Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеулдагы Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды

Балеттин артистти Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеул шаарында өткөн Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды. Бул туурасында Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.

Анын айтымында, бул конкурс эң абройлуу фестивалдардын бири болуп эсептелет, ага балеттин артистери бүткүл дүйнөдөн келишет. Кыргызстандык балет артисти быйыл экинчи орунду ээледи, бул кыргыз балетинин ийгилиги болду.

Андан тышкары министр балеттин башка артисти Айбек Базарбаев ушул Эл аралык конкурстун дипломантты болгондугун билдирди.

ЖТ, «Кабар» МА, 25.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.