Өнөр деген өжөр күч
(Акын Илим Курмушуевдин чыгармачылыгындагы чындык менен чеберчиликтин гармониясы)
Ушу тапта коомдук турмуштун ар кайсы өңүттөрүнө, анын ичинде маданий тармакка күн санап күчүнө кирип бараткан социалдык тармактардын тийгизип жаткан таасири изилдене элек. Азырынча пайдасынан зыяны көп болуп, сөз эркиндиги ал үчүн кесипкөй жоопкерчилик тарткандардын монополиясынан чыгып, ар кимдин колундагы эркин микрофонго айланып баратканы көзгө урунат. Көбүнчө мындай башаламан формат тазалык менен ыпластыктын, чеберчилик менен халтуранын, тереңдик менен тайыздыктын чен-өлчөмдөрүн экинчи планда калтырып, коомдук аң-сезимге кыйла доо кетирүүдө. Анткени он ит биригип үрсө бир адамдын үнү угулбай калат, таза менен кир кошулса көбүнчө кир тазарбай эле, тазалык кирдейт, кир жукпаса да бир топ зилдейт. Бирок жамандын арасынан атайылап жакшыны издегендер үчүн азыркы соцтармактардын пайдасы да бар. Дегеним, аздыр-көптүр эстетикалык табити болгон сөз ышкыбоздору үчүн мындай ит ашы кара буламык бозала массивден чыныгы акындарды, жазуучуларды, публицисттерди айырмалап алыш оңой болуп калды. Биздин замандын өзгөчөлүгүнө жараша ошондой шартта соцтармактан көзгө урунуп, соцтармакта жазып жүрүп, тилекке каршы арабыздан эрте бөлүнгөн мыкты акындардын классикалык үлгүсү – Илим Курмушуев.
Илимдин чыгармачылыгында көзгө даана көрүнүп турган үч өзгөчөлүк бар.
Биринчиси – улут үчүн күйгөн жарандык позиция, чындык үчүн күрөш, көкөйгө көк таштай тийген көрүнүштөргө жаны ачыган астейдил акындык мамиле. Чынын айтыш керек, кыргыздын башынан өтүп жаткан сыноолорду далай калемгерлер сапка тизип, кагаз бетине төктү. Бирок көбүнүн калтырган үлгүлөрү көчөгө илинген плакаттын стилинде супсак, жасалма болгонун да тана албайбыз. Мындайда чыгарма айныксыз ишенич жаратып, окурмандын жүрөгүнөн түнөк табышы үчүн автор чындап түйшөлүп, чындап толгонуп, коюлган теманы жан дүйнөсүнүн миң түрдүү элегинен өткөрүшү негизги шарт. Андан да башкысы – ошол чындыкты тайсалдабай кабыл алып, анын алдындагы жоопкерчиликтен качпай, окурманга жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таасирдүү жеткире алууда. Илим үчүн бул абал типтүү көрүнүш болгонун билебиз.
Каран күн ай, кана ошол буудан Кыргыз?
Катындары кабылан тууган Кыргыз?
Кара таандай каптаган душмандарын
Кан кустуруп Каңгайга кууган Кыргыз?
Карыларын төрүндө баккан Кыргыз.
Кайгыргандын көңүлүн тапкан Кыргыз.
Чындык үчүн чыркырап күйүп жаткан
Чымын жанын садага чапкан Кыргыз.
Ынтымактан ырысын тапкан Кыргыз.
Ырыскысын ыймандын таткан Кыргыз.
Жардыларын жат элге жалчы кылбай
Жалгыз тонун үстүнө жапкан Кыргыз.
Кыз балдарын кырк үйдөн тыйган Кыргыз,
Кыз каадасын кырк үйдөн жыйган Кыргыз.
Кыздын бир тал чачы үчүн бөөдө түшкөн
Кыңыр иштин тамырын кыйган Кыргыз.
Сөз кадырын, сөөлөтүн билген Кыргыз,
Сөзгө жыгып, сөзгө баш ийген Кыргыз.
Аялдарын эркеги жубай кылып,
Аялдары эркекке тийген Кыргыз?
