Обон – казына

Музыка – жандүйнөнүн азыгы экендиги талашсыз. Музыканын көп багытынын ичинен кыргыз баласы үчүн обондуу ырлар өзгөчө орунда турат. Ошондуктан ондогон жылдар эл ичинде жашап келе жаткан көөнөрбөс ырларды, “Обон-казына” рубрикасынын алдында нотасы менен жарыялап турууну туура көрдүк. Текстти эле жарыялап койгондо акындын эле сөзү катары жарыяланып, ал эми обончу же композитор көмүскөдө калат экен. Нота менен жазылып калган обондун гана өмүрү узун болуп, кылымдарга кагаз бетинде сакталып каларын унутпасак. Саат сайын көбөйүп жаткан эстрада “жылдыздарын” да музыкалык казынабыздагы көөнөрбөс мурастар менен тааныштырып, туура жолго багыт берүү милдетибиз.

Өчпөс кайрыктар Кыздар-ай!
Жаздын жылуулугу, гүлдүн сулуулугу менен чогуу келген жүрөктүн алоосу аялзатына болгон арзуу менен тикеден-тике байланышы бар. Искусствонун бардык түрлөрү, анын ичинде обончу-композиторлорубуз эзелтен бери карай эле обондуу ырларында кыз-келиндер темасын кеңири чагылдырып келген. Боогачынын “Үкөй”, А.Малдыбаевдин “Дүрдана”, Ж.Шералиевдин “Жибекчач”, Б.Эгинчиевдин “Алымкан”, “Айнагүл”, Корголдун “Акбакай”, А.Тербишалиевдин “Акзыйнат”, Р.Абдыкадыровдун “Алмашым”, К.Тагаевдин “Элмира”, “Назгүлүм”, деги койчу, тизмелей берсек барак түтпөйт, Айга, Күнгө салыштырып саймедиреп айта берсек кеп бүтпөйт. Тикелей атын айтып төгүлүп ырдагандан башка, ар бир жаратмандын улуу сезимдердин эң ыйыгы болгон сүйүү темасына кайта-кайта кайрылып турушу дүйнөнү сүйүү гана кармап турарын далилдейт. Кудайдын адам баласына ыйгарган эң бийик сезимдерин адамзат көөнөрбөс чыгармалар менен даңазалап келет. Ошондой керемет ырлардын бири, өткөн кылымдагы Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жаралган залкар обончу-ырчы Муса Баетовдун “Кыздар-ай” аттуу ыры. Сөзүн М.Токобаев аттуу кыргыздын чыгаан уулу жазган экен. Бул ыр алтымыш жылдан ашуун мезгилден бери улам кийинки муундун жаш ырчылары тарабынан кайрадан заманбап ритмдерде жаңыланып аткарылып, эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат.

Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары-ай.

Он бешинде Ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл-тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө кыздар-ай.

Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Эрдин жары эркетай,
Биздин элдин кыздары-ай.

Калкылдап көлдүн үстүндө,
Параход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Аккуулар чардап жаткандай.
Алтын нурдуу бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары-ай.

Даярдаган композитор Турдубек Чокиев,
«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.