КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ ТАЗ ЖОРУДАН ЖАРАЛГАНБЫ?

Таза кандуу кыргыз тайганы тоо-ташта чуркоо боюнча алдына эч бир жандык чыгарбаган күлүк ит . Күлүктүгүнөн да анын алгырлыгы биз үчүн мактанаарлык. Кыргыз элинин маңдайына жазылган табылга катары каралган тайгандарды учурда аздектеп баалагандар жок эмес.

Тайган агытуу – келечекте спорт түрүнө кирет

«Салбурун» федерациясынын түзүл­гөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган. “Салбурун” деген сөз – кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышканы белгилүү. “Салбурун” деген мына ушундай жагдайда аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Аталган федерация жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн маданияттын бир тармагы катары өнүктүрүү менен келечекте спорттун түрүнө айлантууну көздөшүүдө. Үч өнөрдү аздектегендер үчүн аталган федерациянын уюштуруусу менен жыл сайын Эл аралык фестиваль Ысык-Көл аймагындагы Бөкөнбаев айылында өтүп келет. Кыргыз тайганын аздектеп, аны эл аралык деңгээлге даңазалоону максат кылган федерациянын негиздөөчүсү, Эл агартуунун отличниги, грек-рим жана эркин күрөшү боюнча спорттун чебери Алмазбек Акунов менен маектештик.

-Алмазбек байке, тайганга кызыгып калышыңызга эмне себеп болгон?
– Кичине кезимден эле тайганды жакшы көрөм. Анан тарыхка кызыгам. Элибиздин өткөн күндөрүн барактай келсем, ар бир баатырдын тайганы болгон экен. Ал тайганы кайда болбосун дайыма жанында жүргөн. Ошондон улам кыргыз тайганынын тарыхын изилдеп, спорттун бир түрү кылып алып чыгууну максат кылдым.

– Учурда сиздин колуңузда канча тайган бар? Аларды кайдан алгансыз?
– “Салбурунда” азыр 10го жакын тайган бар. Аларды Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып жүрүп таап келгем. Айрымдарын бекер алсам, айрымдарын 1 карага сатып алдым. Мисалы, Ат-Башыдан 1 тайганды 1 англис жылкысына алмаштым. 1 тайга да алмашкан учурлар болгон. “Соодада достук жок” дегендей, акчага сатып ала турган болсок алгыр тайгандардын баасы илгертен кымбат.

– Кадимки эле тамак-аш калдыктарын бересиздерби же атайын тамак даярдайсыздарбы?
– Учурда 10 тайганды эмес, 1 итти багыш кыйын. Ошого карабай арзан эттерден алып беребиз. Этти кээде бышырып берсек, кээде чийкилей беребиз. Айылда атайын мал союлчу жайлар бар. Алар союлган малдын канын челектерге чогултуп коюшат. Ага жем аралаштырып беребиз.

– Ветеринардык дарылоодон өткөрүп турсаңар керек…
Жылына 3 жолу ичеги куртка, кутурмага каршы ветеринардык дарылоодон өткөрөбүз.

– Тайгандар үчүн атайын короо салынганбы?
– Биз Бөкөнбаев айылында жашайбыз. Айылдын четинде инимдин мал баккан чоң сарайы бар. Тайгандар ошол жерде кармалат. Жайкысын кадимкидей жайлоого чыгып келишет.

– Кадимки иттердей эле булар деле короо, мал кайтарабы?
– Тайган илгертен эч качан короо да, мал да кайтарбайт. Булардын мүнөзү иттердикиндей эмес. Үйгө чоочун адам кирсе ажылдап үрүп, тиштегилебейт. Жөн гана жата беришет. Булардын жооштугун ушундан билсең болот. Ким жетелеп кетпесин кың дебей кете берет. Тайгандарды аңчылыкка гана алып чыгабыз. Алардын жүрөктүүлүгүн ошондо билебиз.

– 1 карышкырга 1 тайгандын алы жетеби?
– Текени 1 эле тайган алып коёт. Ал эми 1 карышкырга 1 тайгандын алы жетпейт. Экөөлөп алышат.

