«Архат» романынан чыккан сөз

k-akmatovРоман авторуна бирөөнүн чыгармасынан көчүрүп алган деп, чоң айып коюлууда. Чыгарманы жактоочулар болсо романды ур-токмокко алуу кайсы бир адабий кутумчулар тарабынан уюштурулган жаманаттылоо амалы дешет. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу чоң талаш чакырган «Архат» романына арналды. Студияда чыгарманын автору Казат Акматов, адабиятчы Мырзабек Жумаев.

– Казат Акматовдун “Архат” романы Кыргызстандын эң улук адабий сый-ургалына – Токтогул атындагы сыйлыкка арзыган чыгарма. Анан кыйла жылдардан бери үнү өчүп, бары-жогу билинбей келген адабий турмуш жанданып, чыгарма тууралуу талаш чыгып жатышы кандайынан келгенде да эске аларлык окуя. “Архат” адабий турмушубузга чоң жаңылык алып келген жаңычыл чыгарма болду. Казат ага, чыгармадагы башкы каарман Адилеттин акыйкаттык издеп чет өлкөгө кетишинин максатына токтоло кетсеңиз. Андай акыйкаттыкка Кыргызстандын өзүндө эле жетишсе болбойт беле? Мүмкүнчүлүк тапса болот беле?

Казат Акматов: – Мүмкүнчүлүк тапса болот эле. Мен Тибетке, Буддага кызыкканыма кыйла жылдар болду. Будданын өмүр баянын студент кезде окуп калгам. Ошондо Будда бул жерде Ала-Тоодон Индияга өтүп кеткен сактардын бир уруусунун ханынын баласы болгон экен, дегенди окуп калгам. Бу Ала-Тоодон кетсе, сак болсо, сактар кыргыздардын ичинде да болушкан. Анан Будда, Ламаизмди окуп көрсөм, андагы постулаттардын бири адилеттик экен. Мен каарманымы ошол ламаисттердин храмына алып барып окутушту ойлоп калдым. Ал жерден адилеттик боюнча билим алат. Адилеттикке жетүүнү үйрөнөт. Европа стандарты боюнча билим алган бизде андай сабак жок. Астрология, окультизм жок. Башка сабактары деле жок. Ошол үчүн ал жерге алып барып окуттум.

– Мырзабек, баланын адилеттикти сырттан издеши кыргыз окурмандарына катуу тийген болуш керек. Ошондонбу роман чоң талашка түшүп калды. Анын себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Мурзабек Жумаев: – Мындан мурда эле биз “Архат” романына арналган окурмандардын конференциясын, андан кийин чыгарма Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп жатканда талкуу уюштурганбыз. Албетте, романдын түзүлүшү буга чейинки чыгармалардын көбүнөн айырмалуу, анан кыргыз баласы өз динине ылайык келбеген окуунун артынан түшүп жатат. Мына мен жакында бир адабиятчылар менен сүйлөшсөм алар да кыргыз баласынын өз жеринен акыйкаттык таппай өзгө жерге кетишин айтышты. Ата Журтунан кетип, башка жактан турмуш издеген жеңил камгак сындуу каарман эмеспи, дешти. Алар чыгарманы окубай эле бирөөлөрдүн айтканына ишенип, чыгарма тууралуу ушундай пикир түзүп алышыптыр. Бул жерде баланын башка жерге кетип калышы эмес, бул жерде адам баласынын Жараткан, Алла Таала менен түз байланышка чыгып турган кезиндеги тазалыкты сактоосу, ошол тазалык сакталып калган аралчадан баланын байыркы тегин таап үйрөнүү аракети маанилүү. Адам дайым тазалыкка умтулат. Ал эми бул аралчада болсо магия, башка күчтөр менен, виртуалдык сыйкырдуу, жашырун күчтөр менен, таза күчтөр менен байланышууга мүмкүндүк түзүлүп жатат. Адам баласы бир кезекте табияттан берилген тазалыктан ажырап калган. Ошону табуу аракети ушул баланын маңдайына жазылган экен.

