Токтобек Үсөнов. “Дүйшөмбү”

(аңгеме)

Жашоодон алаар аласасы, берээр бересеси бүтүп, бүгүн анын бул дүйнөдөгү акыркы күнү экенин жана таң агарып, ата баштаганда эле сезе баштаган. Ал үчүн эч кандай таң калычтуусу жок, бирок, ал өзүнүн акыркы күнү так ушул дүйшөмбү күнү болоорун бала кезден эле билчү. Анткени, ал үчүн кайсы күн болбосун, коендой окшош болчу.  Ошондуктан,  келип-кетип жаткан күндөрдүн  кайсынысы кайсы күн экенине  кызыкчу  деле эмес. Болгону гана ушул дүйшөмбүнү  эстеп калыптыр…

Бир жолу  (анда секелек кези), таенеси экөө кобурашып отуруп: “Мен качан төрөлдүм эле?” – деп сураганы эсинде. Бул суроо деле башына кайдан-жайдан келе калганын билбейт. Таенеси болсо, бир саамга кабагын чытый, көзү бир жерге токтой калган дагы: “Сен дүйшөмбүдө төрөлгөнсүң…  – деген, андан аркы айтаар сөзүн жеп алгандай акырын унчугуп, – Сенин бактысыз төрөлгөнүңө күн дагы  ыйлап турган болчу анда…”

Чыгыш тарап агарып, уламдан-улам күндүн чыгышы жакындап, алгачкы нурлар ак кар баскан тик кырдуу, одур-бодур адырлардын ары жагындагы шуштугуй боз чокудан шыкаалай баштаган сайын, Айтунук  жаны өзүнөн алыстап, жана эле дүйнөгө бийлигин жүргүзүп турган караңгылыктын артынан учуп бара жатканын жон териси менен сезип жатты. Кызык… Ушунун баарын сезип, тирүүлүктөн узап кетип бараткан адам эмнени ойлонот болду экен?..

 Айтунук эмне ойлоноорун билбей жатты. Бар сезгени, бар жакшысы –жүрөгүндө эч кандай өкүнүч жок эле. Тескерисинче, бул дүйнөдөн көзү көрүп кубана албаган, жандүйнөсүн толтуруп ырахат ала албаган  укмуштарды тигил дүйнөдөн көрүүчүдөй, ичинде кандайдыр бир толкунданууга окшогон сезим мелтилдеп турган. Толкундануу  – тирүүлүктүн белгиси экенин сезди. Адам толкунданып, кубанып же кайгырганда гана өзүнүн тирүү экенин билет. Өмүрүнүн акыркы ирмемдерин ушундай тирүүлүктүн белгиси менен өткөрүп жатканына бир чети кубанып да кетти. Антпесе, анын бул жашоодо жашап, кайра минтип өлүп баратканын кантип айырмалай алат эле. Жан берээрде да, буга чейин сүргөн өмүрүндөй кайдыгерлик менен жан берсе, анын өлгөнүнүн да, жашаганын да айырмасы кайсы? Ошондуктан, ага ушул толкундануу абдан жагып, тирүү экенин, өлүп бара жатканын кубанычтуу сезип жатты…

Алы кетип, оозу кургап баратты. Түздөнөйүн десе, антүүгө алы келүүчүдөй эмес. Бирок, аракеттенбей коюсу да туура эместей сезилди ага. Эсинде, таятасы көз жумаарда, таянеси анын  башынан ылдый тазалап жууп, алдына таза шейшеп салып, түздөнтүп жаткызып койгон. Ошондо алдан тайып, көздөрү   чүңүрөйүп кирип, билинер-билинбес дем алып жаткан таятасы оозун аста кыбыратып: «Мен сага ыраазымын, – деген араң үн чыгарып, – Мен сага ыраазымын! Эки дүйнө ыраазымын…» Карегине каканактаган жашты араң кармап, таянеси да ага ыраазы экенин айткан. Ошондон кийин гана таятасы жансыз жатып калган. Эмнегедир, ошондо адамдын өлүшү жаман экенин сезбептир деле. Болгону гана, өлчү адамды түздөп жаткыруу керек деген ой мээсинде уялап калыптыр. Ушундан улам болсо керек, азыр түздөнүп жаткысы келди. Чекесинен муздак тер чыпылдап жатып араң дегенде чалкасынан оодарылды: “Эми буттарын түздөп, түз жатуу керек…”

***

Өмүрүндө эч качан ойлобогон ойлорду, ушул акыркы көз ирмемдеринде ойлонуп калгысы келди. Кырк жыл өмүр сүрүптүр. Бирок, ошонун бир күнү да азыр ойлонуп, кайра баштан өткөрүп кубанууга же кайгырууга арызбачудай.

