Сындалган кыргыз китептери

Учурда китеп базарында чоң жазуучулар сындаган, “жазмакерлердин” китептери жайнап чыгууда. Албетте, кыргыз адабияты менен бул китептерди салыштырып болбойт. Айырмасы асман менен жердей. Бирок бүгүнкү күндө чыгарылып жаткан китептерди эл кызыгуу менен окуп жаткандыгы чындык. Калкка аттын кашкасындай таанымал жазуучулардын китептери азыркы калемгерлер чыгарган китептерге караганда эмнегедир солгун өтөт экен. Акыркы мезгилде чоң жазуучулар менен жазмакерлердин ортосундагы ич ара кайым айтышуулар ачыкка чыкпаса дагы угулуп турат. Мына ушундай өйдө-ылдый айтылган кептердин айланасында айрым китеп жаатына тиешелүү адамдарды кепке тарттык.

Эркин басмачы Жаныбек Жанызак:
“Бакма жазуучулар базар дүйнөсүндө бозоруп отуруп беришти”
… Бечара “кадровый” жазуучулар. Социализм түгөнүп, Жазуучулар Союзунун жем акыры чын эле куржалак калды. Ырас, Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин деле, базар чарба нугуна бурулганыбыз менен деле баштапкы президентибиз буларга атайылап килтейген көп кабаттуу үй салдырып берип, Чыңгыз акебиздин кадыры менен жазуучуларга “өздөрү аракет кылып, басмакана ачып, китеп чыгарып жандарын багышсын” деген тейде 60миллион бекен ай, сом карматса деле анысын жарытылуу иштете алышпай, Асан аке Жакшылыковдун “жардамы” менен ал каражаттын түбүнө жетишкен. Төлөгөн аке Касымбеков, Казат аке Акматов сыяктуу нукуралар гана бирин-экиндеп өз алдынча кетип, чыгармаларын өздөрү жазып, өздөрү чыгарып, ал эми ыраматылык Жапар аке Кенчиев, Эрнис аке Турсунов сыяктуу атка жеңил, тайга чак жазуучуларыбыз жаңыбайлардын капчыктарын аңтара чаап, кыргыз журтун өрөөн-өрөөндөтө жыл санап түгөнгүс баатырларга бөлөп жатышты. Бирок мурда-кийин мындай алааматты көрбөгөн “асыл тукум” бакма жазуучулардын басымдуу бөлүгү базар дүйнөсүндө бозоруп отуруп беришти.

Азыр заман-талабына жараша китеп-гезит базары калыптанып чыкты. Анын жаралышына өкмөт аке, же болбосо Жазуучулар Союзу кенедей да салым кошкон жери жок. Базар мамиле жаратты мындай “мекемени”. Мынакей, ондон ашык жылдан бери жанаша иштеп жүрүшүп, биердегилер атүгүл өз ара шерине түзүп алышкан, кып эле кыргызча. Жаманбы, жакшыбы, кыргыз жазуучуларынын жаңы катмарынын кыргыз тилдүү китептерди басып чыгаруучу мен сыяктуу басмачылардын калыптанышына так ушул базардын салымы зор. Так ушул базар бүгүнкү күндө кыргыз басма сөзүн, кыргыз китептерин түгөл Кыргызстанга жайылтууда, а демек, кыргыз тилинин жок болбой жашап келишине икелей салымын кошууда. Андыктан, жанагы чала жан, “бакма тоокторго” Терентьевдин үйүн берип алчаңдаткандан көрө өкмөт аке так ушул китеп-гезит базарын колдон келсе кеңейтип, чоңойтуп базардагыларга туруктуу павильондорду ачууга уруксаат берип, колдоо көрсөтсө жаман болбос эле го дейм. Кыргызча китептердин сандык жана сапаттык жагы анчалык өөрчүгөн сайын, биздин алармандардын да катары жана табити ошончолук тез өнүксө керек. Ал эми кыргыз тилдүү китеп алармандардын саны канчалык көбөйгөн сайын, биздин мамлекетибизде кыргыз тили ошончолук бекемдейт. Бу демек, кыргыз тили жакынкы кылымдарда өз ордун бекем сактап калат деген ишеним да ошончолук күчтүү болот.

Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы Айдарбек Сарманбетов:
“Адабияттын деңгээлин түшүргөндөр көчөдөгү жазмакерлер”
Азыр деле көптөгөн жакшы чыгармалар жаралып жатат. Бирок мурдагыдай СССР убагындагыдай мамлекет тарабынан Жазуучулар Союзу колдоого алынбай калды. Ошондон кийин Жазуучулар Союзу үчкө бөлүнүп кеткен. Өзүнчө бөлүнүшүп, өзүнчө уюм түзүп, өзүнчө иш алып кетебиз, жашап кетебиз деген аракеттери болгон. Бирок ал ойлору ишке ашпай калган. Себеби, рынок шартында басмаканасы болбосо, же акча-тыйын таба турган мүлкү, коммерциялык тармактары болбосо ишти алып кетиш кыйын экен да. Себеби, китеп чыгарыш үчүн сөзсүз басмакана, акча керек. Корректор, дизайнер, компьютер деген керек экен. Ошон үчүн ал иштин баары токтоп калган. Ошол эле кезде мамлекет дагы эч колдоого алган эмес да. Себеби коомдук уюм катары карап калышкан. Бул туура эмес, себеби, адабият бул мамлекеттин, улуттун жүзү, руханий байлыгы болуп эсептелет. Адабиятты колдобосо жакшы чыгармалар чыкпай калат да. Мамлекеттин иши катары караш керек эле.

Азыр рынок шарты деп ар ким эле өзүнүн колунан келишинче китептерин чыгарып жатышат. Жанагы жаман китептердин чыгып кетип жатканы да ошол. Акчасы барлар, же тууган-уруктары демөөрчүлүк кылып, колдоо алгандар чыгарма деп эле жазгандарын китеп кылып чыгарып атышат. Адабиятыбыздын деңгээли түшүп кеткендиги да ошондон болуп жатат. А эл болсо жазуучулардын баары эле ушундай турбайбы деп ойлошот. А чындыгында Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү чыгарма жазышат, ал чыгармасы сессияда каралат, талдоого алынат, ар кандай пикирлер болот. Анан оңдолуп, түздөлүп, адабияттын талаптарына жооп бергидей кылып жазышат. Ошол эле убакта ар бир айылда, шаарда калем кармаган кишилер бар. Алар жаза берет, чыгара берет, а сөздүн баары жазуучуларга, бизге тийип калып жатат. Аларды көзөмөлдөгөнгө бизге укук берилген эмес. “Бул китебиңди чыгарба, мындай жаз, антип жазба” дегенге биздин укугубуз жок. Бирок ушул эле китептерди Жазуучулар Союзунда карап, ошолордун чечими менен чыгарса жакшы болмок. Адабияттын деңгээлин түшүрүп ийген көчөдөгү калем кармаган жазмакерлер да. Алар чыныгы жазуучу болуш үчүн көп изденип, чыгармачылык түйшүк тартып анан кийин гана чыгарма жазса болот эле.

Улуу муундагы жазуучулардын китептери сапаттуу чыгып, баасы да ошого жараша болгону менен карапайым калк ал баада сатып ала албайт экен…
Туура, себеби азыр акын-жазуучуларыбызда да ушундай бир көрүнүш пайда болду да. Себеби, бир китеп чыгарыш үчүн демөөрчү, акча керек. Анан бир китепке чыгармаларынын баарын батырып калгысы келет. Чыгармасынын көлөмүнө карап чакан китептерди чыгаргандар да бар. Окурмандардын суроо-талабына ылайык, арзаныраак кылып, бирок сапаттуу чыгарып жаткандары да бар. Детектив, мистикалык чыгармалар азыркы карапайым элдин суроо-талабына ылайык да. Азыр адамдар жөнөкөй турмуштагы окуяларды, кызыктуу нерселерди окугусу келет. Ошол эле кезде элдин арасында чыныгы адабиятты күтүп окугандар да бар. Бул жерде окурмандардын табитине жараша болот да. Кээ бирлери адабий көркөм чыгармаларды окуса, кээ бирлери детектив, жөнөкөй, жеңил-желпи чыгармаларды окушат. Бул турмуштун агымы эле. Анын эч кандай трагедиясы жок.

Жаныбек Жанызак сиздерге китеп чыгара турган жазуучуларга конкурс жарыялоону сунуш кылып, акчалай байгелерди да коё турганын айткан экен. Анын сунушун эмнеге кабыл албай койдуңуздар эле?
Жаныбектин сунуш кылганы чын, бирок бул жерде эки жактын кызыкчылыгы болот да. Мисалы, жазуучулар чыгармасын чыгарып, аз да болсо гонорар алып бир аз колдоо болмок. Жаныбек Жанызак болсо ошол чыгарманы сатып алып, китеп кылып чыгарып, кайра сатып өзү үчүн пайдаланмак. Бул рыноктун шартында туура эле нерсе. Бирок бул жерде эки жактын тең ниети, каалоосу туура келиш керек эле. А бизде башкармалык деген бар, алар каршы болуп коюшту. Жаныбек ал чыгарманы кандай сапатта чыгарат, кандай сатат деген ой менен сунушуна макул болушкан жок.

