Анча-мынча обондору, тарабынан, ырдалган же обончу менен композитордун айырмасы барбы?

Азыр “СССР бар учурда”, анан “Советтер Союзу тарагандан кийин” деген сөз калыпка түшүп калбадыбы, биз да бүгүн “…тарагандан” кийинки Композиторлор Союзунун абалы тууралуу сөз кылмакчыбыз. Арийне, бул учурда Композиторлор Союзу (КС) да кароосуз калып, эптеп арабасын кылдыратып келатат.

Манасчылардын, төкмөлөрдүн, эстрада ырчыларынын, жаш аткаруучулардын, ар кандай адабий көркөм чыгармалардын сынактары өткөрүлдү. Ал эми КС тарабынан бир да мындай иш-чара жүзөгө ашпады, 18 жыл аралыгында бир нече ирет жетекчилиги алмашты, анткен менен эгерим жазылган музыкалык бир дагы чыгарманы сатып алуу, элге алып чыгуу максатында аракет көрүлбөдү. Буга уюмдун аракеттеги 1-катчысы Кенжегазы Асанбаевдин да күнөөсү чоң эле бар. Анын баарын жазып отуруш өзүнчө эле жагымсыз машакат. Көзгө басканы – Китеп чыгардым! – дейт. Же анда кемчилик жок болсочу. Жаңы башкармалык шайлап алууга жол бербей, же өзү кетпей жүрөт. Ал кишиге сыягы композиторлордун бары-жогу кеп эмес өңдөнөт, алардын ордуна өзүн-өзү билип, ар кимге “ай” көрүнүш жагымдуу сыяктанат. Неге? Неге дейсизби, мына, жакында эле өз мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын пайдаланып, эгерим бир композициялык чыгарма жаратпаган, кала берсе нотаны дурустап билбеген көчөдөгү обончуларды Союзга “ардактуу мүчө” кылып кабыл алды. Байкап, түшүнүп жатасызбы – “ардактуу мүчө”. Ошо көчө обончуларын ардактуу мүчө катары кабылдап, ошон үчүн атайын композиторлордун жыйынын өткөрүп, кеңешип-талашып, добушка койдубу? Жок, өзү эле аша билермандык кылып койду. Ал турмак токтому да жок. Жобого ылайык эмес. Композиторлор уюмунун эч бир мүчөсүнүн жолдомосу жок эле өзү күбөлүккө баягы А.Малдыбаев, М.Абдраев, К.Молдобасанов, С.Осмонов кармаган мөөрдү басып, күбөлүк берип таштаган. Муну менен ал эмне жасады? Биринчиден, уюмдун мүчөлөрүн “уруп ойнобогонун”, басмырлаганын көрсөттү. Экинчиден, обончуларды “төргө чыгара салып”, композиторлор менен аларды чакчелекей аралаштырып, эчкилерге койлорду кошуп ийгендей иш жасады.

Деги эле композитор ким? А обончу дегенчи? Экөөсүнүн айырмасы кандай? Чегаралары каерден тастыкталат?

Обончу деген эл ичинен чыккан таланттар экендиги талашсыз. Ыраматылык Абдылас Малдыбаев аларды “-Булар – тоо гүлдөрү” деп так аныктама айткан экен учурунда. Элестетип көрөлү, ар бир коктуда, жылгада, апай бетте жыты да, өңү да ар кыл гүлдөр өсөт да. Элдик талант ошо кудай сунган жөндөмү менен кала берсе, демек, ал обончулуктан ары көтөрүлбөгөн жан. А композитор болуш үчүн атайын музыкалык билим алуу зарыл.

Обончу деген жакшылап байкап көрсөңүз, иликтесеңиз, өзү негизи акын Эрнис Турсунов айткандай бир эле, бар ана, ашып кетсе 2-3 обон жаратат, а башка обондорунда өздөрүн өздөрү кайталай беришет. Далил керекпи? Обончулардын чыгармачылыктарына жакшылап назар оодарын көрүңүз. Эми Жумамүдүн Шералиев жөнүндө. Сөз жок, ал КСга мүчө болгону менен эң оболу обончу. Анын обондорунун бирине экинчиси окшобогондугу – өтө күчтүү талантка эгедерлиги. Бирок, мындай туюмду башка бир да обончуга ыроолош туура боло бербес. Р.Абдыкадыров, А.Атабаев, К.Тагаевдин деле иликтеп-изилдей келсе 2-3 эле обону бар, калгандары ошолорду эле айланып, жандап жүргөн “спутникчелер”.

Ал эми композитор деген ал ар кыл чыгармаларды жазат. Эки үч адамдан тартып оркестрде аткаруучу опера, балет деген толгон уюмга, мекемелерге ылайыктап жазышат. Казакстанда үналгы, сыналгылар аркылуу обончулар менен композиторлордун ажырымын тастыктаган уктуруулар, көрсөтүүлөр байма-бай чагылдырылып турулат экен. А биздин КТР менен ЭЛТРде “обончу-композитор” же “композитор-обончу” деп эле аралаш урдура беришет, мунун өзү ошо уктуруу, көрсөтүүлөрдү даярдашкан журналисттердин, редактор, продюссерлердин билимсиздигин аныктайт. О.Шакир “Айат прессте” “Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Түгөлбай Казаков” деген макаласын жарыялады. А чынында Т.Казаков композитор эмес да, эми өзү музыкалык билим алган Олжобай Шакир ушуну билбейби?! Т.Казаков акылдуу адам го, – Ой, койгула! Мен композитор эмесмин, обончу элемин! – деп койгонго жарабайбы? Же ал – Эл мени композитор экен деп билсин! – дейби?! Таңкаларлык.