– Төрөлгөндө эле ал бала – Адилет Кыргызстан үчүн артыкбаш бала болчу. 5 миллионунчу бала болуп төрөлгөнү менен 5 миллиончу эсепке кирбей калган бала болчу. Анын акыйкатка жетиши кыйла кыйынчылыктар менен коштолгон. Кийин билимдүү болуп Кыргызстанга келгенден кийин тирүүлөргө караганда бул дүйнөдөн өтүп кеткендер менен көбүрөөк сүйлөшөт. Казат ага, сиздин оппоненттериңиз сынга алып жаткан дагы бир маселе түбү – англиялык бирок ламаизмге берилип, кечил болуп кеткен жазуучу Лобсанг Рампанын “Үчүнчү көз” романынан көчүрүп алды, деген кинеге жооп бере кетсеңиз. Лобсанг Рампа өзү 7 – 8 роман жазган киши экен. Анан роман сыйлыкка ээ болгондон кийин катуу сынга туш келип отурат. Учурунда “Мезгил” романыңыз да ушундай сынга туш келди эле. А кезде болсо белгилүү – идеялык айып коюлчу. Бул ирет болсо сизге китептен уурдап алды, деген айып коюлуп жатат.

Казат Акматов: – Лобсанг Рампанын “Үчүнчү көз” деген романы бар. Бул өзү 1931-жылы жазылган кичине китепче. Ал өзү ак сөөк тукуму, монастырда окуган киши. Анын китебинен мен таппай жүргөн материалымы таап алдым. Мен монастырдагы окуу расписаниесин, окуунун тартибин, анан “үчүнчү көздү” ачуунун технологиясын таппай жаткам. Ушундай “атайын” нерселерди мен ошол китептен таап сүйүндүм. Мен өзүм элүүдөй китеп окумудум. Алардын бирөөндө да андай нерселер жок. Аларды мен “Үчүнчү көздөн” алдым. Анан китептин 9-бетинде мен атайын көрсөттүм. Ушундай нерселерди мен Рампанын китебинен алдым, деп көрсөттүм. Кара тамгалар менен жазылып турат. Аны көрбөстөн жанагы уюштурган кишилер көчүрүп алды деп жаманатты кылып жатышпайбы. Т.Абдылдабеков деген филосф ошонун баарын жазды. Бирок аны көбү окубай, мурунку макалалардын жазганына ишенип, ии, плагиат турбайбы, деп жүрүшөт. Себеби андан башка нерселерди мен жаза албайм да. Антсем калп болуп калат. “Үчүнчү көздү” ачуунун өзүнчө технологиясы бар. Элдин көбү Дүйшөкө Дөкөнбаевдин макаласына ишенип алып жүрүшөт. Менин бир досум антиреклама эң жакшы реклама экенин айтты. Ошондой экен.

– Мурзабек, чыгармада өлүү-тирүү кишилер аралаш эле жүрүшөт. Бул жашоонун түбөлүктүү экенин даңазалообу? Болбосо бул сыйкыр илиминин жетишкендигинен ушундай болуп жатабы?

Мурзабек Жумаев: – Бул роман окультизм менeн магияны даңазалоону алдына максат кылган чыгарма эмес. Бул адамдын өзүнө келүү, ошого умтулууну көрсөткөн чыгарма. Бизди 70 жылдык атеизм үйрөткөнүнө карабастан жашоонун бир формадан экинчисине өтүшү боюнча бизде деле көптөгөн түшүнүктөр жашап келгени белгилүү. Адам жарыкчылыкта кандай жашайт? Анын акка моюн сунгандан кийинки жашоосу кандай? Эгер адам тирүүчүлүктү татыктуу жашаса, ал тиги дүйнөгөн кеткенден кийин деле анын жакшы иштери улантылып кете бере тургандыгы жөнүндөгү ой камтылып жатат. Анын баары канчалык деңгээлде ишке ашты – бул башка маселе. Ал эми идея реалдуу дүйнөдөгү адам жашоосунун виртуалду дүйнөдө дагы улантылышы жөнүндөгү ойдун өзү – ыйманга чакыруунун бир жолу. Кыргызда 7 атаны эстөө милдети бар. Бул ыймандуу жашоонун, кийинки тукумуңа токонаалат келтирбегидей жашап өтүүнүн жоопкерчилиги.