Ой-кыялы балалыгына “чуркады”. Жаз чыккандан, кыш келгенге чейин  жайлоодо болушчу анда. Эки бети туурулуп, күнгө күйгөн кара кыз болчу. Ал анда, балалыктын мындан башка да учурлары болот экенин билбептир. Кийин деле биле албады. Болгону гана, бактылуу адамдарды, балдарды алдыртан карап, башкача бир умсунуп карап калчу. Калган өмүрүн да так ушинтип, башкаларды карап гана жашаптыр. Өзү качан бактылуу болгонун азыр эстей албай койду. Чындыгында, бактылуулук эмне экенин деле билбейт. Тек гана, өз ата-энеси менен  бапырап жашагандарды бактылуу деп ойлочу. Кээде ошол бактылуу адамдардан: “Бактылуу болгон кандай болот?”- деп сурагысы келчү. Ошону сезгиси келер эле. Бирок, ансыз да кандайдыр, кызыгуу же боор оору менен караган көздөр дагы башкача карап калабы деп, ийменип сурай алчу эмес.

Төрөгөнү эле болбосо, анын балалык өмүрүнө апасы катышпаптыр. Эсте калганы, кээ бир убакта гана шаардан барып калчу жайлоого. Таятасы кызы менен сүйлөшчү эмес.  Үйдүн аброюна шек келтиргени үчүн кызын жемелеп, кабыл албаса керек. Анткени, анын апасы он биринчи классында эле төрөп, Айтунук деп атап коюп, эки айдан кийин таштап баса бериптир. Кийин күйөөгө тийип, бала-чакалуу болуп алган экен. Дүйнөдө бардык апалар ушундай, анда-санда гана келет деп ойлочу окшойт Айтунук анда. Апасынын жоктугу, же анын келиши ага эч кандай кубаныч тартуулай алчу эмес. Апасы эшиктен кирип келээри менен таятасы сыртка чыгып кетчү. Таянеси экөө учурашкан соң Айтунукка:

– Кандай? – деп акырын гана бетинен өөп койчу апасы. Айтунук деле жооп катары ооз кыбыратып, баш ийкечү. Андан кийин таянеси менен апасы бир топ сүйлөшүп отурушчу да, кайра эле жолго түшчү. Кетээрде да ушунтип коштошушчу. Балким ошондо азыркыдай акылы болгондо, апасынын аны караган көз карашынан бетине чиркөө болгон күнөөсүн карап жаткандай көз карашты сезмектир?

Апасы кеткенден кийин таянеси анын  жаңылыктарын айтып берчү. Анысы Айтунук үчүн эч кандай кызык деле эмес эле.

   Жайлоого эс алганы тууган-туушкандардын жайнаган балдары келчү, ошолор менен керээлди-кечке ойногон учурлары  Айтунукка жагар эле. Бардыгы сонун экен анда. Бирок, кээде бир нерсе талашып, балдар урушуп калганда жеңелер чуркап келип, ар кимиси өз баласын  ала калып, Айтунукту урушуп ийишчү. Андайда Айтунук ыйлачу эмес. Болгон ызасын ичке катып гана туруп берчү. Ошондой убактарын таятасы байкап калса, Айтунукту:

– Ок! жатыны жаман ит, – дечү итиркейи келип жаткандай жекире карап. Таянеси болсо, небересин тим гана колдон жетелеп алып кетчү да, чатырга кийрип:

– Анан эмне ойнойсуң? Болду, эшикке чыкпай отур, – дечү. Ошол кезде үч-төрттөгү эле кыз болсо керек.

