Жеңишбек Токтобеков, төкмө акын: “Концертиме сегизден сексен жашка чейинкилер кирет”
Маектешибиз Жеңишбек акындын жеке концерти 2-3 – мартта спорт ордосунда болот. Эгер таалим-тарбияга, акындардын айтышына суусап турсаңыз, анда Жеңишбектин концертине келип моокум кандырыңыз.
– Жеңишбек мырза, март айында боло турган коцертиңизде, элге кандай жаңылык тартуулаганы турасыз? Өзгөчөлүлүгү эмнеде?
– Концертимдин эң негизги айырмаланганы эки жылда бир болот. Экинчиден, азыркы концерттердин баары койондой окшош. Жалаң жаштар көрө турганы, жаштары жок улуу муун бара тургандары бар. А, меникине болсо сегизден баштап, сексен жашка чейинкилер кирет. Концертиме келген ар бир угарман жаш курагына карабай, каалаган ырын угуп, чер жазалат. Анан концерттер эстрада менен башталып, эстрада менен бүтүп жүрбөйбү. Меникинде болсо айтышы, ыры, күлкүсү, таалим-тарбиясы ж.б. баары бар.
– Дин багытында ырчылык өнөрдү тескери көз караш менен караган учурлар бар, Сиз экөөн тең алып жүргөн адам катары бул маселеде эмнелерди айта аласыз?
– Учурда коомубуз көп нерселерди тескери түшүнүп келет. Дин маселесинде дагы аң-сезимге сиңип калган эски нерселер айтылып жатат. Бир мисал айтайын: завод турмуш тиричиликке колдонуу үчүн бычак чыгарат. Нан, эт кес дегендей… А, аны менен бирөөлөр киши өлтүрөт. Ушул жерде сиздин оюңузча бычакты чыгарган завод күнөөлүүбү же киши өлтүргөн адам күнөөлүүбү?
– Адам күнөөлүү да…
– Ийи… ырчылык, акындыкты дагы Алла-Таала берген. Бычак сыяктуу эле бул таланты каалагандай колдонсо болот. Ыр менен дагы адамды көкөлөтүп же өлтүрүп койсо болот. Жан дүйнөнү өлтүрсө бүттү… Же сүйүү жөнүндө бары эле ырдайт, бирок, сүйүүнү так өзү эмне экенин ырдап бералбайбыз. Ооз, көз, жүрөк деген салыштырмалар сүйүүнүн так өзү эмес. Негизинен кыргыздын колоритиндеги ырлар динге каршы келбейт. Ал эми Ислам динин кысып, мечиттин ичи, теспе менен гана чектебей, кенен көргөзүшүбүз керек. Мусулман адам баарын кылыш керек. Компьютерди чагып, китептерди казып, четтилдерди колуңдан келишинче үйрөнүү менен өз динин ыйык тутуусу зарыл. Ошондо адам баласы эки канаттуу куштай болот. Биздикилер болсо бир жагын фанат катары өздөштүрүп, экинчи жагын караңгы бойдон калтырат. Маселен. светик жагын тутунуп, рухий жактан жакыр калат. Же тескерисинче…
– Сөзүңүзгө аралжы, молдолордун ырчылык шайтандын иши дегени да бар го…
– Бул бир жерде айтылып, элге тарап кетсе керек да. Себеби, молдонун айтканын кыл, кылганын жасаба деген да бар. Бул эмнеден келип чыккан? Муну бир эле молдо кылган да, ошондон лакап болуп кетти. Негизи эле молдонун айтканын жасаш керек. Ал эми анын кылганын эч ким кылалбайт. Себеби, молдо таң агарганда турат, киши өлгөндө кепиндейт, аны эч ким кылалбайт. Жогоруда айтылган сөздүн бир мааниси ушунда.
– Сиздин баамыңызда артис менен молдо дегенди эл кандай кабылдайт?
– Бул экөөсү терс көз карашты көрсөтүп калган. Буга ошол чөйрөнүн өкүлдөрү күнөөлүү. Эл арасында артис “экенсиң, ичпейсиңби” деп таң калышкандар бар. Эл артистерди ушунчалык туура эмес түшүнүк менен карап калышкан. Чындыгында артис деген – искустводогу элдин жүзү. Мавляда аттуу окумуштуу: “Кандай сүйлөсөң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсүң, ошондой сүйлө” деген. Саүнада элге укмуштай жылдыз көрүнгөнү менен, жашоосунда жылдыз болалбагандар бар. Ошондуктан молдо, артис деген сөздү калыбына келтиришибиз керек. Ал үчүн баарыбыз таза болушубуз зарыл.
– Ырчы менен думананын айырмасын кандай түшүнөсүз?
– Бул ааламдагы, жалган дүйнөдөгү көроокат, байлык-дүйнөдөн кечип, өз өмүрүн бир Кудайга тапшырып, жер кезген адамды думана дейбиз. Мурун думана дегендер өтө касиеттүү адамдар болгон. Ал эми азыр думанамын деп жүргөндөр думана эмес. Ушуларды көрүп, думана ушундай болот турбайбы деп, бүшүркөп жатабыз. А мурун думаналардан акыл сурашкан. Алардын арасында аалымдар болгон. Ал учурда думанамын деп келип, акча сурап догурунган эмес. Ал эми ырчылык болсо өнөр. Алла-Таала ар бир адамга ар кандай багытта өнөр берет. Ырчылык ошолордун бирөөсү.
– Дин багытындагы дагы бир макал бар, “Шапалак чаап турбасаң, аялдын шайтаны күчөйт” деген. Сиз муну турмушта колдоносузбу?
– Ислам динине каршы кайсы бир топтордун чыгарганы го дейм. Анан динге каршы пикирде жүргөн эжелер “Ислам дини аялдарды аябай кемсинтет. Көчөдө жолукчан жүргөн кыздардан кайсынысы келин, кимиси кыз экенин билбейм” деп калышат. Көчөдө киндигин көрсөткөн кыздар да жүрөт, алардын дагы кимиси кыз, кимиси келин экенин биз деле билбейбиз да. Анан бүт дүйнөдөгү аял затына арналган ырларды, сөздөрдүн баарын чогултуп келсеңиз, пайгамбардын бир эле хадисине жетпейт. Хадисте: “Бейиш эненин таман алдында” делет. Ислам багытында тарыхтын бир дагы жеринде аялзатын басыткан нерсе жок. Кайсы бир учурда динге каршылаш тарап Исламдын атына жамынып, китептерди тараткан экен. Ошолорго таянган сөздөр бүгүн да айтылып келүүдө.
Зулпукар Сапанов, “Айгай” (20.02.2009-ж.)