Александр Твардовский

Севостополь ырлары
Баары жашап аппак туракта,
Ичиндебиз аппак шаарчанын.
Баары калды эми ыраакта,
Кең талаасы жаздык арпанын.

Абасы да кычкыл башкача,
Күндөр өтүп, мезгил токтобойт.
Көрүнүшү көрктүү болсо да,
Ээн талаама такыр окшобойт.

Учкул мезгил баарын калчады,
Үзүк кылып жипти үзгөндөй…
Аппак үйлөр, аппак шаарчаны,
Ак жип менен бирөө тиккендей.

(Которгон Догдурбек Юсупов),
“Кыргыз туусу”, 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.