Кубантай Эрназаров: “Тандыр”
(аңгеме)
Жай саратан. Шидин чолок Котур-Тескейден айыл тарапка дүрбү салып олтурду. Төрт күндөн бери жалгыз кунаажын жок. Күүгө келген жоон топ буканын кууту менен бир жактарга ооп кеткенби, же өзү бука издеп дейдип кеткени белгисиз. Төрт күн катар Шидин чолок жок издеп шайы ооду, дүрбүнү көп тиктегенден көзү талып чыкты. Издебеген жери калбады. Айласы куруп чарчаган жаны Котур-Тескейдеги Кочкор агайдын чөп орчусун этектей кеткен жалгыз аяк кыя жолдо туш тарапка эриккенден дүрбү салып олтурду.
Дүрбүдөн чар тарап алаканга салгандай даана көрүнөт: Колхоздун чөбү быйыл жылдагыдан эрте башталды. Тектир тарапта колхоздун чөбү кызуу башталып, тектирдин түзүндө жайнаган адам аттуунун баары ар туштан жыбырап көрүнөт. Дүрбүдөн бир караганда эле тектирдин кыя жолунан артынан чаң сапырып бараткан колхозго караштуу үч машина өйдөлүш жолдо уңулдап баратышканы көзгө урунду. Көлдүн камышын оргону бараткан трактор моорунан капкара түтүндү бурулдатып Төкөбайдын үй тушунан көл тарапка бурула берди.
Ал эми айыл ичи дүрбүдөн караган адамга кымгуут тынч жатат. Албетте колхоздун чөбү кызыган маалда айылдан бир жандын табылышы кыйын. Райкомдон келген бир буйрук элдин баарын колхоз талаасына кубалап, бул мезгилде айыл ичи сырттан караган адамга жоо чаап кеткенсип туюлат.
Аңгыраган ээн айылды аралап Төрт-Көчөдөн жогору көздөй бараткан эшекчен киши – Шидин чолоктун аяш атасы Маликтин бараткан карааны эми Сабыттын үйү туштан көрүндү. Бая Шидин чолок айылга дүрбү салып жаткан маалда Маликтин эшекчен баратканы Төрт-Көчөнүн тоомундагы кампа туштан көрүнгөн. Эрбеңдей жүрүп ушерге жетип калыптыр. Артына беш жашар көкүрөк күчүгү Сайфулланы учкаштырып алган. Маликтин экинчи уулу Асан менен Шидин классташ, мектепте бир класста окушкан. Эшек артында атасына учкашып бараткан беш жашар бала Маликтин экинчи аялынан. Асандын апасынын көзү өткөнүнө жети-сегиз жылдын жүзү болду. Экинчи аялдан көргөнү жалгыз ушул беш жашар Сайфулла.
Маликти алгач дүрбүдөн байкаганда Бордуга баратса керек деп ойлогон. Бирок анын эшекчен карааны эми Бадачы тараптагы Токтогулдун үй артынан көрүнө түштү да, ошол туштагы үйлөрдүн бирине кирип кеткенин тал-теректен тосулуп көрүнбөй калды. Мындан үч күн алдын Чокчо-Көздүн так төбөсүнөн жоголгон кунаажынга дүрбү салып олтуруп, эшекчен эрбеңдеп бараткан Маликти Кызыл-Таштын Күнгөй тарапка кеткен жолунда байкаган. Анда да беш жашар Сайфулланы артына учкаштырып алган эле. Бир топтон кийин баласын эшек үстүндө калтырып, кайсы бир иштери менен үйлөрдүн бирине култ этип кирип кеткен барабар аяш атасынын дайыны чыкпады. Үй ээси менен чайлашып көпкө олтуруп калган чыгар.
