«Белгисиз маршрут» дагы бир эл аралык кино фестивалга катышат

Ушул жылдын 19-25-сентябрында Россиянын Владивосток шаарында Азия-Тынч океан аймагына кирген өлкөлөрдүн «Тынч океан меридианы» эл аралык кино фестивалы өтөт. Аталган фестиваль быйылкы жылы жетинчи ирет өткөрүлүүдө.

«Новости» РИАсынын маалыматына ылайык, быйылкы жылы фестивалдын «Ачык мейкиндик – Борбор Азия» программасынын алкагында Борбор Азиянын мамлекеттеринин төрт тасма катышат. Анын ичинде кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун «Белгисиз маршрут» тасмасы көрсөтүлөт. Мындан тышкары Казакстандын атынан режиссер Марат Сарулунун «Түштүк жээк ырлары» жана Данияр Саламаттын «Атам экөөбүз» фильмдери тартууланат. Өзбекстандан болсо режиссер Аюб Шахобиддиновдун «Боз үй» тасмасы фестивалга катышат.

Эске сала кетсек, Темир Бирназаровдун «Белгисиз маршрут» тасмасы бир катар кино фестивалдарга катышып, былтыркы жылы россиялык «Ника» кино сыйлыгына көрсөтүлгөн болчу.

Жалпысынан быйылкы жылы «Тынч океан меридианы» фестивалына 53 өлкөдөн 591 фильм катышууга арызын берген.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 18.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.