“Образдар – АРТИСТТИН ЖЫПАР ЖЫТТУУ ПЕРЗЕНТТЕРИ”

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын актрисасы Таалайкан Абазова. Ар бир роль артисттин – жыпар жыттуу перзенти… Канынан кан берип, жанынан жан кошуп жараткан образдар гана түбөлүктүү өмүр сүрө алат. Өз кесибине татыктуу кызмат кылып келе жаткан Таалайкан эже театрдын ай төгүлгөн сахнасында бир нече каармандарга жашоо берген. Алар: “Ромео-Жульеттада” – Жульетта, “Кожожашта” – Зулайка, “Каркыранын канатында” – Цу, “Кызыл алмада” Бейтааныш кыз, ж.б. Кино өнөрүнөн дагы анын жылдыздуу жүзүн, адептүү үнүн кездештире алабыз: “Таранчы”, режиссеру Э. Абдыжапаров 1994-жыл. “Бекет”, режиссеру Э. Абдыжапаров, 1993-жыл. “Босого”, режиссеру Э. Абдыжапаров, 1997-жыл. “Айыл өкмөтү” 2003-жыл, Э. Абдыжапаров. “Апамдын махабаты”, 2004-жыл, режиссеру М. Мамбетов. “Окуя”, автору жана режиссеру М. Байжиев, 2005-жыл. “Теңири”, режиссеру Э. Абдыжапаров, 2007-жыл.

Эже, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Жеке майрамыңызды кандай өткөрдүңүз?

– Рахмат. Буюрса, жакшы өттү. Кайненем 10-12 сааттык жол басып, Казармандан келди. Туулган күнүмдү бирге тостук. Быйыл эле эмес, мурунку жылдарда да атайын менин майрамым үчүн келчү. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, жолдошум экөөбүз тең артист болгондуктан, чет өлкөлөргө чыгаарда да апабызды чакырып, балдарыбызды тапшырып кетебиз. Биздин бул жагынан жолубуз ачык, кудайга шүгүр.

Кайсы өлкөлөрдө болдуңуз?

– Япония, Франция, Румыния, Москва жана Ташкентте болгонбуз. Японияга барарыбызда “Япон театрынан үлгүлүү жаңылык алып келебиз го” – деп ойлогон элек. Бирок, чынын айтканда, алардын спектаклдерине салыштырмалуу биздики алда канча бийик, терең экендиги билинди. Биз өз театрыбыздын деңгээли сүйүндүрөөрлүк экендигине ынанып келгенбиз.

Театр сиз үчүн…

– Менин экинчи үйүм. Жашоодо суу менен аба, нандын орду кандай болсо, мен үчүн театр да ошолордун катарында турат.

Актёр болуу – кээде бир нече ачка адамдардын жалгыз нанды талашып жатканындай элес берет. Сизге мындай учурлар оор эмеспи?

– Жакшы көргөн нерсең үчүн кандай кыйынчылыктар болсо да чыдайсың. Артисттердин айлыгы деле аз. “Эмне үчүн аз маянага иштеп жүрөсүңөр” – деп сурагандар да толтура. Мен театрды башка акчалуу жумуш менен алмаштыра албайм. Театрдын өзүнө тартып туруучу касиети бар. Ага кирген из көп да, чыккан из аз. Экинчиден, биздин труппада анчейин көп киши деле жок. Албетте, чыгармачылыкта атаандаштыктын болгону да жакшы. Таймашуудан өсүү жаралат эмеспи.

Күлгүн өмүрдү сарптаган театрда сиздерди ачып, элге тааныта турган чыгармалар коюлуп жатабы?

– Арсен агайдын көзү тирүү кезинде жаштыгыбызга ылайык ролдор менен иштечүбүз. Агай: “бир күндө жок дегенде бир куплет ыр окубаган актёр – өлгөн актёр”, – деп көп кайталачу эле. Агайдын ошол сөзү жадымдан чыкпай, убактым аз болсо да дүйнөлүк адабияттан өзүмө жакындарын кайталап окуп турам. Жакын арада А.П. Чеховдун “Алчалуу бак” пьесасын коюуга даярдык көрүп жатабыз.

Актриса болгондон кийин, эңсеген ролуңуз бардыр?

– Кайсы улутка, кайсы өлкөгө таандык болсо да классикалык чыгармалардагы образдар менен иштегим келет. Бир эле ролду эңсебейм, менин ойногум келген ролдорум, сүйгөн чыгармаларым абдан көп…

Кино жана театр актрисасы болгонго чейин кандай жолдон өттүңүз?

– Мен бала бакчада жүргөн кезимде эле башка кыздар үй, бала жасап ойноп жатса, андай оюндарга кызыкчу эмесмин. Улам бир пардадан өтүп “мунарык… мунарык… тунарып…” деп “Акмөөр” спектаклиндеги Таттыбүбү эженин репликасын кайталай берчүмүн. Кээде балерина болууну да каалап кетчүмүн. “Азыр мен сенден экзамен алам. Кана, сен артист болсоң, кантип бийлейт элең?”, – деп эжем тепейип маңдайыма отуруп алчу. Мен балеттен көргөндөрүмдү туурап, бийлеп берчү элем.