– Тайган канча жаштан баштап агытылат жана кантип үйрөтөсүздөр?
Тайганды 6-7 айынан тарта аңчылыкка алып чыгабыз. Аларды үйрөтүүдө эч кандай деле кыйынчылык жок. Анткени алар аркар-кулжа алууга жаратылышынан жөндөмдүү. Башкача айтканда, канында бар. Болгону, жаңы агытылган тайганды, жемин коё бербеген алгыр тайгандардын жанында көп алып жүрүү керек.

-Тайгандар канча жашка чейин күчтөн тайбайт жана канча жылга чейин жашашат?
– Негизи, тайгандар 12-13 жашка чейин жашашат. Бирок 8-9 жашка чейин күч беришет. Андан кийин аңчылыкка алып чыксаң текеге да алы жетпей калат. Азыр мендеги тайгандардын үчөө карып калды.

– Мисалы, англис тайгандарынын көрүнүшү абдан кооз. Аны Кыргызстанга алып келсеңер болобу?
– Башка элдин тайгандарын алып келбейбиз. Анткени аларды кошсок кыргыздын таза кандуу тайганын жоготуп алабыз. Кыргыз тайганы жүгүргөндө ага адам эмес, эч бир жандык жетпейт. Бир карасаң тигил тоонун башында, бир карасаң бул тоонун башында дегендей. Аркар- кулжалар биякта эле калышат. 10 чакырым алыска качып кеткен текеге жөн эле жетип коёт.

– Башка жерден тайган издебесеңер деле өзүңөрдөн көбөйөт да.
– Тайгандар бир тууганда 10го жакын күчүк туушат. Тайган бакканды жактыргандар ырымын жасап алып кетишет. Негизи, тайгандардын жүрөктүүлөрү жана коркоктору болот. Кыргыз тайганынын башка тайгандардан айырмасы – жүрөктүүлүгүндө. Аңчылыкка салганга жүрөктүү тайгандарды издөө керек.

Кыргыз тайганы жөнүндө уламыш

Кыргыз тайганы тоо-ташта жүгүргөндө алдына эч жандыкты чыгарбайт. Башка тайгандардан айырмасы ысык-суукту, дегеле, катаал шартты оңой жеңет. Эң башкысы, аска-жарда чуркаганда эч качан ташыркабайт.

Кыргыз тайганынын пайда болушу туурасында төмөндөгүдөй уламыш бар.

«Таз жору 1000 жылда1 ит тууйт. Жору тууган күчүктү адам көрүп калып 7 күнгө чейин багып алса, анда ит бойдон, эгер көрбөй калса кайра куш болуп учуп кетет». Уламышка таянсак кыргыз тайганы ошол таз жорунун баласы.

Илгери казак, кыргыздардын ич ара чабуулунда казактын баатыры Кененсары Чүйдөн Бүргө баатырдын Калча деген уулун колго түшүрүп алган. Кыргыздар колго түшкөн жигитти куткарып алалы деп Кененсарыга көп мал тартуулашмак болот. Ошондо Кененсары: “Мындай мал менде деле бар. Эгер баланы чыгарып кетем десеңер кыргыздарда Көкдолу деген 9 карышкырды бир алган тайган бар экен. Ошону мага алып келгиле”, – деген экен. Аңчылыкты жакшы көргөн Кененсары Көкдолу тайганын алып барганда сүйүнгөнүнөн отурган ордунан тура калган. Мына ушундан улам кыргыз тайганынын баалуулугун билсек болот.

Кыргыз тайганы жөнүндө

  • Боюнун бийиктиги – 65-70 сантиметр.
  • Куйругу – чыгырык тартып турат.
  • Көзү – күрөң, кызыл түстө.
  • Бели – ичке.
  • Көөдөнү – кең.
  • Кулагы – шалпаң кулак.
  • Өңү – кара, куу, көк.
  • Жүнү – тыбыттуу.
  • Буттары – арткы 2 буту иймегирээк келет.

«Супар-инфо», 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.