Казат Акматов: “Бүбүмариамдын “Айкөл Манас” дастанын аягына чыкпай туруп эле жаап салдым”

manas123

k_akmatov32Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Казат Акматов Манас изилдөөчү, журналист Чолпон Субакожоеванын “Ачуу чындык акыйкат сөз” китебине калемдеши, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана “Манас” эпосу тууралуу кызыктуу маек куруп берген эле, ошол маекти окурман журтчулугуна тартылоону эп көрдүк.

– Казат агай, айтылуу “Манас” эпосуна Чыңгыз Айтматов кайрылган. Саякбай Каралаев жөнүндө керемет эскерүүлөрү, китептерде, кинодо калды. Өзү “Манас” эпосунан үзүндү айтканбы? Алп жазуучубуз айткандай “Манас” эпосу дүйнөгө мактанып көрсөтө турган биздин руханий паспортубуз экенин “Манас” эпосу өзү тастыктап атат. Айтсаңыз, досуңуздун “Манас” эпосуна мамилеси кандай эле?

– Чыкемдин “Манас” айтканын уккан эмесмин. Бирок чыгармаларында анча-мынча кайрылган. Мисалы, “Кайрылып куштар келгенче” деген романында баштаган. 1-2-бөлүмүнөн кийин токтоп калды. Таластагы “Манас тоосу” бар эмеспи, “Манас чоку” деп коюшат, Маймак айылынын бет маңдайында. Ошол тоонун түбүндөгү мектепке барган классташтары жөнүндө: Султанмурат, Мырзагүл, Анатай аттуу балдардын окуяларынан башталат. Манасты кара сөз менен жазам деп ойлоп жүрдү. А түгүл кайсы бир маегинде ошондой ниетим бар деп жарыя да кылып койгон жери бар. Ушул жерден, Чолпон сенин сурооңду терең ойлонушка туура келет. “Чыңгыз Айтматовдун Манас эпосуна жазуучулук жеке мамилеси кандай эле?” деп жатпайсыңбы. Жогоруда коомдук, жарандык мамилесин бир топ эле айттык. Бирок сүрөткерлик жеке мамилесин ушуга дейре бирибиз дагы, мейли жазуучу, мейли илимпоз, манастаануучу болобу, айтор эч бирибиз айтпай же болбосо айта албай келе жатабыз. Турмуш көрсөткөндөй, таланты ташкындап, күч-кайраты көкүрөгүн тээп турган кезде кыргыздын бир топ кыраандары Манасты башка жанрда кайрадан жаратып жиберсем деген жаштык дымак менен колунан келгенин жана келбегенин дагы жасашпадыбы. Аттарын айтып не, бирок улуу эпостон опера, драма, чала-була кинолента, ал түгүл маанисин ойкутуп-кайкытып ыр түрмөктөрүн дагы жазып жиберишти. Ошолордун баарысын окуп, көрүп, угуп отуруп аргасыздан “эпигонство” деген термин эске түшөт. “Эпигон” деген гректин “кийин туулган” деген түшүнүктү берген сөзү. Башкача айтканда мурун бир керемет менен жаралган чыгарманы карандай ээрчип, даамы-тузун кем кылып экинчи жолу жазуу деген маани. Өз кезинде Чыкем дагы, ушул азгырыкка туш келбей койбоптур. Маселен “Кайрылып куштар келгенче” повести. Мунусун ал киши 45 жаш курагында, анча деле жаш эмес кезинде баштап келип бүтпөй токтоп калган. Дал ошол эки главасын жазып келген кезде кайран Чыкем түшүнгөн экен деп ойлойм. Манаска алтындан чапан кийгизип, бриллиант кур курчасак дагы, Аккуладан алты эсе күлүк ат мингизип, ач албарсын алмаздан куйсаң дагы реалдуу Манас “чоң жинди” өзүнө окшобой калаарын баамдаган.

Көбү жалган, көбү чын
Көрүп турган киши жок.
Көпчүлүктүн көөнү үчүн,
Жармы жалган, жармы чын,
Жанында турган киши жок,
Жарандардын көөнү үчүн,
– деп акыйкат сөздү ачык айтып жаралган теңдеши жок улуу эпоско башка кандай гана чыгарма болбосун эч убакта окшобой калаарын кыраан Чыкем түшүнгөн экен. Эгерде ошондо түшүнүп дароо өзү айткандай океанга уруп кете берсе аталган повестин же романдын аягына дейре көтөрүп бүтүрсө, атаганат зор жазуучубуз Манас тоосуна капилет урунуп канатын кайрып алат беле, ким билет?

