Кымыздын касиети

Кымызда жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, витаминдер, ферменттер, көмүр кычкылтеги, аминокислоталар бар.

Алар тамак сиңдирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Кымыздын курамында 2-2,5% белок, 1-25 май, 3,5% кант, 100-200 мг. С,В,А витаминдери болот. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Йоддун саны өтө жогору – 95-100%, уй сүтүндө – 25-30%. Ээрүү чекити 20-22 градус, уйдуку – 34-36 градус. Ошондуктан бээнин сүтүндөгү май шарикчелери ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып, пайдалуу холестрин болот.

Бээнин сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы – сүттө кант же лактоза таттуулугу көп болуп, кымыз болуп ачыганда спиртке айланат. Жазгы жаш кымызда 2-3, ал эми күзгү же көп турган кымызда 4,5-5,5ге чейин жетип, кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу, айрыкча жаз мезгилинде чөп күчүнө кире элек кезде, бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан тамыр басымын жогорулатпай, айрыкча боор, өпкө, өт, ашказандын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.

Кымыздын эң чоң касиети организмде иммунитет пайда кылып, ар түрдүү жугуштуу оорулардан сактайт. Кымызды такай ичкен адамдар узак жашары айтылып келет. Жылкы бруцеллез, кургак учук, кара өпкө, кара сан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сүзүп иче беришет. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып, үркөр чыгып, чөп бышып, баш алып, мал семирип, сүт сөөктөн чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.

Кымыз канча түргө бөлүнөт?

– Ууз кымыз – эрте жаздагы кымыз, ууз кымыз ар кандай ооруга дабаа катары пайдаланылат.
– Сөөк кымыз же шырылдаң – кеч күздөгү же кышкы кымыз, сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.
– Бал кымыз – байтал бээнин сүтүнөн жасалат.
– Саамал кымыз – ачый элек кымыз.
– Тунма кымыз – эң күчтүү келет. Балга чайкап, мейиз кошуп, 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
– Чайкаган кымыз – жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
– Ачыган кымыз – жакшы бышылган жаш кымызга саамал, жанчылган мейиз, набат кошуп, аларды ак чүпүрөккө түйүп, чаначтын түбүнө салып, бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.

Бал кымыз
Кымызың сенин бал беле жеңе,
Кылт этсем даамы таңдайда жеңе.
Кымызыңа бал коштуң беле,
Кымызыңды кыйла жан мактап,
Кандырды деди жайда чөп
чапсак…

Субайдылда Абдыкадырова, акын, КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.