Салттуу музыканы салтсыз уюштуруп…

25-28-апрелде Мамлекеттик тарых музейинде эгемендик алган Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу «Биринчи кыргыз салттуу музыкасынын Жумалыгы» өттү. (Сүйлөм түзүлүшүнө, лексикасына, орфографиясына көңүл буруп коюңуз.) Тарых музейине кире беришке тигилген 2 боз үй адамды алыстан өзүнө арбап турат, бирок жанына келсең ичи бош. Жумалык өткөн зал деле жупуну – баягы калыбында. Биринчи жолу өтүп жатса «биринчи» дегендин духу, деми сезилбейт. Андай дух, андай сезим катышуучуларда гана байкалат.

Нурак АБДРАХМАНОВ – КРнын эмгек сиңирген артисти, салттуу музыкалардын дүйнөлүк конкурсунда (2001-ж., Самарканд ш.) ЮНЕСКО байгесинин утуучусу, «салттуу музыканын устаты» эл аралык сертификаттарынын жеңүүчүсү:

– Кыргызстанда салттуу музыканы минтип жандантуу, албетте, кеч колго алынып жатат. Коңшу элдерге караганда биз аябай кечиктик. Алар он жылдай мурда эле салттуу музыкасын профессионалдаштырып, мектептерине, ЖОЖдоруна киргизип алышкан. Бизде минтип жаңы башталып жатат, буга да Кудайга шүгүр. Лондон, Париж, Түркиядан бир нече жыл мурда алган сертификаттарды мен өзүмдүн Кыргызстанымдан эми алып жатам.

Рысбек ЖУНУШЕВ – «Өмүр» тобундагы эгиздердин сологой комузчусу:

– Комузда 18 түрлүү толгоо бар. Азыр комузду чертүү ыкмалары да өсүп жатат. «Өмүр» тобунда 3 кылдуу комуз менен Кубанын бийин чертип чыкпадык беле, ошондо дагы бир кыл жетпей жатканы сезилген. Мына эми, Кыргызстанда биринчи жолу 4 кылдуу комуз жасадым. Ушул комуз менен 6 күү чыгардым. Чет элдик классикалык чыгармаларды ойноп жүрөм, элдин кабыл алуусу жакшы. Максатым – 4 кыл комуз боюнча атайын окуу китебин жазып, класс ачып, балдарга үйрөтүп, элге таратсам.

Асылбек НАСИРДИНОВ – Бишкек шаардык драмтеатрындагы «Саамал» фольклордук ансамблинин жетекчиси:

– Чоң атам комузчу, атам комуз чертчи, таенем да таланттуу адам экен, көрөңгө ошолордон мага өтүп, комуз, чоор, сурнай, темир жана жыгач ооз комуз, чопо чоор ойноп катыштым. Жумалык кечирээк уюштурулду, мамлекет үчүн бул уят иш. Мындай иш чараны мамлекет өзү уюштурбаса бул жеке ишкерлерге, башка өлкөлөрдүн фонддоруна өтүп бараткан. Мамлекет маданиятты колго алып, ошону менен саясат жүргүзүп, элди тарбияласа болоор эле. Өнөрпоздорду чогултуп турса бул да өзүнчө тарбия да. Министрликке ырахмат.

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ – Кыргыз эл жазуучусу:

– Концерттин башынан аягына чейин кыргыз күүлөрү гана ойнолуп жатканын байбичем экөөбүз биринчи жолу көрдүк, тан бердик. Күүлөр ушунчалык иштетилип, ийине жеткирилгенине, буга жаштардын көп катышканына ыраазы болдук. Кечирээк уюшулуп жатышы – адамдардын аң-сезими жетиле электигинен окшойт. Эми муну эч ким токтото албайт. Бул ата-бабабыздан калган руханий дүйнөбүз.

Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ – Кыргыз эл сүрөтчүсү:

– Кыргыз деген элдин жаны чыгаарда, каны коюуланып кайт болуп кетээрде кайра тирилип жаткандай эле болду. Булардын көбү аткаруучулар экен. Буйруса эми күү чыгарган авторлор да көбөйөт. Баарыбыз эле комуз менен чоңойгонбуз да. Менин да эки күүм алтын фондуга алынган.