Мына ушундай эле күндөр менен өтүптүр балалыгы. Окууга да кеч барды. Аны менен тең кыздар тамга таанып, окуп калышканда гана үйдөгүлөрдүн эми эсине келгендей, Айтунукту окууга берүү маселеси каралган. А бирок, мектепти деле оңгулуктуу окуган жок. Күздүн акырына чейин таята-таянеси менен жайлоодо болот. Ал эми жазында болсо, окуу аяктай электе эле кайрадан жайлоого аттанышат. Анын үстүнө классындагылардын баарынан чоң болуп, классташтары аны өздөрүнө кошушчу эмес. 4-класска чейин балдардан шылдың угуп жүрдү. Терикчү деле эмес, көнүп калган. Бирок, дайыма кымырынып, эл алдына чыккандан корунган адаты ошол учурунан калса керек.

Сабактан “беш” алып келген учуру деле болбоптур, ошондуктан мектепти аяктаганда үйдөгүлөр чоң окуу жайга тапшыртышкан жок. Өзү деле ага куштар эмес болчу. Анткени, дагы эл алдында корунуп жүргүсү келген эмес. Ал үчүн жайлоодо, эркин жүрө бергени жакшы эле. Анын үстүнө, жайлоодо таянесине жардам берчү башка киши жок болчу…

***

Күндүн нуру бөлмөнү бүтүндөй ээлеп алды. Эми эшикте кишилердин сүйлөшкөн, унаалардын ары-бери өткөн  үндөрү угула баштады…

Дагы жакшы, ушул бөлмөдө жашап калганы, болбосо, көчөдө өлмөк окшойт. Ушул ойду ойлоп алып, жүрөгү “тыз” этип кетти. Бирок, эмнеге антип жатканын баамдай алган жок. Балким, жүрөгү кагуудан калып бара жаткандыр? Айтунукка баары бир болчу. Тек гана, сүргөн өмүрүн аягына чейин эстеп чыкканга жетишкиси келип жатты. Ансыз да бошко өткөн өмүрүнүн акыркы ушул ирмемдерин бир нерсе кылып толтуруу керек эле…

Сүйүүгө да жолукпаптыр. Кызынын  атасын эсептебегенде, ага бир да киши  назарын деле салбаптыр.

Анда он тогузда болсо керек эле… Ошол күздө кичүү таякеси үйлөнмөй болуп, жайлоодогу окшош күндөр – эки эсе түйшүктүү күндөргө айланды. Тойго камылга көрүп, таянеси улам шаарга түшөт. Болгон малды карамай, бээ саамай, уй саамайдын баары Айтунуктун мойнунда калды. Акыры, тойдун камылгасы да бүтүп, келин келди. Туугандар менен бирге, топурап таякесинин достору да жүрүштү. Ошентип, “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, бир жумага созулган үлпөт да аяктады. Бирок, ошондон баштап Айтунукка башкача бир жаңы, өзгөчө күндөр башталды.

Анткени, тойдо таякесинин бир досу эмнегедир андан карек албай карады.  Айтунук адегенде аны элес деле алган эмес. Бирок, той бүткөндөн  кийин деле ошол жигит ары өтүп, бери өткөн сайын алардыкына түшүп, кымыз иччү болду. Кымыз жутуп атып да эки көзү Айтунукта. Адегенде кыз кирбеңдеп, көздөрүн ала качып кетсе, кийин ага деле көнүп, чындап эле байкабай калчу болгон. Бара-бара Иман Айтунукка жылмая карап, сүйлөшүүгө жол издей баштады.  Балким, буга чейин мындай жылуу мамилени эч кимден көрбөгөн үчүнбү, жигиттин мамилеси кызга  жагып баратты. Кээде ал келчү тарапты карап,  күтүп калмай да адат тапкан. Бир күнү анан… той-топурга чакырылып, үйдөгүлөр дагы айылга түшүп кетишет. Адатынча бээ саап, уй саап коюп, сүт бышырып жатса, сырттан ит абалап басылып, атчан бирөөнүн келгени эшитилет. Эшикке чыкса, Иман экен! Айтунуктун, эмнегедир сүйүнгөнүн айтпа. Анткени, биринчи жолу  ошондо ал кимдир бирөөгө керек экендигин сезген. Иман да үйдө киши жок экенин күн мурунтан билсе керек, учурашып  коюп “шарт» эле ичкери кирип кеткен. Кыз адатынча кымыз куюп келип сунган.