Акылдын эчен тайгак жолунан адашпай баскан Чыкем ошондо эмнени түшүндү экен деген суроо өзүнөн-өзү келип турганы кызык кеп. Көрсө, Чыкем “Манас” эпосу деген төкмө ырчы же жамакчылардын өзүлөрүнүн эле оюнан чыга калган бир баатырдын баяны эмес – жалпы кыргыз журтунун көп кылымдап ар кайсыл баскынчыдан көргөн кордугунан, ызасынан, теңсиздигинен, аларды кууп чыгып мекениме ээ болсом экен деп зар какшаган арман муңдан улам келип жаралган чыгарма тура. Башкача айтканда эпос – бүткүл элдин атынан берилген социал-патриоттук, тагыраагы саясий патриоттук темага берилген “заказ” тура. Ошол ченемсиз күйүт ой-санаа эпостун дал өзүндө:
…Как жүрөккө кадалып
Кайнап ичке толгон сөз”,
– деп дапдаана айтылып турганынын өзү не деген укмуш сөз!

– Анда, азыркы “Манас” эпосун бурмалагандар, Мисалы, Мар Байжиев архивден алып, өзүн автор кылып жазган, Бексултан Жакиев агайдын кыскартылган варианты, Муса кызы Бүбүмариамдыкы жана Темирбек Токтогазиев байке “Манас тарыхый инсан” деп жазгап аткандарына эмне дейсиз? Маркум Уркаш Мамбеталиев “Семетейдин” өз вариантын жазды. Алп жазуучубуз айтса айтканы жарашчу Чыңгыз Төрөкулович даап жаза албаса, сиздин оюңузча кандай?

– Бүбүмариамдын жазганын “Бийиктик” басмасынын жетекчиси Жумадин мага берген. Ал Бүбүмариам “жазган” “Айкөл Манас” дастандын сырын ачам деп аракет кылса керек. Окуп баштасам “жай” деген “лето” “цифра” деген “сан” демек, Жайсаң деген сөз “летоцифра” деген түшүнүктү берет деп баштаган экен аягына чыкпай жаап койгом. Убактымды бул табышмаксыз эле пайдалуу ишке жумшайын дегем. Шакин Эсенгулов текстти мен жазып бергем деп соттошуп жүрүп оо дүйнө кетти, эми бул сырды айтчу киши чыгабы-чыкпайбы, ким билет? Кээ жерлери бир топ жөндөмдүү жазылган, тантырак дегенге болбойт, 11 муун, көчүрүп да алган эмес, формасы, стили жагынан да башка. Сага эле эмес, бир топ окурманга да кызык. Тиги Бүбүмариамды коргоп жүргөн Каныбек Иманалиевден, Асан Жакшылыковдон, Эрнист Абдыжапаровдон, Темирбек Токтогазиевден, дагы кимдер бар, сурасаң, ошолор бул сырдын чын-төгүнү кайда экенин балким билишет.

– Мар Байжиевдин котормосу же болбосо Бексултан Жакиевдин “кысылган” “Манасы” тууралуу айткыңыз келбей жатабы?