Кан Манастар калкынан качып жүрөт,
Каныкейлер денесин сатып жүрөт!
Сайкалдары сайрандап кытай менен
Саунада саксайып жатып жүрөт!
Алмамбеттер арактан өлүп жатат,
Ар-намысын айрандай төгүп жатат!
Айчүрөктөр абийрин ачып таштап
Ар өлкөдөн келгендер көрүп жатат!
Ак куланы араптар минип жүрөт!
Ак күбөнү арбактар кийип жүрөт!
Кошойлору кой союп элден уурдап
Коңурбайга кошомат кылып жүрөт!
Арманы, ыйы башынан ашкан элди,
Ар тараптан айласы качкан элди.
Кашык менен чогулткан кадыр-баркын
Кайсарлары чөмүчтөп чачкан элди.
Толо тойгон кардына корстон элди,
Тоо сатканга добушун кошкон элди.
Миң сом берип ,,кайнак суу куям” десе
Миңи барып көчүгүн тоскон элди.
Туура сөздү туура деп көнө албаган,
Туура жүргөн тууганын көрө албаган,
Ыштанынан көрүнсө ырай, жүзү
Ычкырына асынып өлө албаган,
Абыкелер аң жакка баштап барат,
Арт жагына азабын таштап барат.
Кеңкелестер башкарган байкуш элге
Келечек муун көздөрүн жаштап барат!
Ырдын өзү мындагы келтирилген мисалдан кыйла узун. Антсе да мындай чоң үзүндү келтиргенибиздин жөнү бар. Көрүнүп тургандай, автор элинин өткөн күнүнө канчалык суктануу менен караса, азыркы ачуу реалдуулугун да ошондой эле кашкайта көрсөткөндөн качкан эмес. Кыргыздын мурункусу менен азыркы абалына бирдей көңүл бурулганы контрастты күчөтүш үчүн атайын жасалганы байкалат. Карама-каршылыктуу жагдайлардын тең салмагын сактап, эки жагын тең бирдей сүрөп отуруп драматизмин апогейге жеткирип, маселенин мынчалык курч коюлушуна жетишүү – айныксыз чоң акындын белгиси.
Автордун көп ырларындагы ойлору адамдыктын талабынан кайнап чыкканы көзгө урунат. Бул жагынан ал тиешелүү жыйынтыктарга башка бирөөлөрдүн жолун улагандан эмес, өз алдынча жеткен:
“Аш болбойт” акылсызга амал берсе,
Ачылат арты бир күн, шамал келсе.
Колунан келбес ишти моюндаган
Кокуйдун арсыздыгы жаман нерсе.
Жан дүйнө жалкоо болот ач калаарда,
Жандими жанын сатат аш табаарда.
Тишинин кирин соруп жашайт намыс
Тийгизбей кесепетин башкаларга….
Адамдын мыктысы дүйнөнүн өзүнө окшош, ар дайым өз алдынча жол чабат. Анткени дүйнөнүн агымы эч качан кайталанбайт. Муну индустардын акылмандары “Абсолют кайталайт, бирок өзү кайталанбайт” десе, тээ байыркы Гераклит “бир сууга эки ирет киргенге болбойт – кийинкисинде адам да башка, суу да бөлөк” деп коштой чапкан экен. Кыргыз баласы анын баарын “Аккан суу” менен “Дүнүйөдө” айтып эле келген. Антсе да ар бир доордун өзүнө ылайык чакырыктары бар. Өзгөчө биздин заман адам баласынын алдына мурда-кийин болуп көрбөгөн суроолорду койду. Алардын көбүнө жооп табыла элек. Атап айтканда, эркек менен аялдын ролу боюнча талкуу жыл өткөн сайын күчөп баратканын тана албайбыз. Анын тарыхый объективдүү да, саясий субъективдүү да себептери көп.
Илим Курмушуев кыргыз коомунда эле эмес, замандын өзгөрүшүнө жараша бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан талаш-тартыштарга жөнөкөй адам катары ой жүгүртүп, өз алдынча калыс бүтүм чыгарат:
Иттин ити “ичегиңди чубаган”,
Изиң көрсө ирип дүйнө кулаган.
