Фейсбуктагы «Кыз-жигиттер айтышы» тайпасы уюштурган байгеси 100 000 сомду түзгөн конкурс өтүп жатат

Фейсбук социалдык тармагындагы кыргыз элиннн өнөр баккан интернет колдонуучулар арасында популярдуу болгон «Кыз-жигиттер айтышы» тайпасы 2016-жыл – Тарых жана маданият жылын утурлай эл аралык “Кыргыздар” ассоциациясынын жетекчиси Нурмухаммед Миңбаевдин демөөрчүлүгү менен фейсбуктагы “Кыргызча, кыз-жигиттер айтышы” тайпасы фейсбукта “КЫРГЫЗ ЭЛИ КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН” аттуу конкурстук 6-жазма акындар айтышын уюштурууда.

Тайпанын жетекчиси Элбек Базаровдун маалыматына ылайык, кезектеги айтыштын байге фондусу 100 000 сомду түзөт. Мындан тышкары “ийгилик саны” электрондук лотореясы ойнотулууда. Бул электрондук лотореяга интернет колдонуучулардын баардык каалоочулары катышып, “ийгилик” ээси бир жумалык мөөнөттөгү Түркияга эки кишилик жолдомо менен сыйланмакчы.

Конкурска катышуунун эрежелери менен төмөнкү шилтемеге кирип толук тааныша аласыздар: https://www.facebook.com/groups/kyz.zhigit.aityshy/

Сурап билүү телефону: 0777462533

Inter.kg, 08.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.