлуу баткендик эже”. Ал Дордойдогу кызыныкында жашап, кошуналардын бири-биринен кабар албаганына, бири-экинчисине кирди-чыкты кылбаганына бушайман болот. “Шаардиктариң курусун! Кызым Дордойдо бирөөдүн үйүндө турат… Битта тамаркада он бешта үй бүлө жашайттар. Тоова! Бири -бири менен пакас иштери жок!”. Бир короодо он беш чакты жаш үй-бүлө батирчи (квартирант) болуп жашап жатып, кантип катташпайт? – деп, сарсанаа батып, мындай дейт:
— Нооруз күнүндө беш кила гүрүч даамдап, баарин чакырдым. Чилдирман жок жанымда. Табакты чилдирман кылып тартып бердим.
Аял айыл-кыштактардан борборго барып, тиричилик кыла баштаган жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо турмушуна, кыял-мүнөзүнө таң калып, ичинен аны жерип, жактырбай, кантсе да аларды катташтыруунун жолун табат. Баткендик аялдын мындай аракети ушул заманда биздин улутка таандык мүнөз-сапаттар: боорукердик, мээримдүүлүк, меймандостук, адамгерчилик, ыймандуулуктун жоголуп баратканынан, анын ордун кайдыгерлик, мерестик, бири-бирине артын салган кенебестикти, адамгерчиликсиздиктин жайылып баратканынан кабар берет. Адеп-ахлак, таалим-тарбия деградациясынын күчөп баратышына каршы турууга болобу? Аялдан ошол короодо жашаган эч ким, эч качан мындайды күтпөсө да, өз эрки менен жашынын улуулугунан улам кошуналарды тааныштырып жатпайбы. Эгер аял болбосо, алар канчага чейин бейтааныш кишилердей бири-бири менен иши жок, бири-бирине мээрим бербей, күн өткөрө бермек… Табияттын дегредациясына кошул-ташыл болгон адеп – ахлактык, таалим-тарбиянын дегредациясынын акыбетинде эмнеге алып барарын пенде туйса-сезсе деле анын жан-дүйнөсүндө эчтеме болбогондой, бейкапарлык өкүм сүрүп жатканына эмне деш керек?
Баткендик аялдын сүйлөө манерасы, кеби, кыймыл-аракети менен учурдун көйгөйүн, айтып-деп, көрүп-билип күрөшө албай жатканыбыз жалганбы? Аны жазуучу калемгерлик таланты, сезимталдыгы, ой чеберчилиги, адабияттын тили менен кашкаята ачып таштады. Ушерде дагестандык улуу акын Расул Гамзатовдун (“Менин Дагестаным”) “Тема бергиле дебе, “көзүм жок, көз бергиле!” деп, айтканы эске түшөт. Чыгармадагы өзөктүк ойду болгондо да каарманынын кеби менен айттырып отурат:
— Ат-Башыдансыңбы, Алайдансыңбы, баары бир кыргыздын баласысың, салам берип жүргүлө.
Алыскы жолду кыскарталы деген тилекте таксиде бараткандардын баары аялдын сөзүн кунт коюп угуп баратышты. Анткени, аял Баткендин диалектиси менен бир эсе ширин, бир эсе түшүнүксүз, бир эсе күлкүлүү, бир эсе күйүп-бышып, чын дилден сүйлөп келатты. Анын сөзү калетсиз эле.
— Ошетте отуруп, таанышып жатпайбы! Силер каяктан болосуңар, биз минияктан болобуз дешип.
Баткендик аял элетте жашаса да, “Адам болоор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар…” демекчи, “Алыскы туугандан жакынкы кошуна” деген принципти карманат, ынтымак-ырашкерликти туу тутат, аял-эне, аял-насаатчы, аял-тынчтыктын тарапкери катары биримдикти баалайт. Ал эми көртириликтин айынан кошуначылыктын салт-наркын, эрежесин эсинен чыгарган жаш үй-бүлөлөрдүн бири-экинчисинин саламын күтүп, тымызын тирешкендеринин көзгө көрүнбөс, колго кармалбас бет пардасын ыргытып таштабадыбы…
Ал гана эмес, чогуу келаткандардын баарынын бүйрүн кызытып, сөзгө тартты.