Шидин чолок Бадачы тарапка да бир басып барып, кунаажындын бар-жогун сураштырып коймокко Котур-Тескейдин бетин тикелей түшүп келип, Сабыттын кашаасын бойлоп Бордунун оозуна келди. Азимкулдун теректерин аралай агып чыккан туптунук муздак суудан кочуштай сузуп чаңкаган жаны болушунча ичти. Бир саамдан кийин Азимкулдун кашаасын бойлой Бадачы тарапка бет алганда, жай саратанга карабай ичи кишини чыйрыктырып ушунчалык салкын, көлөкөдөн улам тийген күнгө карабай ичи кечтегидей караңгы ээн кашаа ичиндеги теректер арасынан беш-алты үйүгүшкөн иттер көрүндү. Бир канчыкты төрт-беш дөбөт ортого алып туш тарабынан ороп алыптыр. Шидин чолок карай бергенде, куйругу түбүнөн жок даңкыйган кара дөбөт Шидинге атырылып берди. Шидин жерден муштумдай ташты ала койгондо, дөбөт оюнан кайтып, арсылдап үрүп өз тобуна кайтты.
Бадачы тарапта кыбыр эткен жан жок. Эч кур дегенде жоголгон малдын кабарын айтып койгону Мажиттин үйү тарапка бет алды. Мажит өзү да, аялы да малга көздүү кишилер эмеспи, балким жоголгон мал ушулардын көзүнө бир жерден илинген чыгар. Анүстүнө Шидин чолоктун жубайы менен Мажит устанын алысыраак болсо да туугандык жайы бар. Булар кандайча тууган экенин Шидин деле жакшы биле бербейт, бир билгени: Шидиндин аялы Мажитке жакынсырап “Мажит акем” деп кайрылса, аялын “Жумагүл жеңем” деп калганын бир эмес, бир нече жолу эшиткен жайы бар. Шидиндин жубайы кайсы бир жылдары секелек кыз кезинде Мажит менен Жумагүл жеңесинин колунда үч айдай жайлоодо да бирге болушкан экен. Ошого Шидин чолок да “Мажит кайнага”, аялына “Жумагүл жеңе” деп кайрыла турган.
Акмат сарттын [1] үйү тарапка кеткен тар көчөдөн бурула бергенде, аяш атасы Маликтин эшеги Мажиттин дарбазасында байлануу турганын көзү чалды. Эшек үстүндө беш жашар Сайфулла чочойуп жалгыз олтурат. Кашаага каңтарыла байланган эшек такымын кычыштыра жабышкан ит чымындан утур жер тепкиленип, эчтекеден бейкапар.
– Салам алейкум, аяш үкам, – Шидин чолок эшек үстүндө ээрге жабыша олтурган беш жашар Сайфуллага салам жолдоп, үй тарапка бет алды. – Чоң жигит болуп калдыңбы? Асан досум жүрөбү? Жани жок досума менден салам айт.
Бала уялып жер тиктеген калыбында унчуккан жок. Башына кийгени топу, буту жылаң аяк. Шидин чолок жер тиктеп мелтиреген аяш үкасин башынан аяр сылап, Мажит кайнагасынын үйүнө кирип кетти. Мажиттин короосу жылан жалмап кеткенсип жым. Бир жан көрүнбөйт. Үйдүн өзү сыртынан кулпулап кеткенсип аңырайып бош. Үй алдындагы кенен аңыздын так ортосунан үйдү көздөй кеткен жалгыз аяк жол четинде жем чокуп турушкан жети-сегиз тооктон башка тирүүнүн кабары билинбейт. Шидин чолок итеңдей басып тооктордун жанынан өтө бергенде, тооктордун чок ортосунда бой көтөрө кекирейип турган короз Шидин чолоктун келгенин жактырбагансып башын тияк-бияка буруп карады да, анан: “Коо-кооо-кук-куук” дей салып тим болду. “Көр чолок кайдан келе калды деп жатасыңбы?” – деп койду буга Шидин ичинен. Билектей ичке суу агып жаткан чакан арыкты аттап өтөрдө, курулган эски тандыр астында жаткан байлануу дөбөт бейкут жымжырттыкты бузуп ажылдап үрүп берди. Тообо кылдым! Бирөөнү каап алсын дегенсип жол боюна ит байлап салганына жол болсун, жеңем!
Байлануу ит Шидин чолокту узатып артынан үргөн бойдон калды. Шидин итеңдей басып үй тарапка баратты. Жол эмнегедир узарып чыкты, оорукчан буту кызыл ашыктан зыркырайт. Эшик алдына жакындап калганда гана, капкараңгы үй ичинен Жумагүл жеңе сыртка атып чыкты, анын артынан аяш атасы Маликтин таз башы кылайып көрүндү.