Мынча неге байкуш болдуң адамзат
Мыскылдардан өмүрүңдү сураган???
Аял… эркек… кимдер алар? Адам да!
Анда эмес кеп! Алар койгон кадамда!
Ар кимиси өз кадырын билбесе
Ар кимиси өз алдынча жаман да!
“Мен аялмын,” “Мен эркекмин” дегендер,
Мээсин чукуп тирүүлүктүн жегендер!
Ким болсоң да түпкүлүгү адамсың
Ким болсоң да жол ээсисиң, кеменгер!
Ким болсоң да жоопкерчилик мойнуңда.
Кимдигиңди бетке тутпай койгун да!
“Адам” деген атың үчүн жооп изде
Ансыз аалам өзү дейди, жолбун да!
Дүйнө демекчи, “жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген сөз айтыла берип штамп болуп калды. Аныгында жарылган жердин баары эле акындын жүрөгү аркылуу өтө бербейт. Тамырына, жан дүйнөсүнө, баалуулугуна жакын нерсе гана чыныгы акындын жүрөгүнөн өтөт. Окурманга да ошонусу аркылуу жакшы жетет. Болбосо “акын деген бардык нерсеге сезимтал болот” деген зыяндуу стереотиптен улам дүйнөдөгү резонанстуу кырсыктарга, өзү маанисин түшүнбөгөн согуштарга чындап кейибесе деле “жазып коюш керек” деген принципке салып жасалма пафос менен станоктон чыгаргандай жалпы сөз менен урдурган калемгерлерди деле көрүп жүрбөйбүзбү. Тилекке каршы, андай жасалмалык жаңы жазып келаткандарда да, кыйла такшалып калган акындарда да кездешет. Бул жагынан Илим Курмушуев “жердин жарылганын жүрөгүнөн өткөрүүчү” сейсмоаппарат эмес, түшүнгөн кишиге кыска жашаган өмүрүндө конкреттүү улуттун жылаңач нерви катары колунан келишинче кызмат кылган. Мен мындай аныктамага эң ылайык келген ыраматылык Тургунбек Бекболотовдун поэзиясын билем. Турмуштун ачуу чындыгын мынчалык даана сезип, окурман журтуна ошол тейинде жеткирүү жагынан эң мыктылардын бири эле. Бул эки акын эки башка мезгилде, эки башка шартта жашап өттү, түрдүү темаларды жазды. Бирок турмуштук проблематиканы чагылдыруу, ага болгон чынчыл мамиле жагынан бул эки акындын тандаган Жолу, алган багыты бирдей болгону экөөнүн чыгармачылыгын салыштырган кишиге оңой эле байкалат.
Илим Курмушуевдин ырларынын экинчи өзгөчөлүгү – чыгармачылыкка, анын ичинде поэзияга өтө жогорку деңгээлдеги мамиле кылганында. Илим акындын жүгүн эң сонун түшүнгөн. Анысын колуна калем кармаган замандаштарына арнаган, арасында өзүн кошо сындаган ырында мындайча туюндурат:
Жерде жатып Көктөн биз үн беребиз,
Чөлдө жатып көктөмдөн гүл теребиз..
Билсек дагы “гений” деп өзүбүздү,
Биз деген бир, баягы “биз” элебиз…
Өйдө туруп ободон кыйкырабыз,
Опол тоону ороодо кымтынабыз..
Ошентип биз ойлордон ооруксунуп,
Окулбаган баракта жыртылабыз.
Пенделиктин сазынан чыга элекпиз,
Петефини жанынан уга элекпиз..
Назым менен түрмөдө жүз көрүшүп,
Байрон менен баарлашып тура элекпиз..
Жол ката кууп Жолонду, жете элекпиз.
Жолун улап Турардын кете элекпиз..
Шаркыраган ,,шапкечен” агындылар,
Шайлообектин сайынан кече элекпиз..
