“Манас” жана манасчы
Манас дегенде биз баатыр кол башчы, анын аты-заты кыргыз деген элдин дүйнө элдеринин арасында артыкча сапат-касиеттерин тастыктай тургандыгын жана ошол кол башчы жөнүндө ааламда теңдеши жок улуу дастан “Манас” эпосу экендигин түшүнөбүз. Демек, Манас деген түшүнүк кыргыз эли деген түшүнүк менен ажырагыс айкалышта турат. Бирисиз бирин түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бул жерде Манас болбосо кыргыз эли болмок эмес деген бүтүм жок. Кыргыз эли өзгөчө сапат-касиеттүү эл экендигин кылым карыткан маани-маңыздуу тарыхы далилдеп турбайбы. Анын акылынан, көсөмдүгүнөн “Манас” дастаны жаралган.
Манас баатыр кол башчы болгон деп түшүнөт ар бир жөнөкөй кыргыз. Бул жөнөкөй ой менен мен жаңылык ачкан жокмун. Тек гана карапайым кыргыз жараны катарында Кыргыз-Манас, Манас-Кыргыз деген байланышты кайталап жатышым мүмкүн. Муну ар бир “Мен кыргызмын” деген жаран айтышка милдеттүү деп ойлоймун. Экинчиден, бул жерде эч кандай тарыхый, философиялык же адабият теориясына байланыштуу жаңы маселе козголуп жаткан жери жок.
Менин айтайын деген дагы бир оюм манасчы жөнүндө болмокчу. “Манас” эпосу жөнүндө, анын көлөмү, тарыхый философиялык тереңдиги, адабияттык эң жогорку деңгээли жөнүндө бир гана манасчы аркылуу билебиз. Демек, бул деңгээл кандайдыр-бир ченемде, манасчынын деңгээли деген бүтүм чыгарууга туура келет. “Манастын” көлөмү манасчынын айтканынан болуп жатпайбы.
Ошондуктан, Кыргыз мамлекетинде манасчы деген абройлуу наам мыйзамдалыш керек деп ойлоймун. Эмне үчүн манасчыга “Эмгек сиңирген артист”, “Эл артисти”, “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген сыяктуу наамдар ыйгарылыш керек? Экономист, врач, мугалим, акын, жазуучу деген сыяктуу эле “Манасчы”, “Эмгек сиңирген манасчы”, “Кыргыз эл манасчысы” деген абройлуу наамдардын болушу Манастын дүйнө жүзүндөгү маанисине төп келген, манасчынын эл аралык маанисин арттырган, анын өзгөчө талантын, эмгегин даңазалаган абройлуу наам болоор эле.
Нуржан МУРЗАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсионери
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.10.2009-ж.