– Келиңиз, күйөө бала! – Жумагүл жеңе илгиртпей салам жолдоду. – Чакыртпай-этпей бул жакта кайдан адашып?
– Жакшысызбы, жеңе? Бир иштер менен көрөңдөнүп жүрөм да.
– Ой, кел, Рашидин аяш уулум, кел, – Жумагүл жеңенин артында турган Малик үн катты.
– Кандайсыз, аяш ата?!
– Шүгүр, аяш уулум, шүгүр. Кел, садагасы.
Шидин чолок бутундагы коңултак кийген көлөчүн чечти да, кире бериштеги кенен сөрүгө көчүк басты. Асманда күн куйкалайт. Аяш атасы да энтеңдей басып келип, сөрү чекесинен орун алды. Дем алышы күшүлдөп оор. Бир күн кечке чалгы менен күңгөй беттин ак чөбүн чапкансып денеси шалдайып, шырылдап тер аккан желке тарабын дасоромол менен аарчып, анан бата тартканы алакан жайды:
– Кана, эмесе. Оомийин!
– Оомийин! Биз келдик балээ келбесин.
– Куш келипсиз, күйөө бала.
– Ыракмат, жеңе.
Азыр эле жайдары күлүмүш болгон жеңесинин ууртунан күлкүсү заматта тарай түшкөндө, үчөөнүн ортосун жымжырттык аралады. Аяш атасы менен капташа калган жерде бура тартып тамашалашып калыша турган, ошондон уламбы, ортону бөлүп турган жымжырттыкка карабай Шидин чолоктун маанайы өзүнөн өзү көтөрүлдү.
– Бул жакка кайсы шамал айдап келди, аяш ата?
– Менби? – деди Малик буга чочуп кеткенсип. – Баламды учкаштырып бир иштер менен келдим эле.
– Эмне иш? – деп такып сурады аяш атасын көргөндө тамашасы ичин тырмаган Шидин чолок кыткылыктап. – Мажит уста өзү жокто көөрүгүн үйлөп, такасын соккону келдиңизби?
– Аа, аяш уулум! – Малик буга каткырып жиберди. – Сөздү келтиресиң да. Така согуш колумдан келбейт, аяш уулум. Така сокконду мындай кой, минип жүргөн аңги эшегимди такалап берген адам жок.
– Аа, аяш ата! Сиз да сөздөн калбаган бир түгөтсүз да! – Шидин чолок үй менен бир каткырды. – Колумдан эшек такалаш да келбейт дебейсизби.
– Колумдан пок да келбейт, – деди аяш атасы эмнегедир кызарып-татарып жер карап.
“Мажит акем кайда?” – деп жеңесинен сурамакчы болуп, кайра сурабады. Эки-үч күн мурда Мажит, Абдирайым ашаткы, Дадабай жезде жана дагы жети-сегиз адам жүк ташыган унаанын үстүндө Сары-Ташка кой кыркымга кетип баратышканын Уу-Саз тарапта кунаажын издеп жүрүп Гүлчөнүн белинен көргөн.
Шидин чолок эмнегедир күлкүсүн тыя алгыдай эмес. Анүстүнө аяш атасы чоочунду да күлдүрүп жиберер аптиси кызыктай киши жарыктык. Эки алган окуучудай кызарып-татарып жер тиктеп олтурган аяш атасынын аптисин көргөндө, карс-карс күлүп чымчып сүйлөдү:
– Аа, билдим, аяш ата! Урустамдын катынына келипсиз анда!
– Ой, жок, кокуй! Тооба кылдым де, аяш уулум! – аяш атасы чочуп кетти.
– Эми түшүндүм, аяш ата! Урустамдын катынына эмес, Үсөн арбактын катынына келдим дебейсизби!
– Астапуралла! – аяш атасы жакасын кармап буга чындап тообо келтирди. Көздөрү чакчайып обу жок соболго чын акам таң калып акырын сурады: – Эй, аяш уулум, сага жин-пин кирип кеткен эмесби?
– Жин дегенге түк ишенбейм.
– Жин так ошол сага окшоп ишенбегендерге кирип кетчү эле.
– Ие?
– Ананчы. Катын жин кирген бейм. Эки сөзүңдүн бири “катын” болуп калыптыр.
