Күз айларында Токтогулда жана Барскоондо «Ат чабыш – 2009» фестивалы уланат

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрында Жалал-Абад областындагы Токтогул жана 31-октябрь 1-ноябрда Ысык-Көл областындагы Барскоон айылында «Ат чабыш – 2009» фестивалы уланат. Белгилей кетсек, быйылкы жылы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан фестивалдын башталышы 2009-жылдын 1-2-августунда Ош областындагы Ленин чокусу жайгашкан тоо этегинде өткөн. Бул туурасында «Кыргыз аты» фондунан маалымдашкан.

Иш чараны уюштуруучулардын айтуусунда, быйылкы жылы 8 миңге жакын конокторду кабыл алууга даярданышууда. Фестивалдын башкы максаты кыргыз жылкысынын тукумун, ошондой эле элдик маданияты сактап калуу жана жандандыруу болуп саналат. Ушундан улам фестивалда ат чабыш өңдүү таймаштар гана болбостон, анын алкагында бир катар маданий иш чаралар каралган.

Жалпысынан фестивалдын программасында ат чабыш, кыргыздын салттуу ат оюндары – улак тартыш, эр оодарыш, кыз куумай, төкмө акындардын айтышы, манасчылардын өнөрү, этникалык музыканын концерти, элдик кол өнөрчүлүктүн буюмдарынын көргөзмөсүн уюштуруу каралган.

Эске сала кетсек, «Ат чабыш» фестивалында тоо белдерине ылайыкташтырылган ат чабышта жылкылардын ылдамдыгы эмес, чыдамдуулугу эсепке алынат.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 27.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.