Көпөлөктүн көйнөгү, сомо таштын салмагы
(Махабат Саидрахманованын «Шаарчадагы жаз» аңгемелер жыйнагындагы ички жана тышкы дүйнөнүн тиреши)
Акыркы жылдары кыргыз адабият ышкыбоздорунун арасында аңгемелердин популярдуулугу күч алганы байкалууда. Бул проза багытындагы көлөмдүү чыгармалар мурдагыдай көп окулбай жаткандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени биринчиден күнүмдүк маалымат, анын ичинде соцтармактардагы кунт коюуга арзыбаган, бирок алагды кылган көп жаңылыктар, алардын тегерегиндеги бүтпөгөн талкуу кааласак-каалабасак да адам баласынын акыл астын толтуруп, башкага орун калтырбай койгон жайы бар. Мындайда мыкты романдар менен повесттер да башы ачылып, аягы окулбай текчеде кала бериши мүмкүн. Экинчиден андай ири чыгармалар убакытты гана эмес, тема боюнча аздыр-көптүр даярдыкты да талап кылат. Үчүнчүдөн аңгеме – авторлордун өздөрү үчүн да замандын актуалдуу темаларына тез сүңгүп кирүүнүн эң ылайыктуу куралы.
Бул жанрда жазган калемгерлер турмуш чындыгын чагылдырыш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп келатышат. Көпчүлүгү азыркы жашоонун ар кандай өңүтүн баяндоодо реализмге ыктаганы байкалат. Бирок көптөгөн көркөм каражаттарды бир учурда пайдаланып, бир жыйнактын ичинде түрдүү эксперименттерди батырган жазуучулар салыштырмалуу аздык кылат. Алардын жакынкы мисалы – Махабат Саидрахманованын быйыл жарык көргөн «Шаарчадагы жаз» аңгемелер топтому.
Китептеги аңгемелердин арасында жансыз объект кадимки жашоого байкоо жүргүзгөн парадоксалдуу көрүнүш да, конкреттүү буюмдун тегерегинде өнүккөн окуялар да, жаныбарлардын сезимдери аркылуу туюндурулган турмуш үзүндүлөрү да, каармандардын биринчи планга чыккан узак ички диалогдору да бар. Алсак, «Бөлмө» аңгемесинде башкы байкоочу – үйдүн кожойкеси эмес, үйдүн өзү. Анын бирде иретсиз чачылып, бирде шашылыш жыйналып, бирде киши келип, бирде ээнсиреп калышынан үй кожойкесинин маанайы, абалы, анын өмүрүндөгү өзгөрүүлөр билинип турат. Автор бөлмөгө адамдын көзү менен карабай, тескерисинче, адамдын тиричилигине бөлмөнүн көзү менен байкоо жүргүзөт. «Төрт бурчтук бакытта» да башкы фигура – мыймый. Аны тегеректеген майда балдар менен чоң кишилердин башынан өтүп жаткан окуялар канчалык маанилүү болсо да, чыгармада бала мышыктын туюмдарына, сезимдерине, тагдырына негизги орун берилген. «Актрисада» улгайган актриса менен анын күзгүсү, «Шоолада» таякеси өлүп, таенеси жалгыз калып жаткан аял менен Тагдыр, «Кызгылтым дүйнөдө» баш каарман менен анын кыялдары сүйлөшөт. Ал тургай булардын акыркысы иррационалдуу психологизмге жакындыгы жагынан жапон жазуучусу Такахаси Мицуконун «Көпөлөк маалы» («Сезон бабочек») новелласы менен да үндөш, бирок ага жетпейт.
Мындай ыкмалардын бири да колдонулбаган «Тартылып бүтпөгөн сүрөт» аттуу аңгемеде деле кошуна сүрөтчүгө ашык болуп, акыры тою өтсө да ага кайтып келген жетим студент кыздын сүйүүсү чыныгы турмуштагы типтүү көрүнүшкө караганда романтика менен мелодрамага алда канча жакын турат.
Ошону менен катар бул китепте жалаң баяндоо, ашык-кеми жок реалдуулукту болгонун болгондой сүрөттөө аркылуу кээде эркек-аялдын, кээде бүтүндөй муундардын карама-каршылыгын жана өз ара түшүнбөстүгүн ынанымдуу окуялар аркылуу көз алдыга тарткан таза реализм да кездешет. Атап айтканда, «Күтүүнүн акыркы күнү» аңгемесинде кыйла дымактуу, өз ишине тың, кээде сезимдерин башкара албаган албуут келиндин капыстан конокко келген мурунку күйөөсүнө кылган мамилеси башы ачык бойдон калган. Башкача болушу да кыйын эле, анткени автор койгон маселенин табигый чечилиши чын эле жок, ошондуктан окурман кимисине жан тартаарын да билбейт.