“Нуска” китеп дүкөнүнүн башчысы Анархан Садыкулова:
“Адабиятыбызды, тилибизди жоготуп ийишибиз ыктымал”
Азыр базар экономикасы болгонго жараша эки муундун жазып жатканы алла-тааланын ар кимдин өзүнө берген талантына байланыштуу. Ар ким аракет кылып, өзүнүн башынан өткөндөрдү чыгарып, элге таркатып жаткандарды көчө жазуучу жана жазуучу деп жатышпайбы. Бирок мен экөөнө тең кошула албайм. Себеби, азыркы жашоо-шарт ошого түрткү болуп жатат. Эгерде баягы совет доорундагыдай болуп баардыгы бир калыптагыдай болуп турганда азыркы көчө жазуучулар балким чыкмак эмес. Чыкса дагы бир канча жылдан кийин, канча деген талкуудан кийин анан чыкса керек. Жазуучулар кандай гана чыгарма жазбасын биринчи ирет гезиттерге жарыяланып, элдер окуп, талкууга алынгандан кийин барып өкмөт тарабынан же демөөрчүлөр тарабынан чыгарылышы керек. Азыр болсо көчөдөн бир окуяга күбө болсо же өз жашоосунан алып, кошумчалап китеп кылып чыгарып жатышат. Базарда отургандар, күнүмдүк оокатын өткөрүп жаткандар колуна тийген нерсени окуп жатышат. Азыркы учурда базарда сатылып жаткан китептер гезиттин көлөмүндөгү китептер. Окусаң жарым саатта бүтүп каласың. Алар азыркы жаштарга тарбия боло турган, көмөкчү боло турган илгеркидей чоң роман эмес да. Роман болсо анда базардан жакшы өтүп жатыптыр демекпиз. Базар экономикасына байланыштуу болгондон кийин эч ким тыя албайт. Чөнтөгүндө акчасы барлар чыгарып жатышат. Мунун себеби эмнеде? Албетте акча табуунун жолу. Биздин адабиятыбызды, тилибизди жоготпойлу деген максатта чыгып жаткан жок. Биздин классик жазуучуларыбыз, кыргыз адабиятын негиздеп кеткен адамдардын, жазуучулардын китептери чыкпай жатат. Алардын тууган-туушкандарынын колунан келбейт экен, аларга өкмөт тарабынан жардам берилбейт экен. Илгери совет доорунда 65% өкмөт каржылачу. Азыр бизде котормо деген дагы жок. Өзүбүздүн Кыргызстандын ичиндеги сазда эле айланып аткандайбыз. Анда адабиятыбызды, тилибизди да жоготуп жиберишибиз ыктымал. Азыркы жеңил-желпи чыгып жаткан ар түрдүү темадагы китептерди жактырып окуган кишилерди карап отуруп биздин жаштарыбыздын, окурмандарыбыздын деңгээли төмөн жакка түшүп калгандыгын билгизип атат. Азыр “Нускага” илгертеден бери китеп менен жашап келген, илгертеден бери китепти сүйүп окуган окурмандар келет. Бирок көпчүлүгү “Китеп көп экен, бирок биз окуй турган китеп жок экен” дешет. Бул эмнени билдирет? Демек, аларды канааттандырган китептер чыкпайт азыр. Учурда жаштар жазып жаткан китептерди талкууга, көзөмөлгө алып, кеп-кеңеш берген чоң жазуучулар бар бекен? Жок, андай жазуучулар жок. Мен ачык эле, биздин өзүбүздүн тилибизге чуркап жүргөн адамдар бар, бирок биздин адабиятыбызга эмнелер чыгып жатат, кандай чыгармалар жаралып жатат деп ыктыяр коюп, аркасынан түшкөн улуу жазуучулар жок деп айта алам. Азыркылардын көпчүлүгү китеби эмне жөнүндө экенин, мазмуну кандай экенин, эмнеге багыт бергенин, кимге кандай пайдалуу экенин өздөрү билбейт. Азыр кагазды өздөрү сатып алышат, менчик басмаканалар толтура. Эркиндик деген ушул экен. Ушул бойдон эле тура бербейт деп ойлойм. Акыры электен ээленип өтүп, азыркы жаштардын ичинен да мыкты чыгарма жараткан атактуу жазуучулар чыгаар. Бул менин жеке оюм.

