“Атадан калган туяк”

Улуу Ата Мекендик согушта жакындарын күтүп, түгөнбөгөн түйшүк менен күн кечирген карапайым элдин жашоосу, кичинекей Авалбектин атасын сагынып куса болгону, дегеле согуш учурунда оор мезгил “Атадан калган туяк” тасмасында эң сонун баяндалган.

Режиссёру – Эльдар Орозбаев
Сценарийин жазган – Эркин Борбиев
Оператор- Марат Дуганов
Башкы ролдордо – Шайлоо Сагынбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Кубатбек Жусубалиев.

Согуш учурунда айылда кыркын маалы. Бир күнү айылга кино койгону келишет. Кино көргөнгө эки көзү төрт болгон балдар көчөнүн чаңын сапырып, кино көргөнү жөнөшөт. Алардын арасында апасын бучкактаган Авалбек да бар. Кино жүрүп жаткан мезгилде тасмадан көргөн жоокерди “менин атам” деп биресе элдердин боорун эзип, биресе отургандардын көзүнөн жаш айлантат. Ошентип, бул фильмде Авалбектин тагдыры баяндалат.

Фильмдин сценаристи Эркин Борбиев Москвадан сценаристтердин эки жылдык курсун аяктап жаткан мезгилде Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” повестине сценарий жазып, борборго келгенде жазуучуга кайрылып ушул чыгармасына кино тартса, кандай болот деген сунушун киргизген. Бул тасма Эркин Борбиевдин “экранизация” деп аталган сабагына даярдаган курстук иши болчу. Айтматовдун макулдугун алгандан соң, тасманын режиссёру Эльдар Орозбаев менен кино тартууга киришет. Алгач тасманы Казакстандан тартабыз деп учакка билет алып даярданып алышкан. Бирок, Чыңгыз Айтматов кино тартууга кыргыздарда деле сонун жерлер бар экенин, келечектен көптү үмүттөндүргөн “Кыргызфильм” студиясы иштей баштаганын айтып, кинону Кыргызстанда эле тартууга көндүрөт. Чыңгыз Айтматов алгач кинонун режиссёру Эльдар Орозбаев экенин укканда бир аз чочулаган. Анткени, анын улуту өзбек. Ал эми өзбектер мелодрама жанрына жакын болгондуктан, “Атадан калган туяк” тасмасын да мелодрамага окшоп калат деп санааркаптыр. Ошентип, кино Сокулук районунда суунун жээгинде тартылган.

– Китепте сүрөтчүнүн образы жок, бирок кино кызыктуу болуш үчүн режиссёр менен оператор айылга келген сүрөтчүнү өздөрү кошуп коюшкан. Анын ролун жазуучу Кубатбек Жусубалиев аткарган.

– Дагы бир белгилей кетчү нерсе, китепте Авалбектин үкү кармаганы такыр айтылбайт. Кино тартып жатканда кокусунан бир чабан үкү көтөрүп келип калат, ошол жерден дагы бир кадр жаралып, Авалбекке үкүнү уурдатып тартышкан. Ошондо үкүнүн баланын бетин чокуп алгандагы тагы ушул күнгө чейин сакталыптыр. Шайлоону (Авалбекти) коркпосун деп үкүнүн оозун жип менен таңып, анан тартышкан.

– Кинодо бир эле адам үч башка актёрдун үнүн окуган. Ал эми Авалбектин үнүн башынан аягына чейин кыз окуган.

– Илгери кино тартылган сарайга азыркыга чейин айылдын тургундары малдарын багып, керегине жаратып келишет.

– Кино көрсөтүлүп жаткан мезгилде Авалбек элдин арасынан чуркап чыгып, тасмадагы жоокер атасы экенин айтып, туураган эпизодду эки күн бою тартышкан.

– Кинонун премьерасы 1974-жылы Жаңы Жылдын алдында болгон.

– Тасма элге сыйымдуу, таасирдүү болуш үчүн согуш учурундагы эпизоддордун кээ бири орус элинин режиссёру Сергей Бондарчуктун согуш темасына арналган тасмаларынан алынган.

– Кинону көргөндө Чыңгыз Айтматовго баарынан да камыш менен жабылган сарай жагыптыр. Күлүп, “мындай жерди кантип таптыңар?” деп таң берген экен. Анткени ал учурда бардык сарайлар жалаң шыйпыр менен жабылган эле.

