Бүгүн Ошто «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалы башталат

26-августта, Кыргызстандын түштүк борбору – Ош шаарында Президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалы башталат.

Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматына караганда, төкмө акындардын айтышына Кыргызстандан гана эмес, коңшу өлкөлөрдөн да катышуучулар келишет. Фестивалды өткөрүү менен акындар өнөрүн өнүктүрүү, элдер ортосунда достукту чыңдоо максаты каралган.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин акындык жана төкмөлүк өнөрү ЮНЕСКО тарабынан бийик бааланып, 2003-жылы бул өнөр «Дүйнөлүк материалдык эмес рухий байлыктын шедеври» аталган.

Былтыркы жылы «Айтыш» эл аралык биринчи фестивалы Бишкекте өтүп, анда 50дөн ашык төкмө акындар катышкан болчу. Жыйынтыгында Президенттин 100 миң сом баш байгесине Кыргызстандан Майра Керим кызы менен Казакстандан келген акын Үрүстөм Кайыртай уулу татыктуу болушуп, биринчи орунга – Раисова Канышай (Казакстан), Туткучов Аалы (Кыргызстан)- 50 000 сом, экинчи орунга – Толгонбаев Азамат (Кыргызстан), Гафуров Аслан (Казакстан) – 30 000 сом, үчүнчү орунга – Калиев Серик (Казакстан), Токтобеков Жеңишбек (Кыргызстан) – 20 000 сомду утуп алышкан.

Оштогу “Айтыш” экинчи эл аралык фестивалы 29-августка чейин уланат.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 26.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.