Март айында “У любви свои небеса” аттуу фильм Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлөт

Бишкекте 4-мартта режиссер Актан Арым Кубаттын жана Эркин Рыспаевдин “У любви свои небеса” аттуу көркөм фильминин бетачары болот. Фильмдин продюсери Клара Кыдыршаеванын сөзү боюнча, кинотеатрлар тармактары менен 10 күнгө келимиш түзүлгөн. “Чоң экранда көрсөтүү 10 күнгө созулат, эгерде каалоочулар көбөйүп, фильмге суроо-талап болсо биз кошумча дагы 10 күнгө келишимди узартышыбыз мүмкүн. Баардыгы көрүүчүлөргө байланыштуу “- деди ал.

Ал эми региондордо көрсөтүү пландары бар экенин, бирок “техниканын сапаты талапка жооп бербестиги жолтоо болушу мүмкүн”-дейт.

Актан Арым Кубат фильмдин сюжетин турмуштан алган. “Сценарийди Чынара Бусурманова жана Жылдыз Кудайбергенова Сооронбай Жусуевдин «Канат менен Зарина» поэмасынын негизинде жазган. Ролдорду ойногон актерлор буга чейин бир да жерде тартылышкан эмес. Жаш улан кыздар атайын сыноодон өтүп аларга берилген ролдорду сапаттуу ойноду”, -деди режиссер. «У любви свои небеса» көптөгөн эл аралык кинофестивалдарга катышып келген. Фильмдин жалпы бюджети 300 миң АКШ долларын түзгөн.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.