СӨЗ ИЗДЕГЕН ДЕРБИШ

Төкмө манасчы Рысбай ИСАКОВ менен маек

– «Манасты» кыргыз рухунун туу чокусу санагандар бар, биздин этностун энциклопедиясы деп жүргөндөр андан көп. Бирок мен да өзүмдү канчалык китепгөй санабайын «Манастын» үч томдугун далай жолу чыгынсам да аягына чейин окуп чыгалбагандардын биримин. Дегеле бул чыгарманы мынчалык көбүртүп-жабыртпай колго алаар көркөм адабият кылып кайра жазып чыгууга мүмкүнбү? Соңку муундагы төкмө манасчы катары буга кандай карайсың?
– Жазсак болот эле, бирок башында бирнерсеге токтоло кетеличи. Эмне үчүн кыргыз дүйнөсүнөн өсүп чыккан эле адамдар «Манасты» толук окуп чыгалбайт? А Манас деп кыйкыргандар канча! Ошолордун көбү «Манастын» үч томдугун толук окуп чыкканынан шегим бар. Чынында элдик оозеки чыгармачылыкта кайталоолор, кокусунан кирип кеткен сөздөр толтура кездешет. Кызыгы, Саякбай атабыз айткан «Тайторунун чабышын» жаттап айтып жүргөндөр көп. Ошол «Тайторунун чабышындагы» Саякбай ата жаңылып айткан жерлерди оңдоп айтканга кудурети жетпеген айтуучулар канча. Эмне кылабыз, кыргыз түшүнүгү ушундай турбайбы, атаа! «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» демекчи, оозеки айтып аткан адам сөзсүз жаңылат. «Манасты» айтууда Сагынбай, Саякбай, Тыныбек да жаңылган. Ал эмес Саякбайдын «Ой, атаңардын жомогу чытырман токой экен, андан адашсам адашып калгандырмын…» деген өзүнүн моюндаган жери бар. Улуулуктун улуулугу ушунда да. Ботом, ушунча узун жомокту айткан киши кантип жаңылбасын. Бул жерде эми «Манасты» төгүп аткан адамдын жаңылыштыгы кечиримдүү. Ал эми жаттап айткандардын жаңылыштыгын кечирүүгө мүмкүнбү! Бир эле мисал, Саякбай минтет: «Көрүп койсоң көөнүм жок/ Эмчегиң эмген экемин». А туурасы: «Эмчегиң берген экенсиң» деп Семетейдин Каныкейге кайрылып аткан жери.

Азыр кудайга шүгүр, жазма адабиятыбыз өнүгүүдө. А бирок «Манасты» кайрадан жаратууга эмнеге мүмкүн эмес? Атүгүл Саякбайдын өзү «атаңдын көрү, жазманы билсем, баарын убара кылбай жазып чакпайт белем» деген өкүтү бар. Оозеки айтуучунун оозун карап отурган адам – жыланга арбалган бакага окшош. Ал эми ошол оозеки айтылган сөздү магнитофондон укканда же жазма түрүндө окуганда бир башка кабыл аласың. Ал айтылып аткандагыдай жандуу эмес. Сыр өзүнөн-өзү жоголуп кетет. Демек, жазмага келгенде, оозеки айтылып аткандагыдан да күчөшү керек. Ыпыр-сыпыр, опон-топонунан арылууга тийиш. «Манастагы» айрым логикага сыйбаган жерлердин аяк-башы иргелип, ирээттелип, жазманын эрежесине жооп бергендей болуш керек. Анда оозеки вариантындагы толук иштелбей калган окуялар ийнине жетмейин, колго алаар чыгармага айланбайт. Миң мыкты «Манас» айтуучу болсоң да, аны толугу менен шурудай тизилтип айталбайсың. Бардык окуя жоргонун жүрүшүндөй кетпейт. Жомокчу бир жеринен өксүйт. Ал эми жазмага келгенде, ирээттелет. «Манастагы» жаңылыш айтылган жерлер ушул күнгө чейин улам кайталана берип, шарияттагы сөздөрдөй болуп калганы өкүнүчтүү.

– «Манасты» тигинин-мунун варианты, менин вариантым деп жүргөндөргө кандай карайсың?
– «Манас» бир эле адамдын чыгармасы эмес. Элдики. Туура, арбир манасчынын өзүнчө мыкты саптары бар. Аркимдин алымча-кошумчалары болушу мүмкүн, бирок «Манасты» менчиктеп алгандарга түшүнбөйм. «Менин вариантымдагы «Манас» дегендерге мен караманча каршымын.

«Мурункудан калган сөз,
Мурас кылып алган сөз» –
делип атпайбы. Демек, бул менин сөзүм эмес дегендик.

– Кел, сен экөөбүз ушул жерден куру кыялга батып көрөбүз. Эгер бирөө сенин колуңду көртирликтен бошотуп, «отур да «Манасты» иретке келтирип жазып чык, калем акың мына» деп үстүңө үй, астыңа иш таап берсе, мендей «Манас» жомогуна ишенбегендер окуп чыгар эмгекти жаратуу колуңдан келет беле?
– Келбегендечи. О кокуй, андале көктөн издегеним жерден табылгандай болбойт беле. О кокуй, «Манаска» башбайлап, оокат кылып жүргөндөн кийин, Манастан качып каякка барам. «Бирөө кечээрге суу издесе, бирөө ичээрге суу издейт» дегендей, андайлардан жардам болсо гана.

– Бул ойго келген себебим, 2 жыл мурда болгон манасчылардын чоң сынагында сенин башбайге алганың эсимде. Калыстар курамындагылар менен залдагылардын көбү «Тайторунун чабышын» айтканыңда ыйлап ийген экен. Билгендер «Саякбай толук айтпай кеткен жерлерди улантып айтты» дешкен эле. «Тайторунун тагдырын  кенен ачып берген манасчы Рысбай болду» деген сөздөр айтылып жүрдү. Кээде өзүңдүн чыгармачыл чөйрөңдөгүлөрдөн «Манасты» башынан жазып жүргөнүңдү угуп калам…
– Баштап койгом. Бирок аттиң, турмушуңда баары шайма-шай болбойт экен, «Манаска» башотум менен кирип кетсем, тирлигим калып кеткидей. Күнүмдүк окаты темтеңдеткен жан «Манастын» башынан-аягына чыккыча качан. Анүчүн сиз айткандай көртирликтен колуңду бошотор демөөрчү чыкмайын, жомоктун учуна жетер күн кайда. Манасчылар азыр көртирликтин көйгөйү менен каракурсактын кайгайынан чыгалбай жүрбөйбүзбү. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда экенин билгендер чыкса кана. Азыр чынында чычкан кагазды кемиргендей, менин санаамды кемирип жүргөн нерселер толтура. «Манастын» казынасына кириш үчүн эң мурда күнүмдүк тирилигиңе көмүлбөшүң керек го.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.