Көрүнүп тургандай, автор өзүнө да, өз доорундагы чыгармачыл муунга да кыйла сын көз менен карайт. Өзүнө чейинкилердин нукура баасын билип, али иштей турган нерсе көп экенин моюнга алуунун өзү – кесипкөй мамиле. Болбосо башка темада эки ооз ыр жаза элек жатып акындыгына басым кылган, өзгөчө жаштар поэзиясынын “балалык оорусун” деле көрүп жүрбөйбүзбү…
Ал акындыктын табиятына мындан да терең үңүлүп кирип, Алыкул Осмоновдун тагдырына кызыккан ырында 30 жаштын символу болгон Ак Боз атты айтылуу акындын негизги белгисине айландырган:
Чакан үй, терезеси ачык калган…
Чачылган бөлмө… шамал чачып салган.
Чачылган барактардын жан дүйнөсүн
Чачылган тагдыр чаңы басып калган.
Ушул үй улуулуктан курулгансыйт.
Ушул үй укмуш… түркүн кубулгансыйт…
Күтүүсүз өтүп калсаң, көчөсүнөн
Күрсүлдөп жөтөл үнү угулгансыйт.
Өмүрдүн Жыпарына канбай калган,
Өмүргө көптү берип, албай калган.
Ырларын толкундардан алган акын,
Ысык Көл жээгине азыр барбай калган…
Мезгилдин агымына чайып канат,
“Мен” деген жандар чөгүп, калып барат.
Бир адам минген Ак Боз арыш күүлөп
Мезгилге каршы жүрүш салып барат. .
Ак Бозду минген ээси акын эле,
Ал абдан Ата Журтка жакын эле.
Аз эле өмүр сүрүп кеткенсиген…
Аныгы – ден соолукка жакыр эле…
Жетимдик кийимин кийип, ашын ичип,
Жетпесе – жерге агызбай жашын ичип,
Балалык доорун дагы койгон дешет
Байкабай, башкалардан бачым ичип..
Ак Бозду 30унда баккан дешет,
Ак Бозго акын табы жаккан дешет.
Жээгинде Ысык Көлдүн жемин берип,
Жетелеп, далай суутуп баскан дешет.
Жазмыштын татаал жолун кезген дешет,
Жагынып жашагандан безген дешет.
Өлгөндө туруп кетип мүрзөсүнөн,
Өмүрүн таап алаарын сезген дешет.
Дүйнөнүн дүйүм сырын кош-кош ачкан,
Дүпүрөйт дүбүртү ар кыл, окшош атчан…
Аралап тобун бузуп баратканы –
Алыкул деген биздин Ак Боз атчан.
Чынында Алыкулдун тагдырына, чеберчилигине кыргыз поэзиясында көп эле акындар кайрылган. Бирок алардын эң мыктысы – Турар Кожомбердиевдин “От өчпөгөн коломто” поэмасы. Албетте, жанрдын өзгөчөлүктөрүнө жараша алп акын анда жалаң эле кейипкердин тагдырына эмес, дегеле чыгармачылыктын табиятына, көтөргөн жүгүнө, беттеген озуйпасына кеңири кайрылган. Бирок чакан поэтикалык чыгармалардын ичинен Илим Курмушуевдин бул ыры кыргыз классигинин портретин ошондой деңгээлге жеткире сүрөттөгөнү кокусунан эмес. Анткени күтүүсүз ойлор, кыска кайрыктар, бир-эки куплет менен чоң маселе көтөрүү жагынан да экөөнүн кредосу үндөш.
Акындын ырларынын үчүнчү өзгөчөлүгү – ашыктык темасындагы чыгармаларынын нагыз кыргызча тазалыгы. Чындап келсе нарктуулугу. Өмүрдүн өзүнөн чыккан, дал турмуштун өзүндөй жөнөкөй, астейдил лирикасы. Жашырганда не, жашы кыйлага барып калса да кыз-кыркын аттуунун баарына өпкө-жүрөгүн чаап, киндиктен ылдый түшүп кеткен чоң эле калемгерлердин одоно төгүндүлөрү нукура поэзиянын табиятына да, кыргыздын бийиктигине да коошпой, поп-музыканын арзан баа мисалдарындай одурайып турганы турган. Эми ошолорго төмөнкү саптарды салыштырыңыз:
Ак куум менин, ак булуттай жайкалган,
Асманыңдан арзуу жанып, Ай тамган.
