“Эр Төштүк” чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учурагансаптары

Элемандын эркеси, тогуз уулдун кенжеси, бир кудайдын эркеси Төштүк баатыр туурасында жөө жомоктор жана ыр түрүндө жазылган эпос учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.

Эпостун баш каарманынын образы өзгөчө. Кандай жоо болбосун кармаган жерден кан чыгарган баатырдын боорукердиги, жер астына түшүп кетип, жан-жаныбарлардын өмүрүн сактап калышы, жаратылышка жан тартып, коргоп турушунун тарбияык мааниси зор.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан “Эр Төштүк” эпосу туурасында жети фактыны сунуштайт.

“Эр Төштүк” эпосу — түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири. Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу, версиялуу чыгарма. Башкы каарман – Төштүк баатыр. Эл арасында кара сөз менен ыр түрүндө айтылган.

 

Башка элдердеги “Төштүктөр”

Эпостун варианттары, версиялары кыргыз элинен башка тектеш түрк тилдүү элде кездешет. Ал казактардын “Ер Төстик” жомогу, “Йир Тошлик” (татарлардын “Эр Тештик”) чыгармасы.

 

Алгачкы варианты алп манасчыдан жазылган

Кагазга түшүрүү 20 кылымдардан башталган. “Эр Төштүктү” кыргыздар өздөрү ушул кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып кагаз бетине түшүрө башташкан. 1937-жылы улуу манасчы Саякбай Каралаевден фольклорчу, жыйноочу Ыбрай Абдрахман уулу жазып алган. Эпосту изилдөөчү Кайыповдун так эсептөөсү боюнча бул варианттын толук тексти 16 559 сап ырдан турат, б.а. кыргыздын башка кенже эпосторунун эч бирин көлөм жагынан астына салбайт.

 

Түрк элинин эпосторунун көлөм жагынан эң ирдүүсү

Салыштыра келсе, казактардын “Кобланды баатыры” 6 490 сап ыр, алтайлыктардын “Маадай карасы” 7 735 сап ыр, хакастардын “Алтын Арыгы” 10 371 сап ыр, өзбектердин “Алпамышы” он төрт миңге жакын сап ыр. Бул эпостор аталган элдердин эпикалык чыгармаларынын эң көлөмдүүлөрү болуп саналат.

 

Французча окулган эпос

Саякбай Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос “Сырттан Төштүк” классикалык үлгүсү болуп саналып, орус, француз сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн эл окуп, таанышууга мүмкүнчүлүлүк алган.

 

Уяттуу жерлери оңдолгон чыгарма

Саякбай Каралаевден алгач 16 559 сап эпос жазылып алынса,1996-жылга чейинки төрт жолку басылышында кыйла эле кыскартылган. Тагыраагы, 3-4-басылыштары (1969, 1981-ж.) 14154 сап болуп калган. Ошентип, эпостун 2405 сабы кыскартылган. Аны эпостун 1996-жылдагы басылышында баш сөз жазган адабиятчылар буга чейин басылган китептин түзүүчүлөрү өтө кийлигишип кеткенин айтышкан. “Келки-келки ыр саптарын, ал турсун бүтүндөй эпизоддорду кыскартуу диний терминдерди, эл-жер аттарын өзгөртүү, түп нускада жок ыр саптарын киргизүү сыяктуу фольклористика — текстология илимине жат, орой бузууларга жол берилген” деп белгилешкен. Маалыматтарда, оңдоого аз учурап түп нускага жакын турганы 1938-жылы Ыбрай Абдрахманов түзүп жарыялаган китеп экендигин айтышкан. Мында “кыскартуулар айрым кайталоолордун эсебинен жүрүп, диний терминдер, уяттуу эсептелген айрым сөздөр гана оңдолгон”, — деп белгилешкен адабиятчылар.

 

Өзгөчө каармандар

Маамыттар менен Чалкуйрук. Чыгармада кыргыз кенже эпосторунда мүнөзүү эмес да персонаждар бар. Алар Жер тыңшар Маамыт, Көрөгөч Маамыт, Куюн Маамыт жана Жейрен секиртпес Маамыт баштаган каармандар. Бул туурасында төмөнкүчө айтылат:

Элемандын Төштүгү

Жер алдына түшкөндө,
Төрт Маамыт келди табылып.
Сырттан Төштүк баатырдын
Абийри минтип жабылып.,

Эпосто Чалкуйрук Төштүк минген аты гана эмес, жакын кеңешчиси катары көрсөтүлөт. Ал дайыма ээсине “Мен көргөндү көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу” деп кайрылып турат.

Чалкуйрук анда муну айтат,
Элемандын Төштүккө
Жан билбеген шумду айтат:
“Жолдош да элең, эр да элең,
Элемандын Төштүгү,
Жолугуп минген сен элен,
Мен билгенди билдиңби?”, —
деген саптар кездешет.

Эпостун негизинде башка чыгармалар да жаралган. Драматург Жалил Садыков балдарга арнап “Эр Төштүк” пьесасын жазган. Андан сырткары Америкалык режиссер Вирляна Ткач менен Кенжегүл Сатыбалдиева чыгарманы сахналаштырган. Андан сырткары Эр Төштүк боюнча мультфильм тартуу демилгеси көтөрүлгөн.

Материалды даярдоодо адабиятчылар Райкул Сарыпбеков жана Мураталы Мукасовдун аталган эпос боюнча жазылган эмгектери пайдаланылды.

«Sputnik-Кыргызстан», 26.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.