Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Келдибек Ниязов: “Кудайдан болуп чоңоюп кетчү болсомбу…”

(Башталышы өткөн санда)
Сен айткандай кудайдан болуп, чоңоюп кетсем, мисалы, министр, губернатор, аким дегендерди бир эле жылга бекитмекмин. Жыл жакшы иштедиби, төшүнө орден-медаль тагып, бара кой, дагы бир жыл иште демекмин. Начар иштедиби, жөн эле кууп чыкпай, үй-мүлкүнөн ажыратып, ит кылып, шермендесин чыгармакмын. Азыр эмне, 5-6 жыл отурса бир жылын эптеп элге иштемиш этет да, калганын бүт эле өзүнө иштебатпайбы? Эл үчүн иштеген жетекчилерди көп эле көрдүм. Андай кишилер башкача болот экен. Эсиңдеби, Ж.Аманбаев Ысык-Көлгө обком катчысы болуп турду, эл билет а кишинин кандай иштегенин. Бир жолу кайсы бир совхоздун деректири МТФ ачып, лентасын кесмекке обкомдун өзүн чакырат. Совхоздун чоңдору бүт баары кычырап жасанып, жумушчуларды чогултуп күтүп атышат дейт. Бир кезде “Нива” келип токтоп, машинеден обкомдун резиңка өтүкчөн буту көрүнөт. Ферманы бир сыйра кыдырып, Ж.Аманбаев арт жагына өтсө ал жагында абал чатак, деректир МТФнын алдын гана жылтыратып, пок-сактын баарын артына үйүп койгон экен, обком түз эле өтүгү менен кечип кирип кетпеспи. Беркилер аны ээрчибеске аргасы жок, чыланы кошо кечишет. Бир сыйра кыдырып чыккан соң Жумгалбек Аманбаев “алып чыккыла эми каймак-боорсогуңарды” деп даам ооз тиет да “туугандар бул болбойт, качан бардык жагын жылтыратасыңар, ачылышты ошондо жасайбыз” деп кетип калган экен. Көрбөйсүңбү, кыраакы жетекчини. Башка болсо лентасын шарт кесип берип, жанталашып сый көрсөтчү жагына кирип кетмек.

Өзүңүз билесиз, кыргыз качан оңолот деген маселе далайдан бери айтылып келатат. Сиз оңолуунун кайсы бир жылт эткен жышааны болсо да байкай алдыңызбы? Эгер байкай албасаңыз, кыргызды союп аткан эмне деп ойлойсуз, көралбастыкпы, ичи тарлыкпы, куру намыспы, ынтымаксыздыкпы, деги эмне?
Кыргыз бир күнү шолоктоп ыйлап, сен айткандай, качан оңолобуз деп Кудайга барбайбы. Кудай таала кыргызды карап туруп бир кезде өзү ыйлап кирди дейт. Кыргыз болсо таң кала, момоюп турат. “Ээ айланайын момунум, – дептир Кудай таала өпкө-өпкөсүнө батпай, кокту-кокту, жылга-жылга, айыл-айыл, көчө-көчө, уруу-уруу, урук-урук болуп бөлүнгөн силер ынтымакка келгенче мен өзүм өлүп калам го дейт имиш. Кыргызды оңолтпой аткан бир нерсе ушу – бөлүнүүчүлүк.

Эми экинчи баянды угуп тур. Эки грузин дос жолугушат. Оо кайдан, Америкадан мандарин сатып байып келатам, өзүңчү? Мен Франциядан келатам, машине, үй, евро, доллар толтура. Экөө сүйлөшүп отуруп бир кезде “Ээ, баланча шивили байкуш жүдөп калыптыр, кел ушуга бир үй сатып берип коелучу” дешет да акча чыгарып үй сатып беришет. Ушулардай эле эки өзбек дос жолугушуп калышат. Кайдан, тияктан соода кылып жүрүп байып кайттым, мен да алыста соода кылып байыдым дешет. Анан бир маалда “баланча акенин турмушу начар экен, кел ушуга бир машине алып берип койбойлубу” деп машине сатып беришет экен. Эми көп жылдар көрүшпөгөн эки кыргыз айылдаш дос жолугушат. “Ой кайдан? Ээ неңди, министр болуп жүрүп акча жеп кесилбедим беле, он жыл отуруп чыгып келатам, өзүңчү? Мен да губернатор болуп жүрүп, кредит уурдап, он жыл отуруп келатам”. Пийва ичип каткырып отурушат да “Эй, айылдан бир Азамат деген шүмшүк районго аким болуптур, элди көтөрөм, элди оңдойм дебеле делдектеп чуркап жүрөт дейт, кел ошону эптеп соттотуп ийип, ордуна бирибиз отурбайлыбы” дейт имиш. Бул көралбастык деген экинчи оорубуз. Эми үчүнчүсүн ук. Жымшыйган эки кытай айыл аралап, ар кайсыл дарбазаны черткилеп жүрөт дейт. Бир үйдөн кыргыз чыга калыбеле “Ой, жок, эчтеме жок, темир атмай казан, кастрүл, кашыкка чейин шыпырып кеттиңер, жок” десе, беркилер эптеп орусча балдырап “темир эмес, абышка сатып алып жүрөбүз, 60-70тин ортосундагы абышка керек” дейт имиш. Кыргыз жини кайнап, жаалы бетине чыгат экен: “омеей, неңди урайындар, эмне атаңды сат дегиңер барбы?! Мыйзамдан гана корком, болбосо экөөңдү кош ооз менен эки жакка тырайта атмакмын! Атасын саткан эртең жерин, элин сатат! Билесиңерби ушуну?!” Экөөнө атырылса беркилер “Корошо, корошо, жүрү жанагы эле чалды алып кете беребиз” дешип жөнөй беришет. Кыргыз эки жакты карап туруп, артынан жете барат да акырын сурайт: “аны канчага алдыңар?”, “төрт миң долларга”. Анда кыкең ойлоно түшүп шыбырайт имиш: “Үстүнө эми миң кошкула да меникин эле алып кете бергиле…” Бул мекенчилдигибиздин жоктугу. Куру сөз менен төш какканды мыкты билебиз, бирок ыңгайы келгенде… Калганын өзүң түшүндүң да!

