Сюгоро ЯМАМОТО: “Кум тууралуу маек”
Автор тууралуу учкай маалымат: Сюгоро Ямамото (1903 – 1967) – жапон жазуучусу, чыныгы аты-жөнү Симидзу Сатому. 1903-жылы жакыр үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Каражаттын тартыштыгынан улам мектепти таштап, үйдөгү бар китептер менен өз алдынча билим алган. Карапайым турмушта табигый күн кечирип жашоодон өткөн. Алгачкы тушоо кесүү чыгармасы 1926-жылы жарык көргөн. Алгач балдар үчүн чыгармаларды жаратып, 1932-жылдан тарта чоңдор үчүн жазылган чыгармалары окурман журтунда анча бааланган эмес. Алгачкы чыгармаларын курч окуялуу жана детектив жанрда жазган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тарыхый чыгармаларга ыктап, “Балаты арчалар калды” жана “Гүлдүү килем” аттуу чыгармалары жарык көргөн. Чыгармасындагы негизги каармандар жупуну турмушта күн кечиришип, байлык менен бийликке жутунбаган, эскиден калган каада-салтты аздектеп тутунган адамдар эсептелет. Анын “Белгилүү жапон айымдары” чыгармасы жапон адабий чөйрөсүндө абройлуу саналган Наоки сыйлыгын жеңип алганда, жазуучу сыйлык-наам, атак-даңк жана байлык адамдын пейилин буза турганын айтып, сыйлыкты алуудан баш тарткан. Жараткан чыгармалары автордун көзү өткөндөн кийин гана жогору бааланып, кээ бир чыгармаларынын негизинде бир нече фильм да тартылган. 1967-жылы 14-февралда өтүшкөн оорудан улам кайтыш болуп, сөөгү эч кандай “шаан-шөкөтү” жок Камакурадагы кадимки көрүстөнгө коюлган.
Негизги эмгектери:
- “Белгилүү жапон айымдары”, (1942 – 1945);
- “Балаты арчалар калды”, (1954 – 1958);
- “Кызгылт сакал“, (1958);
- “Көк кайыктын аңгемелери”, (1960);
- “Мезгилсиз көчөлөр”, (1962);
- “Сабу”, (1963);
- “Узун чачтуу суу чаян”.
____________
– Кумда чоң сыр жатат, – деп кеп баштап калды Томи.
– Анда кандай сыр жатмак эле? – деп Кура ага суроолуу карады.
Май айынынын күүгүм кечинде деңизге балык “тебелегени” келген эки дос маектешип жатышты. Ай толгон маалда Уракасуга жакын турган деңиз бир ри [1] аралыкка дейре жээктен тартыла түшөт. Суу тартылган жээктин кээ бир жериндеги ойдуңдарга кызыл ашыктан өйдө суу топтолот да, түнкүсүн тажрыйбалуу балыкчылар тартылган жээктен балык “тебелегени” келишет. Мунун ыкмасы жөнөкөй эле: ай жарыгында ойдуңга топтолгон сууну аралай басып, ыңгайлуу жерге келгенде, соксоюп тик турасың. Ай жарыгынан качкан балыктар кудум сенден түшкөн көлөкөгө сүзүп келишип, таман тушка жашынат. Ошондо ыңгайын таап туруп, корголоп турган балыкты бут менен качырбай тебелеп калышың керек. Андан соң таман алдында тебеленген балыкты шишке сайып аласың (Автор өзү да бир жолу ушинтип балык “тебелеп” көргөн). Балыкчылар демейде камбала жана терпуга “тебелешет”, жайкысын кээде суу чаян да “тебеленип” калат.
– Мына, кумду кара! – деди Томи тебеленген балыкты шишке сайып тор себетке салып жатып, балык менен кошо алаканга сузулган кумду көрсөтүп. – Бир карасаң, кадимки эле кум. Туурабы?
– Ии, – деп күңк этти досу Кура сууга карап.
Топтоголок толгон Ай алардын төбөсүндө көктө илинип турду. Суу үстүндө каалгыган суюк туман суу бетине тегиз жайылып, Ай нуруна бүлбүл жарып турду. Алыстан бирөөлөрдүн кобур-собуру акырын угулат, демек бул кечте башка балыкчылар да балык “тебелегени” келишкен шекил.
– Билесиңби… – деп кеп баштады Томи, сууда басып баратып, алаканындагы кумга карап. – Билесиңби, кумда кадимкидей жан бар.
Кура досуна ишенбегендей карады, кызыл жүздүү, баатыр кабак, ээги калбыйган Кура анын оюн дайыма колдой турган, бирок бул сапар досунун айтканына анчейин ишенгиси жок.
– Сен ошондой ойлосоң керек да, – деп күңк этти Кура суудан көзүн албай.
– Баары ошентип айтышат, мага эч ишенгилери жок, – деди кызаңдай түшкөн Томи ордунда тык токтоп. – Баары эле бул кадимки кум да дешет. Кадимки кум эмес бул. Кумда жан бар! Кум да кадимкидей өсөт.