Актёрлор азыркы учурда…
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Асан Айтикеев ошол кезде режиссёрго ассистент болуп, Авалбектин атасынын образын эң мыкты жараткан. Анын режиссёр болушуна “Атадан калган туяк” тасмасы түрткү болгон. Андан кийин “Той”, “Сокур кемпир көрөгөч” сыяктуу кыска метраждуу кинолорду тартуулады. Чыңгыз Айтматовдун бир чыгармасына көлөмдүү кино тартсам деп максат кылып келет.

Асан Айтикеев:
– Мектептен жайнап чыгып келе жаткан балдарды көрүп, арасынан Шайлоону башкы каарманга тандаганбыз. Жүз сомго конфет алып беребиз деп алганбыз, конфет түгөнгөндөн кийин үйүмө кетем деп коркута берчү. Баарынан да Авалбек танктарды аралап чуркаганы оор болду, жакшы аткара албай кыйналганын биз кайра-кайра көрсөтүп “минтип аткар, тигинтип аткар” деп көрсөтүп, ошол эпизод оорчулук менен тартылган. Тасма кыска болсо да – нуска, өзү отуз эле мүнөттүк болсо да бир топ кыйынчылык менен тартылды. Жайдын күнү ысык, элдер чарчап кыйналганын айтпа. Бирок, режиссёр “мындай тартыш керек” деп айткан убадасына туруп, кыйналганына карабай максатына толук жетти. Мындан тышкары киного кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган актёрлор: Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиевалар тасмага көрк берип, кооздошкон. Ошол кезде Таттыбүбү эки баланын энеси болчу.


Жазуучу Кубатбек Жусубалиев азыр Ош облусунун Алай районунда жашап келет. “Атадан калган туяк” тасмасы Кубатбек агайдын тартылган биринчи жана акыркы ролу. Ошол кезде китептери чыкпай, каражат маселеси аябай кыйнагандыктан, режиссёрлорго “мага жогорку гонарар коюп берсеңер” деп ачык эле талап койгон.

Кубатбек Жусубалиев:
– Актёрлордун иши кыйын экенине өзүм күбө болдум. Булар туз менен көз жашка аралашкан нан таап жешет экен. Аларга аябай боорум ооруйт. Актёр болуш колумдан келбесине көзүм жетип, андан кийин сунушталган ролдорго макул болгон жокмун. “Атадан калган туякка” деле тартылгым келген эмес. Ошол кезде эмнегедир кебетем муңдуу болчу. Эльдар Орозбаев менен оператор Марат Дуганов: “ошол кезге азыркы муңдуу кебетең туура келет” деп болбой катыштырып коюшкан. Өзүмдүн оюм боюнча, мен образды жеткире аткара албай койдум. Мен эми актёр эмесмин да.

Башкы каарман Авалбектин образын жараткан Шайлоо Сагынбаев учурда Сокулук районунун Асылбаш айылында жашайт. Үй бүлөлүү, эки эгиз кыздын, бир уулдун атасы. 1973-жылы кино тартыла баштаганда Шайлоо Сагынбаев биринчи класста окуп, сегиз жашта болчу.

Шайлоо Сагынбаев:
– Бир күнү мектептен чыгып келе жатсак чоң кишилер бизди чакырды. Баарыбыз менен сүйлөшүп чыгып, мага “киного тартыласыңбы” деп кайрылышты. Анда эмне мен кичинекей болчумун, дароо макул болдум. Ата- энеме түшүндүрүшүп мени киного тартылганы алып кетишти.
Өзүм кичинекей болсом танктарды аралаганым бир топ эле кыйынчылыктарды жаратты. Анда мен Асылбашта биринчи класста окучумун. Киного катышып келгенден кийин “артис келди, артис” дешип мектептеги классташтарым мени карап, мугалимдер бир топ эле көтөрмөлөшкөн.
Кичинекей Авалбектин тагдыры, анын балалык кыялы ар бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбаса керек. Кино жогорку деңгээлде тартылып, андан бери отуз алты жыл өтсө да, элдин сүйүктүү тасмаларынын бири бойдон кала берет.

Анара Дүйшөналиева

P. S. Материал УТРКнын “Ибарат” студиясынын архивинен алынды. “Кинобаян” телеберүүсүнүн автору Рита Казиевага ыраазычылык билдиребиз.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.