— Сооп иш кылыпсыз, апа! – деди алдыда отурган келин.
— Ушу сооп деп калдың, кызым, көзүм менен көргөн бир окуяны айтып берейин.
Таксиде отургандардын баары кулагын төшөп, “шашпай айтыңыз” деп, шыпшынып калышты.
— Нимеге шашат эдем? Болгонуну болгондой айтам да. Дордойдо ниме көп, даваатчы көп экендер. Эки күндүн биринде “Үйдө эркек киши барбы, болсо чакырып коюңдар” деп, жаш эле туруп сакал коюп алган даваатчылар келе береттер.
Баткендик аялдын баамчыл, сезгичтигин караңыз, кызыныкында жөн жүрбөптүр, айлана-тегерегинде эмне окуялар болуп жатат, кимдин кимдер менен мамилеси бар, кыскасы, баарын аңдаштырып, байкап жүрүптүр. Ошол даваатчылардан бирөө короодо кошуна жашаган тигүүчү кыздарга барып: “Тапканыңар харам болот, жок дегенде ника кыйып коюш керек” десе, кыздардын бирөөсү анын бал тилине алданып, ишенип алат, бой салып берет. Даваатчы күндө кыздардыкына келип, тамагын ичип, курсагын да тойгозуп жүрө берет. Күндөрдүн биринде анысы кыздын боюна бүтүп калганын билгенден соң, көздөн кайым болот. Алданып калган жаш кыздын тагдыры эмне болоорун окурмандар өздөрү боолголоп турушса керек.
— Дин жолундагы адам да ушундай кылабы? – алдыдагы келин аябай кабатырланды.
Жолоочу келиндин сөзүн окурмандар деле коштомок, анткени дин жолунда жүргөндөр таза, ыймандуу, бирөөнү алдабаган, бирөөнүн акысын жебеген, Исламдын ибадаттарына амал кылып, турмушунда аткарат деген ойдо болушат. А иш жүзүндө даваатчылардын ичинен бирөөсү каратып туруп, “сууну булгап жатпайбы?…”
Көрсө, кыз-келиндер бети-башын чүмкөнүп, эркектери араптарды туурап, сакал-мурутун өстүрүп, дамбал-ыштанды сүйрөлтүп кийип, эл көрсүн, эл билсин деп, көпчүлүккө ыймандуу, дин жолунда жүргөндөй көрүнүш үчүн, жалпынын көзүн боёп, жеке кызыкчылыгына келгенде ыйманына “көз жумуп” койгондор толтура экен.
— Ону бир айтасиңби, эки айтасиңби! Энди болор иш болду да! Кыздын апасы ийласа, жанинда туралбайсың! Зорго соороттук! Кызың өлүп калды беле? Нимеге ийлайсиң? Өзүгө катта сабак болду! Шундан кийин өзүгө ушар болот дедик.
Адабият жер жаралгандан бери адамдын сырткы кийим-кечесине, жүрүш-турушуна, кызматы менен мансабына карап, анын ким экенин айтып айтып бергенге болбой турганын далилдеп келет. Анын жан дүйнөсүндөгү адамга таандык жакшы касиеттер, түзүк сапаттар, атына заты туура келген ички түркүктөрү болбосо, кантип баа берет? Аның сыңарындай баткендик аялдын кең пейил, колунан келсе эле бирөөгө жакшылык кылганга даяр экени төмөнкү диалогдон байкалып отурат. Аны менен чогуу келаткан Аравандын керкиданынанмын деген айылдык жигит, аялынын айылда жашагысы келбей, күйөөсү менен таарынышып (бир эле себеби ушул), бир кызын алып, төркүнүнө кетип калган. Өзү кызылкыялык экен.