– Сен эле болсоң айттырбай калбассың! Котормонун эки түрү болот. Сөзмө-сөз жана көркөм котормо деген. Манастын сөзмө-сөз котормосу совет убагында эле москвалык адистер менен биргелешип, академиялык вариантында 4 том болуп чыккан. Кийин дагы В.Шаповалов, М.Рудов ж.б. тарабынан которулуп келатат. Кеп сөзмө-сөздө эмес, кеп көркөм котормолорубуз ойдогудай болбой, аксап келе жаткандыгында. Учурдагы кыргыз тили менен жазылган жөнөкөй эле аңгеме, повесть, романдарыбызды орусча же англисче көркөм тил менен которуу – бир тозок. Ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ал эми атам замандан берки кыргыздын накыл сөз берметтерин “өнөр алды кызыл тилдин” бүткүл алтын казынасын өзүнө топтоп сиңирген Манасты орусчага же башка тилге которуу деген – ойо-о!!! Менимче бул максатка толук жетүү эч убакта мүмкүн эмес! Бирок, аракет кыла бериш керек. Болгондо дагы эч талыкпай, муундан-муунга өткөн тынымсыз аракет керек. Билингивист жазуучубуз Мар Байжиевдин көптөн берки аракети дал ошонун бири. Сөз чынынан бузулбайт, Мар байкебиз мыкты драматург, прозачы бирок мыкты котормочу деп айта албайм. “Манастан” башка котормолору барбы-жокпу, аны билбейт экем. Экинчиден, улуу эпостун текстин которууда эклектикалык бир нерселерди кошуп жибергенине мен, мисалы, макул эмесмин. Бексултан Жакиевдин “Манас” эпосунун көлөмүн кыскартып, күнү-түнү (китеп окуу дегенди небак унутуп) Интернеттин “соцсеттеринде” көшөрүп отурган жаштар үчүн кылган аракети дагы айласыздын иши. Ушинтсек, балким бүткүл элибиз үчүн ата мурасы болуп калган эпоско жаштар баш бурабы деген үмүт. Албетте, балдарыбыз такыр эле “Манасты” окубай калды деш туура эмес. Жаштарыбыздын ичинде элим, жерим, “Манасым” деген патриотторубуз толтура. Бирок заманга шайкеш, убакытка мерчем аракет дагы керек белем…

– “Манас” – реалдуу адам болгон деген изденүүлөргө кандай дейсиз?

– Темирбек Токтогазиев бул маселеге өтө зор күч жана убакыт жумшап жатат. Алдыга максат коюп, ошого жете билиш деген албетте чоң эрдик. Бирок ошол максаттын жалпы эл үчүн куну канчалык? Мына ушуну таразага салып көрөлүчү. Жогоруда чала-чарпыт айтып кеттик – Манас тарыхый социалдык жалпы элдик суроо-талап (наказ) менен көп кылымда барып жаралган улуу чыгарма деп. Эми буга биз эпостун стилиндеги, мазмунундагы, көркөмдүк палитрасындагы, деги эле бардык энциклопедиялык өзгөчөлүктөрүн кошуп айтып отурсаң турмушта болгон бир реалдуу адам, мейли ал он жолу баатыр болсун, көтөрө ала турган образды көрүү мүмкүн эмес! Мейли, дейли макул бололу, Манас деген Жакыптын уулу болгону чын экен, анын жаштайынан баатыр чыгып, он эки эле жашында кол курап, кытай-калмактардын сазайын берип келип, акырында чабылган-чачылган мекенин душмандан бошотуп, “курама кылып журт кылып” кыргыз элин Алатоого чогулткан экен дейли. Дал ушундай реалдуу баатыр инсандын тарыхта болгондугун биз ак ниетибизден издеп, кокус таап алсак көккө көкөлөтүп, сыймыктаналы деп жүрөбүз. Бирок, ошентсе дагы ал Манас менен эпостогу Манас экөөнүн асман менен жердей айырмасы менимче төмөндөгүдөй. Темирбек Токтогазиев таап чыккан Манас – реалдуу киши деп коелу, ал эми эпостогу Манас – бул образ. Болгондо дагы: эпикалык, мифтик, романтикалык, метафоралык, символдук, бардыгы чогулуп келип, баатырдык элдик образ. Дагы айталы, мынчалык зор жана бай образды турмушта болуп өткөн реалдуу бир кишинин образы менен алмаштыруу мүмкүн эмес иш. Ошондуктан менин Темирбек иним Манастын реалдуу прототибин таап чыкса сүйүнөлү, кол чабалы, анын эмгегин мактап тарых өз бетине жазып калтырсын, манастаануу илими байысын, бирок, ал Манасты эч убакта элдин биротоло сүймөнчүгүнө, көкөлөткөн туусуна айланган “Чоң жинди” менен алмаштыра албайбыз. Мен муну көп кыргыздын сабындагы бир кыргыз катары айтып жатам.

Кубанычбек Маматали уулу, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.2015-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Казат Акматов: “Бүбүмариамдын “Айкөл Манас” дастанын аягына чыкпай туруп эле жаап салдым”

  • 17.02.2015 at 23:45
    Permalink

    Эң сонун айтылган ой экен. “Манас” – кайсы бир тарыхый прототиптин масштабынан алда качан чыгып, өз алдынча күчкө ээ болуп кеткен. Биз үчүн анын сырдуу, зор, табышмак бойдон калганы алда канча маанилүү.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.