Ошондо Айтунук анын эмне максатта келгенин билсе да кандай болот эле? Балким, боюна жуутпай коет беле? Антсе деле болмок. Бирок, ошол окуя аны жайлоонун окшош күндөрүнөн куткарып, азыркы жаткан бөлмөсүнө алып келбедиби…

Үйгө кирген соң, Иман адатынча кыздан карек албай, баягыдан да башкача кадалып карап  отурду да, анан күтүүсүз тура калып, кучактай калып туш келди өпкүлөп кирди. Айтунук унчуккан жок. Тек гана жигиттин эмнеге эле мынчалык жанталашып жатканына түшүнбөй, бирок, өзүнө бейтааныш, кайдан-жайдан келген, белгисиз бир сезимге  саал мас сыяктуу, анын кылган аракеттерине каршылыксыз тура берди. Бир кезде Иман аны чечинте баштады…

Ошентип, эртең менен денеси ооруп, төшөк булганып ойгонду… Жанында эч ким жок, жаңы эле туруп кеткендей, оруну муздай элек болчу… Эч нерсе болбогондой, жумушун кылып жүрө берди. Үйдөгүлөр тээ көз байланганда келишти. Ошол бойдон ал Иманды көрбөй калды. Атүгүл, анын бу жерден алыс айланып өтүп жүргөнүн байкачу болду. Коркуп жүрсө керек…

***

Анан калса, ошол жылдын кышы Айтунук үчүн өзгөчө болду. Кар белчеден жаап салган биринчи күнү эле, анын жашоосунда Иман кайрадан пайда болду. Бирок, дале болсо үйгө жолобой, сырттан кезигип, Айтунук малдын кечки чөбүн салып жаткан маалда, короонун аркы бетинен секирип келе калат. Же сайга сууга барса, кайдан-жайдан даяр болот да, ыңгайы келген жерден эле этегин көтөрүп кирет. Айтунукка андай учур жакчу деле эмес, бирок, жакпайт деп да айта албайт. Өмүрүндө ага жакшы мамиле жасаган, аны сагынып келген кишинин бар экенине кубанып, ошол адамга ырахат берип жатканына гана ыраазы болчу.

Кыш аяктап, ала-шалбырт жаз келген кезде, Айтунук өзүнүн денеси жайылып, өзгөрүп бара жатканын байкаган. Кийин муну таянеси да байкай калып, үңүрөйө түшкөн да, эртеси эле доктурга алып барган. Доктурдан чыккандан баштап уруп келген аны таянеси. Унчукпай келе берген Айтунук. Үйгө келгенден кийин үйдө чоң ызы-чуу болгон ал күнү. «Жаңылыкты» уккан таятасы таянесин урушуп, таянеси кычкач менен кызды көк-ала болгуча урган. Акыры жини тарадыбы, чарчадыбы, айтор, Айтунуктун бетинен чоё өзүнө каратып: «Ким ал?!» – деген ыза аралаш. Айтунук бир топко чейин унчукпай турган да, Иман экени айткан. Иман дегенди укканда таянеси ого бетер күчөп, сөөктү какшата жемелеп жиберген: «Ок, жүзүң түгөнгөн бетбак! Арам өлгүр, үй-бүлөсү бар неме менен неге жатасың, ыя?! Энеңдин кылганы эле жетишкен мага!»

Ошондон кийин Иман аялы менен ажырашып кеткенин уккан. Ошондон кийин Айтунук аны төрөөргө аз калганда гана көрдү. Алардын үйүнө ошондо жашы  отуздарга келип калган жаш, сулуучумак келинди ээрчитип келген. Көрсө, таянеси: “Баланы кандай кылсаң, ошондой жогот!” – дептир. Айтунукка да, башкаларга да өйдө карай албай үңкүйүп, жер тиктеп отурган болчу Иман. Кийин, Айтунук төрөгөндөн эки күн өтпөй, баягы сулуучумак келин баланы алып кеткен. Ошондон жарым жылдан кийин  таянеси Айтунукту күйөөгө берген.