— Кой, икам, бактысы бүтүн экен деп атса, адамды ийлатасың да. Дыкат бово, кеткен катын келет, атасынын үйүгө батат дейсиңби! Шопур икам, сен Кызыл-Кыя менен өтөсүң да?
— Ооба.
— Кызыл-Кыя менен өтсөң, анда бу икамди катыны менен жараштирип кетели! Сооп болот! Эркек киши ичпесе болду. Ичкени бовойт.
Так ушерде аял агынан жарылды, ал өзүнүн турмушу башкаларга сабак болсун деген тейде жан-дүйнөсүндөгү ташпишин, жан сырын айтып таштады. Күйөөсү өмүр бою ичип жүрүп, каза болгонун, өмүрүндө анын жакшы сөзүн укпай, жылуу мамилесин көрбөй, “ат тепкен бешенесине” чыдап, үй-бүлөсүн бузбай, жашап келди. Мындай аялдар миңдеп саналат. Аял киши үй-бүлөсүн, балдарын өзүнөн да жогору коюп, энелик инстинкттин жетегинен чыга албай, баарын көтөрөт, баарына чыдайт, баарына түтөт. Айрыкча айыл жеринде тээ илгертеден калган көз караштар, мамилелер аял кишини чырмап, туткундап келатат. Аялдын эмансипациясы көтөрүлдү деген менен жашаган жериндеги чөйрө, тууган-урук, куда-сөөк, тааныш-билиштери кыскасы, аялдын этек-жеңинен тарткылап турган каада-салттык чынжырлар бошошо элек.
— Касал болуп өлсө кана! Отуз жыл аракты өлгүдөй ичти. Шонтип жүрүп малканага жетпей тынчыптыр.
— Жаман болгон тура!
— Ийлайин десем, көзүмөн жаш чыкса кана, адам өлгөндө кылган жакышылыгын эстеп ийлайт экенсиң да! Тойдун эртесиден калтактаса, күндүгө кайип болсо, нимесине ийлайм! Кайра ичимден бир сүйүнөм, энди өзүм каалагандай жашаймин деп.
Аракечтик – социалдык оор маселе, канча кылымдардан бери чечилбей келаткан социалдык-нравалык көйгөй. Адамдын бир гана эркине байланышкан, ичкиликке берилип кеткендердин абийир, намыс, эрктик сапаттарын сындырып-талкалап келаткан айлакер жоо. Аны жеңгендер саналуу эле. Баткендик аял өз өмүрүнүн отуз жылын ичкич эри менен өткөрүп, кыздары үчүн тилин тишине катып, жашап келди. Эри каза болгондо, чын жүрөгүнөн ичкичтен кутулганына сүйүндү, анын күйүнө турган, илине турган, боору ооруй турган эч нерсеси калбаган эле.
Элде мындай сөз бар эмеспи “Күйөөсү жок аялга көлдөгү бака да айгыр болот” деген. Айылдын психологиясында буга бекем ишенишет. Аял кыздары турмушка чыгып кеткенден кийин жалгыз калганда, эртели-кеч жаныма эш болор денген ниетте Баткен шаарында жашаган бир чалга тийип алды. Анысы менен да оту күйүшкөн жок, чалдын кылык-жоругу жакпады.
— Кампири жок чалдардан күндүгө биттасы келет. Келалбаса, бирантадан айттират. Күйөөмдөн жакшылык көрбөдүм, энди шу чалдан көрөрмүн деп, мана шу Баткендин өзүндө турганына чыгып кеттим.
— Туура кылыпсыз да.
— Нимеси тууру дейсиң? Жеткен битина экен. Күндүгө тамакка өлчөп береттер. Маасисинин кыкрта жериде жамаачысы бар немеден мага бирдеме артмак беле? Базарга кеткенде, алып берген көйнөгү менен оромолун баканга илдим да, үйүдөн чыгып кеттим!
