Нурдин Асакеев: “Максатыбыз – улуттун көрөңгөсү болгон боз үйдү дүйнөгө таанытуу”

boz_uy_maket

«Уни-Юрт» деп аталган боз үй сувенири жакында оюнчук катары конструкцияланып, иштелип чыкты. Макеттин өзгөчөлүгү – жөнөкөй сувенирлерден айырмаланып, боз үйдүн дал өзүндөй берилген. Башкача айтканда, бул чыныгы боз үйдөй болуп чечилип, кайра тигилет. Керегелери, түндүгү, ууктары, эшиги жана башка бардык шаймандары өз-өзүнчө бөлүнүп турат. Муну ким эле болбосун кошо сатылган нускоосу боюнча чогулта алат. Бул боз үйдү курууда так кадамдар менен топтоштуруу талап кылынат. Чыныгы боз үй кандай тигилсе, бул да ошондой ирет менен чогултулушу керек. Мисалы, биринчи канаттарын бириктирет, анан түндүккө ууктарын туташтырып, андан ары керегелери байланат, мына ошону менен негизги өзөгү толук бүтөт. Кийиздери да өз кезеги менен жабылат.

«Бул идея эки жыл мурун пайда болгон. Буюрса, быйыл февраль айынан тартып өндүрүштү баштайын деп турабыз», – дейт Кыргызстандагы алгачкы конструкциялуу оюнчук ойлоп тапкан топтун мүчөсү Нурдин Асакеев. Биз бул ачылыш тууралуу автордон кененирээк сурадык.

– Нурдин мырза, бул иште кандай максатты көздөдүңүздөр?

– Бул – сувенир, оюнчук жана конструкция болуп эсептелинет. Баары бир нерсеге бириктирилген. Максатыбыз – улуттун көрөңгөсү болгон боз үйдү дүйнөгө таанытуу.

– «Уни-Юрт» деген аталыш эмнени билдирет?

– Анын мааниси – «бирдиктүү, универсалдуу боз үй» деп чечмеленет.

– Боз үйдүн жиптеринин байланышына чейин чыныгы боз үйдөй болуптур. Бул атайынбы?

– Ооба, биз атайын ошентип жасадык. Бул долбоордун негизинде таанып-билүү билими жаткандыктан, жиптердин байланышы да өзүнө үйрөтүү максатын камтыйт. Балдар же чет жактагылар кыргыз көчмөндөрүнүн боз үйүндөгү жип байлоосун да таанып, үйрөнсүн дедик.

– Бул боз үйдү ар түрдүү өлчөмдө чыгарса болобу? Дагы кандайдыр бир элементтерди кошуп дегендей?

– Ооба, биз учурда ойлонуп жатабыз. Албетте, боз үйдүн дагы башка тетиктерин да кошобуз. Азыр бул боз үйдүн диаметри 25 см. болсо, кийинчерээк, буюрса, чоңураак кылып чыгарууга аракет кылабыз. Анда кичинекей кожоюн менен кожойкеси, очок, төшөктөр, мылтыкча, чанач жана башка үй-тиричилик буюмдары менен толукталат. Бирок азыр чыгарыла турган боз үйгө бир шырдак кошсок, ал шырдакты күнүмдүк тиричиликте компьютердин чычканынын астына төшөп алсак да болот.

– Азыркы учурда оюнчук гаджеттердин түрлөрү аябай эле көп, алардын ичинен бул боз үй артта калбайбы? Же болбосо сатууда солгундоого учурабайбы?

– Жок, эгер статистикага таянсак, батышта жана АКШда адам өзү кураштырып жасай турган оюнчуктарга, конструкцияларга болгон талап жогору болууда. Албетте, электрондук оюндар да өнүгүүдө деңизчи, бирок ата-энелер балда-рына дайыма билим бере турган таза оюнчуктарды алып бергиси келет.

– Бул эмгектердин баарын эске алганда, оюнчуктун баасы канча болуп калат?

– Биз эсептеп көрдүк, бул боз үй кыргызстандыктар, туристтер, чет жактагылар болуп, көбүрөөк адамдардын сатып алуусуна багытталганы үчүн, наркын болушунча арзан чыгарууга аракет кылуудабыз. Оптималдуу эсептөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин, боз үйдүн баасы миң сомдон аша турган болду.

– Боз үйдүн үлгүсү «3D» принтери менен чыкты деп айттыңыз, ушундай жол менен эле чыгара берсе болбойбу?

– Жок, биринчиден, бул материал назик, морт келет. Экинчиден бул көп санда чыгарууга кымбат түшөт. Бизде боз үйдү өндүрүүчү башка мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда боз үйдүн негизги өзөгүн жасоочу завод менен сүйлөшүп жатабыз. Ошондой эле сүйлөшүү кийиз жапкычтарын жасап бере турган фирма менен да жүрүүдө.

– Нурдин мырза, ишиңизге ийгилик! Бул боз үй, буюрса, алдыңкы күндөрү ар бир кыргыздын үйүндө болуп каларына ишенебиз!

Эрболот КАСЫМОВ, «Кыргыз Туусу», 30.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.