Аспаптардан азык алган Азыкбаев

37 музыкалык аспап. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей, биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи адам-оркестрдин репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктын кырынан ашырып, Гиннестин рекорддор китебине катталсам деген изги тилек менен жашап келет.

Түрк элдеринин аспаптарынын аты эле башка болгону менен түбү бир

Бишкекте адам-оркестр деген атка татыган оригиналдуу адам жашайт. Аны бир гана кыргызстандыктар эмес дүйнө жүзү жакшы тааныйт. Анткени ал өзүнүн музыкалык аспаптары менен дүйнөнү түрө кыдырып, кыргыздын улуттук аспаптарын, музыкасын талыкпастан дүйнө элдерине таанытып келет. Музыканын тили универсалдуу экенин айткан Курмангазы Азыкбаев өзгөчө түрк дүйнөсүнүн музыкалык аспаптары аталышы эле башка болгону менен түбү бир экенин жашырбайт. Кыргыздарда түтүк деген аспаптын түрктөрдө дүдүк экендигин айткан Азыкбаев түрктөрдүн жүнбүш деген улуттук аспабында да кол ойнотоорун баса белгиледи. Жүнбүш аспабын Стамбулга конокко барганда түрк боордошто белеке бергенин айтты.

Адам-оркестрдин чыгармачылыгын жакындан таануу үчүн анын үйүнө атайын бардык. Кучак жайып, меймандостук менен тосуп алган Курмангазы агай дароо эле аспаптардын ордосуна айланткан атайын бөлмөсүнө алып кирди. Босогону аттаарыбыз менен эле кыдыракей тизилген музыкалык инструменттер музейди эске салды. Дубалга илинген аспаптардын арасынан кыргыздын улуттук аспабы болгон комуздан баштап, дүйнө элдеринин улуттук аспаптарына чейин орун алгган. Аспаптардын төрүндө илинип турган комуздан баштап баардык аспатардын келип чыгышын жатка айткан Курмангазы агайды чай үстүндө кепке тарттык. Музыка – бул менин жашоом деген виртуоз адамдын жан дүйнөсүнө музыка терапиясынан өткөн дары жок экенин айтып, балдарды түйүлдүктө жатканда эле классикалык музыкалар менен тарбиялоо керектигин кеңеш катары айтып өттү.

-Баш-аягы канча аспапта кол ойното аласыз?

-Негизи эркин ойной алам деген аспаптарды тизмелесем 54кө жетти. Бирок 37 инструментте дайыма кол ойнотуп жүрөм. Алардын ичинде кыргыздын байыркы аспаптарынан баштап, азыркы учурда популярдуу болгон дүйнө элдеринин улуттук аспаптарына чейин бар.

-Мынча аспаптын бардыгын кантип үйрөнүп алгансыз?

-20 жашка толуп, аскерден келген убагымда музыкалык аспаптарга кызыга баштадым. Эң биринчи өздөштүргөн аспабым флейта болчу. Ошондон бери эле улам бир аспапка кызыгып отуруп мен билген музыкалык аспаптардын саны 54кө жетти. Эң негизгиси адамда бир нерсеге кызыгуу пайда болуп, каалоо болсо бат эле үйрөнүп алууга болот. Багып алган атам комуз чапкан адам болчу. Ал кишинин таасири да болсо керек деп ойлоп коём.

-Өзүңүз комуз чапканды билесизби? Деги эле аспаптарыңызды ким жасап берет?

-Өзүм комуз чаба албайм. Бирок кантип, кандай жасалышын, тарыхын жана келип чыгышын жакшы билем. Инструменттердин да эркек ургаачысы болот. Мисалга кыл кыяктын кылы айгырдын куйругунан жасалгандыктан эркек аспаптардын катарына кирет. Бээлердин куйругу жарабайт. Анткени заара менен булгап салышат. Кыл кыяктын башын жакшылап карасаңар, айгырдын башынын элесин берет.

-Инструменттерди катип сактайсыз?