– Катын жиндин кереги жок. Ансыз деле жинди катындын азабын тартып жүргөндө… Бир жинди эле жетет мага.
– Кожобек молдого барып, эмитен өзүңө дем салдырып кой. Катын жин кирген жаман болчу эле. Кийин чыкпай кыйнайт.
– Ал киши мени жек көрөт.
– Эмнеге?
– Бир жолу такыр эле ишим жүрүшпөй койду, дем салып бериңизчи деп баргам. Жайлоосунда экен. Дем салганы жатып: “Тамеки тартасыңбы?” – деп сурады. “Тартам” – дедим. Бир аз туруп: “Арак ичесиңби?” – деп дагы сурады эле, “Жок, кээде гана аз-маз ичип коём” – десем, мени көпкө тиктеп…
– “Кээде гана аз-маз ичип коём” дегин, түгөт, – деди аяш атасы мыйыгынан жылмайып.
– Анан эмне демек элем, бекерден арак табылса, шишенин түбүнө түшүп алып ичем деп калмак белем, Сиз деле кызык адамсыз, тооба.
– Анан эмне болду?
– Мени көпкө тиктеп турду да, анан: “Мен сага дем салбайм, балам. Кете бер” – деди. “Эмнеге?” – деп сурасам, “Арак ичсең, анда сен жинди экенсиң. Ичкен кишиге такыр дем салгым келбейт” – деп болбой койду. Беш рубль акча сунсам, албады. Кетип баратканымда: “Тиргилигин кылбай, кечке ичип-чыча берген адамдын ошентип иши жүрүшпөйт. Аракты таштасаң, ишиң дем салбасаң деле, өзүнөн-өзү жүрүшөт, балам” – деп узатып койду.
Жаңы келген келинден бетер ары-бериден айттырбай дасторкон салып кирген Жумагүл жеңе муну укканда, бир нерсеге кызаңдай кеткенсип кабагы тырчый сөзгө аралашты:
– Бакылдабай саал секин сүйлөгүлө! Урустамдын үйүнө угулат. Үсөн арбак онабу почточу бала Турдумат жани жокту ээрчип көчөдөн өтүп баратат.
– Аа, түзүк, аяш уулум, – деди жайдары күлүмүш болгон Малик дасторкондун четин түздөй. – Тамаша тамашасы менен…
– Бизге капа болбоң, жеңе, – деди Шидин чолок жеңесине карап. – Аяш атам экөөбүз капташкан жерден бир кажышып албасак, башыбыз ооруйт.
– Ошондой болсо деле! – ороң эткен жеңе челектеги кымыздан гардимга мелт-калт куюп жатты. Куюлган кымызды аксакал Маликке сунбастан, эмнегедир биринчисин Шидинге сунду: – Кел, кымызга кара, күйөө бала. Коңур-Дөбөнүн нак кымызы.
– Аа, ыракмат, жеңе. Ушуну жакшы кылдыңыз.
Мелт-калт куюлган кымыздан ууртап жатканда жеңеси үн катты:
– Аяш атаң эмнеге келди дейсиң… Жайылган тандырды ийип бергени келди. Ошонун ырымын кылып коёлу деп…
Муну укканда Шидин чолок жутуп жаткан кымызга какап кете жаздап, дагы шаңкылдап күлдү:
– Тооба кылдым, эй! Тандыр ийгендин да ырымы болот бекен?
– Ананчы, – аяш атасы капталдан чыкты. – Тандыр ийгендин да өз ырымы бар, там салгандын да ырымы бар… Алтургай чочок кескендин да ырымы бар. Баарынын өз жолу, өз ырымы болот эмеспи. Ырымы жок жердин баракаси аз болот, балам.
– Мен тандырды ырымын кылбай эле ийип салам го?
– Жаштар муну билбейсиңер, – деди Малик үнүн бир аз өктөм чыгарып. Обу жоктонгон аяш уулун эмнегедир челип алгысы келгендей корулдап берди: – Өкүмөттүн магазин унун жеп, арагын ичип жүрүп, орустан айырмаңар жок калды!
– Анда очок салганда да ырымын кылса керек? – деди Шидин чолок саал жумшарып.