Асан КАЙБЫЛДА уулу – күү изилдөөчү:

– Концертти көрүп отуруп бир ой келди: саяпкерлер күлүктөрүн белгилүү бир жерден кое берет, мыктылары алдыга озот эмеспи. Бүгүнкү комузчулар андай эмес экен – бардыгы бир кылка, ушуга аябай кубандым. Улутубуздун өзөгүн түзгөн комуз өнөрүн өркүндөтсөк, анда кыргыз тээ акыр заманга чейин барат. Бийликтеги адамдар саяпкер сыяктуу болуп ушул жаштарга кам көрүшсө. Бир аз кеч башталып жатат, бирок буга мамлекет аралашыш керек.

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ – комузчу:

– Улуттук өнөрдү, музыканы жандандыруу Д.Сарыгулов «Кыргызалтынды» жетектеп турганда Акаев доорунда башталганы эсиңердеби. Ошол кездеги балдар-кыздар азыр 25-26га чыгып калыптыр. Ошондо отургузулган бак минтип бүгүн мөмө бере баштады. Муратаалы аксакал «Комузда үч кылга тил келтирүү, элинин кумарын жазган болот» дептир. Ырасында эле кумарыбыз жазылды.

Уюштуруу жагынан кемчиликтер бар экен. Сахна жасалбаптыр. Атайын сценарий жазылып, алып баруучулар кыз-жигит болсо жарашпайт беле? Шайырбек Абдрахманов деген журналист алгачкы күндөрү сахнага джинсы шым кийип чыкты, көйнөгүнүн жакасынан футболкасы көрүнүп жүрөт, Таластын тамеки сарайында жүргөнсүп. Улуттун улут экенин көрсөтүүчү дал ушул салттуу музыка экени моюнга алынып жаткан соң маданият министрин бул жакка кой, мамлекеттик катчы өзү келип жыйынтыктап, дипломубу, белегиби өзү тапшырса деп келгендер өкүттө тарашты. Ал эртеси диплом алгандарды кабинетине чакырып конверт берет имиш. 15 чакты адамга эмес, катышкандардын ар бирине демөөрчүлөрдү байлап коюп белек-бечкек берсе жарашаар эле. Табылбай жаткан улуттук идеологиянын бир чоң дайрасы өзү ушинтип Ак Үйгө баш багып жатса, аны чекеге чертип «ары турчу» дегендей эле сезилди мага.

Закирбек ДҮЙШӨБЕК уулу – комузчу, студент:

– Жумалыктын өткөнү бизге дем берип жатат, мунусу жакшы, мындан ары да өткөрүп турушса. Күүчүлөрдүн бир нааразы болгону – эксперттердин арасында бир да комузчунун жоктугу. Кимибиз кандай черттик, катабыз кайсы – эч кимиси айталбайт да. Комузга жакын бир гана Р.Аманова отурду.

ӨМҮРБЕКОВА – ЖОЖдун мугалими, ардагер:

–  Жакындан бери «Бог поет на семи нотках одновременно» деген үндү укчу болгом. Көрсө үч миңдей күүнү сактап калган комуздун сырын аян кылып жаткан тура. Эмне үчүн дүйнө жүзүндөгү бир да калкта 3 миңдей күүнү калтырган аспап жок? Ааламдын жети катмарында тең Кудайдын эң бир таза үнү жаңырып турат экен. Аалам үндөн жаралган дейт го. Демек комузубуз канча кереметти сактап жүрөт. «Аруу үн бир гана Кудайда» деп коет. (Девственный звук только у одного Бога.) Аруулукту сактаганда гана аруу, улуу чыгармалар жаралат. Аруу үндөн өлбөс нерсе калат. Комуз күүлөрү да мына ошондой өлбөс, аруу нерсе.