Мындан алда канча терең, муундардын ортосундагы түшүнбөстүк проблемасы «Эски керебет» менен «Таш ташыган карыя» аңгемелеринде коюлат. Биринчисинде кайненеси менен келиндеринин ортосундагы мамилелердин психологиясы улгайган аял үчүн өтө баалуу сезилген эски эмеректин айланасында ачылат. Үйдүн кожойкеси үчүн эски керебет – анын жашап өткөн бүтүндөй өмүрүнүн, андагы эң аялуу жана жанга жакын эскерүүлөрдүн символу. Аны тышка чыгарып салууну үйдүн ээси өзүн бул үйдөн четтетүү аракетиндей сезип, табигый түрдө калыптанып калган турмушун, көнүмүш жашоо калыбын коргоого өтөт. Акыры ички жана тышкы чатактын курчу кайтып, жашоо уланып, маселе өзү эле ирээти менен чечилет.
Бирок «Таш ташыган карыяда» бул карама-каршылык, анын татаал драматизми апогейине жетет. Андыктан бул аңгеме – китептеги чыгармалардын ичинен эң мыктысы, керек болсо баары бир тең, ушул аңгеме бир тең десек болот. Анын үч себеби бар. Биринчиси – чыгарма жогоруда айтылган көркөм каражаттардын бирин да колдонбостон, өңчөй реалисттик ыкмалар менен жазылганы. Экинчи себеби – формасы мазмунуна толук туура келгени, турмуш чындыгына жакындыгы. Анткени ал кыргыз коому дал бүгүнкү күндө башынан өткөрүп жаткан замандын маанилүү өңүтүн, тагыраак айтканда миграциянын таасирин чагылдырат. Башкача айтканда, бул китептеги башка аңгемелерден айырмаланып, мезгил чеги өтө конкреттүү. Баш каармандын байбичеси дүйнөдөн кайткан соң баласы үй салып, үйлөнүш үчүн Кореяга иштегени кеткен. Ал карыган атасы таш ташып жүрүп эл менен кошо салдырган тамдын ордун туура көрбөй, өзү теңдүүлөрдөн кем калбай чоң, заманбап үй салгысы келет. Кийинки муун материалдык байлыкка улам көбүрөөк умтулуп, улам көбүрөөк маани берип калган азыркы заман үчүн анын да өз чындыгы, өз жүйөсү бар.
Үчүнчү себеби – адам баласынын коомго, жакындарына, тегерек-четине пайда келтирүү, ал аркылуу жашоосунун маңызын толтуруу муктаждыгын биринчи планга чыгарганы. Аны баш каармандын жаш курагы ого бетер курчутуп турат. Анткени мезгилдин талабы, ага байланышкан реалдуулук атасы үчүн таптакыр башка алкакта – ал колунан келишинче ансыз деле аз калган өмүрүндө баласына жардам берип, аталык милдетин аткарып калышы керек:
«— Сенин келип там саларынды күтүп жашаш үчүн мен кузгундун жашына чыгышым керекпи? Аз болсо да эртелетейин дедим, ушу турган ишинди баштап, тапкан акчаңа үнөм болсун дедим, балам. Өмүр коромжу болуп жатканда акча коромжу болбой не болуптур…»
Карыянын астейдил аракети, баласына, анын келечек үй-бүлөсүнө деген жөнөкөй адамдык тилеги, кыялындагы салынган үйдүн элеси кимди болбосун кайдыгер калтырбайт. Ал «Ушул турган үй сага жетпейби, мен муну көрүмө ала кетмек белем?» деп чын дилинен таң калып турганда да, салынып жаткан үйдү ойлоп турганда да өткөн муундун өкүлү катары карапайымдыгы, топуктуулугу жагынан абдан ыманы ысык көрүнөт:
«Ичи-тышын шыбап, жылмалап, тегиздеп, сырдап койсо алда немедей зыңгыраган там болот, мен билген элдин көбүнүн үйү эле ошондой, болгону убагында чон-чоң, кенен салынган, анан кийин эле алда-немедей кылып кооздоп-сырдап коюшса турат сыр бербей заңгырап…»
Баласы атасынын салып берген тамын бузуп салгандан кийин абышка комузун гана чертип, салынбай калган үй менен кошо өз өмүрүнүн мааниси кеткенсип эски үйүндө отуруп калат. Бүткүл өмүрдүн салмагына тете, орду толгус бул боштуктун трагедиясын автор кыйла чебер сүрөттөгөн.