Өзбек туугандар чоң кызматта турганын сыйлап, ызааттап, кол алдындагы ар кимиси “ушу акем дагы чоңойсо, ордуна мен турам” деп тилек кылат экен, кыргыз болсо “неңди урайын, ушуну бирөө жайлап салса же кармалып, кесилип кетсе кана, ордуна мен турбайт белем” дейт экен. Бул ичи тардык эмей эмне?

Мен тойлордо кээде тамада болуп калам. Тойдон кийин той ээсинин “баланча сом карыз болдум” деп ыйлаганын көрүп зээним кейийт. Башка улутту карасам “в кругу семьи” дебеле ашып кетсе 50-60 кишини чакырып, тоюн кафенин тамагы менен эле өткөрүп коет экен. Алар түшкөн оокат-акчаны бүт эле балдарына дешсе, бизде ичип-жеп туруп басып кетип атышпайбы. Куру намыс деген ушу да. “Казга теңелем деп карганын буту сыныптыр” дегендей, буту сынган мындай кыргыздарга сан жетпейт. Кыргызды ушу той-аш жеп бүттү. Ушуну чектеп, бир мыйзам эле чыгарып койсо болот эле улуктар. Антпесе кыргызың токточу, жадагалса кризисти да тоготчу түрү жок.

Бул “оорудан” дагы далай жылдар кутула албайбыз го? Ушундай эл экенбиз, кой десе кайтып күчөгөн. Аң-сезим деле жетип калгандыр дейин десең, баягыдай эле көтөрүлүп, чабылмай, куру намыска баш жармай.
Кыргыз намыстанчу нерсеге намыстанбай, таптакыр кереги жок, өзүнө чылк зыян апкелген нерселерге гана намыстанат да турат. Эл эмне дейт деп уялганын кантесиң? Мына мен маселен, бир нерсеге аябай намыстанып жүрөм. Бишкекте төрт район бар. Аттарын карачы, Биринчи Май, Октябрь, Свердлов, Ленин. Ушуга алмаштырчу төрт ат таппай калыптырбызбы эмне? Чет элден келген турист-мурис, мейман-ысман ж.б. балекет адегенделе самолеттон түшкөндө шаңкайып маңдайында Ала-Тоо көзгө урунат. Анан эле бери жөнөп бергенде Первомайский район деп жазылып турат. Ала-Тоо району десе болбойбу? Анан ошо туристтер акактап Көл жакка жөнөйт, аларды узаткан Свердлов району. Мунун атын өзгөртүп, жапжакшынакай кыргызча Ысык-Көл району деп атасак бизди туристтер урушабы? Мына Нарын деген бизде улуу дайра бар. Болгон турган жарыкты ошо байкуш дайра берет. Ушу дайраны сыйлап, атын бир районго берелик; Мен муну нарындык катары айтканым жок, Волганы деле орустар кандай сыйлайт, туурабы? Ушуга мен аябай намыстанам, кадимкидей уялам. Буга көп мээнин деле кереги жоктур? Киевская көчөнү карачы; Киевде Бишкекская деген көчө болоорун элестете аласыңбы деги? Жок. Чоңдорубуз эмгиче эмнеге көңүл бурушпайт, түшүнүксүз.

Келдике, айтканыңызда калет жок, биздин өйдө жакта отурган жигиттерге мекенчилдик жетишпей жаткандай, бу сиз айткандар эчак эле боло турган иштер эле, болбой атса эми кантебиз. Көчө дейсиз, район дейсиз, Сүймөнкүл Чокморовдой залкар инсандын нечен жылдардан бери эстелигин тургузалбай атышат, калганын айтып эмне кылабыз? Мына өзүңүз эле нечен жыл жанында жүрдүңүз, айтылуу актер, куудул Асанкул абаны (Шаршеновду) ким эстебатат? Жок дегенде жооп топ куудулдар ошо кишиге арнап бир жолу эскерүү концертин өткөрдүбү, өзүңүздөн башка жан эстебейт. Жаштар билбей деле калды окшойт. Гезитке чыкса окурмандар менен чогуу эстегенибиз болсун, өнөрдөгү жакын түгөйү катары Асакенин жоруктарынан айта отуруңуз. Асанкул – 2 деп ат коюп, сахнага алып чыккан балаңыз болоор эле, ал кайда, анын да жайын айта кетиңиз.
Ыраматылык Асакем чанда жаралган, бир өзгөчө жан эле. Жүргөн жери күлкү, тамаша. Байдыке айткан о дүйнөнүн бары чын болсо Асакем жаман калпагын башынан түшүрбөй, далай элди күлдүрүп, жарпын жазып жүргөндүр дагы эле. А кишинин али көп эл уга элек “Кунаажын тамашасын” айтып берейин.
(Уландысы бар)

Бахтияр Шаматов, «Аалам», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.