-Аспаптар дары сыяктуу эле аяр жерде сакталат. Күн тийбеген, бирдей температурадагы жерде сакталышы керек. Негизи челектеги балга салып койсо өмүр бою жакшы сакталат. Бал инструментке сиңгенден кийин такыр эскирбейт. Өзүңүздөр көргөндөй бир бөлмөмдү атайын аспаптарга бөлүп койгом. Бардыгы бийик жерде, музейдегидей илинип турат. Бирок чет өлкөлөргө чыкканда ысык-суук болуп жатып, аспаптар деле бузулат экен. Инструменттерди аялымдай эле күн сайын өөп-жыттап турам.

Биздин “жылдыздар” микрофон кармап алып, “сагыз чайнагандан” башканы билишпейт

– Шакирттериңиз барбы? Деги эле билген аспатарыңызды келечек муунга үйрөтүп жатасызбы?

-Кызым Нурайым 10 чакты, уулум Нурсултан 5 аспапта кол ойнотот. Колдон келсе эле жаш муунга үйрөтөйүн деп жатам. Каалоочулар, ыктыярчылар келсе бекер эле үйрөтөм. Негизи мамлекет мени көзүм тирүүмдө мектеп ачып, устат катары пайдаланып калышса жакшы болмок. Азыркы жаштар батыштын таасири менен жеңил-желпи, “күйөм-сүйөм” деген ырларды ырдап, угармандардын табитин бузуп салышты. Болбосо мамлекет улуттук аспатарды пропаганда кылып, жаштарды тарбиялашы керек. Музыка деген чоң идеология. Ал эми биздин “жылдыздар” микрофон кармап алып, “сагыз чайнагандан” башканы билишпейт. Инструментте ойномок  тургай, музыкалык билими барлар чанда кездешет.

-Кыргыздын улуттук аспаптарына кененирээк токтоло кетсеңиз?

-Кыргыздар байыртадан теңирчиликке сыйынгандыктан аспаптардын келип чыгышы да теңирчилик менен тыгыз байланыштуу. Мисалы чопо чоорлордун курамы от, суу, аба жана топурактан турат. Ар бир аспапка ат коюш керек. Ошондо гана аспапка жан кирип, атына заты жарашат. Мисалы кыргыздын саксафонуна өзүмдүн атымдан “кумуфон” деп ат коюп койдум. Мени жакындарым “Куму” деп эркелетишет. Ошол эле саксафон Адольф Сакс деген кишинин атынан коюлган. Негизи ар бир аспаптын эн тамгасы болуш керек. Кыргыздын улуттук аспаптарында оймо-чиймелер сөзсүз болушу шарт. Мунун бардыгы теңирчиликтеги эн белгилер менен тыгыз байланышта. Кыргыздар музыкалык аспаптарга да көз тийбесин, сынбасын деп атайын белги салышып, ырымдап коюшкан. Кыргыздын комузу чоң, орто жана кичи болуп үчкө бөлүнөт. Мурун бүгүлмө комуздар да бар болчу. Азыр болсо андай комуздан дайын жок.

-Алдыга койгон максаттарыңыз кандай? Дагы да аспаптардын санын арттырайын деп жатасызбы?

-Кудай буюрса аспаптардын санын кырктан ашырып, Гиннестин рекорддор китебине жазылайын деп жатам. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жетишпей жатам. Гиннес рекорддор китебине кириш үчүн кырктан ашык аспапты билип, ар биринин тарых-таржымалын айтып бериш керек экен. Мындан тышкары бул өнөрдү жаштарга үйрөтүш керек. Кудай аман койсо аталган тилектердин бардыгын ишке ашырам.

Уланбек Эгизбаев, “Манас” гезити

Соц тармактар:

One thought on “Аспаптардан азык алган Азыкбаев

  • 12.06.2012 at 22:21
    Permalink

    54 аспапта ойной алам деп туруп, Гиннеске кириш учун 40 тан ашык аспапты билиш керек дегени чон суроо жаратып жатат.Чындыгында канча аспапта ойной алат?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.