Ушунун баарын эсепке алганда, «Таш ташыган карыя» жыйнактагы көбүнчө аялдар темасына арналган, көпөлөктүн көйнөгүндөй сезимталдыктан тартып күнүмдүк казан-аяк кагышына чейин тартылган жоолукка салынган кара таштай салмак берип, чыныгы турмушка жакындатып койгон.
Жыйнактагы бир катар аңгемелерди баштан аяк тепчип өткөн идея – адамдын ички дүйнөсү, чыныгы каалоосу менен социалдык ролдун, коомдук пикирдин карама-каршылыгы. «Тартылып бүтпөгөн сүрөттө» күйөөгө узатылып жаткан кыз күзгүдөн өзүн өзү тааныбай, өзүн өзү жерип турса, болбой эле тегеректегилер «сонун болду» деп жаалап турушат. «Төрт бурчтук бакытта» өздөрү ала качып алып, кайра «баштан аттаба» деген коомчулуктун кысымы кийин аялдын жашоосунун маңызын кетирип, кутудагы мышыктын баласындай абалга жеткирет. «Актрисадагы» каармандардын кесибиндеги ийгиликтердин көрүнүшү чыныгы ички дүйнөсүнө толугу менен каршы чыгат. «Эски керебеттеги» улгайган аялдын баалуулуктары келиндеринин түшүнүгүнө туура келбейт. Ал эми «Таш ташыган карыяда» абышка баласы менен курулуш боюнча пикири келишпегени аз келгенсип, байбичеси көз жумгандан кийин «өзүнчө эле Олжобай менен Кишимжан болуп алды го» деп жактырбаган теңтуштарынын да түшүнбөстүгүнө туш болгонун көрөбүз.
Чындыгында мунун баары ойдон чыгарылган нерсе эмес, турмуштан алынган. Анткени социалдык роль, тагыраагы социалдык маска менен адамдын чыныгы маани-мазмунунун ортосундагы келишпестикке коомдогу, айрыкча кыргыз коомундагы стереотиптер кошул-ташыл болуп келатканы эч кимге деле жашыруун эмес. «Артисттен президент чыкмак беле», «алтымышка чыкканда саясатты сүйлөбөй эле койбойбу», «өзү интеллигент болсо, бокска катышканы эмнеси», «спортчулар бийликти сындабай эле койсо», «чыгармачыл адам деген назик болушу керек» деген сыяктуу түркөй түшүнүктөр айрыкча акыркы жылдары күч алды. Андыктан бул өңдүү коомдук маселелерди көркөм чагылдыруу милдети да али алдыда.
Ачык айтыш керек, сөз болуп жаткан китеп айрым көркөм ыкмаларды, айрыкча ички диалогду ашыкча колдонуу жагынан да, стилистикалык жактан да кемчиликтерден куру эмес. Айрыкча ырааты обу жок бузулуп, тескери түзүлгөн сүйлөмдөр бул жыйнакта көп кездешет. Ал тургай алар биринен сала бири уланып кеткен учурлар да бар. Мисалы:
«Эри адаттагыдан да токтоо эле ошол күнү. Үй-бүлөдө чоң жаңжал чыгып, аягында сөз жүйөсүнөн улам жеңилүү ызасын тарткан күйөөсү дайыма ушинтип түнт болуп калчу унчукпай»;
«Дал ушундай эле булардын турмушу. Эч кимиси эч кимисине муюп, сөзгө келе алышчу эмес чыр-чатак чыкканда»;
«Жан кейиткен жалгыздык оорусуна тушукканына бир жылдан ашты жаш аялдын. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй кетет жүрөгү мыжылып… Ушунчалык суук көрүнөт мынабу тээ алыстан тоолору мунарыктап араң көрүнгөн боппоз өрөөндөгү кечирген өмүрү» ж. б.
Ошентсе да Махабат Саидрахманованын бул китеби ар түрдүү чыгармачыл эксперименттерди жактырган окурманга да, реализмди сүйүүчүлөргө да кызыктуу болуп, өз окурманын табарына ишенем.
Жыргалбек Касаболот