А.Авдеев: Генийдин жаралышы керемет көрүнүш (Ч.Айтматов тууралуу)

Татарстандын борбору Казанда ШКУнун маданият министрлеринин жыйынынын алкагында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун эскерүү мааракеси өттү. “Кыргыз туусу” гезитинин маалыматы боюнча, ага маркумдун жубайы М.Айтматова, Россия Федерациясынын маданият министри А.Авдеев, Татарстан премьер-министринин орун басары, маданият министри Зиля Валеева жана Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Султан Раев катышты. А.Авдеев генийдин жаралышы керемет көрүнүш. Анын айтымында, Айтматов сыяктуу инсандар абдан сейрек кездешет. “Биз америкалыктар менен болгон конфронтациядан универсалдуу гумманистик баалуулуктарды кадырлоого өтүп жаткан кезибизде … чыныгы жашоого үйрөтүп, жашоонун маанисин туура баалоого түрткү берген оракул пайда болду. Мунун өзү маданияттын жана искусствонун негизги максаты болсо керек. Айтматов жазуучу жана философ катары өз заманынан озуп кетти”, – деди ал. (“Кыргыз туусу” 8-май 2009-жыл).

Россиянын Илимдер академиясынын Чыгыштаануу институтунун директору, эл аралык “Диалог Евразия” Платформасынын ардактуу төрагасы Р.Рыбаков Айтматовдой адамдар кетпестен, түбөлүккө калаарын белгиледи. “Ал биздин бардыгыбыз үчүн керектүү, кандайдыр бир өлчөөч сыңары тиешелүү эмне болсо, бардыгын жазып калтырды”, – деп билдирген өз оюн Р.Рыбаков.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 11.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.