– Казат ага, сиз көркөм текстке тек баяндоочулукту гана жүктөбөй, чыгарманын идеялык, философиялык жүгүн артып коюуну чыгармачылык принцип катары тутунуп келатасыз. Ошондой контекст, подтексттин артында катылган ойлорду түшүнүү, кабыл алуу кийинки жылдары адабияттан кыйла окчун калган окурмандлар үчүн мүмкүн оорго түшүп жаткандыр. Түшүндүрмө беришиңиз зарыл болуп жаткандыр.

Казат Акматов: – Бекташ, тyура баамдапсың. Романдын 1-2-китебинде жердеги турмуш, монастырдагы турмушту баяндаган эпизоддорду окуганда баары жеңил, окурмандарымда да суроо болгон жок. Анан 3-китепти окугандан кийин эле тааныштарым унчукпай калышты. Себеби Эгрогорго келгенде татаалдашып кетти. Москвада бир аял бул маалыматтарды кайдан алышымды сурап калды. Ал Интернеттен алып, китептерден окуп жаздыңызбы, деп сурады. Мен мунун баарын Егрогордон алганымды айттым. Кыргыздар асман 7 катар деп коет. Ошол 7 катар асмандын бир катары маалымат куру – информационный пояс экен. Биздин мээбиз ошол жактан келген маалыматты кабыл алып турат. Түш көрүү, фантазия, ойлор, абстракттуу ойлор – баарын биз ошол жактан алабыз. Мээ өзү ойлоп чыгарууга жөндөмсүз экен десем, москвалыктар мындай нерсени көп окушат го, кабыл алышты. Кыргыздар ошондой нерсени кабыл албай жатышат. Экинчи романымда ошол Эгрогорду кичине кеңитип бердим. Аны мен орусча жазып жатам. Ошондой жагдай болуп калды. 3-китепти окугандан кийинки унчукпай коюунун сыры ушулбу деп ойлойм.

– Мурзабек, романдын чоң талашка түшүп калышына эмне себеп болуп калды?

Мурзабек Жумаев: – Анын бир себеби биздин окурмандар көнүп алган шаблондуу сюжетке негизделбегенинде. Постсоветтик кездеги чыгармаларда көбүнчө атышуу, стандарттык сүйүү, криминал, алдануу-алдоо, турмуштун төмөнкү баскычындагы көйгөйлөр көрсөтүлөт. Мында кызыктуу образдар системасы, идеялык терңдик жок. Бизге тааныш күндөлүк турмуштун көрүнүштөрү. Бул чыгарма идеологиялык догмага негизделбеген, мурунку калыптанган көркөм стереотиптерден бошонуп чыккан жаңычыл чыгарма.

– Казат ага, чыгармачылык пландарыңызга да токтоло кетсңиз. Орусча чыгарма жазып жатам дейсиз. Ошонун себеп-жөнүнө токтоло кетсеңиз.

Казат Акматов: – Мынабу романдын темасы бир сөз менен айтканда Эго жөнүндө. Адамдын ичинде катылып жаткан сезим, залал бар. Адамдын трагедиясы – кубанычы, сүйүнүчү, жаманчылыгы, жакшылыгы, пенде жаралгандан ушул күнгө чейин мен деген көкүрөктөгү Эгонун залалынан келип чыгып жатат. Ошол теманы козгодум. Аны биринчи Чыңгыз Айтматов чыгарманын кол жазмасын окугандан кийин эле баамдап, Эго үлкөн тема экенин айткан.

– Казат ага, Мурзабек, ишиңиздерге ийгилик болсун!

Бекташ Шамшиев, “Азаттык” радиосу, 14.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.