Кура бирдеме деп торой сүйлөйүн десе, таман тушуна балык сүзүп келип калбаспы. Аны да тебелеп туруп, шишке сайып алды. Узундугу чыканактай камбала олжого илинди.
– Кум да кадимкидей өсөт дейсиңби? – деп сурады олжосун себетке салып жатып.
– Ананчы, деди Томи. – Кум өсөт, болгондо да дарыя бойлоп агымга каршы өскөнүнө эмне бересиң? Мына кызык!
Кура ойлуу оң колу менен желкесин кашыды.
– Биздеги Нэтогава дарыясында бул анча байкалбайт, ал эми башка дарыяларды карасаң, көзгө дароо урунат. Деңизге келген кум ундай майдаланып калат, дарыя бойлоп жогору жылсаң, кум бара-бара чокмороктошуп, андан өйдө жагында катуу ташка айланып, андан дагы жогору жылсаң, кум катыган жарга айланат.
– Ии, – деди Кура өзүнчө ойго батып, – ошондой болушу мүмкүн.
– А муну эч ким байкабайт, – деди Томи.
– Дайранын агымына каршы өйдө жылгыдай, кумдун акылы бар бекен? – деп сурады Кура.
– Об-боо! Мен муну өз көзүм менен көргөм деп жатпаймынбы, – деп окумуштуу-изилдөөчү Томи айтканын далилдешке өттү. – Дарыянын баш жагына барсаң, суудан казандай чоң таштарды көрөсүң. Мурда дарыянын этегинен да очойгон таштарды көрүүгө болор эле. Элестет, мына биз турган жерде таштар жатканын…
– Ии, – деди Кура досу сөөмөй кезеп көрсөткөн жерди тиктеп.
– А бир нече күндөн кийин тээтиги жакты көздөй жогору жылып кетишти, – деп Томи жээк тараптагы куйманы көрсөттү. – Эки-үч күндө эле таш он кадамдай ары жылып жатпайбы.
– Андан ары агымга каршы кантип жогору көздөй жылат? – деп Кура ага суроолуу карады.
– Мен да ушуну башында билбей жүрдүм, – деди көздөрү жайнай түшкөн Томи бар сырын эми ачыкка чыгарып жаткансып: – Агымга каршы жогору жылгыдай кумдун же буту болбосо, же колу болбосо. Сүзгүдөй же балык болбосо. Анан ушуну бир изилдеп көрөйүн деп чечтим.
Кылып жаткан ишин унуткан Кура досун элейип тиктеди.
– Акыры мунун сырын таптым, – деп Томи кебин улады. – Бул мындай да, айталы дарыядагы сууда жардын килейген урандысы жатат дейли…
Кура үн-сөзү жок башын ийкеди.
– Дарыядагы суу тээ жогортон куймага агып келет – мунусу итке деле түшүнүктүү. А сууда жардын килейген урандысы жатат. Аны айланып аккан суу жар боорунан кумду чайкап, анын капталын көзөп агат. Бул деңизде да байкалат: жээктен тартылган толкун сенин таман алдыңда жаткан кумду ичкери көздөй шилейт.
– Анан капталын суу жеген жар бир күнү дарыяга күп кулайт? – деп анын айтканын Кура ырастады.
– Ананчы! – деп Томинин көздөрү андан бетер жайнай түштү. – Дарыянын баш жагында суу жар боорун акырындан жеп агат да, тең салмактуулугун жоготкон жар бир күнү агымга каршы жогору көздөй кулап түшөт. А суу жаныбар улам токтобой жар боорун аз-аздан жеп ага берет, ага берет. Ал эми капталын суу жеп кулаган жардын урандысы улам жогору көздөй жыла берет.
Таң калганын жашыра албаган Кура досуна карап:
– Демек, кум да өз алдынча ой жүгүртө алат тура? – деп шаңк этти.
– Албетте!
– Ушул турган кум, ээ? – Кура эңкейип, суу түбүнөн кумду кочуштай сузуп алып, астейдил карады. – Кереметиңден сенин… Буга бир туруп ишенбей кетесиң.
Айтпа, – деди Томи ойлуу. – Мен да башында кумда кадимкидей жан бар экенине ишенбей жүргөм.
– А бул менин оюма да келбептир, – деди Кура.
– Билгениң бир болсо, биле элегиң миң деп бекер айтышпайт тура, деди Томи шуу үшкүрүнүп. – Менин да биле элегим али көп экен деп калам кээде өзүмчө. Кумда да жан бар экенин байкаганда, менде ой кетти: Көрсө, көз көргөндүн баары эле биз ойлогондой эмес экен. Карасаң, кадимки эле кум, а бирок анын да жандуу өз жашоосу бар! – деп Томи ээги менен досу дале кочуштап турган кумду көрсөттү.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ
_________
[1]. Ри – жапондордун узундук бирдиги. Бир ри дээрлик 3,927 чакырымга барабар.