Чет элдик режиссёрлор: Жаратылышыңар керемет экен

Француз режиссеру Абел Каванг менен германиялык режиссер Амару Дуранд Митре 10-октябрда Бишкектеги Кино үйүндө “Жашыл лабиринт” аттуу даректүү тасмасын көрсөтүшөт.

“Азаттык”: Мырзалар, Кыргызстанга келишиңиздер менен. Алгач өзүңөрдү тааныштыра кетсеңер?

Абел Каванг: Мен Франциядан келдим. Бул менин досум Амару, ал Германиядан. Биз он жылдан бери таанышпыз. Перуда окуп жүргөндө таанышканбыз. Ошондон бери биргелешип кино тартып келебиз.

Биз негизинен жашоодогу күтүүсүз окуяларга жана турмуштун ар кандай сыноолоруна кызыгабыз. Мына ушундай жанрда кино жаратсакпы дейбиз.

“Азаттык”: Кыргызстанга кандай максат менен келдиңиздер? Деги эле Кыргызстан тууралуу маалыматты кайдан алдыңыздар?

Абел Каванг: Мен биринчи жолу Майлы-Суу шаары тууралуу макаланы окуп чыгып, силердин өлкө тууралуу маалымат алдым. Мага бул жердин жаратылышы айрыкча жакты. Ошондой эле мени тоолоруңар абдан кызыктырат. Силердин табийгатыңар кол тийбеген өзүнчө эле керемет экен. Ошондуктан биз алдыда тасмабызды ушул жактан тартып, көрүүчүлөргө сунуштасакпы дейбиз.

“Азаттык”: Майлы-Суунун аймагында Совет мезгилинен калган уран калдыктарын сактоочу 23 жай бар деп айтылып келатат. Силер радиациядан коркпойсуңарбы?

Амару Дуранд: Жок, коркпойбуз. Биз ал жакта жети күн болдук. Мына биз тирүү турабыз го. Негизинен мен урандан радиация алып калуудан корком деп айткым келбейт. Биз бул жакка жергиликтүү элдин жаратылыш менен жуурулушуп жашагантурмушу тууралуу поэтикалык көз караштагы чыгарма жараталы деп келдик.

Досум Абел Франциянын журналынан Майлы-Суу жөнүндө окуп, сүрөттөрүн көрүп, анан мага сунуш кылды. Мына ошентип биз бул жакта жүрөбүз.

“Азаттык”: Силер бул жакта көрсөтө турган даректүү тасмаңар эмне  жөнүндө?

Амару Дуранд: Бул өтө узакка созулган долбоор болду. Бул тасманы биз ар кайсы мамлекеттерден тарттык. Ошондуктан экөөбүзгө режиссер катары эки башка тарапты көрсөттү. Мисалы, менин атам Перудан болгондуктан “мен киммин, өткөн доорум кандай эле?” деген суроого жооп издедим. Ошондой эле экономикалык багытына көңүл буруп, жаратылыш маселесине да кайрылдык.

Абел Каванг: Биз Перудагы кокаин өсүмдүгү тууралуу тасма тарттык. Бул теманы түздөн-түз маңзаттарын өндүрүү катарында эмес, жергиликтүү калктын илгерки каада-салтынын негизинде өндүргөн продукциясы катары карадык. Бул багытта биз баңгизаттарын көзөмөлдөгөн төбөлдөр жана башка көптөгөн ар кандай адамдар менен жолугуштук.

“Жашыл лабиринт” деген тасмабыз Бишкектеги Кино үйүндө көрсөтүлөт. Ал эми биз бул жакта Майлы-Сууда жашаган адамдар, жаратылышы тууралуу бийик поэтикалык негизде тасма тартууга адабий жактан колдоочу адамдар менен да иш алып бардык.

“Азаттык”: Сиздерге кыргыздардын кайсы тамагы жакты?

Абел Каванг: Лагман.

Амару Дуранд: Лагман, манты.

“Азаттык”: Ийгилик каалайм. Кыргызстанга дагы келип, көлөмдүү тасма тартышынарга тилектешмин.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.