Күйөөсү кийинки айылдагы эки аял кетирген, ичкич киши экен. Күндө ылжырап мас. Айтунук анын жанына жаткандан жийиркенчү. Таң атканда “кеч кирбесе экен” деп тилечү ошол күндөрү. Күйөөсү оңураак да сүйлөгөндү билчү эмес, сүйлөсө сөгүнүп сүйлөчү. Ал жерде көпкө чыдаган жок. Анын үстүнө, акыркы күндөрү кол тийгизип да калган болчу. Биринчи түндө эле: «Кана, жигитиң менен кантип жатчу элең, көрсөтчү бир?» – деп каткырганы эсинде. Кийин: «Не унчукпайсың, жакпай жатамбы?» – деп сабап жатып калчу.  Акыры, Айтунук бир күнү эртең менен турган дагы, таянесине качып келген.

***

Алдан-күчтөн тайып калган таянесинин акыркы кылган жакшылыгы ошол болду ага – шаарга жөнөттү. Узатып жатып: «Эх, байкушум! Эч жакшылык көрбөй жүрүп өтүп кетесиң го?! Тагдырың ушул экен, аргам канча? Бар, эми каалаганыңдай жаша. Эми эркинсиң,» – деген «шуу» үшкүрүп. Ошондо, небересине эркиндикти өтө эле кеч бергенин түшүндү бекен курган эне?…

Шаарга келгенде аны баягы сулуучумак аял тосуп алып, өзү иштеген жерге пол жуугуч кылып иштетип, батир алып берип койгон. Андан кийинки жашоосу “батирден  – жумушка, жумуштан  -батирге” болуп өтө берди. Эч бир кубанычсыз, кайгысыз күндөр. Мына ушундай күндөрдүн бир күндөрүндө ал эмне болуп ооруганын деле билбейт, айтор, күн санактан калды…

Ал жашоого дүйшөмбү күнү жаралган, кызын да дүйшөмбүдө төрөгөн, шаарга да дүйшөмбү күнү келген, ошондон бери ушул дүйшөмбүдө гана жашап келе жатат… Ал үчүн күндүн батканы менен атканы, баары окшош, айырмасы жок эле дечи…Ошондуктан тээ илгери эле ушул дүйшөмбү күнү жарык дүйнө менен кош айтышаарын да  билген…

***

Буттары толук сунулуп, шыпты жылмая карап жатты ал. Көрсө, ушул акыркы дүйшөмбүнү  ал өмүр бою күтүп келиптир. Чындыкты, бактылуулукту издеп убара болбоптур. Анткени, ал үчүн бул жашоодо чындык да, бакыт дагы жок болчу экен. Анткени, энесинин оюна келбеген жерден боюна бүтүп калгандай эле, бул жашоого күтүүсүз жерден эле келип калыптыр ал. Жашоонун, адамдардын катачылыгынын натыйжасы болуп жашаптыр. Ошондуктан, эч кимге кереги жок сыяктуу, эч жерге батпай, тексиз өтүптүр өмүрү. Эми ошол жашоонун катачылыгы ушул дүйшөмбүдө оңдолгону турат… Ушундай жооп тапканына ал кубанычтуу жылмайды. Эми ага тигил дүйнөдөн орун табылса болду…

Баса, кубанычынын дагы бир эң негизги себеби бар… Бу жерге адеп келген күнү эле, сулуучумак келин ээрчитип жүргөн кичинекей, татына кызды өзүнүн кызы экенин билген ал! Бирок, эч нерсе билбеген кишидей түр кылган. Адатынча гана, ага айтылган сөздөрдү угуп, кыл дегенин кылып, бас деген жагына басып берген дагы, өзүнчө батирге чыккан. Мына бул үстүндө жаткан жууркан-төшөк, бир кашык, бир чыныны да сулуучумак келин берген. Ал көп эле жардам берди. Ооруганга чейин, майрамдарда үйүнө чакырып турар эле. Барган сайын кичинекей, татына кыздын капасыз ойноп жүргөнүн көрүп, жан дүйнөсү тазарып, жеңилдеп кайтчу.

Жылмайып жатканынын дагы бир жөнү – мына ошол, бул дүйнөдөн тапкан жалгыз кубанычы,  кызынын бүтпөгөн дүйшөмбүдө жашабаганы…

toktobekТ.Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Токтобек Үсөнов. “Дүйшөмбү”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.