Китеп сатуучу Орозбек Бөрүгулов:
“Адабиятта деле коррупция бар экен”
– Көп жылдан бери гезит базарында жүрөсүз, учурдагы гезит-китептердин өтүшү, элдин талабы кандай экенин сизден жакшы билген адам болбосо керек. Улуу муундагы жазуучулар менен бүгүнкү күндөгү жазмакерлердин китептеринин сапаты, мааниси жагынан да айырмасы асман менен жердей. Айтсаңыз, базарда булардын өтүшү кандай?
90-жылдары Эмил Өмүракуновдун “Жыландар ханышасы” деген чыгармасы мистикалык багытта чыккан. Ошондон кийин эле жылан жакшы темага айланып кетти. “Бриллиант жылан” “Жыландар ордосунда”, “Жыландын сүйүүсү” деген сыяктуу китептер чыгып, жакшы өтө баштады. Андан кийин детективдер жакшы өтө баштады. Ошо кезде башкача бир агым келди да. Бирок аларды эч ким колдогон деле жок. Өздөрүнүн киндигин өздөрү кесип эле окурмандардын жылуу пикирине арзыды. Андан кийин сүйүү, турмуштук темаларда китептер чыгып жатат. Элдер жакшы окуп жатышат десем болот. Ал эми улуу жазуучулар жөнүндө айта турган болсом: азыр деле алардын көптөгөн, жакшы китептери жарык көрүп жатат. Бирок окурмандар алардан бир аз алыстап калгандай. Анын үстүнө алар социалисттик коомду гана чагылдырып жазгандары бар. Албетте, алардын деле бир топ жакшы чыгармалары бар. Чолпонбек Абыкеевдин, Бекмырза Рахман уулунун, Асанбек Кулманбетовдун бир топ китептери шыр-шыр эле кетип атты. Анан бир жолу бир чоң жазуучу келди. Аты-жөнүн атабай эле коёюн. Ал киши мага он китебин алып келди. Сатыкка койсом өтпөйт, эки айдай турду. Бир китебин жоготуп алдым эле, ал киши келгенде жоголгон китептин акчасын берип, калган китептерин кайрып бердим. Анан көп өтпөй эле “Жылдын мыкты китеби” деген наамды анын ошол китеби алыптыр. Ал жазуучу телевизордон “Бул китеп элдин арзуусуна татыктуу болду. Базарга алып бардым эле окурмандар дароо эле талап кетишти” деп айтып жатат. Бул жерден ал өрдөгүн учуруп ийди да. Чындыгында ал китептин сапаты, сырткы жасалгасы татыктуу болушу мүмкүн эле. Учурда китептери элдин суроо-талабы менен көп өтүп жаткан Абыкеевдин, Бекмырзанын, Асанбектин китептеринин бири дагы ал жазуучунун китебиндей “Жылдын мыкты китебине” илинбейт да. Мен адабиятта деле коррупция бар экен деп калдым. Болбосо, анын китебин эл окубаса ал наамды кантип алды, туурабы? Мен аты-жөнүн атабай эле коёюн, мага үч-төрт жазуучу келет. Алар китептеринин баасын асманды тээп туруп коёт да. Аз эле алып келишет, бирок өтүшү аябай кыйын болот. Өздөрүнө түшүндүрүп айтсам көңүл бурушпайт. Анан өтпөй калган китептерин кайра кайтарып берсем ичтери ооруп кетишет. Ал эми бүгүнкү күндөгү чыгып жаткан китептер бат-баттан өтүп жатат.

А, бу дегенибиз менен ар бир чыгарманын деңгээлине, багытына жараша өз окурманы бар. Кимге эмне керек болсо, аны окурман өзү иргеп, издеп, таразалап алат. Албетте, калеми менен таанылган айтылуу жазуучулардын чыгармасы китеп дүкөнүндө өзгөчө урмат менен аздектелип жаркырап турат. Бирок, элге жетпей, кийинки муундар кабардар болбой, окулбай жаткандыгын ким тана алат? Ал эми жогоруда сөз болгон саны бар, сапаты жок, өз чөнтөктөрүнөн каражат жумшап чыгарылып жатат делген бүгүнкү күндүн жазмакерлеринин китептерин Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан табууга болот. Бул чындык. Кулак угуп, көз көрүп турган көйгөйдү жазуу ар бир журналисттин парзы. Кандай болгон күндө да “мен чоң жазуучумун, мыкты чыгарма жазам” же “мамлекет каржылабаса дагы эл окуй турган китептерди чыгарып жатам” дебей, биримдикте кыргыз адабиятыбыздын, тилибиздин, элибиздин эртеңи үчүн ар бирибиз күрөшсөк…

Даркүл КЕМЕЛОВА, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.