Кийин мектепте окуп жүргөндө Урматкан деген классташ-курбум экөөбүз айылыбызга атагы чыккан бийчи болуп таанылганбыз. Тогузунчу классты бүтөөрүбүздө Урматкан экөөбүз ата-энебизге айтпай, шаарга “окуйбуз” – деп камына баштадык. Бир күнү уурданып районго барып, паспортко сүрөткө түшөлү деп жатсак, сүрөтчү “кийген костюмуңар жарабайт” деп болбой койду. Эки жагымды карасам бир эже кетип баратыптыр. Алдынан чуркап чыгып “эже, костюмуңузду берип туруңузчу, биз сүрөткө түшүп алалы”, – деп ыйлап жиберсем костюмун чечип бере салды. Сүйүнгөн бойдон Урматкан экөөбүз тең бир костюмду кийип, коёндой окшош болуп сүрөткө түшүп койдук. Оюбузда Бишкектеги театралдык студияга келебиз деп жатабыз да. Бир күнү сиңдим газетадан кыркып алган жарыяны көрсөтүп: “Петербургда Черкасов атындагы актёрдук окуу жайы бар экен. Кыргыз драм театрда ошол окуу жайына кабыл алуу болуп жатыптыр. Тапшырып көрбөйсүңөрбү”, – деп калды. Биз да өзүбүзчө “ошого эле баралы” – деп макулдаштык. Кийимдерибизди, жолго акчаны даярдап коюп, кетээр күнү апаларыбызга айтсак, байкуштар же бизди уруша албай, бир жагынан ичтери ачышып, жаман болушкан.. Мен үчүнчү турдан кулап калдым. Урматкан өтүп кетти. Кийинки жылы Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайына өтүп, 1993-жылы бүтүп келдим.

Суйкайган белгилүү айым үй тиричилигинде кандай болду экен?

– Аялзатына тиешелүү жумуштар жагынан мага жолдошум “5+5” деген баа берет. Тамактын, салаттын жаңы түрлөрүн жасап, же жөнөкөй эле, бирок, адеми белектерди арноо менен үй-бүлөмдү кубантып жашаган мага жагат. Аял жамаатына тиешелүү нерсенин бардыгында өзгөчөлүктү, кооздукту изденүү – менин үйдөгү жашоо мыйзамым десем болот. Жолдошум дагы менин эмгегиме сөзсүз көңүл бөлөт. Ал, шашып же дыкаттык менен жасалбаган даамды жебейт. Ага тамактын даамы эле эмес, кооздугу да чоң мааниге ээ. Мен мектепте окуп жүргөн кезимде кинодон, журналдардан көргөн жегиликтүү тамак-ашка окшоштуруп жасаганга аракет кыла берчүмүн. “Ой, балам, алдагы туурагандарыңды кууруй бербейсиңби. Сен өң-түсүнө карап, тандаганыңча караңгы кирип кетпедиби”, – деп апам тажаганда кобуранып алчу.

Нуриса эже сиңдиңиз эмеспи. Бир уядан учкан көгүчкөндөр балапан кезинде кандай болду экен?

– Биз төрт кыз, төрт эркек болуп сегиз бир тууганбыз. Нуриса кыздардын кичүүсү болгондуктан үйдүн эркеси эле. Төрт кыз булакка барып суу алып келсек, ата-энебиз мүрөктөн бетер Нурисанын суусунан чай кайнатып ичишчү. Ал биз барда үй ишине колун тийгизчү эмес. Качан биз үйдө болбогон кездерде он адамдын жумушун жалгыз өзү аткарып коёрун апам эскерип калчу.

Сырткы чөйрөдөгү терс таасирлерден өзүңүздү кантип сактайсыз?

– Эгерде бир адамга айланасындагылардан туура эмес мамиле же жагымсыз сөз келген болсо, ага өзү күнөөлүү болушу мүмкүн. Биз бардык шартта аң-сезимдүү кадам жасаганыбыз зарыл демекчимин.

Улуулук – жөнөкөйлүктө болот эмеспи. Сиз өз муунуңуздагы эң көрүнүктүү актриса болсоңуз дагы жөнөкөй жан экендигиңиз байкалат…

– Жөнөкөй экеним чын. Бирок, ушул сапатым өзүмө анчейин жага бербейт. Тартынбай, улунуп-жулунуп турган деле кээде керек окшойт. Табият берген сапатты тамыры менен жула албайт экенсиң… Канткен менен, мендеги жөнөкөйлүктү менин адамдык касиеттен аттабай жашагандыгымдын биринчи барагы деп айта алам.

Кайын журтуңуз сиздин кесибиңизди жактырабы?

– Кайын журтум биздин кесибибизди сыйлайт. Мен “Апамдын махабаты” сериалына тартылып жүргөнүмдө кайнатамдын көзү тирүү эле. Сериалда менин сүйгөн жигитимдин аты Аскар эмеспи.

Кайнатамдын аты дагы ошондой болчу. Режиссер Мурат байкеден “башкача кылып өзгөртөлүчү”, – десем “автор мен эмесмин”, – деп макул болбой койгон. “Аска-ар!”, – деп кыйкырган жери бар да. Айылдагылар (кайындарым жагындагы) ошол эпизодду көрүп “кайнатасынын атын айтканын кара”, – деп чычалашса кайнатам: “айтсын, айтсын, баламдын оозунан айланайын”, – деп жанындагылардын оозун жап кылыптыр.

Афина Бакирова, “Ачык саясат” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.