Мен сени издеп Күндөй батып өмүрдөн
Мен сен үчүн Ак Таң болуп кайта алгам.
Мен бар жакка күндө сен да жөнөөрсүң,
Мен жалкыбай көнгөн жолго көнөөрсүң.
Мени тапкан тоолордогу зоолордон
Менин тапкан ырларымды көрөөрсүң.
Жол алыстыр… Жолго кетээр күн көптүр,
Жоргоң бузбай күндөп безип, түндөп жүр.
Майдаланып кеткен сүйүү чөлкөмүн
Махабаттын ыры менен гүлдөп жүр…
Бул саптардын чеберчилиги да, ичиндеги ойлордун сыйымдуулугу да, кыргыз кыртышына, улуттун түпкү тамырына жакындыгы да таң калтырат. Анткени кыргыз акындары башынан бери көңүлдүн ар кандай оош-кыйышын, асыресе ашыктык темасын табияттын түрдүү көрүнүштөрү аркылуу бергенге чоң уста. Илим Курмушуев ошол илгертен келаткан салтты улантып, көңүлүндөгү ышкысын жаратылыштын сөзү менен сүйлөп, тоолордун мамилеси менен туюндурат:
Баары жапжаш – аба жапжаш, суу жапжаш,
Баары шайыр, баары сага куракташ.
Түркөй адам таба албаган сөз менен
Түмөн ойду саймедиреп турат таш.
Баары жашыл – пейилдер да, көңүлдөр,
Жашыл бойдон өтөт тоолук өмүрлөр.
Сары көйнөк кийбейт мында күз деле
Саркеш Көктүн санаасы жок өңүн көр!
Тоолор – кербез, миң кыялдуу, бир сырдуу,
Тосуп алат бир маанайда миң түрдүү…
Тоолор менен сүйлөшө алуу – зор бакыт,
Тоолор – алптар, Ай, Күн менен тең курдуу.
Мээрбан тоолор сүйөт көңүл улашты…
Мээрим төгүп жүрөгүмдөн сылашты.
Башка сырым барк албайбы, ким билет?..
Баарын коюп сен жөнүндө сурашты.
Айтып бердим ашык кылбай, кем кылбай,
Адамзаттан жанды сага тең кылбай.
“Аман болсун ак кууң” дешип шыпшынып
Аскалар да балкып турду мен тургай..
Жогорудагы ырларга керектүүнүн баары кирген. Автор алардын техникасын да так сактап, мүдүрүлтпөй жорго жүрүш менен тегиз алып өткөн. Ошол эле учурда ар кыл темалардын таптакыр башка өңүтүн ачып, ойлорун өзү туулуп-өскөн Алайдын мөлтүр кашка сууларындай тунук, даана бергенге жетишкен.
Түрктөрдүн мыкты киноактеру Хакан Бойавдын устаттарынын бири “Өнөр = чындык + көркөмдүк (чеберчилик)” деген формула иштеп чыккан экен. Илим Курмушуевдин чыгармачылыгында бул формуланын талаптары ашыгы менен аткарылган деп эсептейм.
Тилекке каршы, Илим Курмушуев аз жашады. Айылда күн өткөрүп жаткан калемгерлерге “элеттик акындар” деп атайын бир аз текебер боек сүртүп сүйлөгөндөрдөн айырмаланып, карапайым турмушта, жашоонун кайнаган чордонунда өмүр кечирди. Оргу-баргы мүнөзү, курчтугу, бетке чабарлыгы, кээде азоо жылкыдай ала качып, кээде ката кетирип, кээде көпкө жоголуп кетип тоолору менен сырдашып элине ыр куржунун көтөрүп келген өзгөчөлүгү менен эсте калды. Ошентсе да “эл акыны” атангандардын кыйласын чаңында калтырып мыкты жазды. Ушунун өзү наам, атак, сыйлык сыяктуу сырткы атрибуттар чыныгы таланттын алдында шоона эшпей кала турганын далилдейт.
Анткени чыныгы өнөр – Илим Курмушуевдин өзүндөй өжөр нерсе.
Жыргалбек Касаболот,
“Монпарнас” журналы, N9
Cүрөт https://pixabay.com сайтынан алынды.