Бүгүн Бишкекте графика көргөзмөсү ачылат

17-мартта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде кыргыз графиги Белек Кошоевдин 65 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигинин журналистине музейдин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн илимий кызматкери Нур Бейшеева билдирди.

Анын сөзү боюнча жеке көргөзмө экспозициясында кыл калем чебери улуттук темада аткарган графикалык эмгектер көрсөтүлмөкчү. Б.Кошоевдин эмгектери негизинен кыргыз малчыларына жана кыргыздын элдик оюндарына арналган.

А.Бенгард, «КАБАР» МА, 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.