Соңку сөз ордуна: Жумалыктын катышуучуларынын жана коноктордун пикирлерине кошулбаска арга жок. Ырасында эле, салттуу музыкага биринчи жолу көңүл бурулуп, жумалык алгачкы ирет өтүп жатабы? К.Бийлибаев эскерткендей, Д.Сарыгулов, Садык Шерниязды колдогон бир топ ынтызарлар Акаев доорунда эле төкмөлүк өнөрдүн төрүндө сербейип төрт эле адам калганда, аны көтөрүп чыгышпады беле. Аалы баштаган азыркы таланттардын булак башаты ошол мезгил эмеспи. Комузчулук, манасчылык, кол өнөрчүлүк, ат оюндары, саяпкерчилик, мүнүшкөрлүк, салбуурун, элдик дарыгерчилик, жайчылык жаатында үзүлүп бараткан учукту улашкандай болду эле го? Же ала кушту атынан атагандан коркуп жатабызбы?

Маданият министрлигинин демилгеси колдоого аларлык. Бу сапар жалгыздык кылдыбы, же алсыздык кылдыбы – айтор жумалык тарых музейинин ичиндеги эле областтык деңгээлден ашпаган иш-чара болуп калыптыр. Бишкек шаарынын күнү белгиленээр алдында өтүп жаткандан кийин шаардык деңгээлдеги маданий программа статусуна жеткирип өткөрөбүз десе өкмөт каршы болмок беле? Ага алы келбесе, ар бир областтан келген өнөр адамдарын жок дегенде бирден жогорку окуу жайына байлап, Батыштын дүңкүлдөгөн ызы-чуулуу музыкасын пир тутуп бараткан жаштардын тумандаган мээсине комуз менен чоордун, кыл кыяк менен сурнайдын, жыгач жана темир ооз комуздун тунук күүлөрүн тартуулап коюшкандачы. Сологой комузчу Рыспек Жунушев француз музыканты Поль Мариянын «Токаттасын» төрт кыл комуз менен Борбор Азиядагы Америка университетинде ойноп берсе, 9 жашар орус кызы Мария Наумова Атайдын «Маш ботоюн» Улуттук университетте ойносо, Майра Керим кызы баштаган «Айым айтыш» тобундагы 5 төкмө айым, Нурак Абдрахманов баштаган балдар бакча курагындагы, Зайнидин Иманалиев баштаган өспүрүмдөр курактагы ансамблдердин аткаруусундагы күүлөр канча деген ортосаар жаштардын жүрөгүндө кыргыз улутуна болгон урматтоо сезимин күч алдырмак.

Жумалыкта негедир түштүк аймактын таланттары сейрек. Саадабай карыяга (Шабданов) сексенге чыкканча эле «Сары барпыны», Фахриддин Баяковго алтымышка келгенче Байгазынын «сыздаган» «Сынган бугусун» черттире беребизби? Түштүктө салттуу музыка «сарттуу» музыкага орун бошотуп жаткан жокпу? Мамкатчы баш болуп, сен, мен төш болуп ойлоно турган да, ойгоно турган да мезгил өтүп баратат.

Жумалык министрликтин айрым кызматкерлеринин «чоң муштумдук» өнөрү бар экенин да көрсөттү. Сахнада микрофондорду оңдоп-түзөп жүргөн Нурлан аттуу албеттүү жигит (Карабаев деген фамилиясын ал күнү айтпай койгон) Асылбек Насирдинов деген өнөрпозду ал сахнадан түшүп келип, фойеде мага интервью берип жаткан жерден сыртка жетелеп чыгып, ур-токмокко алып кирген жеринен ажыратууга туура келди. Жазып баштаган диктофонумду өчүрүүгө жетишпей, Нурландын ачуусун араң басканым, экөөнүн сөгүнгөндөрү жазылып калды. Көрсө Асылбек комуз чертип эле кетип калыш керек экен. Анын калыстардан уруксат алып, чоор, сурнай, жыгач ооз комуз ойноп жибергени күнөө болуптур. Министрлик бул боюнча кызматтык териштирүү уюштуруп, өнөрпоз А.Насирдиновдон кечирим сураттырабыз десе диктофондогу жазууну далил катары уктурам: С линиядагы №12 файл, убактысы 2 минута 45 секунда.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 1.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.