Ош: 74 жаштагы студент быйыл окуусун аяктады

74Батыр Жалиев өзүнөн дээрлик 51 жаш кичүү улан-кыздар менен жогорку окуу жайын аяктап, эң улгайган студент катары Кыргызстандын тарыхында калды.

“Азаттык”: – Батыр аксакал, саламатсызбы? Биринчиден, мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышыңыз менен куттуктайбыз! Бааларыңыз кандай болду?

Батыр Жалиев:Рахмат. Бааларым тууралуу айтсам, окууну бүткөнчө бардык эле сабактардан «эң жакшы» деген баа алдым. Ошого жараша дипломдук ишимди да өтө тыкандык менен жазып, тынбай окуп, аягында аны да бешке тапшырдым. Эми дипломумду күтүп жатам. Шайлоодон кийин беришет окшойт.

“Азаттык”: – Айтсаңыз, кандайча жашыңыз жетимиштен ашкандан кийин студент болуп калдыңыз?

Батыр Жалиев: – Өзүңөргө белгилүү, биз Советтер Союзу учурунда окуп, сүрөтчүлүк адистигин бүтүргөнүбүз менен орто билимдүү болуп калганбыз. Анан дагы бир максатым бизге окшогон улгайган адамдар окуса балдарга, жаштарга таасири тийеби деген ой. Себеби жаштар “ушул 75ке таяп калган кишилер окуп жүрсө, биз эмне кылып жүрөбүз” деп намыстанабы деген ой. Билим алуу, окуу өзүнчө бир касиет экен. Мындан өткөн кызыктуу турмуш жок. Окууну дагы улантсаң болот, бирок бизге ылайыктуу окуу калбай калгандай. Жаш балдар-кыздар менен окудум, неберелерим менен тең.

“Азаттык”: – Сабакты көп калтырган учурларыңыз болбодубу?

Батыр Жалиев: – Жок. Тескерисинче такай сабакка бардым. Мен барган сайын бардык студенттердин да кызыгуусу артып жатты.

“Азаттык”: – Батыр агай, өзүңүз “неберелерим менен тең балдар-кыздар менен окудум” деп белгилеп өтпөдүңүзбү. Ошолор менен студенттик күндөрүңүз кандай өттү?

Батыр Жалиев: – Чындыгында алар менен окуштун, замандаш болуштун өзү кызык болду. Алардын түшүнүгү башкача, меники башкача дегендей. Бирок баары бир алар билгенди үйрөнүшкө аргасыз болдук да. Алар менен үйрөнүштү, мен алардан үйрөндүм. Бирок намыстанып жүрүп алар менен барабар эле окудум.

“Азаттык”: – Дал ошол курсташтарыңыздын, досторуңуздун же үй-бүлөңүздүн сиздин студент болушуңузга көз карашы кандай болду?

Батыр Жалиев: – Үй-бүлөм каршы чыккан жок. Жоро-жолдошторум айтышты «Батыр, сен кыргыз эл сүрөтчүсү болсоң окуп эмне кыласың?» дешти. Кээлери “окууну бүтсөң эле сага көп айлык төлөчү иш бар бекен” дешти. Мен “окуш керек, баары бир окуш керек” дедим.

“Азаттык”: – Сиз деле билет болушуңуз керек, ЖОЖдордо экзамен убагында «акча сунуштамай, пара бермей» өнөкөтү бар го. Ушул өнөкөттү сиз да башыңыздан өткөрдүңүзбү?

Батыр Жалиев: – Мен окууну бүткөнчө пара бергендерди такыр көрө албай койдум. Атайылап карап жүрдүм, параны кантип беришет экен, мугалимдер кантип алышат экен деп. Көргөн жокмун. Угуп калам, ошондой жөрөлгө бар экенин. Эми жаштарыбыз окуй албай пара берип, ошентип бара берип эптеп жүрүшсө бул деген окуу эмес да. Ал деген окуу жай эмес.

“Азаттык”: – Көпчүлүк окурмандар таң калса керек, “74 жаштагы адамга диплом алуу зарылбы?” деп. Эми, алган дипломуңуздун сизге кандай пайдасы тийет?

Батыр Жалиев: – Биздин мусулманчылыкта ушундай да, пайданы гана көздөйбүз. Дипломумдун балдарыма, неберелериме, элге пайдасы тийет. Иште же башка жакта айтып калышчу мени, бул киши орто билимдүү да деп. Эми “жогорку билимдүүмүн, жогорку маалыматтуу” деген сөздүн өзү мага чоң жетишкендик. Жаштар ушуну эч качан эсинен чыгарбашы керек.

“Азаттык”: – Батыр агай, сиз улгайганда студент болуп, студенттик турмуштун баркын жакшы билсеңиз керек. Азыркы студенттер сиздин купулуңузга толобу? Көз карашыңыз кандай?

Батыр Жалиев: – Союз ыдырагандан бери биздин көпчүлүк жаштарыбыз четке кетип калышпадыбы. Алар ал жактан көбүрөөк акча табып, окууну эч ким барктабай калды. Алар ойлошот “окубасаң деле машине аласың, үй аласың” деп. Бирок акыркы учурда билимдүү, илимдүү болбосоң иш табышың кыйын болуп калды. Ишке албайт билимсиздерди. Анан окуусуз, билимсиз болсоң турмуштан эч кандай ырахат ала албайсың! Менн окуп жүргөндө кээде жаштарга капа болуп кетчүмүн. Сабакка аябай кызыгып, бүгүн бир жакшы нерсе үйрөнөлү деп барсаң, аудиторияда бир дагы студент жок болуп чыгат. Өзүң каласың. Анан ойлоп, “мейли бүгүнкүлөр мындай болсун, эртеңкилер балким жакшы окушар” деген үмүт менен жүрө берчүмүн.

Аз күн мурда эле экзамендерин жалаң бешке тапшырган 74 жаштагы Батыр аксакал быйыл Ош технологиялык университетинин «Декаративдүү колдонмо чыгармачылык» адистигин аяктап жатат.

Жанарбек Акаев, “Азаттык” радиосу, 23.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.