– Жок. Очок салгандын ырымын кылбайт, оозун шамал тарапка каратып сала берет.
Маликтин жарты, болгондо да ушунчалык жарты өнөрлөрү боло турган. Бир өнөрү – жүрөгү түшүп катуу чочуп калган жаш балдардын жүрөгүн коргошун эритип көтөрөт. Экинчи өнөрү – адырашман түтөтүп курт түшкөн тиштин куртун күбүйт. Бир алдын Шидиндин азуу тиши да лукулдатып оорутуп, акыры чыдабай калганда Малик аяш атасына барып, аяш атасы адырашманды түтөтүп, ачуу түтүндү оозуна бурулдата үйлөп тиштеги курттун баарын илаганга күбүп берген. Бирок ошондон кийин тиши оорубай калганы чын.
Бирок тандырды ырымын кылып, анан ийиш керек дегенди бала болуп башына жүн чыкканы дегеле уккан эмес экен. Аяш атасы менен бул тууралуу тартышып көргүсү келди, бирок батынбады. Бир ирет “Эмчектеги баланын чачына жол түшсө, кемеде сүзгөн адамга ырымдатып чачын кырктырып койсо, жол түшкөнү токтойт” дегенге ишенбей бирөөлөр менен мелдеше кетип, жеңилип калган. Ырымдан көп неме жок, мүмкүн тандыр ийгендин да өзүнчө ырымы бар чыгар. Анүстүнө айылда Шидин чолоктон башкасы бүт эле ырымчыл болуп кетишпедиби. Шыпыргыны тикесинен койбо… Алдыңдан мышык өтсө, баш кийимиңди тескери кийип өтүп кет… Ача столбанын астынан өтпөй, айланып өт… Караңгыда ак бербе… Жаман түшүңдү сууга айт… Шейшемби күнү баш жуубайт… Шаршемби күнү чач кырбайт… Түнү бирөөгө карыз бербе…
Арыда ийилген тандырдын ичине бош газ баллонду солоп жаткан жеңеси тарапка таңдана карап:
– Кызык, тандыр ийгендин да ырымы болот экен да?
– Ананчы, күйөө бала! Ырымын кылып ийбесе, тандырга нан токтобой түшө берет.
– Тооба кылдым, – буга Шидиндин чындап оозу ачылды. –Мындайды биринчи угушум.
– Ээ, күйөө бала! Али билгенден биле элегиң көп, – арыдан жеңеси шаңк этти.
– Бекерден сени Шидин сүзмө, торпок дешпейт да, – аяш атасы кыт-кыт күлдү.
– Билбегениң жок ээ, аяш ата! – аяш атасына карап көз кысып жылмайды.
– Аа, аяш уулум!… Аяш атаңдын билбегени да, кылбаганы да жок.
– Мен да көптү көргөн какшаалмын, аяш ата.
– Билем. Бир бутуңду бекерден жеген эмессиң да, куу чолок.
– Ха-ха-хаа!
– “Торпок” деп ким койгон сага атты? – аяш атасы сурады.
– Кочкор агай.
– Садыков Кочкорбу?
– Жок. Берки, физикадан бергени.
– Качан койду эле?
– Мектепте.
– Садыков Кочкор менин жакын досум болот.
– Досуңуз болсо эмне кылайын?
– Жөн эле айтканым.
Жумагүл жеңе төркү бөлмөгө шыпылдай кирип кетти да, ичкериде бирдемеге көпкө күдүңдөп калды. Ал арада Шидин челектеги кымыздан эки ирет гардимга толтура куюп жиберип, бир көтөрүп тартты да, аяш атасына кайрылды:
– Түзүк, аяш ата. Мен кайтайын анда.
– Ботом, сен кайда?! – төркү бөлмөдөн жеңеси атып чыкты. – Туруп тур! Тооктон бирди союп казан асайын. Шорпо ичип, эт жеп кет.
– Кой. Кетейин, жеңе, – деди Шидин туруп баратып артын кагынганча.
– Мэ, муну кызга ала бар анда. Кийип койсун.
Шидин чолок карай салса, жеңеси бир көйнөктүк катак кездеме, кийилбеген жаңы амиркани маасы сунуп туруптур.
– О, коюңуз, жене! Мунуңузду ала албайм.