Обончу катары таанылгандардан К.Эралиева, Б.Абдраимов, А.Карыбаев, Э.Мааданбеков, А.Жаркынбаев, И.Аманбаев окушуп, композитор деген кесипти алышкан. Эл артисттигине жетишкен А.Керимбаев, Т.Казаков, А.Атабаев, К.Тагаев, А.Жайнаков, И.Жунусов обончулар, композитор эмес. Алар симфония же опера, балет жазып жибериштиби? Кызыгы, маселен, ушулардан ыраматылык А.Керимбаев көзү бар чагында Т.Казаков экөөсү ээрчишип, жогорку бийликтерге – “Бизден өткөн композитор жок! Бизге үй бергиле! – деп барышкан да. Ал үй өкмөт тарабынан атайын КС мүчөлөрү үчүн (А.Акаевдин тушунда) Белинский (азыркы “Манас” проспектиси) көчөсүндөгү темир жолдун асты жагына курулуп, анан ушундай аракет жасашкан. Таң калууга болобу, ошо бийликтегилер өздөрү обончу менен композитордун айырмасын билишпей жатышпайбы. Алар бир тобун ээрчитип – Опера жана балет театры бизге тиешелүү! – дегенге чейин барышкан.

Ырыспай Абдыкадыров тээ 60-жылдары облустук бир чоң жыйынга – Ырдайм го! – деген үмүттө барат. Аерден – Сиз ырдачулардын сабында жок экенсиз. Барпы Ырысбаев (ошол туштагы Ош обкомунун III-катчысы) сизге ырдашка уруксат бербеди! – дешет. Анан түштүктүн идеологу (Б.Ырыспаев) өзү чыга калса, териге түшкөн Ырысбай Абдыкадыров: – Ойлонбой чыккан токтом көп, обончу деген боктон көп! – деп басып кетет. Буга күбөлөр өтө көп, бирок, кимдир бирөө тайманбас, тайбас обончу маркумдун ошол учкул сөзүн “менчиктеп” алыптыр. Ал башка кеп. Ошентсе да, Ырыспайдын сөзүндөгүдөй эле “обончумун” дегендер арбын. Ар бир кыштактын өзүндө гана бери десе бир, ары болгондо эки-үч обончу бар, той-тополордун ажарын аччу. А бир композитор чыкпаган айылды кой, дээрлик район, облустар болот.

Азыр КСда 50гө жакын мүчө бар. Маматибраим Бостонкулов аттуу алгылыктуу деле эмес обончу КСга “ардактуу мүчө” болгон. Ошол обончу “Алгачкы сүйүүм шык берген” деп концерт өткөрөт. Өткөрө берсин. Бирок, көп жерде “Мен КСга ардактуу мүчөмүн!” деп мактанып жүрүшү уятты билбегендиги го, ээ?!. Китебин чыгарыптыр (ал тууралуу гезиттин кийинки сандарында кенен, өзүнчө кеп кылалы деген ниетибиз бар). Ага кошулуп Ч.Бакашов, А.Тыналиев, Д.Урманбетов, К.Усупбаев, К.Абдышов, К.Волков, А.Дашковский, Ж.Кадыралиев, Ш.Кемелгазиева, Э.Жүзөнов, А.Сейитказиев сыяктуулар – “ардактуу мүчөлөр”. А Жободо минтип жазылып турат: Оруcчасы: “СК Кыргызстан может принимать в свои почетные члены музыкальных и общественных деятелей, в том числе и зарубежных стран за особые заслуги перед кыргызской музыкальной культурой”. Кана, ушундай деп кимисин айта алабыз? Ушулардын кимиси кыргыз музыкасына ашыра кызмат кылып ийген? Кимиси музыка жанрыбыздын өсүп-өнүгүшүнө салым кошо койгон? Кимисинин кай музыкалык чыгармасы кайсы өлкөнүн элинин алаканын жооруткан?! Таң… А мейли, анча-мынча обондору Кыргызстандын ичинде анча-мынчалар тарабынан анча-мынча ырдалыптыр, бирок, мүчөлүктүн критерийлери будуң-чаң болгону анык да.

