Чаек айылында Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды

Жумгал районундагы Чаек айылында Чаек айыл өкмөтүнүн көмөгү менен райондук аксакалдар Кеңешинин эки кабат имаратынан жай бөлүнүп, композитор Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды.

Борбордун максаты эски муундагы чыгармачыл адамдардын баалуу мурастарын элибизге жайылтуу менен жаштардын чыгармачылыгына кам көрүү, таалим – тарбия берип өстүрүү болуп саналат.

Атайы жасалгаланган залда көрүнүктүү чыгармачыл адамдардын сүрөттөрү жайгаштырылып, айтор борбор ар бир адамга эстетикалык маанай тартуулай  алганы менен баалуу.

Таалайбек Дүйшөналиев, «Кабар» МА, 27.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.