– О, кой, күйөө бала! Куттуу жерден кур чыкпа дейт. Кыз бечара сүйүнүп калсын. Мына калпакты кийип кой. Жээн менен күйөө баланы кур кетирбейт. Ошондой да ырым бар.
Колтуктай чыккан кийилбеген жаңы калпакты ача салып, Шидиндин башына кийгизе салды. Колдо шырылып кеште салынган жапжаңы калпак экен.
– Коюңуз, жене! Мунусу өтө эле ашыкча болуп кетти.
– Артык дөөлөт башыңды жармак беле. Жеңең бергенди ала бер унчукпай.
– Ала кой, аяш уулум! Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр.
– Ооба десеңиз.
Жеңеси ушунча тартуу кылып жаткан соң, алышка туура келди. Бир чети жөн салды бастырып келе калган күйөө балага эптүү сарпай сунган женесинин бул жоомарттыгына ичтен такыр эле түшүнө албай турду. Берген Кудайга жагыптыр дейт. Кайра туруп буга ичтен ыраазы болду. Тартууларды колтукка кысып, торбону жонуна асынып жөнөй берип, аяш атасына дагы кайрылды:
– Жакшы калыңыз, аяш ата.
– Барсаң жакшы бар, аяш уулум.
– Жакшы калыңыз.
Жумагүл жеңе Шидин чолокту узата дарбаза тарапка басты. Баягы жол боюнда топтошуп жем чокушкан тооктор тушка келгенде, кызыл короз күтүүсүз жерден окчундай келип, тооктордун бирин баса калса болобу. Жеңеси экөө тең жер тиктей ээрчишип баратышкан. Муну көргөндө, кантсе да аял эмеспи, күйөө баланын жанында бараткан жеңеси уялып жүзүн буруп кетти. Ошончо жерден келип, ушулар жанынан өтүп бараткандагы короздун бул кылыгына ичинен катуу кызаңдай түшкөн Шидин соо буту менен корозду тоок үстүнөн ыргыта тепкенде, эчтекеден бейкапар корозду айланчыктап турган тооктор туш тарапка пырпырап качып беришти.
Кетип баратып жеңеси ушунчалык майин үнү менен күйүмдүү түрдө өзү кеп баштады:
– Баса, тандырга топуракты Бордунун оозунан албагыла. Таш-касак чыгып кишини иттей убара кылат экен.
– А кайдан алыш керек анда?
– Өзүңөр жактан эле.
– Кара-Күчүктөнбү?
– Ооба, Кара-Күчүктүн топурагы тандырга жакшы экен.
– Мен өзүм “Кара-Күчүкмүн” да, бирок биз тараптан дегеле тандырга топурак казып көрбөптүрмүн. Онабу мектеп жактагыны айтасызбы?
– Жок. Мектеп жактагынын топурагы да жарабайт.
– А кайдан алыш керек анда, жеңе?
– Тиги Тургунбай какачтин маңдайындагы бийикте жар бар эмеспи. Ошонун топурагы тандырга жакшы дешти.
– Аа, эми эстедим! Муну Эген да мага айткандай болду эле.
– Эген сөйрүк билет бекен?
– Бир жолу печке шыбаганы Эргеш банда экөө ошерден топурак казып келишкенин айтты эле.
– Ммм.
Экөө дарбазага келгенде Шидин дарбазаны ачып, сыртка чыкты. Артынан жеңеси чыкты. Эмнегедир айттырбай кирип келген күйөө баласын эч кетиргиси жоктой. Коштошордо да жөн кетирбей, кош колдой узакка кол алышып, колун узакка дейре улам силкилдетип, аягында күйөө баласын эки бетинен өөп узатты. Менин жаман кайын сиңдиме бул тартууларды сөзсүз берип кой, менден сагынычтуу ысык салам де, куда менен кудагыйга да сөзсүз салам айт деп узакка жагалданып жылуу узатты. Чакыртпай келип калган Шидин чолок жеңесинин бул ызаатына дале ичинен жылып турду.