Аялдын жогорудагы сөзүнүн акыркы сүйлөмү өзүнө ишенген, намыскөй, ариетчил, чүпүрөк-чапырык үчүн күйөөгө чыкпаганын күбөлөйт. Аял жан серек, жакшы сөздүн, жакшы мамиленин кулу, аял сөз зергери аны менен баарлашып отургандын өзү жыргал. Аял – бакыт үчүн жаралган жан. “Парандалар дагын экитадан учушат, ушуну пакас эсиңден чыгарба!”деп бекеринен айткан жок. Отуз жылы арман менен өткөн аялдын бактылуу болгонго акысы бар. Ал өз бактысы үчүн күрөшкүсү келди. Аял кишинин бир чырагы жанбаса, дагы бир чырагы жанып калар… деген ниетти таш каппады. Өзүнүн сөзү менен айтканда: — Мени кампир девеңдер. Жаш элемин. Ылайыктуу адам болсо, ысык чайин дамдап, ашын пышырып бергенге жараймин… Адамга жапакеч, жакын, адамдарды сүйө алган киши гана ушинтип айта алат эмеспи.
Сөз менен алаксып отуруп, өз жерлерине да жетип калышты. Бир убакта капилет жанындагылардан эртең кайсы күн экенин сурап калды.
— Эрте августтун саккизиби?
— Ооба, сегизи!
— Саккизи болсо жуда жакшы. Битта чал келем деген. Шонго баратам!
Аял жалгыз жашагысы келбегенинен эмес, жанга баткан жалгыздыкты жерип, үчүнчү жолу бактысын сынап көргөнгө бел байлады. Ааламдаштыруу арааны ачылып келаткан технологиянын заманында адамдын пейили тарып, өзүмчүлдүккө ыктап, ал гана эмес, бала төрөп, бала багуунун түйшүгүнөн качып, жалгыздыктан жолдош издеп калган чакта, ошол көз карашка, ошол агымга карама-каршы бараткан аялды алкабай коюуга болобу? Элетте жашаган аялдардын аң-сезиминдеги энелик инстинкттин (сезимдер гаммасы) көөнөрбөй, чөкпөй келатканына балли деш керек.
Аңгемеде Баткендин диалектиси баткендик аялдын сөзү менен келиштирилип, дал өзүндөй берилген. Ал каармандын сөзү. Адабиятта каармандын кеби бурмаланбайт, так өзүндөй берүү ички тутумундагы образдын тили, дили, психологиясынын ачылышына жакындан көмөк көрсөтөт.
Чыгарма чынында чоң чеберчилик менен жазылган. Баштан-аяк диалогдордун ички биримдиги кынтыксыз иштелген. Ойду ойго чырмап, таспиеттеп өрүлгөн чачтай ар тараптуу, кынтыксыз бекемделиши, негизги маанини чыңап, кубаттандырып турат. Бирок, чыгармада айрым бир кайра карап чыга турган жерлери да жок эмес. Баткендик аялдын кеби тексттин дээрлик бардык жеринде күчтүү сезим менен айтылып, илеп белгиси ашыкча көп коюлган. Анын кандай зарылчылыгы бар, же аял эмоцияга алдырып жибердиби? Айдоочу жөнүндө айткан сүйлөмдөгү “Азыр эле аренага чыгып, жөө күлүктөй чуркап кетчү…” дегени ашыкча апыртмадай сезилет.
Чыгармачылык тажрыйбасы өр ашып келаткан, таланттуу жазуучу Алимжан Алибековдун аталган аңгемеси улуттук адабияттагы кийинки убактарда жазылган эң мыкты аңгемелердин катарын толуктап турарынан эч кандай шек жок.
Ризван Исмаилова,
филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнин доценти,
25-февраль 2024-жыл