Чындыгында музыканын бардыгы эле – обон. Айталы, бир сонатадан бир эле тактыны алып, бир канча обон жаратууга болот. Муну композитордун баары эле билет. – Композитор обон жараталбайт! – дешет айрым обончулар: – Бизди КСга мүчөлүккө албайсыңарбы? Чыгармаларыбыз (обондорун айтышат) чет элдерде ырдалып жатат! – дешет, маселен, К.Тагаев, С.Жумалиев. Сардарбек Жумалиев филармонияда иштеди, дирижер да болду. Көптөгөн обондорун оркестрге салды. Бирок, ошо дирижер маалында эмнеге кур десе оркестр үчүн бир чыгарма жазбады?!. Увертюра, күү, поэма ж.б. Жазалмак эмес, анткени, ал үчүн билим керек. Ал обончу бойдон калды. К.Тагаев – Менин ырымды бүт дүйнөдө аткарып атышат, уюмга алгыла! – деп жүрөт. Деги мурунку обончуларды ушунчалык элге таанытуу, обондорун жайылтуу, кадыр-баркын көтөрүүдө А.Жумахматовдун эмгеги аябай эле бар.

Союзда далай эле жаңы музыкалык чыгармалардын талкуусу болуп, М.Абдраев, Т.Эрматов, А.Жаркынбаев, С.Исраилов, А.Малдыбаев, Ж.Малдыбаева, С.Турдубаев ж.б. сонун-сонун ырлары кабыл алынып турчу. Бирок эч жерде аткарылбайт, ошондон улам жаңы обончулардын ырлары оркестрде шаңшып турат. А.Жумакматов К.Турапов ишке жаңы орношуп жүргөндө маэстро А.Жумахматов “Бул ырды ырда, композиторлордукун ырдаба” деп буйруп турган. Дагы бир нече жолу башка аткаруучуларга Композитордукун ырдаба! – дегенин угуп жүргөнбүз. С.Турдубаевдин “- Комитеттен калем акы алайын деп барсам А.Жумахматовго көп эле акча жазылып турганын көрүп калдым. Музыка жазбаса деле эмнеге деп ойлоп койгом. Көрсө обончулардын ырларын оркестрлештирген үчүн жаңы чыгарма катарында калем акыны алып жүрүптүр”, – деп айтканы бар. Өмүрүнүн аягына чейин ошентип жүрдү ал маэстро. К.Молдобасанов менен Н.Давлесов дирижер болуп өздөрүнүн чыгармаларын аткартпаганда, ким билет, аты калың элге билинет беле алардын?! Композиторлор аранжировканы, оркестрлештирүүнү даяр кылып алып келсе кошумча каражат жок болуп калып жүргөн. Ошентип көп эле болбогон обончуларга жана аткаруучуларга жол ачып бербедиби, маэстро! Алардын көпчүлүгү даража, наамга ээ болушту. Обончулардын октавадан ашпаган ырларын ырдап жүрүшүп же романс же ария аткарышсачы! Азыр сөзүн да, музыкасын да, обонун да өздөрү жазып, кээде аранжировкасын окубай-чокубай жатып эле микрофон менен чыгып койсо эле наамдарды жаадырата алышууда. Андай болсо ушунча жыл атайын музыка жаатында окушуп, жыл-жылдап чыдап иштеп жүргөн шыгыр жана оркестрдин артисттери эмнеге сый, зыйнаттан куру калышат? Тигилерге караганда алардын эмгеги, чыдамкайлыгы бааланбайт. Эмне себептен ошол шыгырда иштегендер “жылдыз” болуп кеталышпайт?!.

“Эмгек сиңирген артист” же “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алышкандар азырынча Ү.Сыдыков, Р.Абдыкадыров, М.Рыскулбеков, Ч.Бакасов, Б.Борбиев, А.Бөдөшов. Р.Абдыкадыровго филармония, көчө наамы ыйгарылды. Эми музыкалык мектептин наамын бергени түшүнүксүз. А.Тулеев, Т.Эрматов, С.Медетовго музыкалык мектептердин наамы бериле элек.

“Балык башынан сасыйт”. Обончулар, эл артисттери А.Атабаев, К.Тагаевге “Руханият” сыйлыгын ыйгарышты. Мурун композитор М.Бегалиев алган. Демек, обончуларды композиторго теңегендик эмеспи. Композиторлор – Мен – композитормун! – дегенден уялышат. Ал эми андай наамды алалек, алганга татыксыз, чалажан обондору бар эрсөрөйлөр да гезиттерге, телеге, радиого “Обончу-композитормун” деп чыга калышкандан уялышпайт. Мурда композитор өзүнчө, обончусу өзүнчө эле аталчу. Энди болсо богу-жини аралашып жатып калышты. Муну ажыратышка, ташты ташка, кесекти кесекке коюшка болобу? Төрага К.Асанбаев ушулар жөнүндө баш катырабы? Ойлонобу? Же ал дагы кимдер (обончулар) менен чайлаша коюшту, “ардактуу мүчө” кыла коюшту ойлоп отурабы?!. Жакында КСнын түзүлгөндүгүнө 70 жыл толот. Сиз, урматтуу КС төрагасы, ошо алаша тойго (юбилейге) дагы эле өзүңүз билип, биротоло 70 “ардактуу мүчө” кабылдап койбойсузбу, а?

Асан Мырзабаев,
КР Композиторлор Союзунун мүчөсү,
Бектуруш Салгамани, КР Жазуучулар
Союзунун мүчөсү.

«Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.