Жеңесинин колунан араң бошонгон Шидин чолок итеңдей басып кайра келген жолуна түштү. Ии, баса! Тандырды ырымын кылып, анан ийиш керек дегенди укканда эси оогон жаны жеңесине жоголгон кунаажын тууралуу табыштайм деп жатып таптакыр унутуп калыптыр! Эсиңе жара чыккыр, эй! Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзмөк беле. Тим кой, жүрө берсин. Букадан тажаганда, өзүң үйдү издеп келерсиң.
Коңур-дөбөнүн нак кымызы ичине киргенде жүзү тамылжып буга жумшак мас болуп, денеси ныксырап, буттары Кылыч тойтуктун буттарына окшоп ийрең-ийрең этип чалыштап кетти. Кетип баратып башына кызык ой кетти: “Демек тандыр ийгендин да ырымы болот экен да! Шидин чолоктун билгенден биле элеги али көп экен”.
Башына жаңы калпакты кийген жаны өзүн байбатча, хан хозиретлари сезип Азимкулдун кашаасы туштан өтүп баратса, баягы куйругу түбүнөн жок кара дөбөт кашаа четинде кутургандай кыпкызыл көздөрүнөн заарын чачып Шидин чолокту теше тиктеп туруптур. Көз караштар бетме-бет чагылыша түшкөндө, дөбөт Шидин чолокто алынбай калган кеги, өнбөй калган карызы калгансып, колдон келсе баса калып чайнап салгысы келип борс-борс үрүп берди. “Даңкыйкан кара дөбөткө эмнем жакпай калды экен?! Мен бул тарапка зериккенден бастырып келгенсип. Ойноп жүргөн жокмун. Келсем иш менен келдим. Үйүгүшкөн силерди атайын аңдып келди дейсиңби?!”. Ушинтип ойлогон Шидин чолок жерден муштумдай таш алып, дөбөттү уруп калды эле, дөбөт качкан бойдон капкараңгы бак ичине кире качты.
Андан ары жолун улап Сабыттын кашаасы туштагы чаң жолдо ылдый көздөп баратканда, арттан бирөө кыйкырды:
– Ээй, Шидин сүзмө!
Артка кылчайып караса, тээ Бордунун оозундагы өйдөлүш жолдо башына калпакты түрө салып баса кийген Николай полковник чалгысын такымга басып атчан туруптур.
– Эмне болду?! – Шидин да кыйкырды.
– Кунаажын табылдыбы?! – деп сурады Николай полковник.
– Жок!
– Кыпчылмадагы короодо үч күндөн бери камалып жатат дешти. Барып чыгарып кел!
– Ким камаптыр?!
– Мурзабай корукчу!
– Кыдыруудан айдап кетиптирби?!
Николай полковник башка жооп берген жок. Ушинтип айта салды да, атына камчы уруп Бордуну көздөй жөнөп калды. Бордунун оозунан суу жыгып бараткан Николай полковниктин атасы Аман далыга кетменин арта салып арык жээктеп баратат. Шымын тизеге дейре түрүп, буту жылаңаяк.
Бул кабарды укканда, өх деп жеңилдей дем алган Шидин чолок андан ары үйдү көздөй жолун улады. Кунаажын акыры табылды.
2023-жыл, декабрь
____
[1]. 1950-жылдары согуштан кийинки каатчылык заманда Алай районунун айрым айыл тургундары коңшулаш Өзбек ССРинин Анжиян облусуна караштуу райондорго көчүп барып, колхоздун малын багып иштешкен. Ал кезде Анжиян облусуна караштуу райондор бай аймак эсептелинип, айлык акы салыштырмалуу жакшы төлөнгөн. 1970-жылдан баштап гана коңшулаш республикага тиричиликтин айынан жер которуп кетишкен Алай районунун тургундары Ата-Журтуна кайтып келе башташкан. Кызыгы ошол мезгилде Өзбек ССРинде жүргүзүлгөн эл каттоодо Алайдан барган малчыларга жаңы паспорт берилип, паспорттогу “улуту” деген жерге кыргыз экенине карабастан жергиликтүү бийлик “өзбек” деп жазып салган. Балдарына берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктө да улуту “өзбек” деп жазылган. Алайга кайтып келишкен соң документте “өзбектешип” кеткен тургундарды айылдыктар тамашага салып “сарт” деген лакап ат ыйгарышкан. Мисалы, Акмат сарт, Атабай амаки, Матаз сарт ж.б.у.с.